ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАР

  • 15.09.2023
  • 0
ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАР

ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАРТабылбек  кызы  Бермет,

 Ысык-Көл облусундагы Теплоключенка айылынын

 академик М.Мамакеев атындагы  мектеп-гимназиясынын

 математика мугалими

Предмети: математика

Классы: 6-класс

Сабактын темасы: Перпендикулярдуу түз сызыктар.

Сабактын максаттары:

  • Окуучулар сызыктардын түрлөрүн айырмалай билишет, перпендикуляр түз сызыктарды түзүү жолдорун билишет , керектүү куралдар менен иштей алышат.
  • Окуучулар кичи топтордо иштөө менен өз аракызматташууга , жардамдашууга бири-биринин оюн уга билүүгө, катасынын үстүндө иштөөгө тарбияланышат.
  • Сабакта алган билимин практикалык тапшырмаларды аткарууда жана турмушта колдоно билүүгө калыптанышат.
  • Сабактын формасы:  жаңы сабак

Баалоо  критерийлери:

  • Окуучулар өзүн-өзү баалайт – ал  үчүн гугл формадагы шилтеме аркылуу өзүнө койгон баасын көрсөтүшөт.
  • Топтордогу ар бир катышуучунун иш аракетине жараша лидерлер баалап турат.
  • Топтордун арасындагы орунду упайлардын негизинде аныктайбыз.
  • Мугалим жыйынтыктап баалайт.

 Сабактын жүрүшү:

Сабактын этаптары

Уюштуруу этабы

Мугалимдин  иш-аракети:          

-Саламатсыңарбы, менин сүйүктүү окуучуларым! Силер менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын!

Окуучунун  иш-аракети:

-Саламатсызбы! Рахмат! Биз да сиз менен бирге сабак өтүп жатканыбызга кубанычтабыз!

Жагымдуу маанай.

Бүгүн сабакта биз 2 топто бөлүнүп иш алып барабыз. (окуучулар түстөргө ылайык топторго бөлүнүшөт)

Мугалимдин  иш-аракети:

-Кана эмесе окуучуларым сабакты баштаардын алдында силер менен бирдикте берилген сүрөттөлүштөрдү  алууну сунуштайм, анын негизинде 2 топко бөлүнүп алалы (I топ — түз сызык, II топ — чексиз).

Эми  “Сыйкырдуу кутуча” оюнунун ойномокчубуз.

Ал үчүн силер өз тобуңарга тиешелүү кутучанын ичин карап, класстагы “Эң мыкты окуучунун” сүрөтүн көрөбүз да, айтпай турабыз, аягында жыйынтык чыгарабыз.

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар “Сыйкырдуу кутучанын” ичинен күзгүдөн өздөрүн көрүшүп, эмоцияларын көрсөтөт.

Уялуу, жагымдуу таӊ калуу менен, мугалимди кунт коюп угуп, көӊүлү көтөрүлөт

Мугалимдин  иш-аракети:

-Мына, ар бириңер класстын мыктысын көрүп алдыӊар, ушундай жагымдуу маанай менен сабагыбызды баштайлы. Ар бириңер мыктысыңар, бүгүнкү сабакта аны далилдейсиңер деп ишенем!

Үй тапшырмасын текшерүү.

Берилген тапшырмаларды текшерүү үчүн балдар жупта иштеп, бири-биринин дептерлерин текшерет,  1300-көнүгүүдөгү теңдемелердин жообун смарт доскадан текшеришет.

Окуучунун  иш-аракети:

Жупта иштөө менен бири-биринин каталарын табышат.

Мугалимдин  иш-аракети:

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн төмөнкү суроолорго жооп бересеңер

Сүрөттө көрсөтүлгөн чиймелерди атагыла?

Кандай бурчтар берилген?

Тегиздикте түз сызыктар кандай жайланышы мүмкүн? – деген  слайдтар көрсөтүлүп,

 5-класста өтүлгөн тема  окуучулардын эсине салынат.

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар түз сызык, кесинди, шоола, бурч түшүнүктөрүн чиймеден көрсөтүп берет.

Кең бурч, тар бурч, тик бурч, жайылган бурчтарды көрсөтүшөт.

Дал келүүчү, кесилишүүчү, параллель түз сызыктарды көрсөтүп беришет.

Жаңы темага киришүү

Мугалимдин  иш-аракети:

Акылга чабуул – окуучуларга ак баракты бирдей төрт бөлүккө  бүктөө сунушталат, барактын  бүктөлүшү боюнча темага багыт берилет, перпендикуляр түз сызыктар окуучулар бүктөгөн бүктөөлөрдүн негизинде көрсөтүлүп түшүндүрүлөт.

-Демек балдар, перпендикуляр түз сызыктар  биздин жашоо турмушубузда көп кездешет, мындан кийин көңүл бурасыңар деген ишеничтемин.

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар баракты 4 бөлүккө бүктөйт. Көрсөтүлгөн бүктөмдөрдүн негизинде темага багыт, маалымат алышат.

Мугалимдин  иш-аракети:

Анда эмесе, биздин бүгүнкү темабыз: Перпендикулярдуу түз сызыктар.

Окуучунун  иш-аракети:

Бүгүнкү сабактын максаты

(окуучуларга жогорудагы жазылган сабактын максаты тааныштырылып, талкууланат)

Теманы белгилеп жазып алышат.

Окуучулар сабактын максаттарын окуп, өз ойлорун кошот, талкуулайт, алар тарабынан кошумча ойлор сунушталат.

Мугалимдин  иш-аракети:

Жаңы теманы түшүндүрүү, маалымат берүү

Кандай түз сызыктар пердендикулярдуу болот?

Аныктама:

Тик бурч боюнча кесилишүүчү эки түз сызык ,  перпендикулярдуу түз сызыктар деп аталат.

Эгерде эки түз сызык 90 0 кесилишип жана  4 бирдей бурчту пайда кылса , анда аны перпендикулярдуу түз сызык  деп атасак болот.

ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАР

Окуучунун  иш-аракети:

Багыттоочу суроонун негизинде ой жүгүртүшөт, жооп беришет. Эрежени белгилеп жазып алышат, кайталап жатташат. Чиймесин чийип, түшүндүрмө беришет.

Мугалимдин  иш-аракети

Кайсы  окуу куралдардын жардамы менен перпендикулярдуу түз сызыктарды түзсөк болот?

ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАРОкуучунун  иш-аракети:

Транспортир

Тик бурчтуу үч бурчтук түрүндөгү сызгыч жоопторун беришет.

Чыгармачылык жумуш / Практикалык иш

Мугалимдин  иш-аракети:

1-тапшырма

Ар бир топко 2 ден таякча, скотч берилет. Перпендикулярдуулукту көрсөтүп беришет.

I топ сызгычтын жардамы менен

II топ траспортирдин жардамы менен аныктап беришет.

1358-көнүгүү иштелет

Окуучунун  иш-аракети

Таякчаларды скотч менен бириктирип чаптап, тапшырмаларды аткарышат.

Шартын окуп, иштешет, жоопторду аныктап беришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

Перпендикулярдуу түз сызыктарда жатышкан кесиндилерди  (же нурларды) перпендикулярдуу кесиндилер (же нурлар) деп аташат.

Түнкүсүн лазер менен тажрыйба аткарып, далилдөөнү жазып келүү сунушталат.

Аныктама:

Тик бурч боюнча кесилишүүчү эки түз сызык,  перпендикулярдуу түз сызыктар деп аталат.

Мугалимдин  иш-аракети:

2-тапшырма

PISA тапшырма

ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАР

Даяр болгон бир текчеде мүмкүн болушунча канча перпендикулярдуу кесилиштер бар?

Перпендикулярдуулукту көрсөтүп (санап) бергиле.

ПЕРПЕНДИКУЛЯРДУУ ТҮЗ СЫЗЫКТАРЭгерде 3 узун жыгач жана  4 кыска жыгач, 10 скоба, 2 чон скоба жана 12 шуруп  менен  текче жасала турган болсо, плотниктеги материалдар менен эң көп канча сандагы комплект жасоого болот? Перпендикулярдуулукту көрсөтүп (санап) бергиле.

Окуучунун  иш-аракети:

Берилген тапшырмаларды иштешип, окуучулар өз жоопторун айтат.

Окуучулар бөлүү жолу менен, саноо жолу менен, көбөйтүү жолу менен, элестетүү жолу менен берилген тапшырманы көрсөтөт.

Ар бир группадан 2ден окуучу өз далилдөөлөрүн айтып берет.

Мугалимдин  иш-аракети:

3-тапшырма – класс менен чогуу аткарылат, баскыч баскычы менен перпендикулярдуу түз сызыктарды чийүүнү аткарышат.

  • АВ түз   сызыгын  чийгиле
  • Ушул түз сызыкта О чекитин белгилегиле.
  • О чекити аркылуу СВ түз сызыгын жүргүзгүлө   болушу керек .
  • Кайсы окуу куралдарын пайдаланабыз?

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар дептерлерине карандаш, сызгычтардын жардамы менен чийме чийишет.

О чекитин белгилешет.

СВ түз сызыгын жүргүзүшөт.

СОВ =90*  боло тургандыгын текшеришет.

Куралдарды колдонушат.

Мугалимдин  иш-аракети:

АВ жана СD түз сызыктары 900та кесилишсе, анда алар перпендикулярдуу түз сызыктар болот жана алар АВ _ СD деп жазылат.

Окуучунун  иш-аракети:  

Перпендикуляр белгисин үйрөнүшөт, көрсөтүп , айтып беришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

Кошумча маалымат. «Перпендикулярдуу» деген сөз латын сөзү, бизче которгондо
«тик сызык»  дегенди  билдирет. Аны далилдөө үчүн алдыңардагы материалдарды колдоносуңар.

Окуучунун  иш-аракети:

Жипке салмактуу  нерсени байлоонун негизинде көрсөтүүгө  аракет кылышат. Куруу иштери менен байланыштырышат.

Мугалимдин  иш-аракети:

4-тапшырма

I  топ   Берилген сүрөттүн негизинде чекиттер аркылуу а түз сызыгына перпендикулярдуу түз сызыктарды  белгилеп жазгыла.

II топ  Сүрөттөгү чиймелерге мүнөздөмө бергиле.

Окуучунун  иш-аракети:

Мүмкүн болгон бардык түз сызыктарды жүргүзүүгө аракет кылышат-аларды жазууну аткарышат

Керектүү куралдардын жардамы менен далилдеп беришет-аларды жазууну аткарышат

Орун алмаштырып жазуу боюнча да айтып беришет

Мугалимдин  иш-аракети:

    5-тапшырма

STEM

Ар бир топко 50 даана  кичине таякчалар жана пластиллин берилет алардын  жардамы менен темага байланыштуу кандайдыр бир нерселерди, курулуш ж.б жасоо сунуш кылынат.

Окуучунун  иш-аракети:

Топтогу окуучулар бири-бири менен болгон кызматташтыкты көрсөтүшөт, кандайдыр бир нерсе куруп (практикада окуучулар көпүрө, имарат сыяктуу нерселерди жасашат) перпендикуляр түз сызыктарды көрсөтүп беришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

Перпендикулярдуу түз сызыктар турмушта

       

Окуучунун  иш-аракети:

Турмуштук мисалдарды көрүү, көрсөтүү менен дагы мисал келтиришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

6-тапшырма

Кана балдар, силердин алдыӊарда  QR код менен катылган тапшырма турат.

Ал боюнча сүрөттөрдөн перпендикулярдуу түз сызыктар кездешкен сүрөттөлүштөрдөн 5тен мисал келтиргиле:

I топ     II топ

 

 

 

 

Окуучунун  иш-аракети:

QR код менен катылган тапшырмаларды смартфондордун жардамы менен ачып, мисалдарды келтиришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

Кошумча маалымат.

Перпендикуляр түз сызыктардын  тарыхынан

1634-жылы Француз математиги  Пьер Эригон  перпендикуляр белгисин киргизген.

    Ага чейин эле Байыркы Египетте курулуш иштерине колдонушкан.

Окуучунун  иш-аракети:

Кошумча маалымат катары кабыл алышат.

Математика сабагы боюнча портфолиолоруна белгилеп, жазып салышат.

Теманы бышыктоо

Мугалимдин  иш-аракети:

7-тапшырма

Plikers  тесттик программасы боюнча, теманы бышыктоо.

Окуучуларга Plikers баракчалары таратылат, тест смартфондун жардамы менен алынат.

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар атайын баракчалардын негизинде , тесттик суроолорго жооп беришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

Үй тапшырмасын аткарууга багыт берүү

Турмуштагы перпендикулярдуу нерселерди таап, далилдеп келүү, багыт берилет. Китептен 1341-көнүгүүнү чыгарып келебиз.

Окуучунун  иш-аракети: жазып, түшүнүп алышат.

Мугалимдин  иш-аракети:

Кайтарым байланыш/ Рефлексия

-Балдар, азыр бүгүнкү сабакта мен эмнени үйрөндүм деген оюн ойнойбуз, ал үчүн силер бири-биринердин алакандарыңарды чаап, жаңы маалыматтарды бөлүшөсүңөр.

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар бири-биринин алакандарына чаап, алган билимдерин айтышат.

Мугалимдин  иш-аракети:

Сабактын корутунду этабы

Баалоо

Гугл форма аркылуу.

https://forms.gle/zRgrUZq58zbmT6AC7

Окуучунун  иш-аракети:

Окуучулар берилген шилтеме аркылуу суроолорго жооп беришет.

Мугалимдин  иш-аракети:

Жыйынтыктоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер