Мекенди сүйүү – ыймандан
- 22.03.2024
- 0
Сабактын максаты: окуучулар мекен, ыйман жөнүндө кененирээк түшүнүк алат. Ой чабыты, өз оюн айта билүүсү, эске тутуусу өнүгөт. Окуучулар алган билимин турмушта колдоно алат, табият менен таттуу мамиледе болот.
Колдонулуучу методдор: жекече иштөө, топто иштөө, байкоо жүргүзүү методу.
Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү, билимдерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу.
Сабакта колдонулуучу усулдар: суроо-жооп, көркөм окуу, чыгармачылык менен изденүү.
Предмет аралык байланыш: математика, кыргыз тили, мекен таануу.
Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, түстүү сүрөттөр, плакат, маркер.
Сабактын жүрүшү: Мугалимдин ишмердүүлүгү. Уюштуруу кырдаалы: мугалим жана окуучулар бири-бири менен саламдашат, мугалим окуучулардын тарбиялык саатка даярдыгын текшерет.
Саламатсыңарбы, алтындарым.
Жагымдуу күн болсун
Маанайыбыз көтөрүңкү
Шаттыкка толуп турсун,
Бири-бирибизди карап жылмайып алабыз.
Бүгүнкү сабактын темасынын ачкычын баарыбыз биргеликте чогуу таап көрөлү. Бул нерсе адам менен ар дайым бирге. Силер ал нерседен алыстап кетсеңер куса болуп сагынасыңар. Жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө жашайт. Силердин чоң атаңар жана сен жашаган аймак. Мекен жөнүндө слайд көрсөтүлөт. Бул эмне? (Окуучулардын оюн угабыз)
Азаматсыңар, бул Мекен. Бул сөз 5 тамга, 5 тыбыштан турат. Бүгүн силер менен биз Мекен жөнүндө сөз кылабыз. Мекен 2 муундан түзүлдү. Бул нерсе баарыбыз үчүн өзгөчө кымбат, ар кимдин киндик каны тамган жери гана эмес, ал учу-кыйырына көз жетпеген ажайып керемет өлкөбүз кыргыз жери. Бул сезим адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, биз ар дайым ошол жерде жашайбыз.
Бүгүнкү сабакта мекен, ыйман жөнүндө билип, ага болгон патриоттуулук сезимибиз жогорулап, залкар ойлорду, макал-лакаптарды айтабыз. Табият менен таттуу мамиледе болуп, Мекенге аяр мамиле кылабыз.
Мекен — бул баарыбыз туулуп өскөн жер, балалыгыбыз, бактылуу күндөрүбүз. Ата-эне мээримине бөлөнгөн кооз ажайып, Ала-Тоосу бийик, биз окуган мектеп жана үй-бүлөбүз. Мекен деген ыйык сезим. Анын суусу, тоо-ташы, токою, гүлдөрү биз үчүн баа жеткис байлык. Алыста жүргөндө Мекенди сагынып куса болобуз.
Ал эми ыйман деген эмне? Ал биз жасаган иш-аракеттердин жакшысы, жан-дүйнөнүн сыр сандыгы, боорукердикке, адептүүлүккө үндөйт. Ыйманга — чынчылдык, жакшы окуу, адилеттүү болуу, ата-энеге, досторго, жаратылышка жакшы мамиле кылуу кирет. Ыйманыбыз бекем, адебибиз жакшы балдар болсок биздин мекен гүлдөп өсөт.
Окуучуларга жети облус камтылган слайд көрсөтүлөт. Картадан 7 облусту көрсөтөм. Биздин мекенибиз Кыргызстан. Демек, Кыргызстанда 7 облус бар. Алар: Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй.
Атактуу Соң-Көл, Нарыным,
Алдырбас бийик намысын.
Жердеген Айкөл Манасым,
Таласым — менин канатым.
Баткеним менин байлыгым,
Ордолуу Ошум — опол тоом.
Жалал-Абад жан дүйнөм
Сары-Өзөн, Чүйүм — тирегим
Ысык-Көл сенсиң карегим.
Келгиле, мекен деген сөзгө синквейн түзүп көрөлү.
- Мекен
- Кооз, таза
- Өнүгөт, гүлдөйт, өсөт
- Мекеним үчүн кызмат кылам
- Өлкө
Мекен жөнүндө залкар ойлордон айтып берейин.
- Мекенден айрылганча өмүрүңдөн айрыл.
- Туулган жер — алтын бешик.
- Өз үйүң-өлөң төшөгүң.
- Туулган жердин топурагы алтын.
- Ата журтуңду сакта, кутман элиңди баркта.
Биздин мекенибиздин символикалары болуп туу, герб жана гимн эсептелет.
Туу — кызыл түс — эрдиктин жана тайманбастыктын символу. Жаркыраган алтын күн — жашоонун түбөлүктүүлүгүнүн символу, тынчтыкты жана байлыкты, жаркын келечекке умтулууну чагылдырат. Түндүк-үй-бүлөнүн символу, үйдүн бекемдигин, элдин кылымдар бою сакталган салт-санааларын сүрөттөйт.
Гербде канатын жайган ак шумкар, ал өлкөнүн эркиндигин, жакшылыкка умтулуусун символдоштурат. Мелмилдеген Ысык-Көл жаратылыш кооздугунун символу, жашоонун булагы. Ошону менен бирге эле каада-салты, үрп адаты да бар.
Гимн – мамлекеттик ыр. Аны болсо силер билесиңер жана жума сайын ырдайбыз. Гимнди мекенибизде жашаган ар бир атуул жатка билиш керек!
Сабакты бышыктоо: балдар, мекен силер үчүн эмне?
Окуучулардын ойлору:
— Биздин үйүбүз, мектебибиз жана досторубуз.
— Кыргыз элим жана борборубуз Бишкек шаары
— Атам жана мен туулуп өскөн жер жана каада-салтыбыз
— Бийик-бийик Ала-Тообуз, Манас атабыз…
Бизге ата-бабаларыбыз мекендин ыйыктыгын, бийиктигин, нарктуулугун таштап кеткен. Биз да мекенибизге кызмат кылуу үчүн жакшы окуп, айлана-чөйрөбүзгө, жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө аяр мамиле кылуубуз зарыл.
Мекен бир канча баалуулуктарды, символикаларды, үрп-адатты, даанышман ойчулдарды, мейман достукту ичине камтыйт. Демек, бүгүнкү сабактан ким өзүнө жакшы нерселерди алса, келечектеги Мекенди коргоочу, сактоочу, мекен үчүн кызмат кылган ыймандуу инсан деп билебиз.
Оо, мекен жылдыздарын көрүп келген,
Ыр самап кээде сага келип кетем,
Сөзүмө кээ бирөөнүн тоңсом дагы,
Туулган жер! Мээримиңе эрип кетем.
Жыйынтыктоо: бүгүнкү сабакка сонун катыштыңар. Анда эмесе үйгө тапшырма “Мекен” деген темада дил баян жазуу. Силерге ар дайым чың ден соолук каалоо менен сабагыбызды жыйынтыктайбыз. Саламатта калгыла!
Калил кызы Айнура, Ноокат районунун Абдыманап Мамыров атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими
Комментарийлер