МАГНИТ. МАГНИТ ТАЛААСЫ

  • 23.04.2021
  • 0
МАГНИТ. МАГНИТ ТАЛААСЫ

Моконов  Темирбек

Айып Идинов орто мектеби

Нарын облусу, Жумгал району, Жаңы Арык айылы

МАГНИТ. МАГНИТ ТАЛААСЫ

Предмети: физика

класс: 9-класс

Сабактын темасы:   Магнит. Магнит талаасы.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Заттардын магниттик касиеттери жана магнит талаасы жөнүндө маалымат аласыңар.

Өркүндөтүүчүлүк: Табигый жана жасалма магниттерди, заттардын магниттик касиеттирин салыштырып анализдейсиңер.

Тарбия берүүчүлүк: Өз оюңарды эркин айтууга жана бири бириңерди уга билүүгө тарбияланасыңар.

Сабактын методу:  Башкарып окутуу.

Сабактын тиби:   Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын жабдылышы: түз жана така сымал магнит, темирдин майда тарындылары.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашуу, катышты текшерүү жана класстын тазалгына көз салуу.

Жагымдуу жагдай: Каникулда эс алууда жүргөндө кандай кызыктуу окуялар болду (бир мисал)?

Өтүлгөн материалды кайталоо:

  • Физика сабагын эки жылдан бери окуп жатабыз эмнелер эсиңерде калды?
  • Канча физикалык чоңдукту санап бере аласыңар? (жазуу түрүндө)
  • Механика молекулярдык физика жана элеткродинамиканын айырмасы кайсылар?
  • Канча физик окумуштууну санап бере аласыңар?
  • Кайсы закондор эсиңерде калды жана алардын кайсыларын турмушта колдонуп көрдүңөр?

Жаңы билимдин мазмуну:

Магнит жөнүндө кандай маалыматка ээсиңер? (окуучулардын пикирин угуу)

Төмөнкү тексттерди тыным, тыным менен окуп анда берилген сууроолорго жооп табасыңар?

1-текст.

  1. Магнит деген сөз кайдан келип чыккан?
  2. Магнит канчага бөлүнөт?
  3. Табигый магнитти кайсы жерден кездештиребиз?
  4. Жасалма магнит кантип алынат?
  5. Така сымал магнит менен түз тилке түрүндөгү магниттин кандай айырмасы бар?

Магнит деген сөз грек сөзүнөн алынган. Бизче Магнесиянын ташы дегенди билдирет. Магнесия – Кичи Азиядагы байыркы шаар. Биринчи жолу темир болот ж.у.с. заттарды өзүнө тартуу касиетине ээ болгон заттар Магнесия аймагында байкалган. Магниттик касиетке ээ болгон заттар табигый жана жасалма болуп экиге бөлүнөт. Табигый магнит көбүнчө темир кенинин курамында болот. Ал эми жасалма магнит электр тогунун жардамында алынат.

Биз буга чейин колдонуп, көрүп жүргөн магниттер формасы ар кандай болгону менен бардыгы темир, болот ж.б. нерселерди өзүнө тартып алуу касиетине ээ. Мисалы така түрүндөгү жана түз тилке түрүндөгү магнитти алып карап көрөбүз. Алардын S тамгасы менен белгиленген жагы кызыл,N тамгасы менен белгиленген жагы көк түскө боёлгон. Эгерде биз алардын көккө боёлгон учтарын жакындатсак алар түртүлүшөт. Ал эми биринчисинин көк учун экинчисинин кызыл учуна жакындатсак анда алар тартылышат. Эгер бир магниттин учун экинчисин ортосуна жакындатсак алар бири бири менен такыр аракеттенишпенйт. Демек магниттин магниттик күчү анын учтарында көбүрөөк болуп алар магниттин уюлдары деп аталат. Алар түндүк (N), түштүк(S) деп белгиленет.

2-текст

  1. Магниттин уюлдары бири бири мене кандайча аракет этишет?

2.Магниттин уюлдарынын тартылып же түртүлүшөөрүн кантип түшүндүрсө болот?

  1. Заттар магниттик касиети боюнча кандай топторго бөлүнөт?

Магниттин бир аттуу уюлдарын жакындатсак алар түртүлүшөүт, ал эми түрүдүү аттуу уюлдарын жакындатсак алар тартылышат. 

Магниттерди өз ара жакындатканда тартылып же түртүлүшөөрүн кантип түшүндүрсө болот? Ал үчүн электр кубулуштарына кайрылалы. Мисалы оң заряддалган нерсе терс заряддалган нерсе менен тартылышат, ал эми терс заряддалган нерсе терс заряддлаган нерсе менен түртүлүшөт. Алар бири бири  менен электр таласы аркылуу аракет этээрин дагы билебиз. Мына ушул сыяктуу эле магниттин уюлдары бири бири менен магнит талаасы аркылуу аракет этишет. Демек, эки магниттин биринчисинин магнит талаасы экинчисине экинчисинин магнит талаасы биринчисине аракет этет.

Магнит талаасын тажрыйбада оңой эле байкоого болот. Ал үчүн түз же така түрүндөгү магнитти столдогу ак кагаздын үстүнө коюп, анын тегерегине темирдин майда күкүмдөрүн себелейбиз. Натыйжада биз темирдин таарындыларын магнит талаасынын күч сызыктарын бойлото багытталып калгандыгын байкайбыз. Магнит талаасынын күч сызыктары түндүк уюлунан чыгып түштүк уюлунан бүтөт.

Магниттик касиетин көпкө чейин сактап туруучу заттар турактуу магниттер деп аталат. Бирок магниттер бардык эле заттарды өзүнө тартып албайт. Бул бизге турмуштук практикабыздан да белгилүү. Жаратылыштагы заттар магниттик касиети боюнча парамагнит жана диамагнит деген эки чоң топко бөлүнөт. Аны биринчи жолу англиялык окумуштуу Майкл Фарадей кмргизген. Ал магнитке тартылган нерсменин магнитин күч сызыктарына жараша узатасынан же туурасынан жайгашып калуусунан байкалат. Пара – узатасынан, диа – туурасынан дегенди билдирет. Парамагниттерге платина, марганец, ал эми, диамагниттерге жез алюминий күмүш мисал боло алат.

Бышыктоо:

Жогоруда айтылган тажрыйбаларды аткаруу. Керектүү каражаттар.така жана тилка сымал магнит, темирдин майда күкүмдөрү.

Үйгө тапшырма: §1 окуп келүү. Баалоо: 5тен кем эмес окуучуну баалоо.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер