«КЫРК МИҢ ЖЫЛ ӨТСӨ ДАГЫ ЭСТЕН ЧЫККЫС, КЫРГЫЗДЫН КЫРААНЫ БАР АТЫ ЧЫҢГЫЗ»

  • 26.06.2023
  • 0
«КЫРК МИҢ ЖЫЛ ӨТСӨ ДАГЫ ЭСТЕН ЧЫККЫС, КЫРГЫЗДЫН КЫРААНЫ БАР АТЫ ЧЫҢГЫЗ»

Бегайым Абдилакимова,

Бишкек шаарындагы №25 орто мектебинин

кыргыз тили жана адабияты мугалими

 

“ КЫРК МИҢ ЖЫЛ ӨТСӨ ДАГЫ ЭСТЕН ЧЫККЫС,

   КЫРГЫЗДЫН КЫРААНЫ БАР АТЫ – ЧЫҢГЫЗ”

              аттуу адабий кеченин программасы

“Чыгармаң сени жоктоду” – ырынын коштоосунда сахнага чыгышат.

  1. Танабай ( чыгат ) ______     Темирбек (башында тебетей, узун пальто)
  2. Найман эне ______            Камила ( ак жоолук, узун кийим)
  3. Жоломан __________        Акмат ( маңкурт )
  4. Толгонай __________         Валерия ( ак жоолук, кара узун чапан)
  5. Кызыл алма __________             Мээрим ( колунда кыпкызыл алма )
  6. Бугу эне ___________                Айпери  ( колунда бешик менен )
  7. Султанмурат, Мырзагүл ______ Нурдөөлөт, Аделя ( каармандын кийими )
  8. Данияр менен Жамийла ______ Дастан,  Бегимай ( каармандын кийими )
  9. Жер ________________  ……      Зарема, Балжан, Эржан, Бектур
  10. Нургазы   ________                    Эрлан (башына кепка, колунда дүрбү )
  11. Сейде ________                     Аяна ( колунда көтөргөн баласы )
  12. Ысмайыл _________ Аземир ( көтөргөн мылтыгы бар )
  13. Раймалы _________                   Аскат ( башында тебетей, муруту бар,

колунда комуз)

  1. Бегимай _________             Айдина ( казак кызы, колунда комуз)
  2. Ильяз _________             Баястан (  Айтматовдун портретинин
  3. Асел _________            Эмиля  алдына гүл коюп, шам жагышат)

Ар биринин колунда гүл Ч. Айтматовдун портретинин алдына коюшат.

Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу боюнча слайд көрсөтүлөт

Каармандар сүйлөйт

( комуз күүсүнүн коштоосунда көркөм айтуу )

Чын айтамын балким жалган туюлар,

Чыңгыз десем ыр өзүнөн куюлар.

Окшоштурсам мен Чыңгызды тоолорго,

Оркойгон тоо улам көзгө урунаар.              (Бегимай)

 

Улуксуң сен учурунда улуу жолду баштаган

Учу кыйырсыз мейкиндикке учуп чыгып.

Улуу кыргыз элимди, укмуштарга байлаган.      (Аземир)

 

Унутпайбыз эмгегиңди улуу муун да, кичүү муун,

Улут үчүн баа жеткис улук болуп туулдуң.

Укум, тукум эстейт сени ар дайым,

Ушундай күн тартууладың

Жылып турат маңдайым.     (Аяна)

 

Уулусуң сен кыргыздын

Сыймыктанам, мактанам.

Урпактарың түбөлүк

Сени менен даңктанат.  (Темирбек)

 

Өтүп жатат сизди эскерүү күнүбүз,

Чексиз эле өзүңүзгө сүйүүбүз.

Кыйкырсак да бүт ааламга жар салып,

Аттиң арман, жетпейт сизге үнүбүз.             (Эмиля)

 

Ушул жылы 90 жашка толмоксуз,

Жакындардын сый төрүндө болмоксуз.

Аткарам деп көздөп койгон иштерди,

Бир нечесин бүтүрүп да коймоксуз.         (Камила)

 

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,

Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.

Окуганда сиз жараткан китепти,

Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.          (Нурдөөлөт)

 

Туу чокуну багындырып алдыңыз,

Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз.

Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,

Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз!          ( Эрлан )

 

Айтматов Чыңгыз жаркыраган

Ак таңыбыз дечү элек

Айтылып бүтпөс дүйнөдө

Дастаныбыз дечү элек           (Айдина)

 

Ааламдык адабиятта

Арстаныбыз дечү элек

Адамда сиздей аз эле

Тааныбай калса кээ бир эл

Кыргызсың дебей кыргызды

Чыңгыздын эли дечү эле.        (Дастан)

 

Күмүштөн күүлөндүрүп тойго чапкан

Кастарлап көкүлүнө тумар таккан

Топ жарган тобурчактын кашкасындай

Чыныгы талант чыкты кыргыздардан

Ал деген Айтматов аты Чыңгыз

Атына сыймыктанат жалпы кыргыз!        (Мээрим)

 

Жакын болду асмандагы жылдыздар

Жаша, гүлдө түбөлүккө кыргыздар

Элибизден чыга берсин көбөйүп

Жаңы талант, дагы далай Чыңгыздар!       (Аскат)

 

Ак жамгыр көздөн төккөндөй

Ак бороон жулуп кеткендей,

Ала-Тоонун башынан

Ак мөңгү ээрип түшкөндөй,

Атасы кетти улуттун

Айласыз гана дүйнө көмгөндөй,

Эзилет кыргыз кайгыдан

Эр Манас эки өлгөндөй,

Ордунда ушул шум дүйнө

Оо, качан турган өзгөрбөй,

Өкүнүп түтөп турабыз

Көктөн бир күндү бөлгөндөй.           (Аяна)

Чыңгыз тирүү 

Эне бөрү — улуйт издеп өзүңдү

Эне бугу — күтөт улуу тоолордо

Токсон жашка чыкмак дешет шолоктоп,

Чыңгызымдын көзү тирүү болгондо.         (Бегимай)

 

Жер энеге таарынгандай түр берип

Толгонай да батат түркүн ойлорго

Токсон жашка чыкмак эле деп кейийт

Чыңгызымды албай эле койгондо.              (Камила)

 

Сайрайт бир куш: Чыңгыз! Чыңгыз! Чыңгыз! – деп

Кең дархандуу талаасында казактын

Найман эне – бактысыздык чырмаган

Күйүп жанат калаасында азаптын.              (Айпери)

 

Нургазысын кыса кармап Момун чал,

Жалдырашат бир жан таппай колдоорго

Токсон жашка чыкмак дешет үшкүрүп

Чыңгызымдын көзүү тирүү болгондо.         (Аяна)

 

Дегендерге кошулбасмын эч качан,

Кайдан алдың улуу Чыңгыз өлдү деп!

Чыңгыз дагы өлмөк беле, жарыктык,

Окурманы жашап жатса, сан миңдеп.           (Нурдөөлөт)

 

Көзү тирүү! Көзү тирүү! Чыңгыздын,

Айтканыма кимдер гана көнгөн жок.

Чыңгыз көзү жашайт кыргыз көзүндө,

Демек анда Чыңгыз тирүү, өлгөн жок!           (Баястан)

 

Мугалим: (Ч. Айтматовдун элесине гүл коёт)

 

Бул ырлар чын көңүлдөн болсун белек,

Жазууга чыгармалар болду себеп.

Шурудай тизмектелген көп тагдырлар,

Тынч койбой жан дүйнөмдү алды ээлеп.

Агайым капа болуп, же бир күлөөр

Мазмуну бир аз башка боло түшсө,

Өзгөрө түшөт тура окуялар

Окубай кайра башка жандан бүтсө.

 

Жөн гана эргүү экен деп билиңиз

Каарман ачуу-таттуу сүйлөп койсо,

Камгактай учуп кетчү жан элеңиз.

Кара сөз алп акынын үйлөп койсо

Ч. Айтматовдун үнү жаңырат: (коңур үн менен Нурдөөлөт)

 

Кабырда катташтарым менен бирге кубанып

Эңшериле түшүп бирде,

Иликтеп улуу кыргыз журт тарыхын жатабыз.

Арман ичте, айтам кимге.

 

Жанымда Ата-Бейит

Аталар Мекен үчүн канын төккөн

Жатышат күлгүн жаштар, болгон шейит

Курманы бир бийликтин болуп өткөн.

 

Турмуштун агымындай агып турам,

Замандын дал өзүндөй, карып турам.

Түбөлүк эл жеримден бөлүнө албай,

Жараткан чыгармамда калып турам.

 

Кебелбей кенен кучак жайган дүйнө,

Койнуңда чексиз тирилик заман мүлдө.

Акыл бер, сабырдуулук, ынсап бергин.

Кыргызым кыйналбасын кыйын күндө      

 

 Ильяздын ыры                       

Мен колго жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдо жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Жаштыгым татаал жолдо жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

Кумдан көп биздин күндөр өткөн өткөн,
Келермин аман болсом да бир көксөөм.
Азыр мен жалгыз учкан ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.
Азыр мен жалгыз учкан ак куу болуп,
Баратам бакыт издеп Памир көздөй.

Сен эзсен кусалыкка сезимимди,
Жаздагы салкын желден кабар улай.
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык – Көлдүн шамалына.
Мен жокто сылай жур деп саамайынан,
Тапшырдым Ысык -Көлдүн шамалына.

Жээгине жалгыз келип байыр алдым,
Тургуздум махабаттын пайдубалын.
Жаштыгым татаал жолдо жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.
Жаштыгым татаал жолдо жаңылышып,
Долондон канатымды кайрып алдым.

  1. “Жамийла” повестинен бир учур.

Данияр менен Жамийла   (ыр саптары)

Сахнага Данияр менен Жамийла чыгышат. Шаңдүү үн менен:

Данияр:

— Жамийла карачы, каарман болуу бактысы экөөбүзгө буйруганын. Биз аркылуу ак сүйүүнү даңазалоо, кандай гана бакыт. Биздин сүйүү ак сүйүү, эч кимде айып жок.

Кызыл гүлүм, жамалтайым, Жамийла. Жамийла

Менин ырдагым келип турат.

Сүйүүгө эки чырак көз бололу

Сүйлөсө сүйлөнүүчү сөз бололу

Сүйүктүүм маңдайыма бүткөн түгөй

Адашса издеп тапчу из бололу

Жамийла:

-Туура айтасың Данияр. Мына мен өзүм келдим. Сен таарындыңбы, катуу таарындыңбы? А бирок  менде айып жок, сенде да айып жок. Мен өзгөчө шаңга батып, толкунданып турам. Сени менен ырдагым келип, сенин ырларыңды уккум келип турат.

Жанына өмүр кошчу жаз бололу

Шагына кошулуучу шаң бололу.

Жол таппай туталанып турса сүйүү

Нур чачып жол көрсөтүп шам бололу

Тагдырга каршы туруп бак издеген,

Таалайлуу Лайли, Мажнун биз бололу!

Ырдачы Данияр. Сенин ырларыңды сагындым.

Данияр: Ырдаса ырдайын, кел экөөбүз чогуу ырдайлы.

Мен элем элимди сагынган,

Туулган жер тузуна багынган.

Келемин — узак жол алдымда,

Махабат күтөмүн айылдан.

Жамийла:   Сүйгөн жары, мен сыңары

Үндөбөсө кантээр элең

Сен сындадың, мен чыдадым.

Касиеттүү ынтызарым,

Даниярым жүрөктөшүм.

Данияр:    Жүрөктө көп сыр бар кайнаган,

Үмүтсүз жашаган кайда адам?

Күн сайын жүз ирет көрсөм да

Кыйбаймын жүзүңү жайнаган.

Жамийла:    Сенин сырдуу ырларың,

Ай талаага үндөп турат

Жүр кетели жыргайлы да

Сүйүүм менин гүлдөп турат.

Данияр:   Ардагым сен, Жамийла,

Жалжалым сен, Жамийла.

Ашыгым сен,

Асылым сен, эркетайым!

Жамийла: Наристелик кылсам да

Кайтарууга  эрк  жетпейт

Махабат таап мен кеттим

Гүлдөгөн жашты күттүрүп

Данияр:          Ардагым сен, Жамийла,

Жалжалым сен, Жамийла.

Ашыгым сен,

Асылым сен, эркетайым Жамийла!

(Данияр менен Жамийла кол кармашып, чыгып кетет.)

 “Улуу кыргыз Чыңгызга” – кыздардын аткаруусунда

Залкар элең ажайып ой  тараткан

Салмактуулук, сымбаттуулук жарашкан

Анык асыл, анык айкөл мүнөздү

Алган элең ооооой баатыр бабаң Манастан

Кайырма : Эээй Чыңгыз

Ооой Чыңгыз

Эээ — -ээээй Чынгыз

Ооо — —ооой Чыңгыз

Эр жеткенде эмгегиңди баштадың

Элге жакты сенин  ар бир жазганың

Бир тепкичтен бир тепкичке өйдөлөп

Бүт ээледиң ооооой адабият асманын

Кайырма:

Сансыз жандар улуулугуң байкашып

Суктанышты чын жүрөктөн алкашып

Кыргыз Чыңгыз, Чыңгыз кыргыз эки сөз

Жуурулушуп ооооой уйкашып бир айкашып

Кайырма:

Асыл кымбат сөз дөолөтүн табыштың

Сөзүң менен көп жүрөктү багынттың

Кереметтүү сөздөрүңдү керектеп

Сен кыргызды эээй бүт дүйнөгө тааныттың

Кайырма:

Тартып кайгы өңдөр өчүп кейишкен

Тажыяңа миң сан адам келишкен

Алдың орун атын койгон сен өзүң

Атаң жаткан ээээй ыйык Ата Бейиттен

Кайырма:

Ээй арман

Ооой арман

Эми дагы айырбастан түк өзүң

Элиң менен бирге өмүр сүрөсүң

Ала – Тоолук кыргыз барда дүйнөдө

Ар кыргыздын эээй жүрөгүндө жүрөсүң

Ээээй  Чыңгыз

Оооой Чыңгыз

Эээй арман

Ооой арман

            «Ысык-Көлдү сагынуу»

 Кыргыз журтчулугу гана эмес, дүйнөлүк адабият сүйүүчүлөрү сүйүп окуган керемет чыгармаларды жараткан залкарыбыз Ч. Айтматов

2008 – жылдын 10 – июнунда  бул өмүр менен кош айтышты. Чыңгыз ага тирүү болсо, быйыл 90 жашка чыкмак. Анын Гүлнур Сатылганова ырдап жүргөн “ Ысык – Көлдү сагынуу “  аттуу ырдын сөзүн Чыңгыз Айтматов жазганын көпчүлүк биле бербес чыгар. Обону, композитор Муратбек Бегалиевке таандык.

Анда ушул ырды 7в – классынын окуучусу Ахрамеева Валериянын аткаруусунда тыңдаңыздар.

Сөзү : Ч.Айтматовдуку

Обону : М.Бегалиевдики

 

      “Эрте келген турналар” повестинен үзүндү

Балдарды катарга тизип Жусуп агай алып чыгат.

Жусуп агай:         Балдар силердин мойнуңарда оор жүк турат. Алыскы

Аксайга кош айдоого барасыңар. Жазга чейин аттардын жем – чөбүн берип карап даярдык көрүшүбүз керек. Силерди Аксай десанттары деп коёюн.

Десант дегендин командири болуш керек.

Командир Султанмурат болсун.

Анатай.     Ушул командирби, тапкан экенсиңер!

Султанмурат.   Командирликтин кереги жок. Мен суранып жаткансып.

Кубаткул.    Жусуп агай Анатайдын ичи күйүп жатат.

Эргеш.        Анатай Султанмуратты көрө албайт.

Эркинбек.     Анатай болсун командир, бою кичүү болгон менен жашы улуу.

( Балдар Анатай болсун, Султанмурат болсун деп ызы – чуу түшүп талаша кетишет ).

Жусуп агай. ( Жөтөлүп араң эле сүйлөйт) . токтоткула талашыңарды. Катарга тизилгиле. Менин буйругум мындай:  командир Султанмурат болот.

Анатай анын орун басары.

Азыр талашып – тартыша турган учур эмес. Араңарда үчөөңөрдүн атаңар согушта. Экөөңөрдүн атаңар окко учту. ( Жөтөлүп, жөтөлүп коёт)

Ошол үчүн тирүүлөрдүн алдында да, өлүүлөрдүн алдында да мен силерге жооп берем. Анчалык жоопкерчиликти мойнума алганымдын себеби:             ( жөтөлөт да ) мен силерге абдан ишенем. Атаңар алдында жооп берем.

Кана жүргүлө, аттарды тандагыла.

(Балдар баары тизилип, чыгып кетишет.)

Ажымурат. (түлкүнү кубалап Ажымурат чыгат)

-Сулманмурат карма, кармачы. (Түлкүгө жетпей калат да отура калып ыйлай баштайт) эмне делдейип турасың, эңкейип койсоң боло. (ууууу  -уу—ууу атама тумак жасатып коёт элем. Ууу- ууу-ууу — деп  ( ыйлап кирет)

Султанмурат:   Кантет эми. Билесиңби, атам келгенде мен аял алам.

Ажымурат: Эмне?

Султанмурат: Чын айтам.

Ажымурат: Аял алам дейсиңби?

Султанмурат: Ооба, эгер бир ишке жардам берсең.

Ажымурат: Ал кандай иш?

С: Кат берсем кызга алып барып бересиңби?

А: Кайсы кызга?

С:   Ммм, тиги, жанагы өзүң деле билесиң, Мырзагүлгө.

А:  Кайсы Мырзагүл, силердин классыңардагыбы?

С: Ооба.

А:  Ураа мен аны билем. Ал бар го менден ашкан сулуу жок деп чырыят тим эле.

С: Болду эми кыйкырба.

А: Болуптур, болуптур.

С: Эгер катка жооп берсе эки колуң булгалап кел.

А: Секирип деле коём.

С: Иии, эгер жооп бербесе эки колуң чөнтөгүңдө болсун. Сүйлөштүкпү.

А: Сүйлөштүк. Коркпо мен баарын бүтүрөм.

(Ажымурат менен Султанмурат чыгып кетет)

(Мырзагүл классташ кыздары менен чогуу келе жатып Султанмуратты көрүп калат)

Кыздар шыңкылдап каткырышып “Мырзагүл” деп аны калтырып кетишет.

Мырзагүл чөнтөгүнөн кол жоолугун алып Султанмуратты көздөй акырын басып жөнөйт.

Султанмурат. Абайла Мырзагүл  жыгылып кетесиң. Мен сени ооруп калган го дедим эле. Мен жиберген катты алдыңбы?

Мырзагүл:       Султанмураттын жанына келип:

Купуя сырым бар

                           Кубантчу ырым бар

                           Саймалуу жүз аарчы

                            Салмактуу сүйүүм бар

Балалык сүйүүмдү

Саймалуу жүз арчы

Өзүңдү кубантчу

Белегим кабыл ал – деп саймалуу кол жоолугун кармата салат да артына кылчайбай кетип калат. Кол жоолукка таң калган Султанмурат С+М  деген жазууну көрүп аябай сүйүнүп, кол жоолукту жүрөгүнө басып турган учурда балдардын кыйкырган үндөрү чыгат.

Эргеш:    Ээ-ээ-эй карагылачы турналар! Анатааай, Султанмурааат,

Эркинбееек, тигине карагылачы, турналар

Султанмурат: турналааар,  быйыл жаз эрте келет.

Ээ-ээ-эй турналар   (балдар биринин артынан бири чуркап кыйкыра баштайт)

Ээ-ээ-эй турналааар, быйыл түшүм мол болот.

Канатыңан таштай кет.

Ээ-ээ-эй турналар (Балдар баары чогуу чуркап чыгып кетишет).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер