Кыргыздарда жана Кыргызстанда колдонулган акча
- 22.11.2024
- 0
Тарых сабагы
Негизги компетенттүүлүктѳр: Предметтик компетенттүүлүктөр:
1) Маалыматтык 1. Тарыхый маалыматтарга ээ болушат
2) Социалдык-коммуникациялык 2. Даталар жана терминдер, карта менен иштей алышат
3) Ѳзүн таануу жана кѳйгѳйлѳрүн чечүү 3. Теманы окуп өз оюн эркин айта алат,
инсандарга мүнөздөмө беришет.
Сабактын тиби: Жаны теманы ѳздѳштүрүү
Сабактын формасы: акыл чабуулу, класстер, топто иштѳѳ, жекече иштѳѳ
Предмет аралык байланыш: адабият, география, адеп
Сабактын максаттары | Сабактын көрсөткүчү | Күтүлүүчү натыйжа |
· Билим берүүчүлүк: Кыргыздар жана Кыргызстанда колдонгон акча менен тааныштыруу Анын маанисин, тарыхты тактоодогу ролун ачып берүү. Кыргызстанда табылган эстеликтер боюнча маалыматтар менен таанышышат.
· Ѳнүктүрүүчүлүк: эске тутуу жѳндѳмдүүлүгү жакшырат. Уккандарын ѳз турмушунда колдоно алат. Сѳз байлыгы ѳнүгѳт. · Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар ѳз элинин тарыхын билип алууга, Ѳз элинин тарыхын баалоого, ынтымактуулукка, адептүүлүккѳ, акылдуу, билимдүү болууга тарбияланышат
| Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар: · Кыргыздар жана Кыргызстанда колдонгон акча менен таанышса Анын маанисин, тарыхты тактоодогу ордун ачып билсе Кыргызстанда табылган акчалар боюнча маалыматтар менен таанышса · Эске тутуу жѳндѳмдүүлүгү жакшырса. Уккандарын ѳз турмушунда колдоно алат. Сѳз байлыгы ѳнүсѳ. · Окуучулар ѳз элинин тарыхын билип алууга, Ѳз элинин тарыхын баалоого, ынтымактуулукка, адептүүлүккѳ, акылдуу, билимдүү болууга тарбияланышса | Тарыхты тыйындар аркылуу үйрѳнүүгѳ болобу? Ойлонуп жооп жаза алат. Алгачкы тыйындар табылган аймакты картадан кѳрсѳтѳ алат.
тарыхтагы эң башкы даталарды, негизги тарыхый процесстердин мезгилин хронологиялык рамкада белгилей алат. |
Сабактын максаты: Окуучулар нумизматика илиминин негизги түшүнүктөрүн үйрөнүшөт, акчанын тарыхын жана маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Сингапур методунун негизинде бул теманы анализдөө жана талдоо аркылуу окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүсүн, изилдөө жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.
Сабактын Мазмуну
- Киришүү (5 мүнөт)
- Окуучулардын көңүлүн топтоо.
- Сабактын максатын жана темасын жарыялоо: Нумизматика деген эмне?
- Сабакта колдонулуучу материалдар: ар кайсы өлкөлөрдүн монеталары, слайддар, иш барактар.
- Билимди актуалдаштыруу (10 мүнөт)
Окуучуларды топторго болуу.
III. Жаңы тема менен тааныштыруу (15 мүнөт)
- Нумизматика деген эмне?
- Нумизматика — бул акча белгилерин, монеталарды, медалдарды жана алар менен байланышкан тарыхый фактыларды изилдөөчү илим.
- Акчанын түрлөрү: монеталар, банкноттор жана электрондук акчалар.
- Монеталардын тарыхы жана алардын ар кандай доорлордо колдонулушу.
- Видео көрсөтүү: Акчанын жана монеталардын тарыхы тууралуу 5 мүнөттүк кыска видеоролик (монеталардын жаралыш тарыхы, аларды колдонуудагы өнүгүү).
- Ар бир топтордо эн жакшы, жакшы жана орто окуган окуучуларга болуу
Ар бир топтордун аттарын өзүлөрү коюп, ар бир топ презентация жасашат.
1-топ «Нумизмат»
2-топ «Жаш куч»
3-топ «Геродот»
4-топ «Этнограф»
2 тапшырма:
Кыргызстандын акчасы «сом» качан кабыл алынган?
Ар бир топко Кыргызстандын сомунда кайсы инсандардын сүрөттөрү тартылган жана ал кандай инсан экендигин айтып берүү
Сингапур методунун колдонулушу:
Think-Pair-Share техникасы. Окуучулар өз ойлорун биринчи өз алдынча ойлонушат, андан соң жуп менен бөлүшүшөт жана акырында класста пикирлерин айтышат.
Тапшырманы аткаруу (10 мүнөт)
Окуучуларга ар түрдүү өлкөлөрдүн монеталары берилет. Алар топтор менен иштейт. Анын үстүндөгү сүрөттөр жана символдор эмнени билдирет?
- Бул монетанын басылган жылын аныктап, ошол жылдын тарыхындагы маанилүү окуяларды талкуулагыла.
- Болжолдуу жооптор:
- 1 монета -дирхемдер. 940-960-жылдардагы караханий мезгилиндеги Сатук Буура хандын учурундагы монеталар
- 2 монета 552-603-жжылдардагы Турк кагандыгынын учурундагы монеталар. Ортосу атайын тешик болгон, жипке жоголбош учун байлап алышкан.
- 3 монета 1206-жжылдардагы Чынгыз хандын учурундагы монета.
- 4 монета 1336-1405жж Амир Темирдин учурундагы монеталар.
Ресурстар:
- Монеталардын коллекциясы.
- Слайддар, видеоматериалдар.
- Иш барактар.
Баалоо:
- Сабакка активдүү катышуусу.
Монеталарды изилдөөгө болгон кызыгуусу жана маалыматты туура түшүндүрүүсү.
Дуйшеева Динара, тарых мугалими.
Чолпон Ата шаары, Билим Ордо мектеп-комплекси
Комментарийлер