КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ-Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн

  • 15.08.2023
  • 0
КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ-Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн

КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ-Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 5-11-класстары үчүн

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» (2021), «Улуттук нарк тууралуу» (2022) «Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө» (2011, 28-июнь №59, 2023-жылдын 26-апрелиндеги №94 КР Мыйзамынын редакциясына ылайык) мыйзамы, жарлыктары азыркы ааламдашуу доорунда Кыргыз Республикасындагы бардык улутту, анын ичинде орус, тажик, өзбек улутундагы коомчулукту руханий, адептик, дене-бой жактан тарбиялоонун, алардын катарындагы жаштарды улуттук нарктар, элдик салттар менен тарбиялоонун зарылдыгын жана концептуалдык багыттарын айкындап көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» 2022-жылдын 21-майындагы №157 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө Улуттук программа кабыл алынып, анда: «…Кыргызстан калкынын санынын өсүшү, муундардын алмашышы, сырткы таасирлердин көбөйүшү, санариптешүү айдыңынын күчөшү менен көптөгөн улуттук каада-салттар, үрп-адаттар, нарк-насилдер унутулуп, ошол эле учурда бурмаланып кетип жатат. Мына ошол улуттук баалуулуктарды тескеген, бир нукка салган, аларды бүгүнкү учурдун талабына ылайык келтирген бир дагы мамлекеттик орган болгон эмес. Бул Жарлыкка ылайык улуттук баалуулуктар ыраатка келтирилип, инвентаризацияланат жана аларды өнүктүрүүгө бир нече ыңгайлуу шарттар жүргүзүлөт» («Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө Улуттук программа тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбооруна негиздеме-маалымкат» деп айтылган.

Бул жерде белгиленген нерсе – улуттук салттардын, үрп-адаттардын, нарк-насилдердин унутулуп же бурмаланып баратышы, андыктан да этностор аралык түшүнбөстүктөрдүн пайда болушу, мамлекеттик тилдин кадыр-баркынын өспөй жатышы, айрым топтордун түпкүлүктүү улуттун салттарын четке кагышы.

Кыргыз адабияты окутуу мамлекеттик эмес тилде жүргүзүлгөн мектептерде, негизинен, жергиликтүү элдин салтын, маданиятын, тарыхый басып өткөн жолун, элдик ишенимдерин үйрөтүү менен, эң башкысы, мамлекеттик тилди практика жүзүндө колдонууга түрткү берет.

Кыргыз адабияты предмети – кыргыз тилин колдонууга, жазуу жана оозеки кеп маданиятын өстүрүүгө жардам берүүнүн башкы сыноо аянтчасы, көнүшүү тилкеси, тилдик билимин ишке ашыруунун жакшы мүмкүнчүлүгү.

Чынында эле окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз адабияты предметинин чоң проблемалары орун алган: алар окуу китептеринин ойдогудай эместиги, методикалык колдонмолордун жоктугу, адистердин жетишсиздиги ж.б.

Кыргыз Республикасындагы орус, өзбек, тажик тилинде окуу жүргүзүлүүчү мектептердеги кыргыз адабияты предмети өлкөнүн мамлекеттик тили болгон кыргыз тилинин негизинде үйрөнүлөт жана башкы көңүл окуучулардын кыргыз тилин оозеки жана жазуу түрүндө үйрөнүүсүнө жана этномаданий компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга бурулат. Андыктан бул предметти окутуунун негизги шарттары төмөнкүдөй багытта жүргүзүлөт: предметти окутуунун башкы максаты кыргыз адабий казынасын кыргыз тилинде тааныштыруу аркылуу окуучулардын кыргыз адабияты тууралуу жалпы түшүнүктөрүн калыптандыруу, кыргыз тилинен алган билимдерин, оозеки жана жазма речин өстүрүүгө көмөктөшүү, адабий чыгармалар боюнча түпкү элдин жалпы улуттук, этнографиялык, этнопедагогикалык өзгөчөлүктөрүн, менталитетин, психологиясын таанып билүү, адабияттын адептик, эстетикалык-гедонисттик, таалим-тарбиялык, дүйнө таануучулук жана билим берүүчүлүк таасирин жаштарга сиңдирүү.

Орус, өзбек, тажик тилдүү мектептерде кыргыз адабиятынан билим берүү милдеттери төмөнкүлөр менен байланышат:

— кыргыз адабиятын окутуу менен мектеп чөйрөсүндө мамлекеттик тилдин кеңири колдонулушун камсыз кылууга жетишүү;

— окуучуларды кыргыз фольклору, эл акындарынын чыгармалары жана профессионалдык жазма адабияттын мыкты үлгүлөрү менен тааныштыруу;

— жаштарды жашап жаткан мамлекетинин негизги улуттук маданиятын, тарыхын сыйлоого үйрөтүү, өлкөнүн улуттар аралык тили катары мамлекеттик тилди сезе билүүгө жетишүү;

— адабиятты окуу аркылуу эл таануу;

— адабиятты окуу аркылуу тил таануу;

— мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү;

— кыргыз адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилинде окуу, түшүнүү, түшүнгөнүн айтып берүү деңгээлине жетишүү;

— мамлекеттик тилде өз оюн жаза билүүгө үйрөнүү;

— улут адабияты аркылуу улутту урматтоого тарбиялоо ж.б.

Андыктан бул мектептерде (класстарда) кыргыз адабиятынын тарыхын, теориясын, авторлордун биографиясын кыргыз класстардагыдай кеңири үйрөнбөйт, алар конкреттүү адабий чыгармаларды гана талдап окуйт, предметтин максаты – окуучуларда бөтөн тилди үйрөнүү көндүмдөрүн жатыктыруу, тилдик билимин практикада текшерип көрүү жана байытуу. Ошол үчүн окутуу орус, өзбек, тажик тилдүү мектептерде кыргыз адабиятын окутууда төмөнкүдөй ырааттуулук ишке ашырылат:

  1. Мектептин негизги курсунда (V-IX класстар) элдик оозеки чыгармачылык жана акындар поэзиясы көбүрөөк окутулса, орто мектептин курсунда (X-XI класстар) профессионалдуу жазма адабияттын чыгармалары басымдуулук кылат;
  2. Окутуу орус, өзбек, тажик тилдүү мектептерде бардык класстарда кыргыз адабиятынын материалдары тарыхый-системалык курс түрүндө эмес, адабий окуу түрүндө гана үйрөнүлөт;
  3. Окуучулардын кыргыз тилин билүү деңгээли ар түрдүү болгондугу эске алынат;
  4. Тексттерди талдоодо көбүнчө кыргыз элинин этнографиялык өзгөчөлүктөрүн туура көрсөткөндөрүн, этнопедагогикалык баалуулугу болгондорун, кыргыз жергесинин пейзаждык сүрөтүн сөз менен жакшы тарткандарына биринчи кезекте басым жасалат;
  5. Бул предметти окутуу өзгөчөлүктөрүнө ылайык окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде тексттерди, суроо-тапшырмаларды орус адабияты, өзбек мектептеринде өзбек адабияты, тажик мектептеринде тажик адабияты ж.б. менен салыштырууга кеңири орун берилет;
  6. Окуу процессинде текстти талдоо учурунда монологдук жана диалогдук речтерди анализдөө, автордун баяндоо, ой жүгүртүү, сүрөттөө стилдерин аңдап билүү, ыр түзүлүшүн анализдөө, чыгарманын тилин ар тараптан изилдөө, орус (өзбек, тажик) тилине которуу жана котормолорду салыштыруу, тааныш эмес сөздөрдүн лексикалык маанилерин ачуу, сүйлөмдөрдүн стилистикалык түзүлүшүн байкоо сыяктуу тилдик жумуштар көп жүргүзүлөт;
  7. Тажик тили фарс тилдерине, өзбек тили түрк тилдерине, орус тили славян тилдерине киргендиги сыяктуу маанилүү фактор кыргыз адабиятын окутууда эске алынышы кажет;
  8. Кыргыз адабиятын окутуу орус (өзбек, тажик) тилинде жүргүзүлгөн мектептерде сөздүк жумуштарын (синонимдер, антонимдер, омонимдер, фразеологизмдер, түшүндүрмө ж.б.) жүргүзүүгө кеңири орун берүү зарыл;
  9. кыргыз адабиятын жогорудагыдай мектептерде окутууда аймактык бөтөнчөлүктөр (мисалы, өзбек мектептери Ош, Өзгөн шаарларында, Ош облусунун Ноокат, Араван, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана ушул облустун Сузак, Ноокен, Базар-Коргон райондорунда, тажик мектептер Кадамжай районунун Үч-Коргон айлында, Лейлек районунда, орус мектептер көбүнчө Чүй өрөөнүндө жайгашкан) да каралууга тийиш;
  10. Кыргыз адабияты сабагы кыргыз тили сабагы менен терең интеграцияланып жана бири-бирин толуктап окутулууга тийиш.

Мугалимдердин Август кеңешмесинде мына ушул багыттарды талкуулоо жүргүзүлсө, пикирлешүүлөр да жандуу, кызыктуу жана пайдалуу болот.

Адабиятты окутууда мугалимдер көркөм тексттин ички маңызын ачып, ошол чыгармада сүрөттөлгөн эл башынан өткөн турмушту, кыйынчылык күндөрдү, ошол кездеги улуттардын бири-бирине жардамдашкан учурларын, алардын руханий баатырдыгын көрсөтүп бериши керек.

Быйылкы салтка айланган Август кеңешмелеринде мугалимдердин эң башкы милдети: кыргыз адабияты сабагы аркылуу балдарды улуттар ынтымагына тарбиялоонун маселелерин көтөрүп чыгып, канткенде мекенчилдерди, интернационалчыларды көбөйтөбүз деген проблема боюнча ой жүгүртүү.

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн быйыл А.Муратовдун жетекчилигинде түзүлгөн программа сунушталат. Ал «Айат» басмасынан 2009-жылы, Кыргыз билим берүү академиясынан 2011-жылы басылып чыгып, мектептерге жиберилген жана бир топ өркүндөтүлүп, Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңешинде жактырылып, колдонууга сунушталды. Дал ушул 2014-жылы Кыргыз билим берүү академиясынан басылган программа гана негизги программа болуп эсептелет, окуу китептери жана окуучулар үчүн ар кандай сынак тапшырмалары ушул нормативдик документтин негизинде даярдалат. Бул программанын негизинде сынакка коюлган окуу китептери чыгып жатат. Бирок ошол эле кезде башка дагы альтернативдүү окуу программалары жана окуу китептери колдонула берет. Айрым мектептер кыргыз-түрк лицейлери үчүн 2006-жылдан тартып чыккан окуу китептерин, видеофильмдерин, компакт-дисктерин, колдонмо дептерлерин пайдаланып келет, алар да чынында сабагыңыздарды үзүрлүү кылууга жардам берет.

Өзбек, тажик, орус мектептериндеги кыргыз адабияты предметинин мазмуну, программа, окуу китептери боюнча ой-сунуштар мугалимдердин кеңешмесинде кеңири талкууланып, алар түзүүчүлөргө, авторлорго, методисттерге жеткирилсе деген ойдобуз. Ошол эле кезде окутуу өзбек, тажик, орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабиятын окутуу өз-өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ, ал өзгөчөлүктөр атайын илимий-методикалык багытта талкуулоону талап кылат.

Август кеңешмесинде талкуулануучу болжолдуу темалар:

  1. Кыргыз адабиятын ааламдашуу доорунда окуучуларга үйрөтүүнүн мааниси, максаты, проблемалары;
  2. Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн түзүлгөн билим берүүнүн мамлекеттик стандарты, ошол стандартка негизделген окуу программалары, алардын жетишкендиктери, кемчилдиктери, өркүндөтүүнүн жолдору;
  3. Орус жана өзбек мектептери үчүн түзүлгөн окуу китептери;
  4. Мамлекеттик тилде окутуу жүргүзүлбөгөн мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун жалпы өзгөчөлүктөрү;
  5. Кыргыз адабиятын орус (өзбек, тажик) адабияты менен интеграциялап окутуунун ыкмалары;
  6. Кыргыз адабиятын окутуу аркылуу этнолингвистикалык, этномаданий билим берүүнүн жолдору;
  7. Тил аркылуу дил таанытуу;
  8. Кыргыз адабияты сабагындагы сөздүк жумуштары;
  9. Окутуу кыргыз эмес тилдерде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз адабияты мугалимдеринин иш тажрыйбалары;
  10. Кыргыз адабиятынын материалдары аркылуу достукка, ынтымакка, улуттук биримдикке, Ата журтту сүйүүгө тарбиялоонун, «Кыргызстан – менин мекеним» деген идеяны сиңдирүүнүн жолдорун биргелешип издөө;
  11. Кыргыз адабияты сабагын инновациялоонун маселелери;
  12. Кыргыз тилиндеги адабияттар менен камсыздоо боюнча мектеп китепканаларынын абалы ж.б.

А. Муратов,
п.и.д., И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору.
Тел.: (0500) 170 556;
е-mail:  [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер