КУБДУН ЖАНА ТИК ПАРАЛЛЕЛЕПИПЕДДИН КӨЛӨМҮ

  • 24.08.2024
  • 0
КУБДУН ЖАНА ТИК ПАРАЛЛЕЛЕПИПЕДДИН КӨЛӨМҮ

9-класс, ГЕОМЕТРИЯ

Сабактын максаты. Когнитивдик:

-Окуучулар көлөм түшүнүгүнө ээ болушат;

-Кубдун жана параллелепипеддин көлөмүн эсептөө үчүн тажрыйба жүргүзүшө алышат;

Жүрүм-турумдук:

Окуучулар топ менен жана жекече иштөөдө өз оюн жактоону билишет жана далилдеп, тыянак чыгара алышат;

Баалуулук:

Өз алдынчалуулук, сынчылдык, математикалык каражаттар менен реалдуу турмуштагы процесстерди салыштырып, айкалыштырып иштей алышат жана анализ жүргүзүшөт.

Cабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.

Сабактын формасы: STEM сабак

Предмет аралык байланыш: физика, экономика

Сабактын жабдылышы: Куб, тик параллелепипеддин макеттери, кум, мл шкалаларга бөлүнгөн өлчөгүч идиштер, проектор, компьютер, таблицалар.

Сабактын ыкмасы: Эксперимент.

Сабактын жүрүшү: Шыктандыруу

Мугалим мээнин оң жана сол жарым шарлары жөнүндө маалымат берет. Оң колду көбүрөөк иштеткендердин мээсинин сол жарым шары өнүккөн, ал эми сол колун иштеткендердин мээсинин оң жарым шары жакшы иштейт. Андыктан эки колду тең иштетүү менен биз мээге жардам берген болобуз. Окуучуларга “нейрогимнастика” жасатат.

Топторго бөлүнүү: Туулган күнү жуп санга туура келгендер жана туулган күнү так санга туура келгендер деп эки топко бөлөт.

Баалоо критерийлери менен тааныштыруу: 

Мугалим баалоо критерийлери менен тааныштырат:

Тапшырманын аталышыБаллы
1. Үй тапшырмасы 
2. Топтук тапшырма 
3. Ооз эки суроолорго жооп берүү 
4. Жалпы 

10дон жогору балл “5”

7-9-балл “4”

4-6- балл “3”

0-3-  балл “2”

Үй тапшырмасын текшерүү: мурунку сабакта кубдун жана параллелепипеддин макеттерин жасап келүү үйгө тапшырма болгон. Топ менен биргеликте эң жакшы деген 2 макетти презентациялап беришет.

Окуучулардын билимин актуалдаштыруу: мугалим окуучулардын көӊүл буруусун топтоштуруу, жаӊы сабактын темасын жана максатын аныктоо үчүн кыскача талкуу уюштурат. Ортого көйгөй таштайт.

Көйгөй:

Бизнесмен Алтынбашов Баткен өрүгүнүн кагынан жасалган табигый шербет өндүрүп сатыкка чыгара баштады. Анын шербеттери эки түрдүү идиштерге куюлган. Бири куб формасында, экинчиси тик параллелепипед формасында. Бирок бетинин аянты бирдей. Сатып алуучу Кардарова кайсы идишке куюлган шербетти сатып алса утат? (б.а. кайсы идишке шербет көбүрөөк батат?)

Алгач мугалим оозеки талкуу уюштурат. Кээси тең эле десе, айрымдары кубга, башкалары параллелепипедге деши мүмкүн.

Мугалим эксперимент жасоого уруксат берет.

Жаңы теманы түшүндүрүү:

Көлөм – бул кандайдыр бир фигуранын ичине “канча…батат?” деген сурообузга жооп берет.

Кубдун көлөмү:

Кыры а

Параллелепипеддин көлөмү:

Кыры a, b, c

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу. Баалоо (формативдик, суммативдик)

Сабактын башында балдарга тааныштырылган критерийлердин негизинде топторду баалайт. Ар бир тапшырма боюнча топтордун топтолгон баллдарын эсептеп, баа коёт.

Үй тапшырмасы: топтук тапшырма (долбоордук иш)

Тик параллелепипед формасындагы бассейндин макетин 1:10 000 масштабында жасап, канча суу батарын эсептеп келүү.

Рефлексия:

Мугалим сабактын максатына кайтып барып, жетишкен натыйжаларды белгилейт.

“5С аралы” методу менен рефлексия жасоо тапшырмасын берет.

5С – бул беш сезим. Сабактын жүрүшүндө, башында, жыйынтыгында силер кандай сезимде болдуңар жана эмне үчүн экендигин эки сүйлөм менен түшүндүрө кетсеңер.

1) Сүйүнүү

2) Сүрдөө

3) Суктануу

4) Сыгылуу

5) Самоо (каалоо)

Каныбекова Назгүл, Ош шаарындагы “Билим” лицейинин математика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер