ДҮЙНӨЛҮК МУХИТТЕР (Мекен таануу, 4-класс)
- 23.10.2023
- 0

Мусаева Аманбүбү, Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин башталгыч класстар мугалими
Предмет: Мекен таануу
Класс: 4 Мөөнөтү: 20. 10. 2023
Сабактын темасы: Дүйнөлүк мухиттер
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү
Колдонулуучу ыкмалар: түшүндүрүү, интерактивдүү
Предмет аралык байланыш: адабий окуу
№ | Сабактын максаттары | Көрсөткүчтөр |
1 | Билим берүүчүлүк: Дүйнөлүк океандар, алардын жайгашкан орду боюнча кеңири маалымат алышат. Гидросферанын курамдык бөлүктөрү, атмосферанын нымдуулугу жөнүндө окуп үйрөнүшөт. | Ø Жер планетасын, башка планеталардан айырмачылыктарын биле алышса, Ø Жер планетасындагы материктерди атай алышса, Ø Материктердин жайгашкан ордун глобустан көрсөтүп бере алышса, Ø Гидросферанын курмадык бөлүктөрүн атай алышса, |
2 | Өнүктүрүүчүлүк: Дүйнөлүк мухит жөнүндө таанып билүүсү өнүгөт, кызыгуусу жогорулайт. | Ø Океан дүйнөнүн кайсы бөлүгүнө кирерин айтып бере алышса, Ø Маалыматка жана жалпы талкуудагы идеяларга таянып, океан жөнүндө кеңири билишсе, |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Жаратылыштын бир бөлүгү болгон, сууга аяр мамиле жасоого, сарамжалдуу пайдаланууга тарбияланышат. | Ø Ар бир ой баалуу экенин билишсе, алтын эрежени сактай алышса Ø Топтордо иштей алышса |
Сабактын жүрүшү:
№ | Сабактын баскычтары (убактысы) | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компеттентүүлүк | Баалоо | ||
НК | ПК | ||||||
1 | Уюштуруу Саламдашуу Жагымдуу маанай 3 мүнөт | Окуучуларды сабакка даярдоо, аларга жагымдуу маанай түзүү. “Ким мыкты окуучу”? оюну менен жагымдуу маанай түзүп алам. (Коробкага күзгүнү салып, ар бир окуучуну чакырып ачтырам. Ал жактан эң мыкты окуучу өзү экенин күзгүдөн көрөт. Аягында мыкты окуучу өздөрү экенин айтышат). Баалоо критерийлери менен тааныштыруу. 1- тирекмеде | Окуу куралдарын алып чыгып, сабакка даярданышат. | НК2 | ПК1 | Байкоо жүргүзүү | |
2 | Өтүлгөн теманы кайталоо 7 мүнөт | Тесттер:пазлдагы түстөрдү туура табыш керек. 2-тиркемеде 1. Жер шарында канча материк бар? а) 6 б) 7 в) 9 г) 10 2. Бул эң ысык материк, анда дүйнөдөгү эң чоң чөл жайгашкан? а) Австралия б) Түштүк Америка в) Евразия г) Африка 3. Калкы эң аз материк? а) Түндүк Америка б) Австралия в) Евразия г) Түштүк Америка 4. Бул жаныбарларды Авсрталияда гана кезиктирүүгө болот? а) Пил б) Бизон в) Коала г) Жираф 5. Дүйнөнүн бул бөлүгүндө көп тараган азык-бул күрүч. а) Антарктида б) Азия в) Африка г) Австралия 6. Кайсы материк картошканын мекени? а) Антарктида б) Түндүк Америка в) Түштүк Америка 7. Кыргызстандан Авсралияга баруу үчүн кайсы транспортту тандап алуу керек? а) Автобус б) Велосипед в) Поезд г) Самолёт 8. Бул материк 4 океан менен курчалган? а) Евразия б) Африка в) Түндүк Америка г) Авсрталия пазлдан туура жоопторун көрсөтүшөт. Ɵтүлгɵн тема боюнча “Суроо катам, жообун тап” оюну менен суроолорго жооп берилет. 1. Түндүк Америкадагы ийне жалбырактуу дарак? Секвойя дарагы 2. Эң суук материк? Антарктида материги 3. Африка жаныбары? Зебра 4. Эң кичине кургак материк? Австралия 5. Евразияда жайгашкан эң чоң мамлекет? Индия “Океан” деген тема чыгып калат. | Окуучулар суроолорго тема боюнча түшүнүгүн айтуу менен жооп беишет. | НК3 | ПК3 | Жекече баалоо | |
3 | Жаңы теманы түшүндүрүү 10 мүнөт | Биздин планета кооз, сулуу жана кайталангыс. Анын эң башкы айырмачылыгы тиричиликтин планетасы болгонунда. Биздин планетанын башка планеталардан айырмачылыгы жерде суу, атмосферада кычкылтек бар. Ушулардын натыйжасында жерде жашоо орун алган. Биздин планетанын кɵп бɵлүгүн суу ээлейт. Ал Дүйнɵлүк мухит болот. Океан суу мейкиндигинин эбегейсиз чоң бөлүгү. Дүйнɵлүк эң чоң 4 мухит бар. Тынч, Атлантика, Инди, Түндүк муз океандары. Баарынан эң чоңу жана тереңи Тынч мухити. Кичинеси Түндүк муз мухити. Кыргызстанга жакыны Инди мухити. Мухиттин суулары туздуу болот. 5чи океан окумуштуулар тарабынан изилденип жатат. Түштүк муз океаны. Биздин планетабызда 71% суулар, кургактык 29% түзɵт. Океандын аянты 361млн. км2 Жердин жалпы аянты 510 млн. км2 Түндүк муз океаны— эң кичине жана тайыз океан. Аянты 15 млн.км кв. Калың муз эч качан эрибейт. Атлантика океаны чоңдугу боюнча 2-орунд турат. Жердин бетинин 5тен 1 бөлүгүн каптап турат. Аянты 91 млн км кв. Инди океаны— 3-орунда турат. Ал Африка, Австралия, Азиянын жээктерин курчап турат. Аянты 76 млн км кв. Тынч океан-баарынан чоң. Аянты 187 млн км кв. Эң терең океан. Океандын астында Мауна Кеа тоосу жайгашкан. Анын бийиктиги 10205 м Океанды үйрөтүүчү илим-Океанология деп аталат. | Ар бир топтон окуучулар билгендери боюнча, жооп беришет. | НК1 | ПК3 | ||
4 | Практикалык иш 15 мүнөт | Ар бир топ ɵзүнɵ берилген тапшырмаларын аткарып, айтып беришет. Тынч океан- Рекордчулар таблицасын толтур. -Эң чоң мухит? Тынч океан — Эң бийик тоо? Мауна Кеа -Эң узун дарыя? Нил Эң чоң чөл? Сахара -Эң бийик жаныбар? Жирав Түндүк муз океаны-Өзгөчө мүнөзгө ээлерди тап. -Өтө нымдуу материк? Түштүк Америка -Өтө ысык материк? Африка -Өтө кичине океан? Түндүк муз океаны -Өтө кызыктуу дарак? Виктория -Өтө суукка чыдамдуу канаттуу? Пингвин Инди океаны Дал келтир, кайсы материкте жайгашканын айтып бергиле. Тынч океан-1-орун Атлантика океаны-2-орун Инди океаны-3 орун Түндүк муз океаны- 4-орун Алтантика океаны Макалды тап. Башкы тамгадан баштап, улам кийинки тамганы калтырып окуп, сүйлөмдүн маанисин чечмеле. Сматячкваттркоа лбыакрнырпо ксатйцтаклаенп аирс бриорл аддшазмй, мыуоркуннкгуцсйуынеаннр өозлгуөцрйүоллүепк коеплретт. Туурасы Саякатка барып кайткан ар бир адам, мурункусунан өзгөрүлүп келет. | НК1
НК1
НК2
НК2
НК3 | ПК1
ПК2
ПК2
ПК3
| Калыптандыруучу баалоо
Калыптандыруучу баалоо
| ||
5 | Бышыктоо 2 мүнөт | Ооба жок оюну менен иштешет. Ооба\ жок тапшырмасы Ø Дүйнɵлүк тɵрт мухит бар? Ооба Ø Эң чоңу Түндүк муз мухити Жок Ø Бизге жакыны Атлантика Жок Ø Муз тоолор булар Айзбергдер Ооба | Суроолорго жооп беришет. | НК3 | ПК2 | ||
6 | Жыйын тыктоо 5 мин | Тажрыйба жүргүзүү. 1 литрлик сууга чай кашык менен жарымынан туз салабыз. Аралаштырып даамын көрөбүз. Даамы Ысык-Көлдүн туздуулугундай болот. Ушуга эле 3 чоң кашык туз салабыз. Дүйнөлүк океандын орточо туздуулугу ушундай экенин билебиз. | НК2 | ПК2 | Баалоо белгилери менен бааланат. | ||
7 | Баалоо 2 мүнөт | Берилген критерийлер боюнча бааланат | Критерийдин негизинде бааланат. | НК3 | Суммативдик баалоо | ||
8 | Үйгө тапшырма 1 мүнөт | 37- беттеги суроолорго жооп жазып келгиле. | Күндөлүктөрүнө жазышат | НК3 | |||
Өзүн-өзү баалоо баракчасы 1-тиркеме
Окуучунун аты жɵнү:______________________________________________________
(Эгерде берилген тапшырманы аткарса «+» белгиси коюлат, аткара албаса «-» белгиси коюлат.)
№ | Берилген тапшырмалар | Коюлуучу белги (+,-) |
1 | Үй тапшырмасы пазлдын жыйынтыгы менен | |
2 | Ɵтүлгɵн теманы кайталоо үчүн тесттер | |
3 | Топто иштɵɵ тема бюнча тапшырманы аткарат | |
4 | Бышыктоо: Ооба, жок тапшырмасы (оюн түрүндɵ) | |
5 | Жыйынтыктоо: тесттер |
2-тиркеме
а | б | в | г |
- Жер шарында канча материк бар?
а) 6 б) 7 в) 9 г) 10
- Бул эң ысык материк, анда дүйнөдөгү эң чоң чөл жайгашкан?
а) Австралия б) Түштүк Америка в) Евразия г) Африка
- Калкы эң аз материк?
а) Түндүк Америка б) Австралия в) Евразия г) Түштүк Америка
- Бул жаныбарларды Авсрталияда гана кезиктирүүгө болот?
а) Пил б) Бизон в) Коала г) Жираф
- Дүйнөнүн бул бөлүгүндө көп тараган азык-бул күрүч.
а) Антарктида б) Азия в) Африка г) Австралия
- Кайсы материк картошканын мекени?
а) Антарктида б) Түндүк Америка в) Түштүк Америка
- Кыргызстандан Авсралияга баруу үчүн кайсы транспортту тандап алуу керек?
а) Автобус б) Велосипед в) Поезд г) Самолёт
- Бул материк 4 океан менен курчалган?
а) Евразия б) Африка в) Түндүк Америка г) Авсрталия
Комментарийлер