ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 92 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

  • 15.01.2021
  • 0
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН 92 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА

«Давха»  мектеп-комплексинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Масымканова  Жылдыз Мырзабековна

Ч.Айтматовдун  92 жылдыгына  карата класстан тышкаркы                  иш-чаранын  сценарийи

Тема” Ала –Тоодон ааламга үн салган — Айтматов”

Иш  чаранын   максаты:

Улутубуздун  сыймыгы  болгон белгилүү  жазуучу  Ч.Айтматов боюнча

маалыматтарын кеңейтүү, окуучулардын дуйнө таануусун, сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу, чыгармачыл  жөндөмүн  калыптандыруу.

Адабият сабагы «ыймандын жетилүү сабагы» деп бекеринен айтылбагандыр. Менин оюмча, адабият сабагында, айрыкча улуу жазуучубуздун чыгармалары менен окуучуларды  адамгерчиликке, адеп-аxлакка тарбиялоо.

Жабдылышы: Ч.Айтматовдун сүрөттөрү, белгилуу адамдардын ал жөнүндө айткан сөздөру,  мугалимдин үнү коштолгон  слайд,  электрондук доска, видео, буклеттер, китептери  ж.б.

Мугалимдин сөзү:

Улуттук философиялык ойлорго, нарк-насилдерге, адеп-ахлакка   сугарылган Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү — доорубуздун чыныгы сүрөткеринин түбөлүктүүлүктүн ички сырын өзүнө сыйдырган дүйнөлүк деңгээлдеги чыгармалары элибиздин руxаний кенчи, тиреги.

Чыңгыз Айтматов  өзүнүн башынан өткөн, уккан, көргөн окуяларды кеменгерлик менен сезип, дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратты. Бул – улуу таланттын, улуу чеберчиликтин натыйжасы!

Жазуучунун чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүк бар.

Француз жазуучусу, котормочу Пьер Фружъе болсо: «Чыңгыз Айтматов — Кыргызстандын дүйнөгө жасаган эң жакшы белеги, же болбосо Европада Чыңгыз Төрөкуловичти «Калем падышасы» деп аташат», — дейт.

Мына ушундай зор атакка жетишкен элибиздин сыймыгы, көптөгөн сыйлыктардын ээси Чыңгыз агайыбыздын чыгармаларын окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таптыра албасак турмушка берген сабагыбыздын жугуму болбостур. Себеби, жазуучунун чыгармачылыгынын негизи — адамзаттын чындыкка болгон тынымсыз умтулуусу.

“Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, уңгулуу, уюткусу бар касиеттүү эли бар, бул — кыргыз улуту” деп таанытты.

Мугалимдин сөзү:

Эмгек менен көтөрүлгөн баркыңыз,

Дүңгүрөгөн жазуучулук даңкыңыз.

Окуганда сиз жараткан китепти,

Жүрөк эргип, жазылчу эле жарпыбыз.

Дүйнөнү  калеми  менен   багындырган, элибиздин  сыймыгы  болгон, көптөгөн  сыйлыктардын  ээси Ч.Айтматовдун  92  жылдыгына карата  уюштурулган :  ” Ала –Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу  иш-чарабызды  баштоого   уруксат  этиңиздер!

Кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айматов өзү өтсө да, экинчи өмүрүн жашап жатат деп айта алабыз. Ага биз окуучулар, алтындан эстелик тургуза албасак да, чыгармаларын окуп өмүр бою аздектеп, алардан өзүбүзгө  эң жакшы таалим — тарбия  алып, келечегибизге жол тапсак болот.

 Бүгүнкү сабакта:

  1. Жазуучу тууралуу кыскача   видео көрсөтүлөт
  2. Көркөм окуу
  3. Чыгармадан үзүндү аткаруу
  4. Обондуу ыр
  5. Көркөм окуу
  6. Сүрөт чечмелөө
  7. Сыр куржун
  8. Чыгармадан үзүндү аткаруу
  9. Жыйынтыктоо

Көркөм  окуу                                                                 

Туу чокуну багындырып алдыңыз,

Кыргыз Туусун желбиретип салдыңыз,

Кыргыз үчүн абийир, атак жаратып,

Кылымдарга өчпөс болуп калдыңыз!

Дүңгүрөтүп  дүйнөгө  алып  чыкты 

Чыгарманын  бүткүл  аалам  сүйгөн  кандай,

Тазартып  жан  дүйнөнү    жааган  кардай  .

Алгачкы  билим  берген  элеттикке

Эсимден  дале  чыкпайт  Дүйшөн  агай .

Жер  эне ,  Толгонайды  ,  Алиманды ,

Данияр  ,  шайыр  мүнөз  Жамийлаңды .

Илияз,  Султанмурат,   Нургазылар,

Каармандар  классика  сабындагы  .

Түбөлүк  нарктуу  ,  көрктүү  салты  менен  ,

Түптүү  тек  болсо  дагы  кыргыз   атам.

Дүңгүрөтүп  дүйнөгө  алып   чыкты  ,

Тулпар  менен  туйлатып  Чыңгыз  атам.

 

Ала-  Тоо  ,мөлтүр  кашка  булагыңыз

Карагай   арчалуу  төр,  турагыңыз.

Урпактарың     урматтап,  тизе  бүгөт,

Кут     болсун,  куттуу    90   жаш   курагыңыз!

 

Нагима  апаны  эскерүү

Алыс  жактан  ажыратып  атаңан

Оору  жоктур   ошондогу  кападан

Эрбеңдетип  төрт  баласын   жетелеп,

Эл  журтуна  аман-эсен алып  барган.

1-окуучу:  Болсо  экен  дейм  кыргызымда   көбүрөөк,

Эрки    күчтүү    Нагимадай  ападан.

Түшүшсө  деп  атасынын  изине

Жараса  деп  эл  журтунун     ишине

2-окуучу:  Кыйналганын, кысталганын   билгизбей,

Кайгы-муңун   катты  далай   ичине .

Таазим кылат кыргыз  эли ар   убак,

Апакебиз   Нагимадай   кишиге.

3-окуучу:  Канчалаган   не  бир   асыл   адамдар.

Чыккынчы   деп   эл   журтунан  куулду,

Богот   болуп   оор   жылдар   турмушка,

Кайгы,   мундар   коз   жаш   болуп   жуулду.

4-окуучу: Төрөп  берген  кыргызына   апабыз,

Чынгыз,  Ильгиз   агалардай   уулду

Төрөп  берген  кыргызына   апабыз,

Чыңгыз,  Ильгиз   агалардай   уулду.

Чыңгыз Айтматов: “Ата, мен сага эстелик тургуза  албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүндү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов сага арнаймын.

Алып баруучу: Дал ушул киришүү сөзү менен улуу жазуучу “Саманчынын жолу” повестин жазган эле. Оо, андан бери мезгил өтүп. Армандуу болгон Чыңгыз атабыздын атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү табылып өз колу менен аземдеп жерге берип, эми ал жер, “Ата-Бейит” аталып турат. Миңдеген адам Ата-Бейитке таазим этип, куран багыштап окуп турушат.

Ал эми атасы алдында өз милдетин атап, “Эл уулу” наамына ээ болгон атактуу жазуучу өзү тирүү болгондо быйыл   92 жашка  келмек.

Алып баруучу: Эмесе, бүгүнкү ачык саатыбызды Жамийланы, Султанмуратты, Толгонай апаны, Ильясты дүйнө жүзүнө тааныткан чыгаан жазуучу Ч.Айтматов агабыздын туулган күнүнө арнайбыз.

Толгонай: Амансыңбы, куттуу талаам?

Жер: Аманчылык, келдиңби, Толгонай? Былтыркыдан дагы карый түшүпсүң го. Чачың куудай, колуңда  таяк.

Толгонай: Өмүр өтүп баратпайбы, жер энем, арадан дагы бир жыл өттү.

Бүгүн менин сыйынуу күнүм.

Жер: Билем, келериңди күтүп жаткам, Толгонай. Бул жолу сен баланы да ээрчите келмек эмес белен?

Толгонай: Ооба, бирок бул сапар жалгыз келдим.

Жер: Демек, сен ага эчтеке айткан эмес экенсиң да.

Толгонай: Жок, айта албадым. Тээтигинде ким чуркап келе жатат? Өпкөсү да көп калган окшойт!?

Алыстан “Ак кеме”  повестиндеги бала Нургазы чуркап келет.

Колунда портфель бар.

Көзүнө жаш алып:

Нургазы: Толгонай апа-а! Эмне үчүн мен сиздин небереңиз болбой калдым.

(  Тизелеп  отура калат.  Жер карап ,анан  Толгонайды карап ).

Момун  чоң  атам  экөөбүз деген  азапты  көрдүк .Эмне үчүн  чоң  апам  урушчаак. Мени  түшүнгөн чоң   апа болсочу  дечүмүн .

Толгонай  апа!

Толгонай  апа! Мен сизге небере болоюнчу .”Бугу  энеден “ кечирим сурап Орозкул байкем менен Бекей жеңеме бала алып келип береличи.

Ушул  маалда Бугу эне коңгуроо тагылган бешик көтөрүп келет.

Бугу эне : 30 жыл бою чындык издеген Нургазынын көктүгү. Толгонайдын, назик Бекейдин көз жашы менин да тынчымды алып келди. Жүгүр, Нургазы!

Сүйүнчүлө, кийинки жылы Орозкул абаң менен Бекей  жеңең уулду болушат!

“Сүйүнчү, сүйүнчү ! “, — деп сүйүнгөн Нургазы залдан  чуркап чыгып  кетет.

(Ыр ырдалып бүткүчө Толгонай менен Бугу эне  чыгып  кетет.

Асель: Нургазы! Нургазы! Кайдасың, Балык болуп сууга сүзүп кетпечи. Тилегиң  ак экен, таза экен. Уз экенсин! Самат уулума бир тууган болуп берчи. Мен аны капа кылбайм. Портфелине толтура китеп сатып берем.

Алыстан Нургазынын үнү угулган.

Асел эжеке – е – е!  сизге ыраазымын. Саматты балаңыздай багып, өстүрө бериңиз. Мен өзүмдүн түзүп алган жомогумда гана бактылуу болсом, Самат чыныгы турмушунда бактылуу жан. Сизге ырахмат! Кийинки жылы Орозкул абамдын улуунун бешик тоюнан жолугушалы. Саматты ала келиниз кош болунуз, Асел эжеке!

2-бөлүк 

С.Садыкованын аткаруусуна “Ала-Тоо” ырын катуурак чыгарып, бир куплети бүткөндө  үнү басаңдатылат.

1-окуучу: Энесай, сендей жайкын өзөн барбы?

Энесай, сендей жаркын мекен барбы?

Энесай, сендей кыйын азап барбы?

Энесай ,сендей ыйык азат барбы?

2- окуучу

Атам заманда, жер бетинде чөптөн токой көп, күргак жерден суу көп болуп турган кезде улуу уруу кыргыз журту Эне-Сай деген өзөндүн боюн жайлап турган. Ал улуу дайра, кең өзөн түндүктө “Сибирь” деген жерден агат.

Мен көлгө   жалгыз келип байыр алдым.   

Мен көлгө жалгыз келип байыр алдым,

Тургуздум махабаттын пайдубалын..

Жаштыгым татаал жолдо жанылышып,

Долондон канатымды кайрып алдым.

Жаштыгым татаал жолдо жаңылышып,

Долондон канатымды кайрып алдым.

 

Кумдан көп биздин күндөр өткөн ,

Келермин аман болсом да бир көксөөм.

Азыр мен жалгыз учкан аккуу болуп,

Баратам бакыт издеп Памир көздөй.

Азыр мен жалгыз учкан аккуу болуп,

Баратам бакыт издеп Памир көздөй.

 

Сен эзсен кусалыкка сезимимди,

Жаздагы салкын желден кабар улай.

Мен жокто сылай жур деп саамайынан,

Тапшырдым Ысык-Көлдун шамалына.

Мен жокто сылай жүр деп саамайынан,

Тапшырдым Ысык-Көлдун шамалына.

 

Жээгине жалгыз келип байыр алдым,

Тургуздум махабаттын пайдубалын.

Жаштыгым татаал жолдо жанылышып,

Долондон канатымды кайрып алдым.

Жаштыгым татаал жолдо жанылышып,

Долондон канатымды кайрып алдым.

4.Сыр  куржун  

Сыр  куржандагы  суроолорго   жооп  берели:

Ар  бирибиз  бирден   тапшырма   алабыз.

  1. Ак кемеге   синквейн  түзүү.
  2. Ак кеме тууралуу  кандай  ыр билесиңер?
  3. 3. Майсалбек эгерде согуш болбогондо, ким  болот эле?

4.Силер “Ак  кеме”    чыгармасынан башка  кайсы  чыгарманы  айтып     бере   аласыңар ?

  1. Саясатчы Темир Сариев кайсы чыгармада тартылган кинодо ойногон ?
  2. Ч. Айтматовдун төрт гана каарманы бар чыгармасы кайсы?

     Жообу:  “Деңиз  бойлой  жорткон  Ала-Дөбөт”  Орган,Мылгун ,  Кириск, Эмрайн

  1. 7. “Саманчынын жолу” чыгармасында Субанкулдун  балдарынын  аттары?
  2. Ч. Айтматовдун айкели (эстелиги )  качан,  кайсы  жерге      тургузулган?

Жообу: 2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулду.

Көркөм  окуу

Аппак кеме баратат көк деңизде

Айланага ажайып көрк беришке.

Көксөп барат  жетсем деп алыстарга

Көксөп  барат  жетсем деп  көп  жеңишке.

 

Сүз, ак кеме, деңиздин жарып  суусун,

Талыкпассың, тайманбас, намыстуусуң.

Көрккө бөлөп арала көп  деңизди

Көкөлөтүп шык  туусун,  намыс туусун!

Жыйынтыктоо              

Демек, чыгармалардан чыккан жыйынтыктагы ойлогон оюн, турмуштагы сүйүү менен жек көрүүсүн, кайгы менен кубанычын, окуучунун жеке идеал максаттарына умтулуусун образдардан издеп таап, ошол образдар менен кошо жашап, кошо күрөшүп, жаман жакшы жагын ылгап, улам өнүктүрүп баруусуна, өз багытын туура көрсөтүп турушу биздин негизги милдетибиз.

Мына ушундай зор атакка жетишкен элибиздин сыймыгы, көптөгөн сыйлыктардын ээси ,Чыңгыз агайыбыздын чыгармаларын окуучулардын жүрөгүнөн түнөк таптыра албасак турмушка берген сабагыбыздын жугуму болбостур. Себеби, жазуучунун чыгармачылыгынын негизи — адамзаттын чындыкка болгон тынымсыз умтулуусу деп   эсептеймин.

Бөлүшүү

Комментарийлер