БИЗ БАЛДАРГА БОЛОЛУЧУ КОШ КАНАТ

  • 24.11.2023
  • 0
БИЗ БАЛДАРГА БОЛОЛУЧУ КОШ КАНАТ

Гүльнар АБДУЛЛАЕВА,

Сузак районуна караштуу №75 К.Эрматов атындагы

 жатак-лицей мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими

  Сабактын темасы: БИЗ БАЛДАРГА БОЛОЛУЧУ КОШ КАНАТ

Тарбиялык саат

 

 Сабактын максаты:

а) Мугалимдик кесип ардактуу, түйшүктүү, жоопкерчиликтүү кесип экендигин билишет жана кеңири маалымат алышат.

б) Окуучулар топтор менен иштеп түрдүү суроолорго жооп табуу аркылуу ой-жүгүртүүсү кеңейип, сабакка болгон активдүүлүгү кызыгуусу артат.

в) Окуучулар мугалимдин, ата-эненин эмгегин баалап, айткан акыл-кеңештерин аткара билүүгө, аны сыйлап урматтоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: Аралаш сабак.

 Сабактын усулу: аңгемелешүү, интерактивдүү, мугалимдин сөзү.

Сабактын жабдылышы: бир нече сүрөттөр, көргөзмө куралдар, ПК, мультимедиалык проектор, презентация, учкул сөздөр, интернет булагынан алынган маалыматтар, электрондук такта.

Предмет аралык байланыш: кыргыз адабияты, тарых, музыка, сүрөт.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу.

Мугалим: Саламатсыңарбы, балдар! Эшиктеги күндүн бүркөк аба ырайына карабастан, маанайыңардын ачык болушун каалоо менен бирге бүгүнкү тарбиялык ачык саатыбызды баштайлы.

Ар бир адам жашоого бир эле жолу жаралат. Ошондуктан балдар, ошол берилген өмүрдү өкүнбөгүдөй кылып, туура жашап өтүүгө аракет жасоо керек. Турмушта ар бир адам алдына максат коюп, ошол максатына жетүү үчүн аракет жасайт.

Классты сабакка уюштуруп алуу үчүн көңүлдүү маанай түзүп алабыз. Ал үчүн мен окуучуларга эки суроо берем.

  1. Келечекте ким болгуңар келет? (Балдар жооп беришет)
  2. Келечектеги максатка жетүү үчүн эң негизи бизге эмне керек болот?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Демек балдар, силер өз каалаган максатыңарга жетүүңөр үчүн терең билим, татыктуу тарбия керек экен. Биз бул эки мүмкүнчүлүккө мугалим жана ата-энелерибиздин жардамы менен жете алат экенбиз. Биздин бүгүнкү өтүлүүчү жаңы темабыз “Биз балдарга бололучу кош канат” деп аталат.

Тема боюнча түшүнүк берүү

Бала жарык дүйнөгө келген соң, ага жакшы ат коюп, анын ден соолугун, тамак-ашын, кийим-кечесин камсыздоо — ата-эненин милдети. Ал эми мугалим ошол баланын билимин, тарбиясын колго алат. Биз алгач мектеп босогосун аттагандан кийин “А” тамгасын таанытып, биздин экинчи ата-энелик атка татыктуу жана бул жашоодо өз ордубузду тапканга чоң салым кошкон инсан – албетте, биздин алтындай болгон мугалимдерибиз.

Мугалим мөмөлүү дарак деп бекеринен айтылбаса керек. Анын педагогикалык акыл топтому алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачыл кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи мектеп менен байланыштуу. Андыктан адамдын жан дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат демекчи, бала тарбиялоодо ата-эненин орду да эбегейсиз зор. Буга мисал катары Томас Альва Эдисондун окуясын айтып берейин.

Күндөрдүн биринде Томас Эдисон мектептен үйгө келип, эжейи берген катты апасына карматты. Апасы көзүнөн жашы тамчылаган калыбында үнүн чыгарып катты окуду: “Сиздин уулуңуз — гений. Мектепте алып жаткан билим уулуңуз үчүн жетишсиз, сиздин уулуңузга керектүү билимди бере турган мугалим да жок. Өтүнүч уулуңуздун билим алуусуна шарт түзүңүз”.

Арадан бир нече жылдар өтүп, апасынын көз жумганына да бир топ жыл болот. Бул учурда Эдисон кылымдын улуу ойлоп табуучуларынын бири эле. Күндөрдүн биринде эски сүрөттөрдү барактап отуруп, баягы бир мезгилде апасына алып келген катка көзү урунат. Катты колуна алып ачып окуй баштайт: “Сиздин уулуңуздун акыл-эси кем. Биз мындан ары уулуңузду башка окуучулар менен бирге окута албайбыз. Ошондуктан, аны өз алдыңарча үйдө окутууну сунуштайбыз”.

Катты окуган Эдисон бир нече саатка көзүнүн жашын токтото албады. Анан өзүнүн күндөлүгүнө төмөндөгү эскермени жазып койду. “Томас Альва Эдисон акыл-эси жетишпеген бала болчу. Бирок алкышка арзыган апасынын көмөгү менен өзү жашаган кылымдын генийи боло алды”.

Тарыхка кайрыла турган болсок, Эдисон академиялык билимди 12 жашына чейин гана алган. Андан кийин бир да мектепте, колледжде, университетте да окуган эмес. Эгерде анын апасы болбогондо, мүмкүн башка балдар менен бирге мектепте окуганда деле ким билет, Томас Эдисон ушундай бийиктикке жетип, кылымдын ойлоп табуучусу болот беле?…

Бир нече жылдан соң ойлоп табуучу өзү төмөндөгү сөздү айткан жайы бар: “Менин бул бийликке жетишиме апам себепкер. Ал мага аябай ишенет эле, мен аны сезчүмүн. Мен ким үчүн өмүр сүрүп жатканымды билем. Апамды уят кылууга акым жок”.

Томас Эдисон  кадимки биз көрүп жүргөн электр лампасын, фонограф, телефон, кинескопту ойлоп табууга катышкан.

Ар бирибиз күндө бери  дегенде 20 жолу айткан “алло” сөзүн телефондук сүйлөшүүлөрдүн  башында колдонууну сунуштаган дал ушул адам.

Томас Эдисон Американын өзүндө эле ойлоп табууларын мыйзамдаштырган 1093 патент алган.

Мына балдар, көрдүңөрбү, баланын эң биринчи мугалими — анын энеси!

Билим кандай учурда жугумдуу, таасирдүү, эффективдүү жыйынтык берет? Качан гана мугалим менен окуучунун ортосунда бекем көпүрө болсо, ал ишеним көпүрөсү, сүйүү, мээрим көпүрөсү, сый-урмат көпүрөсү. Бул үчүн дагы бир күч керек, ал — ата-эне.

Ата-эне өз баласына мыкты билим алуусуна шарт түзүп,  колдоп кубаттап, шык берип туруусу керек. Ал эми окуучуда умтулуу, аракет, изденүү, максат болушу зарыл.

“Билим сапаттын ачкычы мугалимдин колунда”- деп айтышат. Бирок коомдогу чоң көйгөйлөр көмүскөдө калып жатпайбы.

Мисалы, билим сапатынын төмөндүгү  бир нече факторлорго байланыштуу. Алар: окуучунун ден соолугунун  чың болушуна күнүмдүк тамак-ашка керектүү витаминдер менен азыктанбагандары, кээ бир ата-энелердин аракка берилүүсү, ата-эненин күн-түн (2 нөөмөттө) иштегени, балдарына жетиштүү көңүл бурбай жатканы, айрым окуучулар ата-энелери менен базарда соода-сатык кылышы, ата-энелердин чет өлкөлөргө иштөөгө кетиши (балдарын туугандарына калтыруусу), мектепке чейинки бала бакчалардын аздыгы, педагог адистердин, окуу китептерин жетишпегендиги, айрым ата-энелердин ашыкча динге  берилиши (фанаттуулук) менен өз балдарын дагы медресеге бериши, ата-эненин баланын билим алуусуна көңүл коштугу. Коомдогу ушундай көйгөйлөр окуучунун билим-тарбия алуусун  төмөндөтөт. Бир эле менин эмес, бардык мугалимдердин жүрөгүн ооруткан бул маселелер үй-бүлөбүздү унуттуруп, өз балдарыбызга жеткиликтүү көңүл бөлбөгөнгө алып келгени мени өкүндүрөт.

Окуучуларга мугалим жөнүндө слайд коюлат.

Окуучуларды топко бөлүп, оюн уюштуруу. Тустүү фигураларды тандоо аркылуу окуучуларды эки топко бөлүү:

  • топ “Мугалимдер” тобу
  • топ “Ата-энелер” тобу
  • тапшырма. Ыңгайсыз суроолор
  1. “Мугалимдер” тобуна:
  • Сабакка ушунчалык даярданып келип, эң мыкты сабак өтөйүн десеңиз окуучу аз, жарымы келбеген. Сиздин оюңуз?
  • Сиз сабакты мыкты түшүндүрүп, айтып, жугумдуу билим бергенсиз, бирок эртеси окуучу сабакка даярдыксыз келип, тапшырма аткарбаган. Сиздин аракетиңиз?
  1. “Ата-энелер” тобуна:
  • Балаңыз “кымбат баалуу телефон сатып бериңиз, мага сабакка жана байланышууга керек болуп жатат”-деп ыйлактады. Сизде шарт жок. Кандай аракет кылмаксыз?
  • . Балаңыз эң мыкты окуучулардын бири. Бирок сабакты көп калтырып жүрүп, окуусу солгундап, орто окуган окуучуларга кошулуп калды. Ким күнөөлүү?

 Батманга тартылган жылдызчанын ичине мугалимдин, ата-эненин, окуучунун милдеттери жана иш аракеттерин жазып толтуруу жана түшүндүрүп айтып берүү.

3-тапшырма. Мен мугалим болсом…

            Бул тапшырмада окуучулар эгерде мугалим болсо, окуучуларга жугумдуу, терең билим, татыктуу тарбияны кандай жол менен бере алаарын жазышат жана айтып беришет.

Бышыктоо.

 “Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам” (Р.Эмерсон)

 “Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал мыкты мугалим” (Л.Н. Толстой)     

 “Жакшы мугалим болуу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл ” (В. Ключевский)

“Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап билсе, анда мугалим боло алат” (Конфуций)

Ата-энелердин ыраазычылык каттарын окуу.

Учкул сөздөрдү чечмелеп, жогоруда топторго берилген суроолор менен тапшырмалардын жыйынтыгын чыгаруу.

Төмөндөгү суроолорго жооп алуу менен сабакты бышыктоо.

Бүгүнкү сабакта эмнени билдиңер?

  1. Окуучунун кандай милдеттери бар?
  2. Канткенде биз мугалимди кубанта алабыз?
  3. Ата-эненин мээнетин актоо эң биринчи максатыңбы?

Окуучулардын мугалимдерге болгон ыраазычылык сөздөрү болсо, угуу.

Төмөндөгү ыр менен сабагымды аяктоо.

 

 “Биз балдарга бололучу кош канат”

 Ата-эне, мугалимдер биригип,

Иш алып барсак, жаратмакпыз ийгилик.

Билим берип, тарбиялап, үгүттөп,

Келечектин жаштарынан үмүт көп.

Уул-кыздарга бололу биз кош канат,

Бала алгач ата-энеден үлгү алат.

Көрсөтөлү туура жолду багытты,

Мына ошондо бийиктикке, узактарга уча алат.

Балдарыбыз — үмүтүбүз, бактыбыз,

Багамын деп канча түйшүк тарттыңыз.

Мыкты инсанды тарбиялап өстүрүү,

Ата-энелик, мугалимдик парзыбыз.

Эң мыкты ата-эне, мугалимден бололу,

Окуучунун, уул-кыздын  купулуна тололу.

Ата-энелик, мугалимдик милдетти так аткарып,

Келечектин муундарына көнүл буруп коёлу.

Баарыбыздан убакытты уурдаган,

Бир минут да бул буюмсуз турбаган.

Телефонго тигилгенди коёлу,

Келгилечи бул адатты, кемчиликти жоёлу.

Жакшы чыкса балдарыбыз, бактыбыз,

Мактанабыз, сыймыктанып жалпыбыз.

Менин уулум, менин кызым дедирген,

Көп-көп чыкса, ал да биздин даңкыбыз.

Үй-тапшырма.  “Мен сыйлаган мугалим” дилбаян жазып келүү

Баалоо. Окуучулардын катышуу, жетишүү, аракетине, жооп бергенине, тартибине карап баалоо.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер