ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПТЕР: РЕЙТИНГ ЖАНА МОРАТОРИЙ
- 21.04.2026
- 0
Кыргызстанда мектеп тартыштыгы дагы эле орчундуу социалдык маселелердин бири болуп жаткан чакта, жеке сектордун ролу өзгөчө мааниге ээ болуп калды.
Ушул жагдайды эске алуу менен Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушууда жеке менчик мектеп же бала бакча курууну каалагандарга 1–2 гектар жер аянты бекер берилерин жарыялады. Бул демилге билим берүү тармагына инвесторлорду тартуу, жаңы окуу жайларды ачуу жана мектеп тартыштыгын азайтуу багытындагы маанилүү кадам катары бааланууда.
2024-жылдын декабрь айындагы маалыматка ылайык, өлкөбүздө жалпы 204 жеке менчик мектеп иш алып барат. Алардын 85тен ашыгы Бишкек шаарында жайгашкан. Бул борбор калаада ата-энелер арасында альтернативдүү жана сапаттуу билим берүү мекемелерине суроо-талап жогору экенин көрсөтөт.
Жакында эле Бишкек шаарындагы жеке менчик мектептердин 2026-жылдагы рейтинги жаряланды. Рейтинг мектеп директорлорунун жана билим берүү тармагындагы эксперттердин баалоосунун негизинде түзүлгөн. Анда коопсуздук, мугалимдердин кесипкөйлүгү, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар жана билим берүүнүн сапаты эске алынган.
Рейтингдин алдыңкы сабында төмөнкү мектептер орун алган:
- Газпром-Кыргызстан мектеби
- “Креатив-Таалим” билим берүү комплекси
- “Абитуриент” классикалык билим берүү мектеби
- “Илим” билим берүү комплекси
- “Айчүрөк” Бишкек лицейи
- Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи
- Маариф окуу комплекси
- Bilimkana American School
Бул мектептер “Эң мыкты” категориясына киргендер.
“Эң жакшы” баасына татыган мектептердин катарында “Светоч Плюс”, “Точка роста”, “Сейтек Stem School”, “Приоритет”, “Ломоносов мектеби”, “Келечек MIT”, “Тенсай” жана башка билим берүү мекемелери бар.
Газпром-Кыргызстан мектебинин рейтингде 1-орунга чыгышы кокустук эмес. Бул мектеп жогорку деңгээлдеги инфраструктурасы, заманбап окуу шарттары, коопсуздук системасы, күчтүү педагогикалык курамы жана окуучулар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат. Рейтингдин методологиясында “окутуу шарттары” жагынан атаандаштарынан озуп чыккан деп айтууга болот. Мындан тышкары, билим берүү чөйрөсү, спорттук жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөр, тартип жана башкаруу системасы да жогорку баага татыган.
«Креатив-Таалим» билим берүү комплекси болсо рейтингде алдыңкы сапта турганы менен, анын өзгөчөлүгү башкача. Бул мектеп көбүнчө академиялык даярдыкка, тереңдетилген окутууга, окуучунун жеке өнүгүүсүнө жана чыгармачылыкка басым жасаганы менен белгилүү. Аталган билим берүү мекемеси ата-энелер арасында сапаттуу билим берген, тартиптүү жана жыйынтык көрсөтө алган мектеп катары таанылган.
Эки мектептин айырмасы төмөнкүчө:
- Газпром-Кыргызстан мектеби — эл аралык деңгээлдеги кампусу, материалдык-техникалык базасы, заманбап шарттары менен күчтүү.
- Креатив-Таалим билим берүү комплекси — билимдин мазмуну, окуучунун интеллектуалдык өнүгүүсү жана чыгармачылык багыты менен айырмаланат.
- Биринчиси көбүрөөк мүмкүнчүлүк жана шарт жагынан алдыда болсо, экинчиси окуу процессинин сапаты жана жекече мамилеси менен бааланат.
Ошондой эле аймактарда ачылып, динамикалуу өнүгүп келаткан жеке менчик мектептерди да атай кетели. Мисалы, Манас шаарындагы “Каганат” мектебин жана Балыкчы шаарындагы “Дипломат” мектеби жакшы ийгиликтери менен көзгө көрүнүп калышты.
“Дипломат” мектебинин окуучулары Алматы шаарындагы ЮНЕСКО уюштурган эл аралык илимий-практикалык конференцияда баш байгени утуп, биология, тарых, адабият, өлкө таануу жана актердук чеберчилик боюнча 5 окуучусу 1-орунду, 4 окуучусу 2-орунду багындырганын “Кут Билим” убагында жазган элек.
Жеке менчик мектептерде билим берүү сапаты тийиштүү деңгээлде болушу үчүн ал лицензиялык талаптарга жооп бериши керек. Бул боюнча тийиштүү көзөмөлдү Агартуу министрлиги жүргүзөт.
Жеке бизнести текшерүүгө ушул жылдын аягына чейин мораторий киргени белгилүү, бирок ошого карабай министрлик жеке менчик мектептерди белгилүү бир тартипте текшере ала турганын билдирүүдө.
Аккредитация жана лицензия бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулованын айтымында, мораторий текшерүүлөрдүн тартибине гана тиешелүү. Ал эми лицензиялык талаптар, мамлекеттик стандарттар жана сапат боюнча милдеттер толук күчүндө калат. Эгерде мектепте одоно мыйзам бузуу аныкталса же жарандар тарабынан тастыкталган маалымат түшсө, министрлик тиешелүү мыйзамдардын алкагында чара көрүүгө укуктуу. Ошондуктан коомчулуктун активдүү позициясы билим сапатын көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойнойт.
Бишкек шаарында жарандардын кайрылууларынын негизинде 30дан ашуун жеке менчик мектеп текшерилип, айрымдарына эскертүү берилсе, кээ бирлерине айып пул салынган.
Министрликтин маалыматына ылайык, эң көп кездешкен мыйзам бузуулар төмөнкүлөр болду:
- имаратка тиешелүү укуктук документтердин толук эмес болушу;
- мугалимдердин квалификациялык талаптарга жооп бербеши;
- мамлекеттик стандарттар боюнча окуу жүктөмүнүн туура уюштурулбашы;
- санитардык нормалардын сакталбашы;
- өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу.
Эксперттердин пикиринде, мораторийди текшерүүлөр токтоду деп эмес, өз ишин иретке келтирүүгө берилген мүмкүнчүлүк катары кабыл алуу зарыл. Анткени лицензия талаптарынын негизги максаты — кагаз иштерин көбөйтүү эмес, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана сапаттуу билим берүү.
Министрлик мораторий мезгилинде көзөмөлдөн тышкары консультациялык жана түшүндүрүү иштерин күчөтөрүн билдирди. Бул иштер мектептердин суранычы менен гана эмес, министрликтин өзүнүн демилгеси менен да жүргүзүлөт. Ай сайын онлайн жана оффлайн форматта жолугушуулар уюштурулуп, лицензиялык талаптар, мыйзамдардагы өзгөрүүлөр жана практикалык маселелер боюнча түшүндүрмөлөр берилет. Максат — мектептердин ишмердүүлүгүн алдын ала туура жолго коюу жана кемчиликтерди эрте жоюу.
“Лицензиялоо” автоматташтырылган маалымат системасы бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринин маалыматтарын тактоо жана текшерүүдө негизги инструментке айланды. Система башка мамлекеттик органдардын базалары менен интеграцияланып, маалыматтарды автоматтык түрдө салыштырып турат. Ошол эле учурда айрым мектептерде техникалык көндүмдөрдүн жетишсиздиги жана системанын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланбоо көйгөйлөрү бар. Ушуга байланыштуу жетекчилер менен жооптуу кызматкерлердин IT-компетенцияларын жогорулатуу зарылдыгы айтылды.
Жеке мектептердин саны өсүп жаткан шартта бул тармактагы атаандаштык дагы күчөйт. Демек, ата-энелердин ишенимин жеңген мектептер гана алдыга чыгат.
Президенттин жер берүү боюнча демилгеси, жеке мектептердин санынын өсүшү жана рейтинг системасынын киргизилиши бул тармакта жаңы атаандаштыкты жаратууда. Бул болсо ата-энелерге тандоо мүмкүнчүлүктү кеңейтип, мектептерди сапатты көтөрүүгө камчылайт.
Эгер мамлекеттик колдоо жана мыйзам талаптары тең салмакта сакталса, жеке менчик мектептер Кыргызстанда билим берүү тармагындагы негизги өнөктөштөрдүн бирине айланышы толук ыктымал.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер