Жашыл мурас — жашоонун булагы

  • 13.04.2026
  • 0

«Жашыл Мурас» — Кыргыз Республикасынын Улуттук экологиялык программасы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2022-жылы «Жашыл мурас» («Жашыл мурас») улуттук кампаниясын Эл аралык туруктуу тоо өнүгүүсүнүн жылы жана Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында жалпы республикада жарыялаган.

2022-жылдын 12-мартында мамлекет башчысы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жылгайын (хвойный) дарактардын көчөттөрүн отургузуп, программаны расмий ачкан. Ошентип, Кыргызстан жашылдандыруу боюнча чоң масштабдуу иш-аракетти баштады.

Президентибиздин жарлыгын ишке ашыруу максатында Ысык-Кѳл облусунун Жети-Ѳгүз районуна караштуу Боз-Бешик айылындагы Жайнак Желденбаев мектебинде «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын  алкагында бир чоң иш жүзѳгѳ ашырылды.

Мектепке айыл ѳкмѳтү тарабынан бѳлүнүп берилген 2 га жерге директорубуз Алакенова Назгүл Орозбаевнанын эмгегинин аркасында «Капитан» жана «Жергиликтүү» сорттогу каргаттын, 600 түп «Кокон гиластын» жана жаңгактын кѳчѳттѳрү отургузулду. «Бир кѳчѳт — бир ѳмүр», бул жасалган эмгектер- мектептин келечекке берген убадасы.

Жашыл мурас - жашоонун булагы

                                                 Жашыл Мурас  — жандуу сабак

Мен география мугалими катары мектепте жер, суу, климат, топурак  жөнүндө сабак берем. Бирок кээде эң мыкты сабак — китептин сыртында, тирүү жаратылыштын өзүндө өтөт. Биздин мектептин 2 гектар жеринe дарак отургузулган күн — менин үчүн ошондой сабак болду. Ошол күн мен балдарга теория айтпадым. Алар өздөрү казып, өздөрү отургузду. Жана ошол учурда,  алар сезбей туруп эле, жаратылыштын эң маанилүү сабагын алды. 2 гектарга дарак отургузуу бул жөн гана акция эмес, чыныгы илимий жана экологиялык иш экенин география мугалими катары кеңири түшүндүрүп берейин.

Жашыл мурас - жашоонун булагы

                          Топурак эрозиясынын алдын алуу

Эрозия — жердин эң коркунучтуу душманы. Жаан-чачын күчтүү жааганда же жел катуу согуп жатканда, дарак жок жылаңач жер  агып, учуп кетет. Мунун натыйжасы — жердин аздап бирок туруктуу түрдө жоголуп кетүүсү. Бирок дарактын тамыры — бул жердин астындагы тор. Жер казып тамыр жиберген дарак топурактын бөлүкчөлөрүн бекем кармап турат. Терең тамырлар  ылдый кетип, жерди ичинен бириктирет. Жер бети боюнча жайылган жука тамырлар болсо жаан суусу жерди эрозиялап кетпеши үчүн тосмо болуп кызмат кылат.

                     Микроклиматты жакшыртуу

Климат деген сөздү угуп, адамдар дайыма глобалдык маселени ойлошот. Бирок климат чоң гана эмес, кичине масштабда да болот — муну илимде микроклимат дейбиз.Дарак жок аймакта жай күнү жер бети катуу ысыйт. Асфальт, таш, жылаңач топурак — булардын бардыгы күндүн нурун сиңирип, тегерегиндеги абаны ысытат.

Мектептердин таштак короолору жайда жаркырап, балдар тыным ала турган жер таппайт.Бирок дарак болгон жерде кырдаал башкача. Жалбырактар күндүн нурун бурат, жер бетине жетпей тосот. Дарактын алдындагы температура ачык жерге салыштырмалуу 3–5 градуска төмөн болот. Бул жөн гана сан эмес — ысык жайда ал айырма адам  үчүн чоң жеңилдик. Дарак тизмеги шамал тосмо катары иш аткарып, аязды жумшартат.

Кыргызстандын катаал климатында бул өзгөчө маанилүү. Биздин мектептин 2 гектар жерине отургузулган дарактар 10–15 жылдан кийин чоңойгондо — жай ысыгын жумшартып, кыш аязын тосуп, айылдын микроклиматын  ѳгѳртүүгѳ салым кошот..

                             Жер астындагы суунун сакталышы

Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө. Бирок ошол суунун көбү жер бетинен агып кетет, жер астына сиңбей калат. Муну суу жоготуу дейбиз — жана бул айыл чарбасына, ичүүчү сууга, жердин нымдуулугуна түздөн-түз зыян берет.

Дарак бул маселени кандайча чечет? Жаан жааганда жылаңач жерде суу ылдам агат — бетинен жылжып,кѳлгѳ кетет. Бирок дарак отургузулган жерде жалбырактар жамгырды кармайт, акырындатып жерге тамызат. Дарактын тамырлары топурактын түзүмүн өзгөртөт — жерди борпоңдотуп, суу оңой сиңе турган абалга келтирет. Ошентип жамгырдын суусу жер астына кетип, жер асты суу запасын толтурат.Бул процесс акырын болот — бирок туруктуу. Жылдар өтсө, жер астындагы суу деңгээли көтөрүлөт, тегерек-айланадагы кудуктар толот, жердин нымдуулугу сакталат. 600 Кокон гилас жана каргаттар бул аймактын суу режимин жылдан жылга жакшырта берет.

                               Кычкылтек ѳндүрүү — тирүүлүктүн булагы

Мектепте химия (биология) мугалими фотосинтез жөнүндө сабак берет. Мен ошол сабакка жандуу мисал кошоюн. Бир жетилген орточо дарак жылына болжол менен 100–120 кг кычкылтек өндүрөт. Бул дегенибиз эки адамдын бир жылдык дем алышы үчүн керектүү кычкылтек.

Эми эсептейли:

Биздин мектепте 600 даана Кокон гилас отургузулду. Жаңгак, карагаттар менен кошуп алганда дарактардын жалпы саны андан да көп. Болжол менен 700–800 дарак деп алалы. Алар жетилген соң жылына өндүргөн кычкылтек — 70 000–80 000 кг, башкача айтканда 70–80 тонна кычкылтек. Бул кычкылтек менен 1 400–1 600 адам бир жылы дем алат.Ойлоп кѳр — биздин мектептин бир гана акциясы 1 500дөн ашуун адамдын дем алышын камсыздайт. Мына бул — тирүү математика.

Жашыл мурас - жашоонун булагы

Мен 2 гектарды картада белгилесем — бул кичине гана чекит. Бирок жаратылыш үчүн, балдар үчүн, келечек үчүн — бул чоң кадам.Биздин балдар ошол дарактарды отургузган күнү алар билбеген бир нерсени жасашты: алар 10–15 жылдан кийин өздөрү дем алчу абаны, өздөрү сүйгѳн тазалыкты, өздөрү сүйүнүп жеген мөмөнү бүгүн жерге олтуруп кетишти.

Мунун аты — тирүү сабак.

Эч кандай китеп, эч кандай слайд, эч кандай видео бул учурду алмаштыра албайт.

Жашыл мурас — муундан муунга белек.

 

Жашыл мурас - жашоонун булагы

 

Насиридин кызы Акбермет

Ысык-Кѳл облусунун 

Жети-Ѳгүз районуна караштуу

Боз-Бешик айылындагы   

Жайнак Желденбаев мектебинин

география мугалими

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер