ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА: ГЕОГРАФИЯ САБАГЫНДА ОКУТУУНУН ЖОЛДОРУ
- 16.04.2026
- 0
Жашыл экономика – бул жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, экологиялык коопсуздукту сактоого, көмүртектин бөлүнүп чыгуусун азайтууга жана коомдун социалдык жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган экономикалык өнүгүү модели. Жашыл экономика темасын география сабагында системалуу жана практикалык багытта окутуу окуучулардын илимий дүйнөтаанымын кеңейтүүгө, экологиялык маданиятын жогорулатууга жана туруктуу өнүгүү принциптерин турмушта колдонуу көндүмдөрүн калыптандырууга өбөлгө түзөт. Биздин маектештерибиз И.Арабаев атындагы КМУнун ага окутуучусу Нуржамал Эркимбаева менен ушул эле окуу жайдын окутуучусу Динара Мукашева.
-Айтсаңыздар, жаңы моделди иштеп чыгууга эмне түрткү болду?

Н.Эркимбаева: — Глобалдык масштабдагы экологиялык өзгөрүүлөр, климаттын ысый башташы, жаратылыш ресурстарынын азайышы жана айлана-чөйрөнүн булганышы дүйнөлүк коомчулукту өнүгүүнүн жаңы моделин иштеп чыгууга мажбур кылды.
Экономикалык өсүш менен экологиялык коопсуздуктун ортосундагы карама-каршылыкты жоюуга багытталган концепциялардын ичинен «жашыл экономика» өзгөчө мааниге ээ болууда. Жашыл экономика түшүнүгү экологиялык экономика илиминин өнүгүшүнүн натыйжасында калыптанган. Анын негизинде жаратылыш ресурстары чексиз эмес экендиги жана экосистеманын туруктуулугу экономикалык ишмердүүлүктүн негизи катары каралуусу зарыл деген идея жаралат. Туруктуу өнүгүү – экономикалык өсүш, социалдык жыргалчылык жана экологиялык тең салмактуулуктун айкалышы. Жашыл экономика ушул үч компоненттин интеграциясын камсыз кылат.
— Жашыл экономика «күрөң экономикадан» эмнеси менен айырмаланат?

Д.Мукашева: — Жашыл экономика – бул экономикалык ишмердүүлүктү экологиялык чектөөлөрдү эске алуу менен уюштурууга багытталган, ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана коомдун жыргалчылыгын жогорулатууга негизделген өнүгүү модели. Бул түшүнүк салттуу «күрөң экономикадан» айырмаланып, жаратылыш капиталын сактоону жана калыбына келтирүүнү негизги артыкчылык катары карайт жана төмөнкү негизги принциптерге таянат; көмүртек миссиясын азайтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңейтүү, ресурстарды кайра иштетүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, «жашыл» технологияларды колдонуу.
Жашыл экономика концепциясы 1980–1990-жылдары экологиялык экономиканын негизинде калыптанган. 1992-жылдагы Рио-де-Жанейродогу БУУнун конференциясынан кийин туруктуу өнүгүү концепциясы глобалдык деңгээлде таанылган. 2012-жылдагы Рио-де-Жанейродогу БУУнун конференциясынан кийин (“Rio+20”) туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика концепциясы дүйнөлүк деңгээлде кеңири таанылган. Ошол концeпциянын маанисине карата Кыргызстанда да бир катар иш-чаралар, программалар жана долбоорлор жүргүзүлүп келет. Анын негизинде 2012-2013-жылдардан бери туруктуу өнүгүү принциптери жана жашыл экономика максаттары экономикалык жана мамлекеттик саясатка киргизилип келатат.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында (24–25-сентябрь 2024-жыл) сүйлөгөн сөзүндө 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү максатын койгонун айтты. Өлкөдө электр энергиясынын негизги бөлүгү гидроэнергетика аркылуу өндүрүлөрүн жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт экенин билдирди жана коопсуз келечек куруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
— Билим берүүдө жашыл экономиканын ролуна токтолсоңуздар.
Н.Эркимбаева: — Кыргыз Республикасы табигый-географиялык жактан өзгөчө шарттарга ээ өлкө катары жашыл экономиканын өнүгүү стратегиясын ишке ашырууда билим берүүнүн ролу жогору. Айрыкча география предмети табият – коом – экономика байланыштарын комплекстүү кароого мүмкүнчүлүк берет.
Жашыл экономика түшүнүгүн Кыргыз Республикасынын географиясы сабагында окутуу — заман талабы болгондуктан, компетенттүүлүккө негизделген окутуу, долбоордук жана проблемалык ыкмалар, интерактивдүү методдор, жергиликтүү материалдарды пайдалануу жана санариптик технологияларды интеграциялоо билим берүүнүн натыйжалуулугун арттырат. Бул усулдар окуучулардын экологиялык аң-сезимин калыптандырып, жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, туруктуу жашоо принциптерин карманган жарандарды тарбиялоого шарт түзөт. Демек, жашыл экономика түшүнүгүн окутуу — Кыргызстандын туруктуу келечегине салынган салым болуп эсептелет.
Д.Мукашева: — Компетенттүүлүккө негизделген окутуу – туруктуу ой жүгүртүүнүн негизи болгондуктан, компетенттүүлүккө негизделген окутуу окуучунун билимди жаттап алуусуна эмес, аны турмушта колдоно билүүсүнө багытталат. Жашыл экономика темасы менен интеграциялап окутууда төмөнкү негизги компетенциялар калыптанат: экологиялык сабаттуулук, аналитикалык ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү жана жарандык жоопкерчилик. “Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстары” темасын өтүүдө окуучулар ГЭСтердин артыкчылыгы менен кемчиликтерин талдап, экологиялык таасирин баалоого үйрөнүшөт жана жетишкендиктерге ээ болушат. Маселен, Кыргызстандагы гидроэнергетикалык ресурстардын маанисин түшүнөт жана ГЭСтердин артыкчылыгы менен кемчиликтерин салыштырышат, гидроэнергетиканын экологиялык таасирин баалоо жөндөмү калыптанат (табиятка, суу ресурстарына, калктын жашоо шарттарына тийгизген таасири). Маалымат менен иштөө компетенттүүлүгү өнүгөт: маалыматты издеп табат, иргейт, жыйынтык чыгарат. Сынчыл ой жүгүртүү калыптанып, энергия маселелери боюнча тең салмактуу жана негизделген чечим кабыл алууга үйрөнөт. Өз позициясын аргументтер менен коргой алат, талкууга активдүү катышат. Реалдуу турмуштагы энергетикалык маселелерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоо жана туруктуу өнүгүү идеяларын түшүнүү деңгээли жогорулайт. Булар, аларды тең салмактуу чечим кабыл алууга даярдайт. Натыйжада окуучу маалыматты пассивдүү кабыл албастан, өз позициясын негиздеп бере алат. Мисалы, долбоордук ыкма – практикалык багыттагы окутууда, окучуулар изилдөө жүргүзүүгө, маалымат чогултууга жана жыйынтык чыгарууга үйрөтөт. Мисал: «Менин айылымдагы суу ресурстарынын абалы» аттуу долбоор; «Мектепте энергияны үнөмдөө жолдору» аттуу практикалык иш; «Ысык-Көл аймагындагы экотуризмдин ролу» темасында «Жашыл туризм» (green tourism) – бул туризм тармагында экологиялык жактан таза ыкмаларды жана технологияларды колдонуу менен мүнөздөлгөн ыкма. Немис тилдүү өлкөлөрдө «экологиялык» терминине караганда «жумшак туризм» же «экологиялык жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү туризм» деген түшүнүктөр жөнүндө презентация. Бул иштерди аткарууда окучуулардын аймактык жана реалдуу турмуштук маселелерди изилдеп талдай билүү жөндөмү калыптанат.
Суу, энергия жана экология темаларында жоопкерчиликтүү мамиле жана экологиялык аң-сезим өнүгөт. Маалыматтык компетенттүүлүк жогорулайт: маалымат чогултат, салыштырат, жыйынтык чыгарат. Практикалык чечимдерди сунуштай алат (энергияны үнөмдөө, ресурстарды сактоо, экотуризмди өнүктүрүү).
Коммуникативдик көндүмдөрү өнүгөт. Алсак, презентация жасап, өз оюн негиздеп коргойт. Өз алдынча жана командада иштөө менен кызматташуу жөндөмү бекемделет. Долбоордук ишмердүүлүктө окуучунун чыгармачылыгын жана жоопкерчилигин арттырат. Жергиликтүү маселени изилдөө аркылуу окуучу жашыл экономиканын теориясын реалдуу турмуш менен байланыштырганга үйрөнөт.
Проблемалык окутууну алсак, ал сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү ыкмасы. Проблемалык окутууда, сабакта талаштуу же чечүүнү талап кылган суроолорду коюуга негизделет. «Кумтөр сыяктуу кен иштетүү экономикалык пайдабы же экологиялык коркунучпу?»; «ГЭС куруу айлана-чөйрөгө канчалык деңгээлде таасир этет?»; «Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы мөңгүлөргө кандай таасир берет?» деген суроолорду талкуулашат:
Талкууда окуучулар экономикалык, экологиялык жана социалдык факторлорду салыштырып, терең талдашат, бир маселеге ар түрдүү көз караштар бар экенин түшүнөт, сынчыл ой жүгүртүү жөндөмү өнүгөт: суроо коюп, далил издейт, жыйынтык чыгарышат, маалыматтарды фактылар жана аргументтер менен коргой алышат, талкуулар окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, ар тараптуу талдоо жүргүзүүгө шарт түзөт, экологиялык жана коомдук маселелерге жоопкерчиликтүү жарандык мамилеси калыптанат. Бул жашыл экономикадагы “экономикалык пайда – экологиялык коопсуздук” тең салмагын түшүнүүгө жардам берет.
— Кандай ыкмалар окуучуларды, студенттерди окууга кызыктырат?
Н.Эркимбаева: — Сабакка студенттердин активдүү катышуунун механизми — интерактивдүү методдор (дебат, ролдук оюн, кластер түзүү, «акыл чабуулу») окуучунун сабактагы активдүүлүгүн жогорулатат.
«Инвесторлор жана экологдор» деген ролдук оюн уюштуруп, бир топ ГЭС курууну жактап, экинчи топ экологиялык тобокелчиликтерди көрсөтүү менен окуучулар жетишкендиктерге ээ болушат. Маселен, ГЭС куруунун экономикалык пайдасы менен экологиялык тобокелчиликтерин тең салмактуу салыштырышат, инвесторлор, экологдор, коомчулук сыяктуу ар түрдүү кызыкчылыктарды түшүнүп, көп тараптуу ой жүгүртүүгө үйрөнөт. Аргументтер менен фактыларга таянып сүйлөйт, каршы пикирге жооп берет. Сынчыл ой жүгүртүү өнүгөт. Ролго кирип, оюн так жана ишенимдүү жеткирет, дебатка катышат, коммуникативдик компетенттүүлүгү жогорулайт командада иштөө жөндөмү калыптанат. Натыйжада окуучулар теорияны гана билбестен, реалдуу коомдук маселелерди талкуулап, негиздүү чечим кабыл ала алган активдүү инсандар болуп тарбияланышат. Бул интерактивдүү ыкмалар практикада окуучулардын 70–80% активдүү катышуусун камсыз кылып, билимдин бекем өздөштүрүлүшүнө өбөлгө түзөт.
Жергиликтүү материалдарды колдонуу жана реалдуулук принцибине таянып
Нарын облусу – гидроэнергетика, Ысык-Көл – экотуризм, Жалал-Абад – жаңгак токойлору, Чүй өрөөнү – органикалык айыл чарба сыяктуу мисалдар менен сабак өткөрүүдө, ошондой эле окуучулар өздөрү жашаган аймактагы жашыл экономикага байланыштуу мисалдарды келтиргенде ийгиликтерге ээ болушат. Алар: окуучулар темалардын мазмунун реалдуу турмуш менен байланыштырып түшүнөт, билимдин жашоодогу маанисин аңдайт. Өз аймагынын жаратылыш ресурстарын жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн таанып-билүү компетенттүүлүгү калыптанат. Изилдөө жана талдоо жөндөмдөрү өнүгөт: жергиликтүү мисалдарды чогултуп, салыштырып, жыйынтык чыгарат. Экологиялык аң-сезим жана жарандык жоопкерчилик бекемделет. Коммуникативдик жана презентациялык көндүмдөрү жогорулайт – өз аймагына тиешелүү мисалдарды негиздеп айтып бере алат.Туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика багытында тең салмактуу ой жүгүртүү калыптанат. Окуучуга өз аймагындагы тема ага жакыныраак жана түшүнүктүүрөөк болот. Бул окутуунун турмуш менен байланышын бекемдейт.
Жашыл экономиканы Кыргыз Республикасынын географиясын окутууда санариптик технологияларды (санариптик карталар, инфографикалар, видеоматериалдар, онлайн-платформалар) интеграциялоо, ошондой эле Google Earth жана ArcGIS аркылуу картографиялык анализ жүргүзүү, климаттык графиктерди талдоо, онлайн сурамжылоо жана тест-викториналарды колдонуу натыйжасында окуучулар Кыргызстан аймагындагы жаратылыш ресурстары, климат жана жашыл экономика ортосундагы байланышты терең түшүнөт. Санариптик карталар менен иштөө көндүмдөрү калыптанып, аймактык жана мейкиндиктик анализ жасай алат. Климаттык графиктерди, диаграммаларды жана инфографикаларды талдап, жыйынтык чыгара билүү жөндөмү өнүгөт. Онлайн тесттер жана викториналар аркылуу өз билимин текшерип, өзүн-өзү баалоо көндүмү жогорулайт. Онлайн сурамжылоо жүргүзүү менен изилдөө жана маалымат чогултуу компетенттүүлүгү калыптанат. Сынчыл жана аналитикалык ой жүгүртүү өнүгүп, экологиялык маселелерге негизделген чечим кабыл алууга үйрөнөт. XXI кылымга тиешелүү санариптик компетенциялар (IT сабаттуулук, маалыматты иштетүү, визуалдык анализ) бекемделет. Бул ыкма окуучулар географиялык билимди заманбап санариптик инструменттер аркылуу өздөштүрүп, жашыл экономика багытында ой жүгүртө алган, санариптик сабаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү инсандар болуп калыптанышат.
Жергиликтүү материалдарды жана санариптик технологияларды колдонуу билимдин турмуш менен байланышын бекемдеп, окуучуларды реалдуу экологиялык-экономикалык маселелерди талдоого жана негизделген тыянак чыгарууга үйрөтөт. Натыйжада жашыл экономика темасын интеграциялап окутуу жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле жасаган, туруктуу өнүгүү принциптерин түшүнгөн жана келечекте өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна салым кошо алган жарандарды тарбиялоого өбөлгө түзөт. Жашыл экономика түшүнүгүн география сабагында окутуу — экологиялык аң-сезими жогору, туруктуу өнүгүү принциптерин карманган, тең салмактуу чечим кабыл ала алган жарандарды тарбиялоонун натыйжалуу жолу.
Жыйынтыктап айтканда, жашыл экономика темасы география сабагында системалуу жана практикалык багытта окутуунун маанилүүлүгүн, окуучулардын экологиялык маданиятын жана илимий дүйнөтаанымын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт.
— Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрү жашыл экономикага өтүү үчүн кандай потенциалга ээ?
Н.Эркимбаева: — Табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык коопсуз технологияларды киргизүү жана туруктуу өнүгүү принциптерин сактоо аркылуу өлкө экономикалык өсүшкө жетишип гана тим болбостон, айлана-чөйрөнү да коргой алат. Жашыл экономика — бул Кыргызстандын келечектеги туруктуу өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп саналат. Кыргызстан Борбор Азиядагы эң тоолуу өлкөлөрдүн бири. Аймагынын 94%ти тоолордон турат. Орточо бийиктиги 2750 метрге жетет. Мындай рельеф өлкөнү суу ресурстары менен камсыз кылат. Тоолордон башталган дарыялар гидроэнергетикалык потенциалды жаратат. Нарын дарыясы жана башка суу булактары аркылуу ири жана кичи ГЭСтерди өнүктүрүүгө болот. Нарын дарыясынын бассейни өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ. Бул кайра жаралуучу энергия булагы катары көмүр жана башка казылып алынуучу отундарга болгон көз карандылыкты азайтат. Токтогул ГЭСи – жашыл энергетиканын негизги булагы. Ал өлкөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү станция болуп саналат. Ал кайра жаралуучу энергия булагы катары көмүрдү колдонууга болгон муктаждыкты азайтат. Мындан тышкары, акыркы жылдары аймактарда кичи ГЭСтер курулуп, жергиликтүү сырьедон биогаз өндүрүп жана башка жолдор менен айылдарды экологиялык таза энергия менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатат. Бул мисалдар тоолуу рельеф жашыл энергетиканын өнүгүшүнө түз шарт түзөрүн көрсөтөт. Өлкөнүн климаты кескин континенталдык болгону менен, күн радиациясынын жогорку көрсөткүчү күн энергетикасын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Күн тийген сааттардын саны көп болгондуктан, айрыкча, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күн энергиясын пайдаланууга ыңгайлуу шарт бар. Күн панелдерин орнотуу аркылуу электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Айрым алыскы айылдарда күн панелдери орнотулуп, мектептер жана медициналык пункттар электр энергиясы менен камсыздалууда. Бул көмүр жагууну азайтып, абанын булганышын төмөндөтөт. Жакында кубаттуулугу 100 мвт болгон өлкөдөгү биринчи күн электр станциясы ишке кирди. Ошондой эле айрым тоо ашуулары жана ачык өрөөндөр шамал энергиясын өндүрүүгө ылайыктуу шарт бар.

Кеминдеги алгачкы күн электр станциясы
Ошол эле учурда экологиялык көйгөйлөр да олуттуу. Мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы, жайыттардын деградациясы, атмосферанын булганышы өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бул маселелерди чечүүдө жашыл экономика инструмент катары колдонулушу зарыл.
— Сиздер айткан жашыл экономикада сууну үнөмдөөчү технологиялар каралганбы? Жайыттарды, жерди семиртүүдө химикаттардан кантип арылуу керек? Жаратылышка зыянды кантип азайтабыз?
Д.Мукашева: — Кыргызстан Борбор Азиядагы негизги суу башаты болуп эсептелет. Бирок анын азайып жатышына байланыштуу сууну үнөмдөөчү технологиялар жашыл экономиканын маанилүү бөлүгү катары каралат. Тамчылатып сугаруу технологиясын колдонгон чарбалар сууну 30–40%га чейин үнөмдөй алат. Бул ыкма Чүй жана Ош облустарында акырындык менен жайылууда.
Кыргызстанда жайыттар кеңири аймакты ээлейт. Бул мал чарбасын экологиялык таза багытта өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү жашыл экономиканын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Химиялык жер семирткичтерди жана пестициддерди аз колдонуу аркылуу экологиялык таза азык-түлүк өндүрүп, аны экспортко чыгарууга болот. Бул айыл жергесинде жашаган калктын кирешесин көбөйтөт. Органикалык айыл чарбасы – Кыргызстан үчүн келечектүү багыт. Нарын жана Ысык-Көл аймактарында айрым фермерлер органикалык эт жана сүт өндүрүп, аны чет өлкөлөргө экспорттоого аракет кылууда. Органикалык бал өндүрүү да акыркы жылдары өнүгүп жатат. Бул багыт айыл калкынын кирешесин көбөйтүп, жаратылышка зыянды азайтат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы абанын булганышын алсак, бул көйгөйдү чечүү үчүн көмүр керектөөнү азайтып, альтернативдүү энергия булактарына өтүү, коомдук транспортту электрлештирүү сыяктуу чаралары көрүлүүдө муну менен катар таштандыларды кайра иштетүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү завод пайдаланууга берилди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер