ЖАШАГАНЫН ЭМЕС, ЖАСАГАНЫН БААЛА

  • 23.08.2023
  • 0

 

 

ЖАШАГАНЫН ЭМЕС, ЖАСАГАНЫН БААЛАМамады БАИМБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими (1927-2014)

«Күн алдында мугалимден артык кызмат жок» — деп В.Гете белгилегендей, башка адистиктердин ичинен мугалимдик кесип — татаалдыгы, түйшүктүүлүгү, күнү-түнү көз майын, жөндөм, билимин арнап, келечектин, эл-журттун керегине жарай турган, калктын кадырын кастарлап сактаган, уланткан жаштарды тарбиялаган карапайым журттун катардагы өкүлү аркалаган ишмердүүлүк катары айырмаланат. Элдин алкоосуна татыган, жүздөгөн темир канат окуучуларды туурунан турмушка даярдап учурган, республикага аты угулган, белгилүү усулчу-мугалим Мамады Баимбетов 1927-жылдын 5-майында Кара-Кулжа районундагы Тоготой айылында жарык дүйнөгө келген.

1950-жылы Ош мугалимдер институтун аяктап, 1964-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1950-53-жылдарда «III Интернационал», «Шаркыратма», 1954-56-жылдарда «Кызыл-Байрак» жети жылдык мектептеринде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, 1956-57-жылдарда Мырза-Аке райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 1957-59-жылдарда «Жаңы-Талап», Киров атындагы орто мектептерде директор, 1960-63-жылдарда Совет райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, 1963-65-жылдарда Өзгөн шаарындагы Ю.Гагарин атындагы жатак-мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, 1965-69-жылдарда С.Киров атындагы орто мектепте директор, 1969-70-жылдарда райондук элге билим берүү бөлүмүндө кабинет башчысы, 1970-78-жылдарда «Кара-Кулжа», Луначарский атындагы орто мектептерде директор, 1978-82-жылдарда эл агартуу кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы, 1982-жылдан 2006-жылга чейин «Кашка-Жол» (азыркы М.Баимбетов атындагы) орто мектепте мугалим болуп иштеген.

Көп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүндө маңдай терин төгүп, жасаган мээнети кайтып, М.Крупская атындагы алтын медаль менен сыйланган. 1987-жылы Москва шаарында өткөн бүткүл союздук мугалимдердин III съездине, Кыргызстандын мугалимдеринин III-V съездерине делегат болуп катышкан.

Республикалык телевидениеден окутуунун олуттуу маселелери боюнча жети жолу чыгып сүйлөгөн. Педагогикалык окууларга, илимий-практикалык конференцияларга катышып, өзүнүн иш тажрыйбасы, усулдары боюнча баяндамаларды жасаган.

Учурунда новатор-эксперименталисттер Амонашвили, Волков, Ильин, Никитиндерди туу тутуп, иштеген жерине чейин издеп барышкандар болушкан. «Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, өзүбүздөгү жаңычыл мугалимдин чеберчилиги көз жаздымда кала берген. Бул да болсо ошол мезгилдеги эл агартуу чөйрөсүндөгү «билерман» жетекчилердин чабалдыгынын кесепети деп белгилөөгө болот.

М.Баимбетовдун иш-тажрыйбасын үйрөнүү максатында ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенттери үйрөнчүк жана мамлекеттик практикаларын анын үйүндө жүрүп өтөшүп, беш дипломдук иш жазышкан.

1989-жылы Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунун кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы секторунун башчысы С.Байгазиев баштаган топ М.Баимбетовдун Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы башкы каармандардын бири  – Абил бийдин образын талдоо боюнча 10-класстагы диспут сабагына катышып, жогорку баа беришкен (С.Байгазиев. Кара-Кулжа контрасттары// Мугалимдер газетасы, 1989, 14-июнь). Арман кылчу нерсе агайдын иш тажрыйбасын жайылтабыз деп Фрунзеге (азыркы Бишкекке) алып кеткен материалдар жарыяланбай кала берди.

ЖАШАГАНЫН ЭМЕС, ЖАСАГАНЫН БААЛА

М.Баимбетов кыргыз тилин окутуу боюнча төрт китептин, коомдук маселелерге байланыштуу үч китептин, 70тен ашык макаланын автору жана ыйман сабагы боюнча түзүлгөн программага (1-9-класстар үчүн) авторлош болгон.

«Кашка-Жол» орто мектебинде мугалим болуп иштеген мезгилинде (1982-2006-ж.) ар бир чейректин аягында мыкты окуган алты окуучуга 15 сомдон, 1996-жылдан ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинин беш студентине (ар бир семестрде) 100 сомдон өзүнүн атындагы стипендияны берип турган. Бүтүрүүчү курстарга кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы боюнча атайын курс окуп, «ОшМУнун ардактуу профессору» наамына да татыктуу болгон.

ЖАШАГАНЫН ЭМЕС, ЖАСАГАНЫН БААЛА

1969-жылы С.Киров атындагы орто мектепте директор болуп турганда 6-күндөрү Өзгөн шаарындагы мектептин окуучулары (өзбек улутундагы балдар, кыздар) айылдагы кыргыз балдар менен бирге ойношуп үйүндө түнөп эс алышып, кийинки жумада бул саамалык Өзгөн шаарында улантылган. М.Баимбетов окуу процессин үзгүлтүккө учуратпай, эки элдин ортосундагы достук байланышты ишке ашырган. Ал мугалимдик ишмердүүлүгү менен бирге чыгармачылыкты да бирдей алып жүргөн. «Кыргыз ырым-жырымдары» (1997-ж.), «Мактанба» (1998-ж.), «Ыйман сабактары» (1999-ж.) өңдүү китептерди жарыкка чыгарган.

ЖАШАГАНЫН ЭМЕС, ЖАСАГАНЫН БААЛА

Орусча, өзбекче, казакча, арабча чыккан гезит-журналдарды окуп, окумал агай катары билгендерин эл чогулган жыйындарда, аш-тойлордо айтып берген. Эл ичинде болгон жакшылык, жамандыктарда элди башкарып, келген меймандарды аткарган.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик курууну демилге көтөрүп, Октябрь айылынан Тоготой айылына келчү окуучулар өтө турган Базар-Арыкка көпүрө курдуруп, маркумдар жаткан жайдын тегерегин темир тор менен тостурууну жетектеп, ашар жолу менен айылга эки кабат үгүт-насаат үйүн курууга жетекчилик кылган.

Үйүндө жүрүп иштеген беш жетим кыз-жигиттин үйлөнүү тоюн өз каражатын сарптап, өткөрүп очор-бачар бүлө курушуна себепкер болгон.

1997-жылы 70 жаш маарекесинде элдин демилгеси менен өзү иштеген, жетектеген «Кашка-Жол» орто мектебине М.Баимбетовдун ысмы ыйгарылган.

1988-жылдын 25-майында он жылдык жолугушуусун өткөргөн бүтүрүүчүлөр (1961-жылы төрөлгөндөр) Мамады Баимбетовдун байгесине футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча айылдагы ар кайсы курактагылардын спорттук мелдешин уюштурушуп, ал ушул күнгө чейин учугу үзүлбөй уланып келүүдө. Белгилүү журналист Адыш Төлөнбаев «Эл сыймыгы» деген китебинде М.Баимбетов жөнүндө мындай деп жазган: «Алыскы Кара-Кулжа районундагы эл жыш жайгашкан айылдын түнкү теребелинде, жалпы эл кызуу, таттуу уйкуда жатканда, бир үйдүн электр жарыгы түнү менен өчпөйт. Ал үйдө эртеңки болчу сабакка тыкан даярданып, бул көрүнүштү адатка айлантып алган агай ак кагаздан көзүн албай, билгендерин мотурайган окуучуларга үйрөтүүгө аракеттенет».

Мамады агайдын окуучусу, акын Үрүниса Маматова төмөнкүдөй ыр саптарын арнаган:

Көп айтчусуз: «Тарбиясыз кеткениң —

Өмүрдөгү жол азабын тартасың».

Мугалимим — эң бир жакын адамым,

Алып калгам сизден турмуш картасын.

Толкундануум жашыра албай чеги жок,

Айткандарым жалгыз мендик сөз эмес.

Тыңшаңызчы, так ушинтип айтышат,

Сизге карап мага окшогон көп элес.

(Маматов /Ак куш, 1982, 17-бет).

56 жыл агартуу майданында (анын ичинде 39 жыл жетекчилик кызматта) бор кармап, бармак, сөөмөйүн жоорутуп, көз майын коротуп, эмгектенип, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл агартуу отличниги, Кыргыз Республикасынын өзгөчө эмгек сиңирген пенсионери, «Ардак белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1995-ж.), Кыргыз Эл мугалими наамынын №1 күбөлүгүнүн ээси болгон (2001-ж.) Мамады Баимбетов узакка созулган оорудан кийин 2014-жылдын 8-февралында 87 жаш курагында каза болгон.

Мамады Баимбетов тирүүлөрдүн эсинде өмүргө өбөк, жолго жолдош, үмүткө үлгү кылаар асыл жан катары түбөлүк сакталып кала берет.

Асылбек АЙТМАНБЕТОВ, ОшМУнун медициналык колледжинин директорунун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер