ЖАҢЫ ДООРДУН МУГАЛИМИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР

  • 02.06.2026
  • 0

Кыргызстандын билим берүү системасы акыркы жылдары тарыхый трансформациялык этапты баштан кечирүүдө. 12 жылдык мектеп моделине өтүү, мамлекеттик стандарттарды жаңылоо жана окуу мазмунун компетенттүүлүккө багыттоо — жөн гана структуралык өзгөрүү эмес, өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык потенциалын түптөөчү стратегиялык кадам болуп саналат.

ЖАҢЫ ДООРДУН МУГАЛИМИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР

 

Кадрларды даярдоонун масштабдары жана багыттары

Реформаны алдыга жылдыруунун башкы фигурасы, албетте, мугалим. Андыктан реформанын ийгилиги түзүлүштөн эмес, эң биринчи кезекте кадрлардын даярдыгынан көз каранды эмеспи. Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан 2025–2026-окуу жылында ишке ашырылган масштабдуу иш-аракеттер өлкө тарыхындагы эң ири педагогикалык мобилизациянын бири болуп калды.

Алсак, 2025–2026-окуу жылындагы даярдык негизги төрт стратегиялык багытка бөлүнүп, реформанын эң маанилүү чекиттерин камтыды. Бул аралыкта жалпысынан 28 913 мугалим атайын багытталган окутуулардан өттү. Катышуучулардын предметтер боюнча бөлүштүрүлүшү боюнча карап көрсөк, 12 жылдыктын пайдубалын түптөөчү негизги башталгыч мектептин мугалимдеринин саны — 10334, STEM багытын өнүктүрүү жана илимий көз карашты калыптандырууда табигый илимдер боюнча 7561 мугалим, глобализация шартында окуучулардын эл аралык интеграциясын камсыздоодо англис тили боюнча 5727 мугалим жана логикалык жана аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн негизин түптөгөн математиктердин саны 5325.

Окутуунун үч этаптуу модели

Окутуу процесси кагаз бетиндеги теория бойдон калбастан, мугалимдин реалдуу көндүмдөрүн өстүрүүгө багытталды. 2025-жылдын 30-июлунан 2026-жылдын 30-мартына чейин созулган процесс үч негизги этаптан турду. Биринчиси – төрт күндүк офлайн окутууда мугалимдер бетме-бет форматта жаңы предметтик программалар жана жаңы муундагы окуу китептеринин концепциясы менен таанышышты. Base деңгээлиндеги методикалык база түзүлдү. Экинчи этапта аймактарга жараша офлайн жана онлайн форматындагы эки  күндүк окууларда аймактардын географиялык жана техникалык өзгөчөлүктөрүнө жараша окутуулар уюштурулуп, анда мугалимдер  алган билимдерин жер-жерлерде адаптациялоо иштери менен алектеништи. Ал эми үчүнчү этапта мугалимдерге ментордук колдоо көрсөтүлдү. Бул эң маанилүү этап экенин  айтсак болот. Анткени бул этапта мугалимдер алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, сабак иштелмелерин даярдашты жана сабак өтүү процессинен видеофрагменттерди тапшыруу менен өз жөндөмдөрүн далилдешкенин Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов баса белгиледи.

Институционалдык потенциалды күчөтүү жана эл аралык интеграция

Мындай ири көлөмдөгү мугалимдердин агымын кыска мөөнөттө сапаттуу окутуу үчүн институт өзүнүн ички кадрдык курамын дагы кеңейтүүгө мажбур болду. Башында даярдалган 241 мастер-тренер жетишсиздик кылгандыктан, кошумча 280 тренер даярдалып, жалпы курам 521 адиске жеткирилди.

ЖАҢЫ ДООРДУН МУГАЛИМИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР

Бул реформанын дагы бир өзгөчөлүгү — дүйнөдөгү эң алдыңкы билим берүү тутумдарынын бири саналган Сингапурдун тажрыйбасын түз колдонуу болду.

ЖАҢЫ ДООРДУН МУГАЛИМИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР

— Маселен, 2025-жылдын октябрь айынан 2026-жылдын февралына чейин Сингапурдун 9 эл аралык тренери ата мекендик мастер-тренерлер үчүн 36 онлайн сессия өткөрүштү. Бул кадам заманбап эл аралык методикаларды түз импорттоого шарт түздү. Мындан тышкары, 1–2-класстын мугалимдерине күнүмдүк ишинде практикалык жардам катары институттун базасында атайын санариптик видеосабактар тартылып даярдалды, — дейт жетекчи.

Санариптештирүү жана курстарды жаңылоо: Сандык көрсөткүчтөр

Институттун ички мазмундук базасы да толугу менен ревизиядан өттү. Жаңы стандарттарга ылайык 105 курс жаңыланып, 20 жаңы курс түзүлдү. Ошондой эле убакыт көлөмү боюнча 100, 144 жана 300 сааттык тереңдетилген программалар даярдалды.

ЖАҢЫ ДООРДУН МУГАЛИМИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР

Реформанын туруктуулугун камсыздоо үчүн санариптик экосистема түзүлүп, бардык материалдар https://ustat.edu.gov.kg/ платформасына жайгаштырылды. Бүгүнкү күндөгү системанын динамикасына көз чаптырып көрөлү. Алсак, платформада жеткиликтүү курстардын саны — 68 курс, катталган мугалимдердин саны — 25181 мугалим жана платформа аркылуу өз алдынча окуп, көрүүчүлөрдүн саны — 35000, электрондук сертификат алгандар — 1023, жалпы сертификат алгандардын саны — 6928 мугалимди түздү.

ЖАҢЫ ДООРДУН МУГАЛИМИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК РЕФОРМАЛАР

Бул санариптик көрсөткүчтөрдөн сырткары, бекитилген план-графиктин негизинде 10 782 мугалим салттуу окуудан өткөн. Ал эми эл аралык жана ата мекендик өнөктөш уюмдар менен биргеликте дагы 12 263 мугалим сертификациядан өткөрүлгөнү маалым.

Эл аралык деңгээлдеги экспорттук потенциал

Кыргызстандын квалификацияны жогорулатуу тутуму ички суроо-талапты гана камсыздабастан, билим берүү кызматтарын сыртка экспорттоочу деңгээлге жетти. Буга далил катары — институттун адистери Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына барып, ал жактагы Билим берүү кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун жана филиалдарынын 24 мугалимин окутуп келишкенин сыймыктануу менен айтсак болот. Бул окуя ата мекендик методиканын эл аралык аренадагы кадыр-баркын жана ишенимин көрсөтүп жатканынын далили.

Сөз соңу

2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жалпысынан 40 420 мугалим квалификациясын жогорулатуу курстарынан ийгиликтүү өттү. 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүү — бир күндүк өнөктүк эмес, бул узак мөөнөттүү процесс. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институту тарабынан түзүлгөн санариптик платформалар, эл аралык тренингдер жана ички кадрдык курамды күчөтүү аракеттери Кыргызстандын мектептери жаңы билим берүү моделине туруктуу жана сапаттуу өтө аларын айгинелейт. Алдыдагы негизги милдет — ушул алган темпти басаңдатпай, ар бир мугалимге жекече методикалык колдоо көрсөтүүнү улантуу болуп саналат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер