ЖҮРӨГҮ КЕТТИ ТООЛОРГО

  • 16.04.2026
  • 0

(Кыргызстандын Эмгек баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун бейнесине сүртүмдөр)

 

АНКЕТА (БАЙЫРКЫЧА)

Азыр кызматка кирээрде ар бир инсан анкета толтурат. Аны кээде «объективка» деп коюшат. Анда даяр суроолор, даяр жооп. Болгону ысымдары, туулган жери ж.б.у.с. гана ар бөлөк. Баары супсак.

Мен жаңылбасам кыргыздын байыркы анкетасы, балким, төмөндөгүдөй болмок эле.

Кеңеш Жусупов ким?

– Уруусу: кыргыз.

– Урааны: «Манас»

– Туулган жери: Энесай.

– Туулган жылы: Биздин заманга чейинки 201-жылдары биринчи кыргыз төрөлгөндө кошо төрөлгөн.

– Билими: Кыргыз Руху Академиясын бүтүргөн.

– Ишеними: Көкө Теңир.

– Дини: мусулманчылык.

– Арууланганы: Арча

– Таянганы: Калем сабы.

– Эрмеги (хоббиси): Кыргыз табиятындагы таштарды чогултат.

– Кайсы мамлекеттерде болгон: Биягы Алтай, тиягы Каңгай кыргыз баласы кай дүйнөдө жашаса баарын кыдырып чыккан.

– Кумири: Айылдык миң жыл жашаган бир абышка.

– Үй-бүлөсү: 5 миллион 300 миң кыргыз калкы.

– Душманы: кыргызга кайдыгерлик.

– Достору: Конфуций, Ж.Баласагын, М.Кашгари, Т.Молдо, Калыгул олуя, Саякбай, Б.Солтоноев, А.Осмонов, С.Жигитов жана айылдагы нарктуу карыялар.

КЫРГЫЗ ТААНУУ

Артыбызда – тиягы Монголия, Байкөлгө чейин, биягы Кытайга дейре Азиянын бир бөлүгүн титиретип турган IX – X кылымдардагы Улуу кыргыз каганаты. Улуу тарых. Улуу рух. Улуу биримдик. Алдыбызда – азыр болсо накта эркиндик салтанатын даңаза салар мезгил да негедир

бүдөмүктөй…

Негедир өзүбүздү өзүбүз жиреп, өзүбүздү тааныбай тургандайбыз.

Боорум кыргыз, сен кимсиң?

– Тегибиз ким?

– Тарыхың кайда?

– Бу дүйнөгө неге келдиң?

– Кай тарапка сапар алдың?

– Касың ким, досуң ким?

– Байлыгың канча, азыгың нече?

– 2200 жыл жашап не таптың?

– Эркиндик деген эмне экен?

– Эл бөлгөндөр кимдер?

– Эл башкаргандар кимдер?

– Калыстык кана?

– Мингениң кайсы ат?

– Илинген комузуң кана?

– Манасчылар кантип жашап атат?

– Салт-санааң кайсы?

– Жол издейлиби же жол башчы издейлиби?

Бүгүнкү кыйчалыш, кыжаалат сааттан жол таап чыгып кетүү үчүн ар бир кыргыз өзүн таануусу керек. Өзүн-өзү таануу үчүн улуттук толгонуу ылаазым. Улуттук толгонуу болуш үчүн, албетте, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповдун көркөм нарк дүйнөсүнө кайрылууга туура келет. Айрыкча, ал жазып чыгарган «Сапар китеп», «Ыр сабындагы өмүр», «Жүрөгүм менин тоолордо», «Байыркынын издери», «Кыргыздар» аттуу китептери.

ОБОНЧУ – КЕҢЕШ ЖУСУПОВ

Кеңеш ага өтө сыпайы (интеллигент) инсан. Анан бир жолуккан адамга өтө ачыла бербейт. Ачылса бир жылдын 365 күнүндө бир-эки эле жолу ачылат. Бир-эки саатка гана. Анан да ар кимге эле эмес. Ачылганда укмуш ачылат. Кырк жыл кулпуланган ак сандыктай ачылат. Ак шурудай чачылат.

Бир жолу ошентип ачылып берип сүйлөп жатып, бир обонун созолонтуп берген. Көрсө, алты айга Америкага командировкага барып, анан Ала-Тоосун сагынып, жүрөктөн сызылып, ошол обону жаралган экен…

Шедевр деп айталбайм, классика да эмес. Болгону чын жүрөктөн чыккан кусалыктын кайрыгы. Сагынычтын кайрыгы. Ата Журтка болгон арзуунун авазы. Кеңеш агайдын башка сүрөткерлерден айырмасы ушунда. Бүт көркөм дараметин кыргыз улутуна гана арнагысы келет. …Эгер Кеңеш агай медик болуп калганда, кыргыздын анатомиясын иликтемек. …Биолог болуп калганда, кыргыздын чөптөрүн, гүлдөрүн гана изилдемек. …Геолог болсо кыргыздын тоолорун гана даңктамак. Бизнесмен болуп калса, нукура кыргыз буюмдарын гана өндүрмөк. Ээр же камчы. Боз үй же калпак. Себеби ал ушундай инсан. Чыныгы улуттук сүрөткер. Ал үчүн бул дүйнө кыргыз менен башталат.

…Кыргыздын топурагы жана ташы. …Кыргыздын тоосу жана көлү. …Кыргыздын абасы жана шамалы. …Кыргыздын асманы жана жылдызы. …Кыргыздын чырпыгы жана чынары. Ал үчүн бул дүйнө кыргыз затынан гана турат. Кыргыз дүйнөсү эч качан түгөнбөйт. Ал ачылып бүтпөгөн сыр. Кеңеш Жусупов ошондой кыргызий сүрөткер. Биз кадыресе эле жөнөкөй кыргыз болсок, ал кыргыз эли үчүн опол тоодой көркөм ашууларды багынткан алп кыргыз (Ницше «сверхчеловек» дегендей да). Бүгүнкү кыргыз саясатын көрүп, биз неге мындайбыз деп кээде кыжырың келет. Кеңеш Жусуповду окуп байыркы кыргыз руханиятын билген соң кыргыз экениңе сыймыктанасың.

КҮН КӨРБӨГӨН ТАШТАР

Бул окуя тээ байыркы заманда эмес, кечээ эле 70-жылдары болгон экен. Токтогулдун тоолорунун койнуна оролгон бир айылда 70 – 80 жаштагы бир ак чач байбиче айылдын ичиндеги тынч жаткан таштарды өзүнчө оодарып жүрөт дейт. Муну көргөн бирөө: «Оо, жарыктык киши, бейубара болуп, эмне эле таштарды коңторуп жүрөсүз», – дейт. Ошондо картаң кемпир:

– Бу таштар да жаратылыштын бир жаратканы. Ушу бойдон жата берип, таштардын аркы бети күн көрбөй жатпайбы. Таштарды да күн көрсүн деп атам. Анан ушу таштар алкап алкышын айтса, ошо батасы балдарыма тийсин деп жүрөм деген экен. «Аскетизм» дейбиз, «логицизм» дейбиз, «пантеизм» дейбиз. Бирок бири дагы алиги айылдык кыргыз кемпирдин табигый философиясына жетпейт. Не деген айкөлдүк… Дал ошол сыңары Кеңеш Жусупов дагы биягы Кытайга, тиягы Энесай, Алтай, Монголияга чейин барып жер казып, кыргыздын күн көрө элек сөздөрүн, ойлорун, нарк-насилин каада-насибин иликтеп келет. …Айтылбай калган сөздөрдү, …угулбай калган ойлорду, …чертилбей калган күүлөрдү, ырдалбай калган обондорду таап келет. Ошолордун күн көрөлек бети күндү көрсүн дейт. Алкышы мага тийбесе да элиме тийсин дейт. Элимдин көкүрөгү таза, көзү курч болсун дейт. Ошентип даңк күсөбөй мээнет кылып келет. Атак күтпөй эрдик кылып келет. Байлык эңсебей үрөн сээп келет. Бүт кыргыздын багына жаралган кажыбас, карлуу, чарбакер Камбар ата тукумунун сырттанына окшоп.

ЖҮРӨГҮ КЕТТИ ТООЛОРГО

СӨЗ БАГЫП, СӨЗ САНАЙТ

Айрыкча рынок заманы келгени бу жарыкчылыкта баары эсептелүү оокат экенин билдик. Эбин таап, эсептешип жашаганды үйрөндүк. …Малчы малын санайт. …Дыйкан багын санайт. …Депутат округуна канча жардам бергенин санайт. …Жаңы бийлик болсо ызы-чуу бүтпөгөн эки бийликтин кемчилигин, дүйнө-мүлкүн санайт. Айтор, санамай оокат. Бул чаң дүйнөгө аралашпай аруу дүйнөсүндө астейдил гана алдыга үмүт кылып, наристе болсо асмандагы жылдыздарды санайт. Сан жылдыздардын арасынан өзүнүн бак жылдызын издейт. Дал ошол сыңары Кеңеш байке сөз планетасында сөз издеп, сөз таап, сөз безеп, сөздүн чаңын аарчып, сөздөн көчөт тигип, улуу сөздүн байдарагын өстүрүп, сөз санап, сөз касиетин угуп, тутуп келет. Сөз санаганын ушундан билиңиз, өткөндө минтип айтып атпайбы: Кыргыз баласы жылкыны сыпаттоо үчүн гана илгери сегиз жүздөй сөздү колдончу экен. Азыр кыркка чукул эле сөздү пайдаланабыз дейт.

– Мына кыргыздашым, Сиз экөөбүз ата-бабабыз билген жыйырма сөздүн бирин, 800 сөздүн кыркын гана билет экенбиз. Ошол себептен Аккуладай тулпар чыкпай аткан жокпу? Дегеним, …тулпарды тап жаратат, тапты бак жаратат, …бакты бата, …батаны сөз жаратат эмеспи.

Айтылбай калган кайран сөздөр… Биз кадырына жетелек кайран сөздөр… Азыркы тулпарлар укпай калган байыркы баатыр сөздөр. Сөз атасы бизди кечирсе экен.

КУМУРСКА

«Секреты природы» деген америкалык окумуштуунун китебинен окугам. Жаныбарлардын ичинен эң патриоту кумурска болот экен. Капыстан токойдо өрт чыкса, эң эр жүрөк деген илбирс да, кашабаң карышкыр да, шаңшыган бүркүт да качат экен. …Качпай жалгыз кумурска калат экен. Ал качмак түгүл өз денесинен кислота бөлүп чыгып, өрттү өчүрүп, уюгун сактап калат экен. Өрт күчтүү болсо өзү кошо күйүп өлөт экен. Кичинекей кумурска мына ушундай баатыр жүрөк болот экен.

Кеңеш байкенин да патриоттук касиетин ушу кумурскаларга салыштырам. Себеби бу жарыктык киши «Кыргыз» деп ураан чакырбай эле, өкмөт, президент парламентке даттанбай эле, эч бир кайрымдуулук марафонун өткөзбөй эле, бир да жолу пикетке же митингге чыкпай эле кыргыз калкына бир кылымга жетчүдөй руханий азык топтоп салды. Байыркы нарк-дөөлөткө нук салып,

«Байыркынын издерин» жазып салды. Бүтүндөй бир тарыхый институт бүтүрчү ишти өзү жасап, кыргыздарга 10 томдук тартуулады. Кыргызстанда азырынча эч бир партия К.Жусупов кыргыз элине кызмат өтөгөндөй эмгек кыла элек.

БИР ЧЫНДЫК

Жараткан баарына берешен. …Болбосо күнү-түнү бекер аккан сууну айтпайбызбы. …Жер бетин талашып, бекер өскөн чөп-чарды айтпайбызбы. …Бай менен байкушка бирдей бекер тийген күндүн нурун айтпайбызбы. Адам баласы гана баарына сараң келет. Айрыкча кыргыз баласы жакшы сөзгө сараңбыз. Кээде ичи тардык кылабызбы, билбейм. …Улуу тоону көрүп турсак да бөксө тоодой мамиле кылабыз. …Көлүбүзгө көлмөдөй мамиле кылабыз. …Өз алтыныбызды чоочундарга уурдатканга көнүп бүттүк. Жүрөгүбүздө туйлап чыгып келген сөздү анык угуза айткандан кызганабыз. Анан көзү өтүп кеткенде гана «улуу киши эле» деп кошок кошуп, арманда калабыз. Тирүү кезинде «улуу» деген сөздү бир укпай улуу манасчы Саякбайдын тирүү кезинде кадырына жеттик беле? А Алыкулчу? Улуу деген сөздү угалегинде машина уруп кетип, улуу актриса Бакен Кыдыкеева эжебиз 2 – 3 жума өлүкканада жатпады беле? Же кыргыз намысы ушуну тана алабы? Баарына калыс бу түбөлүк тоолор гана… Бу ыйык Ысык-Көл гана… Мен бир сөздү жар сала кыйкырып алайын, силер ошого жооп кайтаргылачы…

– Оо, бийик Тоолор, ыйык Ысык-Көлүм, айткылачы Кеңеш Жусупов деген кыргызды тааныйсыңарбы? Туш-тараптан: «Ооба! Ооба!» деген үндөр угулду.

– Андай болсо ал улуу адамбы?

– «Ооба, ал улуу адам» – деп Ысык-Көл озунуп бир толкундап, шарпылдап алды.

– Ооба, ал: «Жүрөгүм менин тоолордо» –деп жазганын айтып тоолор кошулду.

Мына карасаңыздар! Биздин тоолорубуз кандай калыс! Биздин Ысык-Көлүбүз кандай тунук! Бийиктикти, пакизалыкты ушулардан үйрөнсөк ээ, атаганат. Анан бүгүнкү 70 жылдык торколуу тоюнда Кеңеш Жусуповду улуу талант деп биз айтпаганда ким айтат. Кеңеш Жусупов – сөздүн түз маанисинде Улуу талант! Бул мен үчүн таңдын атканы менен күндүн батканы кандай чындык болсо, дал ошондой эле кашкайган чындык.

ААРЫ

Эртең 14-апрель күнү Кеңеш Жусупов агабыз кутман курак 70 жашка чыгат. Тилекке каршы, 70 боз үй тигилбейт. 70 жылкы союлбайт. 70 чепкен жабылбайт. Болгону ордо шаарыбыздын руханий очогу болуп калган Ленин атындагы (атын да которуп койбоптурбуз) улуттук китепканада адабий-автордук кечеси өтөт. Себеби мындай. Илгери бир нече кыргыз чогулуп алып, ары-бери эле учкан аарыны карашат. Анан аарыны токтотуп алып минтип суроо беришет:

– Деги качан эс аласың? Бир кило бал алыш үчүн 68 миң ирет гүлдөргө учуп-конот экенсиң?

Анда аары:

– Мен аны санаганга да, силер менен сүйлөшкөнгө да убактым жок. Мен гүлдөн-гүлгө учуп-конуп, эмгек кылып рахат алам. Башкага убактым жок, – дейт.

Дал ошол сыңары «Ала-Тоодой эт кылып, Ала – Көлдөй чык кылып» той кылганга Кеңеш абанын убактысы жок. Аары бал издеп гүлдөн-гүлгө конуп, тооталаа кыдырган сыңары Кеңеш аба сөз издеп, дүйнө кезип жүргөн кези.

Бар бол, сөз эгеси!

Сөз өлбөсүн!

Сөз жараткан өлбөсүн!

Сөз баккан эл өлбөсүн!

Арыбаң Кеңеш аба!

Элибиз бөлүнбөсө экен.

Көлүбүз булганбаса экен.

Тоолорубуз урабаса экен.

(«Кыргыз Туусу» гезити,

2007-жылдын апрели)

II

Бул макала мындан беш жыл илгери жазылып, «Кыргыз Туусу» гезитине жарык көргөн экен. Андан бери заман өзгөрдү. Бийлик өзгөрдү. Көп адамдар өзгөрдү. Бир гана бир токтоо, сабыркеч, байыстуу, иштерман, сыпаа мүнөзүнөн өзгөрбөй Кеңеш байке келатат. Кыргыз үчүн изденип, сөз узанып, кумдан кумшекердин бүртүгүн издегенсип. Кыргыз эли үчүн опол тоодой эмгек кылды. Ал эми Кыргызстан Кеңеш Жусупов үчүн эмне кылды? Ушуну ойлонуп отуруп, кээ бир депутаттар менен бирдикте Кеңеш Жусуповду «Кыргыз Баатыры» сыйлыгына көрсөтөлү дедик…

…Мусулман баласынын беш ыйык парзы бар. Бул эң туура. Ал эми кыргыз баласынын эче парзы болуш керек?

Маселен:

  1. Манасты билип, ыйык тутуш керек.
  2. Үйүн апта сайын арчалап турса.
  3. Кыргыз деген атты татыктуу алып жүрүп, элибиз үчүн бир жакшы иш жасаса…
  4. Төрүндө комуз илинип турса. …Анан мен: «Үйүндө китеп текчесинде Ч.Айтматов, А.Осмонов, Тоголок Молдо, Токтогул, Жеңижок, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Т.Касымбеков, К.Жусубалиев, К.Жусупов, Ш.Дүйшеев ж.б. китептери орун алса» деген сөздү кошор элем.

(«Эркин-Тоо» гезити 2012-жылдын 30-ноябры, 4-декабры)

III

КАСИЕТТҮҮ КАЛАЙЫК КАЛК!

Бүгүн кара сөздүн алпы, ойдун кенчи, адабияттын кадимки залкары Кеңеш Жусупов агайыбыздан ажырап, бийик тоолорубуз бөксөрө түшкөндөй болду. Кеңеш агай өзүн жазуучу эмес, мугалим, агартуучумун деп эсептечи эле. Мектептеги мугалим бизге жазганды, окуганды, санаганды үйрөтсө, Кеңеш агай бизге өмүр бою кыргыз болууну үйрөттү. Кыргыздын тилинин, салтынын ыйыктыгынын, рухунун, суусунун, жеринин ыйыктыгын, кыргыз болуунун ыйыктыгын айтып, жазып, даңазалап жүрүп өттү. “Байыркынын издери” деген китепти жазып, адашып кеткен күлүгүбүздү таап бергендей болду. Чаң баскан сөздөрдөн алтын сөз жасады. Ырдалбай калган обондорду, чертилбей калган күүлөрдү таап берди. Айтылбай калган салттарды, катылып жаткан сырларды ачып берди. Кеңеш ага, сиз адамдын асылы элеңиз. Сиз сыпайы, салабаттуу, көтөрүмдүү, кечиримдүү, калыс, сөөлөттүү, киши жылдыздуу элеңиз. Сиз айкөл элеңиз. Сиз нарктуу элеңиз. Сиз кыраакы элеңиз. Сиз март элеңиз. Сиз токтоо элеңиз. Сиз акылман элеңиз. Деги эле ушундай адам баласына тийиштүү бүт мыкты сапатты сакадай боюна батырып жүргөн жалгыз асыл инсан сиз элеңиз. Атаганат, мындан кийин мен өмүрүмдө сиздей асыл устатты кезиктире аламбы, билбейм. Бирок мен Алла Талаадан элибизде Кеңеш Жусуповдой жөн билги инсандар көп болсо экен деп тилейм.

Бир эле касиетин карабайсыздарбы, 70-жылдары С.М.Абрамзон деген окумуштуу кыргыздын этнографиясын иликтеп, фундаменталдуу эмгек жазып чыгаргандыгы үчүн ошол доордогу бийликтен сөгүш угуп, куугунтукталып, Кыргызстандан чыгып кетет. Анан ошол жылдары орто жаштагы Кеңеш Жусупов Санкт-Петербургдан атайын издеп таап, кабинетине барып учурашып; аны

— Сен кимсиң? — дейт

— Мен кыргызмын, — дейт.

— Эмнеге келдиң? — дейт.

— Мен сизден кечирим сураганы келдим, — дейт. Колундагы калпакты белек кылып башына кийгизет. Ошондо Абрамзон ыйлап ийген экен. Акыры бул элден бир адам келип, кечирим сурап

жатат деп. Бүтүндөй бир улуттун намысын сактап калыш үчүн, кээде бир эле ооз сөз керек. Бир эле калпак керек. Муну Кеңеш байке кылбаса, ким кылат эле? Бул дүйнөдө сан миң көл бар. Дүйнөдөгү сан миң көлдүн керемети Ысык-Көл болсо, мен үчүн дүйнөдөгү сан миллиард адамдын керемети Кеңеш Жусупов болчу. Ошол асыл адамды бүгүн биз келбес жайга узатып жатабыз. Кээде улуу адамдар көзү өткөндө айтып калабыз, пендебиз да, учурунда сый көрбөй кетти деп, мамлекеттик сыйлык алган жок деп. Кеңеш байке андай эмес. Ал каниет кылып жашады. Баарына ыраазы болду. Соңку ирет Макелек ага менен үчөөбүз төрт саат баарлашканда, “Биринчи кыргыз элине ыраазымын” деди. Мени жараткан “Алла Таалага ыраазымын” деди. “Үй бүлөмө ыраазымын” деди. “Калемдештериме ыраазымын” деди. “Анан төрт президенттин тушунда көргөзүлүп, бирок азыркы президенттин колунан алган, эң бийик даража – “Эмгек Баатырына” ыраазымын”, — деди. Кеңеш байке баарыңыздарга ыраазы болуп кетти. Себеби ал кыргыз жерине, элине алайын деп келген эмес. Ал берейин деп келген. Өкүнүчтүүсү, дагы берейин деген тилеги көп эле. Кеңеш ага, сиз бизге бийиктикти көргөздүңүз. Биз эми ошол бийикке чыга алабызбы?

Сиз бизге кыргыздын тарыхынан аруулукту таап бердиңиз. Биз сиз айткандай аруулукту сактай алабызбы? Сиз бизге тереңдикти көргөздүңүз. Кийинки муун ошол тереңдикке жете алабызбы? Сиз бизге ошондой ойлонто турган озуйпалуу суроолорду таштап кеттиңиз. Кайсыл жерге барсаңыз да, Хакасиядан, Эне-Сайдан, Монголиядан, Соң-Көлдөн, Ысык-Көлдөн ар түркүн таш алып келер элеңиз. Кеңеш Жусупов кыргыздын ташын да сүйчү. Ар бир ташы ал үчүн кымбат болчу. Кеңеш Жусупов бизге эмнени үйрөттү? Улутту сүйгөндү үйрөттү. Ал кыргыздын жергесине күн чайыттай ачылып, аптап тийип турганда же жайлоонун жашыл төрүндө жүргөндө гана эмес, кыргыздын ызгаарлуу кышын дагы сүйүш керек экендигин үйрөттү. Эгерде Кеңеш Жусуповдун өмүрүнө бир сөз менен мүнөздөө керек болсо, анда Кеңеш Жусупов – кыргыз рухун, кыргыз элин бийиктетип кетти. Кеңеш Жусупов манасчы Саякбай атабыз сыяктуу миллион сөздү билет эле. Сөзгө миллионер эле. Жарыктык киши, миллион сөздү билип туруп, оозунан бир жаман сөз чыкчу эмес. Калп, ушак, өтүрүк сөз айтчу эмес. Ошонусу менен бийик болду. Сөзгө жан киргизди. Эскирген сөздөрдү жаңыртып, жарым жан сөздү сакайтып, өлгөн сөздү тирилтчү. Нейрохирург мээнин эң татаал бөлүкчөлөрүнө чейин операция жасайт. Кеңеш ага сөздүн нейрохирургу эле. Бир жолу мага айтып атпайбы, жылкы баласы эле кыргыз тилинде 800 сөз менен сүрөттөлөт экен деп. Жарыктык киши, эринбей отуруп эсептеп чыккан экен. Себеби ал байлыкты сөздөн издеген. Улуттун байлыгы сөзүндө жана рухунда экенин терең түшүнө билген. Быйыл биз эгемендиктин отуз беш жылдыгын белгилейбиз. Ал саясий эгемендик. А Кыргызстандын руханий эгемендигин бекемдеген адамдардын бири бул – Кеңеш Жусупов. Өзүнүн өмүрүнүн жарымын арнаган “Ала-Тоо” журналын Маданият министрлигинин жардамы менен бир айдан кийин апрелде туулган күнүнө карата чыгарып, сүйүнчүлөйлү деп атканбыз. Бирок атаганат, ал күнгө жетпей калдык. Ал сандын биринчи санын Кеңеш байкенин жаркын элесине арнайбыз. Бирок сиз керээз кылып калтырып кеткен миң жылга жетчүдөй сөзүңүздү ушул “Ала-Тоо” журналы аркылуу элге жеткирип турабыз. Кеңеш ага, сиз көрөгөчтүк кылып, жарым кылым илгери айттыңыз эле, “Жүрөгүм менин тоолордо” деп. Бүгүндөн баштап сиздин жүрөгүңүз чындап тоолордо! Кыргыздын тоолору, тоо мүнөз кыргыз эли сизди унутпайт. Кыргыз асманынын астын дагы түбөлүк уйкуңуз тынч болсун.

(Эмгек Баатыры Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу аза зыйнатындагы сүйлөнгөн сөз)

2026-жыл, 13-март.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ,

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун

төрагасы

Бөлүшүү

Комментарийлер