ВАУЧЕР ҮМҮТҮБҮЗДҮ АКТАЙБЫ?

  • 26.02.2022
  • 0

Ваучер же мурунтан айтылып келаткан жан башына каржылоо боюнча акыркы кездерде өлкөбүздө жүрүп жаткан кызуу талаш-тартыш экономикалык так аргументтерге караганда, көбүнесе эмоционалдык мүнөзгө ээ болууда. Акыл калчап карасак, бул моделде билим берүү системабызды жакшы жагына өзгөртө алган алгылыктуу идеялар арбын.

СУНУШ КЫЛЫНГАН СИСТЕМАНЫН ТАРЫХЫНА ҮҢҮЛСӨК…

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу ЮСАИДдин ПИКС долбоору 2005-2006-жылдар аралыгында билим берүү системасын каржылоонун жаңы механизмин ишке ашыруу аракеттерин көргөн. Кийинчерээк, ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору бул саамалыкты Чүй облусунун 300 мектебине жайылтып, мектеп мугалимдерине, администрациясына, айыл өкмөт башчыларына, эсепчилерине жаңы механизм боюнча жетиштүү билим берген семинар-тренингдерди уюштурду. Чүй облусунун мектептеринде мектеп бюджетин ар тараптан талкууга алган бюджеттик угуулар өтүп, алардын ишине мугалимдер, мектеп администрациясы, Камкорчулар кеңешинин активдүү мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, эсепчилери, ата-энелер, окуучулардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тегиз катышкан. Буга удаалаш мындай мазмундагы аракеттер Бүткүл Дүйнөлүк Банктын «Айылдык билим берүү» долбоору аркылуу республикабыздын Ысык-Көл, Баткен облустарында ишке ашып, коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болгону белгилүү.

Каржылоонун жаңы системасында топтолгон тажрыйбага таянып, Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылдан баштап жан башына каржылоо системасын Ош жана Бишкек шаарларында Европалык Союздун көмөгү аркылуу жайылта баштаган болчу.

Тилекке каршы, бардык эле мектептер үнөмдөлгөн акчаны көзөмөлдөөнү жана аны мектепти өнүктүрүүгө жумшоону шыр колго алып кетишпеди. Үнөмдөлгөн акча көпчүлүк учурда айыл өкмөтүнүн эсебинде калып, Каржы министрлиги да үнөмдөлгөн акчадан ар кандай эсептөөлөрдү жүргүзүү аркылуу өз пайдасына өөнөп кирди. Бул көрүнүш, албетте, Билим берүү жана илим министрлигинин орундуу тынчсыздануусун пайда кылды.

ВАУЧЕР СИСТЕМАСЫНДА АКЧА МЕКТЕПКЕ ОКУУЧУ САНЫНА КАРАП БӨЛҮНӨТ

Каржылоонун бул ыкмасында мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча биринчи иретте мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө, мектеп администрациясын кармоого же мугалимдердин эмгек акысын төлөөгө эмес, баарынан мурун билим берүү жараянындагы башкы фигура – окуучу балага көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилет. Эскерте кетсек, Кыргызстанда мугалимдер буга чейин классындагы окуучулардын санына карап эмес, жума ичинде окуткан сабактарынын санына карап маяна алчу.

Ошол эле учурда айрымдар жаңы механизмдин мугалимдер ортосунда чыгармачылык атаандаштыкты өрчүтүүгө багытталганын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок мыкты класска топтолгон балдардын сүрмө топко айланышынан, элет жериндеги айрым окуучу саны аз мектептердин ээн калган имараттары балдар бакчаларынын кейпин кийип, таптакыр жок болуп кетишинен кооптонууда.

Чүй районунун Үкүев атындагы орто мектебин ошол «жок болуп кетет» деген чакан мектептердин катарына кошсо болот. Мында болгону 300дөй окуучу окуйт. Көрүнүп тургандай окуучу саны анча көп эмес. Ошого карабастан мугалимдердин жаңы системага болгон ишеними чоң: «Мектеп бюджети деген эмне? Аны кантип үнөмдөш керек, айыл өкмөтүндөгү мектепке бөлүнгөн акчаны кантип көзөмөлдөш керек, ушунун баарын бизге «Сапаттуу билим» үйрөттү. «Болбойт, жарабайт!» деген сөздөр бул жаңы системага жетик түшүнбөгөндүктөн келип чыгууда», — дешет мында иштеген мугалимдер.

Билим берүү боюнча дасыккан адис Рашид Шакиров учурдагы шартында мектептер үчүн ваучер же жан башына каржылоо системасынан башка жол жок деп эсептейт. «Коррупцияга белчесинен баткан коомдо жан башына каржылоо моделинен башка альтернатива жок. Ансыз биз мектепке делген акчанын канчасы кайда кеткенин билбей калабыз. Мектепке бөлүнгөн акча биринчи иретте мугалимге же мектеп имаратына эмес, ар бир окуучуга багытталып бөлүнүшү керек, ошондо гана мектептин таалим-тарбия ишинде жылыш болот. Биз көп учурда мектеп кимдики экенин унутуп калабыз. Мектеп – бул мугалимдики да, директордуку да эмес! Ал баарынан мурун – окуучунуку! Ушуну унутпасак», — дейт Рашид Хайдарович.

ЖАҢЫ МОДЕЛДЕ МУГАЛИМДИН ИШКЕ БОЛГОН ЖООПКЕРЧИЛИГИ АРТАТ

Эмгек акыны төлөөдө эки баскычтуу системанын киргизилиши менен агай-эжейлердин өз кесибине карата мамилелери жакшы жагына өзгөрө баштады. Мугалимдер арасында ар кандай кесиптик сынактарга катышып, өз күчүн сынап көргүсү келгендердин саны көбөйдү. Мектептерде директор, завучтун көрсөтмөсүн күтпөй эле, өз демилгеси менен ачык сабактарды, тарбиялык ар кандай иш-чараларды өтүүгө белсене киришкен агай-эжейлердин саны өстү.

Жан башына каржылоо системасы киргизилгенде, мектеп администрациясына ишти уюштуруу жеңилдегенин бир топ жетекчилер айтып чыгышкан. «Жан башына каржылоого өткөндө бизге иштеш кыйла жеңилдеди. Мугалимдерге бир жумада, бир айда эмнелер аткарыларын жазып, илип коюп жүрдүк. Мурункудай артынан түшүү жок, өздөрү чуркап иштеп жатышты», — дейт Түп районундагы Өмүр баатыр атындагы орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Мирбек Дюшембиев жан башына каржылоонун артыкчылыктары тууралуу.

РЕНТАБЕЛСИЗ МЕКТЕПТЕРДИ ЖЫЛ САЙЫН КУРА БЕРҮҮДӨН КУТУЛАБЫЗ

Кызыктуу, бирок ойлонто турган факты. 2012-жылдагы байкоолор боюнча, ошол кезде акыркы он жыл аралыгында республикада мектеп окуучуларынын саны 1164 миңден 1012 миңге кыскарганы менен мектептердин саны 140ка, административдик-чарбалык персоналдын саны 4 миңге өскөн. Бул өзү өтө парадоксалдуу көрүнүш. Окуучу саны өспөгөндөн кийин мектеп салуунун кажети жок. Бирок, акыркы он жылда эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын демилгеси менен республикада 140 мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Бул мектептердин көпчүлүгү кокту-колоттогу чакан айылдарга салынгандыктан, болгон пайдасы өлкөдөгү аз рентабелдүү мектептердин санын толуктады. Мектеп ачуу, жабуу Билим берүү жана илим министрлигинин ыктыярдыгында болбогондон кийин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары маселени каалагандай калчап
келет.

Лейлектик чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай да жаңы системага карата жалпы мамлекеттик деңгээлде жетик түшүнүү, туура кабылдоо болбой жатканын өкүнүч менен белгилейт.

ПРЕДМЕТТИК САБАКТАРДЫН САНЫ КЫСКАРЫП, ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУ ЖҮКТӨМҮ АЗАЯТ

Мугалимге эмгек акыны жума ичинде окуткан сааттарынын санына карап төлөө ыкмасы жүрүп отуруп мектептердеги окуу предметтеринин сандык жактан өсүшүнө алып келди. Ушундай тенденциядан улам бизде эгемендүүлүк жылдары союз мезгилиндеги 17 предметтин ордуна 24 предмет пайда болгон. Мындан тышкары, ар кандай типтеги мектептер; гимназиялар, лицейлер өздөрүнүн кошумча окуу программаларын окуучуларга таңуулашып, ансыз да араң турган баланын ден соолугун талкалоого салым кошушту. Натыйжада мектептерде билим алган балдардын кабыл алуусу, эске тутуусу начарлап, сколиоз сыяктуу илдеттерге кабылды. Мындай көрүнүш PISAнын жыйынтыктары жарыяланбаганда дагы көпкө уланмак беле, ким билсин, айтор бул эл аралык иликтөөнүн калпыс тыянагы биз үчүн чоң сабак болду. Ушул иликтөөлөрдүн жыйынтыгында окуучулардын билим сапаты боюнча биринчи орунду ээлеген Финляндияда орто мектептин окуучусу жыл ичинде 684 сааттык окуу жүктөмүнө ээ болсо, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен эң акыркы орунда калган Кыргызстанда бул көрсөткүч 1088 саатты түзгөнү маалым.

БӨЛҮНГӨН АКЧАГА КООМДУК КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨЙТ

Мурунку каржылык системада мугалимдер турмак мектеп жетекчилери да кайсы акча кайдан келерин билишчү эмес. Жаңы системада ар бир тыйындын өз орду бар жана буга мугалимдер менен катар Камкорчулар кеңештеринин мүчөлөрү көзөмөл кылат. Жан башына каржылоо моделин ийгиликтүү ишке ашырган бир топ мектептерде бюджеттик угуулар өткөрүлүп, мектеп бюджетинин аткарылышына ар тараптуу баа берилип келген. Мындай талкуулардын натыйжасында мугалимдер окутулган сааттардын саны эмес, окуучуга көрсөтүлгөн кызматтын сапаты маанилүү экенин жетик түшүнүштү. Жаңы моделди жайылткан мектептер предметтик комиссиялардын чечими менен кимге канча кошумча эмгек акы төлөөнү колго алышты. Бул биздин билим берүү системабыз үчүн инновациялык көрүнүш.

ВАУЧЕР ҮМҮТҮБҮЗДҮ АКТАЙБЫ?

Жыйынтыктап айтканда, буга чейин айрым райондордо колдонулуп келген жан башына каржылоо ыкмасы социализмдин «Ким иштесе, ал тиштейт» принцибин эске түшүрөт жана ал республикабыздагы көптөгөн демилгелүү мугалимдерге жаңы идеяларды жаратып, изденип иштөөсүнө мурда болуп көрбөгөн зор мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаганы менен баалуу. Эски системада теңдештирүү принцибине ылайык чыгармачылык менен иштегени да, эптеп-септеп иштегени да бирдей акча алчу. Андай болгон соң, бизге артка карай жол жок…

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер