УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ҮЛГҮСҮ

  • 26.04.2026
  • 0

Илим жолу ийне менен кудук казгандай татаал, бирок ошол эле учурда касиеттүү жол. Бул жолдо өзүнүн терең билими, адамдык бийик парасаты жана талыкпас эмгеги менен өчпөс из калтырган инсандар саналуу. Алардын сап башында илимий кеңешчим, педагогика илимдеринин доктору, адабиятчы усулчу, публицист, этнопедагог, профессор Абдыкерим  Муратов турат. 

     УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ҮЛГҮСҮ

Абдыкерим агай – илимде кургак теория менен чектелбеген, адабият менен педагогиканы ширетип, улуттук баалуулуктарды заманбап илимдин тили менен сүйлөтө билген чыныгы окумуштуу. Анын калеминен жаралган эмгектер бүгүн Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын илимий чөйрөсүндө жогору бааланып келет. Анын чыгармаларынын чет тилдерге которулуп, эл аралык деңгээлде таанылышы – бул кыргыз илиминин жана адабиятынын зор жетишкендиги.

Агайдын дагы бир өзгөчөлүгү – анын аалымдыкка жарашкан жөнөкөйлүгү. Илимдин доктору, таанымал публицист жана даркан аалым деген наамдарына карабай, ал ар бир шакиртине аталык мээрим, достук кеңеш жана кесипкөйлүк менен мамиле кылат. “Колунан келсе бардыгына жардам бергиси келип турат” деген сөз – агайдын жашоосунун девизи. Ал бирөөнүн ийгилигине ичи тардык кылбаган, тескерисинче, жаш илимпоздордун жолун ачып, жарыгын чачкан жарык жылдыз сыяктуу.

Устат үчүн туулган жери – касиеттүү Ноокаттын топурагы ар дайым ыйык. Ал Шаңкол айылынан алган тарбиясын, ошол жердин тил өзгөчөлүгүн өмүр бою тумардай сактап келет. Илимдин бийик сересине чыкса да, дүйнөлүк деңгээлдеги симпозиумдарда сүйлөсө да, өзүнүн нукура ноокаттык диалектисин, тилдик өзгөчөлүгүн эч качан жоготкон жок. Анын илимий эмгектеринде болобу, көркөм чыгармаларында болобу, ошол Шаңколдун илеби, элдик тилдин ширеси сезилип турат. Бул – өзүнүн кичи мекенине, дегеле кыргыз тилине болгон чоң урматтын белгиси.

Абдыкерим Жаркынбаевич жаратылышты да жан дүйнөсү менен сүйгөн инсан. Ал үчүн ар бир тоо-таш, ар бир булак жөн гана табияттын бөлүгү эмес, ал – тарых, ал – маданият. Кыргыз жеринин аталышына, атап айтканда, өзү туулуп өскөн айылындагы Алтын-Казык зоосуна, Көк-Дөбө жайлоосуна, шаркырап аккан Шаңкол дарыясына жана Котур-Булак суусуна зор маани берет. Өзүнүн чыгармаларында бул топонимдерди жөн эле колдонбостон, алардын этимологиясын, маанисин жана касиетин ачып берет. Бул анын публицист катары да, илимпоз катары да кыргыз жеринин географиясын жана тарыхын мыкты билерин тастыктайт. Биз, шакирттери, үчүн Абдыкерим агай – илимдеги атабыз. Устаздын шакирттерине жасаган мамилеси өзгөчө жылуулукка сугарылган. Илимдин татаал сокмокторунда адашып калбашыбыз үчүн ал ар дайым туура багыт берип, баалуу кеп-кеңешин аябайт. “Устаттын этегин кармаган адашпайт” дегендей, агайдын илимий мектебинен өтүү – биз үчүн чоң сыймык жана зор мектеп.

Агай менен болгон таанышуубуз мен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө 1-курска кабыл алынган жылдарга барып такалат. Ал кезде бизге билим берген Ж.Шериев, С.Шатманов, С.Ибрагимов, К.Ибрагимов, Т.Танаев, П.Ирисов сыяктуу залкар окумуштуулар Абдыкерим Жаркынбаевичти ооздорунан түшүрбөй айтышаар эле. “Силер мыкты, изденүүчү студент болушуңар керек, биздин мыкты бүтүрүүчүбүз Абдыкеримдей гезиттерге тынбай макала жарыялап, чыгармачылык менен изденгиле” деп бизге үлгү катары көрсөтүшчү. Ошол кезде биз үчүн гезитке макаласы чыккан, илимге суусаган ал инсан кол жеткис идеал сезилчү.

Кандидаттык диссертациямды коргогондон кийин, балдар поэзиясын мектепте окутуунун технологиялык негиздерин изилдөөнү максат кылып, Абдыкерим агайга бардым. Ошол алгачкы жолугушуу азыркыдай эсимде: агайдын адамды иймендирген өзгөчө бир сүрү бар эле. Бирок ошол сүрдүүлүктүн артында өтө бийик маданияттуулук жана илимге болгон чексиз берилгендик жатканын дароо сездим. Менин балдар адабияты боюнча изилдөөлөрүмө кызыгуу менен карап: “Бул багытың мага жакты, мен да балдарга арналган чыгармаларды жазып жүрөм” деп дем бергени мага чоң күч тартуулады. Илимий кеңешчи катары агай талапты катуу койгон инсан. Менин жазгандарым дайыма эле агайдын купулуна толо бербегенин байкачумун, бирок так ошол сын-пикирлер, ошол бийик талап мени такшалтты. Ал татаал илимий маселелерди жөнөкөй тил менен түшүндүрүп, Шаңколдун нукура асыл мүнөзүн сактап, бизди илимдин ары татаал, ары кызыктуу жолуна жетеледи.

Кадырман Устат! Сиздин 70 жаш кутман курагыңыз – бул акылмандыктын бийик сереси. Сизге Ноокаттын зоосундай бекем ден соолук, Шаңколдун суусундай түгөнбөс чыгармачылык эргүү каалайм. Сиздин илимдеги жолуңуз дагы көптөгөн жаш окумуштууларга шам чырак боло берсин!

Азиза САТТАРОВА, шакирти, педагогика илимдеринин доктору, доцент

Бөлүшүү

Комментарийлер