УЛУУЛУКТУН ӨРНӨГҮ — АЙША ЭЖЕ
- 15.11.2024
- 0
Жараткан ар бирибиздин тарткан мээнетибизге, күткөн пейил-ниетибизге жараша адам-пенделеринин пешенесине өз мөөрүн басат тура. Кыргыз элинин «пейлиңден тап», «ниетиңден көр», «мээнетиңе ишен» деген сөздөрү да, «мээнетиңе жараша– дөөлөтүң, дөөлөтүңө жараша– сөөлөтүң» деген накыл кеби да мына ушундан улам жаралса керек… Жогоруда айтылгандай ак пейил, ниети таза, ийне менен кудук казгандай кыргыз тилинин кызматчы сөз түркүмдөрүн изилдеген, байланыштыргыч сөздөрдүн ордун тапкан, мээнетине жараша дөөлөт күтө билген, мен аздектеген адамдын асыл сапаттары жөнүндө кеп козгогум келет…
Ал адам – улуулуктун өрнөгү деп атоого татыган Бишкек мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин Кыргыз жана түрк тилдеринин теориясы кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Карымшакова Айша Талгаровна эжебиз. Мен эже менен жакындан таанышып, Бишкек мамлекеттик университетинде, бир кафедрада чогуу иштеп жатканыбызга жыйырма жылдан ашык убакыт болуптур. Ушул мезгил аралыгында бардыгына маалым болгон журнал толтуруудан баштап, студенттерге лекция, практикалык сабак өткөндү көрсөткөн, менин педагогикалык ишмердүүлүгүмдүн башатында турган, кийинки келечек муунга таалим-тарбиясын берген, бизге улуу эже, акылман эне, мыкты педагог, талыкпаган илимпоз катары бардык жагынан үлгү болгон Айша эже болду. Бирөөлөр кара жумуш менен эмгектенип, чеке терин тамызып күн өткөрүп, эмгегинен баар тапса, кайсы бирлери чыгармачылыктын тармактарына шыктуу, дагы бири илим жаратып, бардыгы коомчулук үчүн салымын кошуп келет. Ушул сыңарындай, эже педагогикалык ишмердүүлүгү менен илим изилдөөнү айкалыштырып алып келе жатат. Педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө кеп кылсак, Бишкек мамлекеттик университетинде иштеген 35 жыл аралыгында «Кыргыз тилинин жана жазуусунун тарыхы», «Тил илимине киришүү», «Азыркы кыргыз тили» (фонетика, морфология бөлүмдөрү), «Кыргыз тилинин стилистикасы» предметтери боюнча сабактарды өтүп келет. Студенттер грамматиканын морфология бөлүмүнүн теориялык жагын да, практикалык жагын да жакшы өздөштүрүшөт. Эже морфологиялык талдоого абдан көңүл буруп, талдоону ийине жеткизе талдатат. Анткени теориялык маселени окуучу же студент практикалык талдоо жүргүзгөндө гана толук түшүнөт. Эженин сабакты мыкты өткөндүгүн сабакка катышууда баамдап калганым бар. Студенттерге сабак берүү менен гана чектелбестен, улуу, тажрыйбалуу эже катары, таалим-тарбиялык акыл-насааттарын да айтканына дайыма күбө болуп жүрөбүз.
Эженин жетекчилиги менен үч кандидаттык диссертация корголгон. Айша эженин көп жылдар бою сиңирген эмгеги бааланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги» төш белгисинин, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, «Билим берүүдөгү новатордук идеялары үчүн» медалынын, «Кыргыз тили» төш белгисинин, К.Карасаев атындагы БМУнун медалынын ээси болду.
Бул инсандын илим жана билим берүү жаатындагы аткарган иштери гана келечекке умтулган көптөгөн жаштар үчүн үлгү болбостон, жеке турмушундагы жетишкен ийгиликтери да жаштар үчүн үлгү десек болот. “Жөнөкөйлүк гениалдуулуктун белгиси», — деп айтылгандай, жөнөкөй, сындуу, сыпайы жүргөн Айша эженин өмүрлүк жубайы – коомдук ишмер, белгилүү саясатчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Нур уулу Досбол агайыбыз. Ушундай илим-билимдүү, акылдуу, маданияттуу ата-энеден мыкты тарбия алган, эженин бир уул, бир кызы жана беш небереси бар. “Аккан арыктан суу агат”, — деп ата-бабаларыбыз айткандай, эженин уулу Каныбек Нуртегин экономика илимдеринин доктору, профессор, Америка Кошмо Штаттарында жашап, иштеп жатат. Кызы Назира Нурова Кыргыз-Россия Славян университетин артыкчылык менен аяктаган, кесиби-экономист. Жогорудагы ийгиликтер ушул тылынын бекемдигинин үзүрлүү жемиши деп ойлойбуз.
Бул да болсо эженин мыкты жубай, мыкты эне экендигин далилдеп турат. Илимпозго, окутуучуга, энеге, аялга кандай гана асыл сапаттар берилген болсо, ошолордун бардыгын Айша эжеден көрүүгө болот.
Бар болуңуз! Кызматчы сөз түркүмдөрүнө кызмат кылган – эжеке!
«Иш бар жерде ийгилик бар», — дегендей, көп жылдар үзүрлүү эмгектенүүнүн натыйжасында илим жаратууда Айша эжебиз кыйла ийгиликтерге жетишти. Эженин илим чөйрөсүнө аралашканы Улуттук илимдер академиясынын «Азыркы кыргыз тили» секторунан башталат. 1992-жылы «Кыргыз тилиндеги бөлүкчөлөрдүн семантика-грамматикалык функциялары» аттуу кандидаттык диссертацияны ийгиликтүү коргоп, 2002-жылы доценттик наам алган. Эже кырк жылдан ашык өмүрүн кыргыз тил илиминдеги кызматчы сөз түркүмдөрүн кылдат изилдөөгө арнап, үч илимий монографиянын, эки макалалар жыйнагынын, эки окуу-методикалык куралдын, бир сөздүк-справочниктин, жүз элүүдөн ашуун илимий, илимий-популярдуу, энциклопедиялык макалалардын автору. Алардын айрымдарына ирети менен токтолсок: «Морфологиялык талдоонун негиздери» аттуу 2023-жылы чыккан окуу-методикалык куралында кыргыз тилинин морфологиялык түзүлүшүнүн толук системалык курсун морфологиялык талдоолордун негизинде ачып берген, кыргыз тили мугалимдерине эң керектүү окуу-методикалык курал деп эсептейбиз. Дагы бир «Кызматчы сөз түркүмдөрүндөгү олуттуу маселелер» деген окуу куралында түркологиядагы кызматчы сөз түркүмдөрү боюнча акыркы илимий жетишкендиктер, кызматчы сөз түркүмдөрүнүн саны үчөөбү же төртөөбү? кызматчы сөз түркүмдөрүнө берилген аныктама бүгүнкү күндүн талабына жооп береби? кызматчы сөз түркүмдөрүндө грамматикалык эле маани барбы же аларга лексикалык маани да мүнөздүүбү? сүйлөмдүн курулушунда тилдик зарыл элемент боло алабы? сүйлөм контекстиндеги универсалдык милдеттери кандай? деген олуттуу маселелерге токтолуп, терең, кылдат изилдөөнүн негизинде анализге алып, ар бир суроо өз-өзүнчө изилденип жыйынтыкталган. Бул окуу куралы да, тилчи-окумуштуулардын кызматчы сөз түркүмдөрү боюнча айрым бир чече албай келген маселелерине чекит койгондой. Ошондой эле кийинки изилдөөлөргө ачылган туура багыт деп ойлойбуз. 2024-жылы чыккан «Кыргыз тилиндеги байламталардын функционалдык-семантикалык өзгөчөлүктөрү» аттуу монографиясын бөлүп айтууга болот. Бул монографияда кыргыз тилиндеги байламталардын байыркы жазма эстеликтерден тартып бүгүнкү күнгө чейинки тарыхый-лингвистикалык өнүгүш жолу жана өз алдынча кызматчы сөздөрдүн бир түрү катары калыптанышы, азыркы абалы каралып, байламталардын семантикасы, түзүлүшү, сүйлөмдө аткарган функциясын терең илимий анализге алган. Мындан сырткары, бул эмгекте байланыштыргыч сөздөрдү багындыргыч байламталардын өзгөчө бир түрү катары карап, сүйлөмдө башка сөздөр сыяктуу эле сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткаргандыгын мисалдар менен далилдеп берген. Тагыраак айтканда, байланыштыргыч сөздөрдүн сүйлөмдөгү ролун, ордун белгилеп көрсөткөн. Бул мезгилге чейин кыргыз тил илиминде байланыштыргыч сөздөрдүн сүйлөмдөгү орду каралган эмес, бул да болсо Айша эженин кыргыз тил илиминин изилденишине кошкон жаңылыгы болуп саналат. Кыргыз тили мугалимдеринин, тилчи-окумуштуулардын иштерине жана изилдөөлөрүнө чоң көмөк көрсөткөн илимий иш. Айша эженин жазган илимий эмгектери ийине жеткире иштелгендиги жана байыркы жазма эстеликтерден тартып, бүгүнкү күнгө чейинки жазылган эмгектерди терең анализдеп, иштеп чыгып, мисалдар менен далилдеп бергендиги менен бааланат.
Толкун УМЕТАЛИЕВА, ф.и.к. БМУ
Комментарийлер