ТАНДОО ТАЗА, АЧЫК-АЙКЫН ӨТТҮ

  • 26.07.2022
  • 0

Талас облусундагы мектеп директорлорун тандоо боюнча биринчи пилоттук сынакта төрт талапкердин ичинен сынактын талабы боюнча 60 босоголук пайыздан жогору балл алган Айгүл Орозалиева жеңүүчү деп табылды.

Кеп башында айтып коёюн. Коомчулукта Билим берүү жана илим министрлиги демилгелеген мектеп директорлорун сынактык негизде тандоо аракетине, анын жыйынтыгына, таза, адилет өтүшүнө ишенбегендер да жок эмес. Аларды да түшүнсө болот. Биздин коомдо эбактан бери тамыр жайып келген коррупция көрүнүштөрү адамдарды ушундай ойго түртсө керек. Бирок мен, билим берүү тармагын жазып жүргөн журналист катары, билим берүү тармагында коррупция менен күрөш майнаптуу жүрүп жатканын ишенимдүү айта алам. Мисалы, ЖРТ аркылуу биз ЖОЖдордогу паракорчулукка бөгөт койсок, бала бакча менен мектептердин биринчи классына электрондук каттоону киргизип, пара берүүнү токтото алдык. Эми болсо, реформатор министрибиз Алмазбек Бейшеналиевдин демилгеси менен мектеп жетекчилерин сынактык негизде тандоо аркылуу компетенттүү директорлорду азыркы мектепке алып келип, окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жол ачканы турабыз. Бул билген кишиге, азыркы мектеп реформасынын эң башкы талаптарынын бири десек болот. Анан да Билим берүү министрлигинин мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандоо аракеттерин мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзү түздөн-түз колдоого алды. Учурдагы татыктуу директорлорду тандоо иштери да мамлекет башчысынын атайын Жарлыгынын негизинде жүзөгө ашып жатат.
Талас мамлекеттик университетиндеги биринчи пилоттук сынак Талас районундагы Ш.Жумагулов атындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү таланттуу балдар үчүн «Манас» жатак-лицейине жана Бакай-Ата районундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернатына директорлорду тандоого арналды.
Уюштуруучулардын айтуусунда жети талапкердин ичинен төрт талапкердин керектүү документтери толугу менен талаптарга ылайык келип, алар толук автоматташтырылган компьютердик тестирлөөгө катышууга укук алышты. Сынактын ачык-айкындуулугу толук камсыздалып, сынактын жүрүшү түз эфирде Билим берүү жана илим министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, жарандык коомдун өкүлдөрү Талас мамлекеттик университетинин аудиториясында сынактын жүрүшүнө көз салып турду.
Тесттеги суроолор “Башкаруучулук менеджмент”, “Педагогика”, “Курак психологиясы”, “Нормативдик укуктук актылар”, “IT компетенциялары” (колдонуучу деңгээлинде) сыяктуу темаларды камтыды.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча, дароо берилген натыйжага ылайык, эң көп балл топтогон жана 60 босоголук пайыздан өткөн катышуучу жеңүүчү болуп табылып, «Манас» жатак-лицейинин директору аныкталды. Калган талапкерлер босоголук 60 пайыздан өтпөй калгандыктан, Чалдыбар мектеп-интернатынын директору кызматына бош орун ачык бойдон калды.
Биздеги маалыматтарга караганда, компьютердик тестирлөөнүн бардык катышуучулары апелляцияга арыз бергени менен, анын жыйынтыгы жыйынтык баллга таасир эте албады. Бул пилоттук тандоо — эч бир кийлигишүүсүз, таза, адилет өткөнүнөн кабар берет.
Биринчи пилоттук сынактын тестирлөө бөлүгүн Улуттук тест борбору жүргүздү. Аталган борбордун кызматкери Рыскүл Маданбекованын айтуусунда, тест суроолору тест алуучуларга да белгисиз болду.
— Кайсыл талапкерге кайсыл суроо келерин талапкер да билбейт, тест алчу биз да билбейбиз. Суроолорду атайын тест иштеп чыгуучу жумушчу топтор, эксперттер, билим берүү кызматкерлери тарабынан түзүлүп, экспертизадан өтүп, орус, кыргыз тилине которулган. Бир да маалымат сыртка чыкпайт, тестирлөөнүн калыстыгына ушундай кепилдик берилген, — деди Рыскүл Маданбекова «Талас-Медиа» каналына берген маегинде.
Ошентип, «Манас» жана Чалдыбар жатак-лицейлерине директорлукка ат салышууга биринчи турда жети талапкер арыз берип, бирок сынактын экинчи тестирлөө туруна бардык документтери жарактуу деп табылган төрт талапкер гана катышуу укугуна ээ болду.
Тестирлөө бир жарым саатка созулуп, талапкерлер өздөрүнө берилген 60 суроого жооп беришти. Жыйынтыгы ошол эле күнү коомчулукка кабарланды.
Эми республиканын тарыхында алгачкы жолу ачык-айкын өтүп жаткан биринчи пилоттук сынактын жеңүүчүсү тууралуу маалымат бере кетели.
Айгүл Орозалиева татыктуу жеңүүчү экенин мен телефон аркылуу байланышканда эле туйдум. Сабырдуу, токтоо мугалимдин ар бир суроого ойлонуп жооп бергени, алдыдагы кызматына өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылганы жакты. Билимдүү, саяпкер мугалим экени кынтыксыз жоопторунан сезилип турду. Республикабызга белгилүү «Манас» жатак-лицейине директорлукка талапкер болушунун орундуу себептери бардыгын да түшүндүрө кетти.
Айгүл — ушул лицейдин бүтүрүүчүсү. 2000-жылы Улуттук университеттин Физика жана электроника факультетин аяктап, өзү сүйгөн кесипте эмгектене баштаган. Башкасын айтпаганда да, 2012-жылы Талас районунун «Жыл мугалими» сынагында биринчи орунду ээлегени, окуучуларынын физика предмети боюнча олимпиадаларда жыл сайын байгелүү орундарга жетишип жатканы анын мугалимдик иши да ийгиликтүү болгонунан кабар берет. Өзү окуп кеткен лицейде эмгектенип жатканына быйыл 14 жыл болуптур. Акыркы жети жылдан бери Айгүл Орозалиева — директордун илимий иштер боюнча орун басары. Эгемендүүлүк жылдары жатак-лицейди түптөгөн, 30 жыл ушул билим берүү мекемесин жетектеп, республикага таанытып, ардактуу эс алууга чыккан билим берүүнүн нукура лидери Жаныш Жанузаковду өз устатым деп эсептейт.
— Жаныш агайды директорлордун директору деп айтсак жарашат. Биздин лицейден он чакты директор өсүп чыкты. Агай илимий иштерге өтө маани берчү. Биз билим берүүдөгү лидерлик, өнөктөштүк боюнча ар кандай тренинг, семинарларга көп катыштык. Тесттен ийгиликтүү өтүүдө ушулардын пайдасы тийди, — деп айтат Жаныш агайдын татыктуу шакирти.
Баса, биринчи пилоттук сынакта жылдызы жанган Айгүл Орозалиева уюштуруучуларга ыраазы экенин айта кетти.
— Бизди эч ким убакыт аз калды деп шаштырбады. Жагымдуу кырдаалда иштедик. Сырттан бир да кийлигишүү болбоду. Сынак ачык-айкын, калыс өттү, — дейт жеңүүчү.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер