САНАРИП МЕКТЕП: ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО КОРРУПЦИЯНЫ ЖЕҢДИБИ?
- 26.05.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү системасы акыркы жылдары масштабдуу санариптик трансформацияны баштан кечирүүдө. Анын ичинен коомчулукта эң көп талкууланган жана өлкөдөгү орчундуу реформалардын бирине айланган багыт — биринчи класска кабыл алуунун электрондук системасы болду. Мурдагы кагаз убаракерчилигинен толук санарипке өтүү билим берүү тармагында чоң секирик катары бааланды. Бул система ачык-айкындуулукту камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кабыл алуу процессин иретке келтирүү максатында киргизилген.
Төмөндө бул реформанын реалдуу натыйжаларын, артыкчылыктарын жана тутумду андан ары өркүндөтүү зарылчылыгын көрсөткөн айрым маселелерди талдап көрөлү.
Негизги артыкчылыктары
Электрондук каттоо тутуму ата-энелердин да, мамлекеттик органдардын да ишин бир топ жеңилдеткен бир нече маанилүү артыкчылыктарга ээ:
- Ачык-айкындуулук жана коррупцияны азайтуу: Электрондук система кабыл алуу процессинен адамдык факторду ортодон дээрлик алып салды. Мурун “жакшы” мектептерге кирүүдө тааныш-билиш издөө же мектеп жетекчилиги менен түз байланышка чыгуу сыяктуу терс учурлар кездешсе, азыр «ким биринчи катталса, ошол кирет» деген автоматташтырылган тартип иштейт.
- Убакытты жана ресурстарды үнөмдөө: Мектеп босогосунда күнү-түнү кезекке туруу жана толтура кагаз маалымкаттарды топтоо практикасы токтоду. Ата-энелер үйүнөн же жумуш ордунан туруп эле, уюлдук телефон же компьютер аркылуу 10–15 мүнөттүн ичинде баласын каттоого мүмкүнчүлүк алышты.
- Мамлекеттик базалар менен интеграция: Тутум Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматтар базасы менен туташтырылган. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, ата-энесинин ИНН номери жана жашаган дареги автоматтык түрдө текшерилип, документтердин аныктыгы тез такталат.
- Эки этаптуу кабыл алуу адилеттүүлүгү: Система адегенде микроучасток (жашаган дареги) боюнча балдарды кабыл алат. Ал эми экинчи этапта каалаган мектепте бош орун калса, дарегине карабай каттоо жүрөт. Бул тартип биринчи кезекте мектептин жанында жашаган тургундардын укугун коргойт.
Реалдуу кездешкен тоскоолдуктар жана чектөөлөр
Ар бир жаңы технологиялык жаңылык сыяктуу эле, бул тутумдун да практикада толук иштелип чыга элек жана эске алынышы керек болгон өзгөчөлүктөрү бар.
Санариптик теңсиздик жана техникалык маселелер
Аймактарда интернет байланышынын сапатынын ар түрдүүлүгү же айрым ата-энелердин санариптик сабаттуулугунун төмөндүгү тең укуктуулукка таасирин тийгизбей койбойт. Муну менен катар, каттоо башталган алгачкы сааттарда миңдеген колдонуучулар бир убакта киргендиктен, серверлерге күч келип, сайттын «катып» калышы (код кечигүү, сервер иштебей калуу) ата-энелер арасында тынчсызданууну жаратат.
Экинчи этап жана “мүнөттөрдүн согушу”
Электрондук каттоонун эң көп суроо жараткан учуру дал ушул экинчи этапта байкалат. Бул этап ачылган секундадан баштап, суроо-талап жогору болгон популярдуу мектептердеги бош орундар саналуу мүнөттөрдө толуп калат. Мында техникалык мүмкүнчүлүктөр (интернет ылдамдыгы) жана реакция башкы ролду ойноп калууда.
Ошондой эле, интернет айдыңында акчалай акыга «балаңызды 100% кепилдик менен мектепке каттап берем» деген IT-жардамчылардын жарнамалары кездешет. Алар жогорку ылдамдыктагы байланышты жана автоматташтырылган скрипттерди (ботторду) колдонуу менен каттоону секунд ичинде толтурушат, бул карапайым ата-энелердин мүмкүнчүлүгүн автоматтык түрдө төмөндөтөт.
Расмий каттоосу жоктордун маселеси
Борбор калаада жана ири шаарларда ижарада жашаган, бирок ал жерде расмий каттоосу жок миңдеген үй-бүлөлөр бар. Алар биринчи этапта жашаган жери боюнча өтө алышпагандыктан, экинчи этапты күтүүгө мажбур. Экинчи этапты күткөндөр көп болгондуктан, орун тартыштыгы курч сезилет.
Мындай жагдайга туш болгон ата-энелердин бири Райымбек Кенжебеков 2025-жылы улуу баласын Бишкектеги Б. Сарногоев атындагы №100 мектепке экинчи этап менен онлайн каттаганын айтат:
“Менин үч балам бар. Быйыл деле экинчи этап менен биринчи балам барган мектепке каттайбыз деп турабыз. Себеби биз өзүбүз жашаган Рухий-Мурас-2 жаңы конушу Ысык-Ата районундагы Узун-Кыр айылына карап калат. Эгерде расмий каттоо менен бара турган болсок, Покровка айылындагы мектептерге барышыбыз керек. Тилекке каршы, ал жакка балабыз өзү барып-келе албайт, абдан алыс. Ошондуктан биз экинчи этабын күтүп жатабыз”.
Бишкек шаарынын дагы бир тургуну, үч балалуу жаш адис Аселдин абалы да ушуга окшош. Анын быйыл экинчи баласы мектеп босогосун аттаганы турат. Туруктуу үйү жок болгондуктан, жаңы конуштардын бириндеги туугандарыныкына убактылуу каттоого турган. Бирок ал конуштагы мектепке баруу географиялык жактан ыңгайсыз.
Ата-энелердин айтымында, кичинекей баланы шаардын бир четинен экинчи четине ташып окутуу кооптуу жана убакыт жагынан чоң тоскоолдуктарды жаратат. Эң ыңгайлуу жолу — ата-эненин жумуш ордуна жакын же каттамга ыңгайлуу мектепти тандоо. Бирок бул мүмкүнчүлүк экинчи этаптагы бош орундардын калышына гана көз каранды.
Деген менен, расмий мекемелер экинчи этапта орун жетпей калган учурда паникага алдырбай, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жана расмий комиссияларга кайрылууну сунушташат. Мыйзам боюнча, бир да бала мектепсиз калбайт, алар бош орундары бар жакынкы мектептерге бөлүштүрүлөт.
Санарип доорундагы “көмүскө схемалар”
Жаңы системанын ишке кириши менен айрым терс көрүнүштөр толугу менен жоюлбай, болгону формасын өзгөртүп, санарипке ылайыкташкан учурлары да байкалган. Маселен, өткөн окуу жылдарында «прописка бизнеси» деп аталган көрүнүш коомдук талкууга чыккан. Белгилүү бир инновациялык мектепке кирүү үчүн ата-энелер ошол мектептин аймагындагы үйлөрдүн ээлерине акча төлөп, балдарын убактылуу каттоого тургузушкан. Натыйжада, бир эле даректе ондогон бала катталган учурлар аныкталып, алар электрондук кезектен четтетилген. Быйылкы окуу жылында тутумдун коопсуздук механизмдери күчөтүлүп, мындай маселелер алдын алынат деген үмүт бар.
Мектеп тартышыгы – негизги фактор
Талдоо көрсөткөндөй, электрондук каттоо процесси өзү өз алдынча көйгөй эмес. Ал болгону кезекке турууну гана ачык-айкын жана адилеттүү кылды. Негизги маселе — мектептердеги орундардын жетишсиздигинде жана демографиялык өсүштүн инфраструктурадан озуп кеткендигинде.
Эгер мектептин долбоордук кубаттуулугу 150 орунга ылайыкталып, бирок ага 600 бала кирүүгө муктаж болсо, тутум канчалык кемчиликсиз иштебесин, калган 450 бала башка мектептерден орун издөөгө мажбур. Ошондой эле, тутумдун санитардык ченемдерге ылайык бир класска 30–35 баладан ашык албоо бөгөтү (лимити) менен реалдуу жашоодогу класстардын 40–45 балага чейин толуп кетүү муктаждыгы ортосунда да дисбаланс бар.
Корутунду жана сунуштар
Биринчи класска кабыл алууну электрондук каттоо тутуму — бул Кыргызстандын билим берүү тармагындагы артка кайтпас, зарыл жана прогрессивдүү кадам. Ал мектеп жетекчилеринин субьективдүү чечимдерин жана кабыл алуудагы көмүскө схемаларды олуттуу түрдө чектеди. Бирок, санариптик инструмент кургак алгоритмдер менен гана чектелбей, коомдун реалдуу демографиялык жана социалдык абалын эске алуу менен өнүгүшү керек.
Тутумду андан ары ийгиликтүү иштетүү үчүн мамлекеттик деңгээлде төмөнкү кадамдар актуалдуу бойдон калууда:
- Инфраструктураны өнүктүрүү: Бишкек, Ош шаарларында жана алардын четиндеги жаңы конуштарда жаңы мектептерди куруу жана иштеп жаткандарынын кубаттуулугун кеңейтүү.
- Ижара мамилелерин эске алуу: Шаарларда ижарада жашаган жана туруктуу пропискасы жоктор үчүн расмий ижара келишиминин негизинде биринчи этапта эле жашаган дареги боюнча каттоого туруу механизмин иштеп чыгуу.
- Техникалык туруктуулук: Каттоо башталган алгачкы күндөрү серверлердин туруктуулугун камсыздоо үчүн техникалык кубаттуулукту жогорулатуу жана боттордун (автоматташтырылган скрипттердин) киришинен коргоо тутумун күчөтүү.
Санариптештирүү — бул башкарууну жеңилдетүүчү натыйжалуу курал, ал эми башкы максат — ар бир кыргызстандык баланын сапаттуу жана жеткиликтүү билим алууга болгон конституциялык укугун толук камсыз кылуу болуп саналат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер