«ОРТО АЗИЯНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ» КАНТИП МУГАЛИМ БОЛУУНУ ТАНДАДЫ?
- 26.04.2026
- 0
Мен мугалим болом!
«Мугалим» илимий-педагогикалык журналы жана И. Исамидинов атындагы педагогикалык институт тарабынан уюштурулган «Мен мугалим болом!» аттуу эл аралык сынак өз жеңүүчүсүн тапты. Ж. Баласагын атындагы КУУнун физика жана электроника факультетинин 4-курсунун студенти Ринат Ратбеков сынакта алдыга суурулуп чыгып, 1-орунду ээледи. Келечек муундун тагдырына жоопкерчиликтүү караган, лидерлик сапаты менен айырмаланган болочок мугалимдин ийгилик жолуна көз чаптырып көрөлү.

Мектептен башталган лидерлик жол
Ринат бала кезинен эле так илимдерге, өзгөчө математикага жакын өскөн. Анын коомдук иштерге болгон активдүүлүгү мектеп курагында эле байкалган. Алсак, 9-класста — мектептин Билим берүү министри; 10-класста — Маданият министри; 11-класста — Спорт жана балдар кеңешинин төрагасы.
2022-жылы Тогуз-Торо районундагы №9 Э. Касымалиев атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, КУУнун физика жана электроника факультетине бюджеттик негизде окууга кирген. Университет босогосун аттагандан тарта ал өзүн мыкты уюштуруучу катары көрсөтүп, «Эң мыкты староста» наамына татыктуу болгон.
— 1-курстан тарта группанын старостасы болдум. Уюштуруучулукка жакын болгондуктан, группабыз менен кайрымдуулук, тазалык ж.б.у.с иштерди уюштурганга жетиштик. Биринчи курстарды тосуп алуу аземинде «Эң мыкты староста» наамы менен сыйландым. Университеттен тышкары ыктыярчы болуп кайрымдуулук, тазалык акцияларына жана мамлекеттик иштерде ыктыярчы болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринен, Президенттин Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнөн ыраазычылык каттарды алдым, — дейт жеңүүчү.
Ринаттын студенттик турмушу жетишкендиктерге бай
Ринат Ратбеков Маамет Койчуманов атындагы стипендияны 2-3-4-курста катары менен алып келатат. Майда-чүйдө сыйлыктарын эске албаганда, ал Казакстанда өткөрүлгөн «Орто Азиянын эң мыкты студенти» сынагынан 1-даражадагы диплом, күбөлүк, статуэткасын алса, өзү окуган окуу жайдын ардак грамотасы жана университеттин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланды. Ошондой эле 2025-жылдын “Кыргызстандын мыкты студенти” наамына татыктуу болуп, l-даражадагы диплом, төш белгинин ээси. Анын айтымында, студенттик күндөр жемиштүү өтүп жатат. Ринат окуудан сырткары 2-курста факультеттин маданият министри болсо, 3-курстан тарта факультеттин төрагасы жана КУУнун өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн спорт бөлүмүнүн жетекчиси болуп эмгектенет. Өзү китеп окуганды, созолонто ырдаганды, көркөм окууну жактырат.

Ринат Ратбеков Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун кулуну.
Мугалимдик — бул келечекти түзүү
Ринат үчүн мугалимдик — бул жөн гана жумуш эмес, бул чоң жоопкерчилик. Ал бул тандоосу тууралуу мындай дейт: «Мугалим — бул билимдин булагы гана эмес, ал келечек муундун багыт берүүчүсү. Ар бир дарыгер, инженер же саясатчы — баары мугалимдин колунан билим алышат. Мен келечекте окуучуларымдын ийгилиги менен сыймыктанган, заманбап технологияларды өздөштүргөн жаңычыл мугалим болгум келет.» Ошондой эле, ал Президенттин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” жарлыгы мугалимдер үчүн методологиялык негиз экенин жана кыргыз жаранын калыптандырууда педагогдун ролу маанилүү экенин баса белгилейт.

— Жарлыктагы таалим-тарбия, улуттук салт менен баалуулуктар жөнүндөгү маанилүү маалыматтар — азыркы жаштарга улуттук дем бере турган таалим-тарбиянын методологиялык негизи болуп эсептелет. Эгер алардын мазмунун терең талдап өздөштүрсөк мектепте, жогорку окуу жайларда жаштарды жакшы жакка жетелөөнүн фундаменталдуу максаты. Демек, бул Жарлык мугалимдерге маанилүү милдеттерди коет жана аны аткарууну талап кылат. Мугалим — коомдун күзгүсү. Мен ушул жерден п.и.д, профессор, КРнын УИАнын мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов агайдын докладына шилтеме келтиргим келет: “Билим берүү уюмдарынын максаты — Кыргыз жаранын калыптандыруу. Кыргыз жараны – руханий — адептик жактан жетилген, ден соолугу чың, кыргыз наркын жан дүйнөсүнө сиңирген, улуттун деми менен дүйнөлүк бийиктикке жетүүнүн уңгужолун өздөштүргөн жана аны ишке ашыра алган инсан. Азыркы ата-эненин, педагогдордун, коомдук органдардын, мамлекеттин алдындагы келечектүү максаттардын негизиси ушул”. Бул жерде мугалимдерди даярдаган окуу жайларынын окутуучуларын жана мектепте билим берген мугалимдердин милдети чоң экендигин түшүнөм, — дейт болочок мугалим.

Ринаттын пикиринде, мугалим — бул билимдин булагы. Ал окуучуларга сабак гана өтпөстөн, аларды тарбиялайт, туура жол көрсөтөт, келечекке багыт берет. Мугалим болуу — бул оңой эмес. Бул кесип чоң чыдамкайлыкты, жоопкерчиликти жана өзүн-өзү дайыма өнүктүрүүнү талап кылат. Себеби билим берүү токтоп калбайт, күн сайын жаңыланып турат. Ошондуктан мугалим да дайыма изденип, жаңы ыкмаларды үйрөнүп, заманбап технологияларды колдонушу керек.
— Мен мугалим катары өз кесибимди сүйүү менен аткарам. Ар бир окуучунун жүрөгүнө жол табуу — мен үчүн эң маанилүү максат. Балдар ар түрдүү: бири тез кабыл алат, бири жай түшүнөт, бирок ар биринин ичиндеги мүмкүнчүлүктү ачуу мугалимдин чеберчилигине байланыштуу. Ошондуктан мен сабак өтүүдө сабырдуулук, чыгармачылык жана жаңы ыкмаларды колдонууга аракет кылам. Бүгүнкү күндө билим берүү системасы заманбап талаптарга ылайык өзгөрүп жатат. Санарип технологиялар, интерактивдүү методдор мугалимден тынымсыз изденүүнү талап кылат. Мен да заман агымынан артта калбай, өз билимимди өркүндөтүп, окуучуларыма сапаттуу билим берүүгө умтулам. Мугалимдин эң чоң сыйлыгы — бул окуучунун ийгилиги. Алардын жетишкендигин көргөндө, өз эмгегиң акталгандай сезилет. Ошондуктан мен ар бир окуучумдун келечегине ишенип, аларга туура багыт көрсөтүүгө аракет кылам, — дейт сынактын жеңүүчүсү.
Жыйынтыктап айтканда, ал мугалим болууну кыялданат, анткени бул кесип ага жакын, жүрөгүнө жаккан жана маанилүү. Мугалим болуу — бул келечекти түзүү деген сөз. Ринат Ратбеков да келечекте өз салымын кошуп, коомго пайдалуу инсан болууга аракет кылууну көздөйт. Өз эмгеги аркылуу көптөгөн балдардын жашоосуна жакшы таасир эте алат деп ишенет. Ошол себептен анын эң чоң максаты — мыкты мугалим болуу!
Физика факультетинин сыймыгы
Р.Ратбековдун насаатчысы п.и.к., доцент Рапия Исаеванын айтымында, Ринат — билимдүү, чыгармачыл жана лидерлик сапаты калыптанган студент. Ал бир күндүн 16 саатын университетте өткөрүп, илимге жана коомдук иштерге бүтүндөй дилин берет.
— Окуудагы жогорку жетишкендиктери, илимий-чыгармачылык изденүүсү жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен үлгүлүү студенттердин катарында татыктуу орунду ээлейт. Университеттин коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларына туруктуу катышып, көптөгөн конкурстарда баш байгелерди жеңип алуу менен өзүнүн ар тараптуу потенциалын далилдеген. Факультетте төрага кызматын аркалоосу анын уюштуруучулук жөндөмүн, демилгелүүлүгүн, жоопкерчилигин жана жамаатты алдыга жетелей алган лидерлик касиеттерин айгинелейт. Өзгөчө, билим берүүгө болгон кызыгуусу, физика илимине болгон терең мамилеси жана жаштар менен иштеше билүүсү аны келечектеги мыкты мугалим болууга татыктуу талапкер катары мүнөздөйт, — дейт Рапия Исаева.
Ратбеков Ринат илимге болгон ынтызарлыгын далили болуп бир нече эл аралык жана студенттик конференцияларга катышып, мазмундуу баяндамаларды жасаган.
— Ринаттын инсан катары да өзгөчөлүгү – жогорку адамгерчиликке ээ болгон кыргыздын уулу. Ал кандай гана тапшырма берилбесин, баарын так жана жооптуу аткарат. Чынчыл жана мекенчил мүнөзгө ээ. Ринат Ратбеков — педагогикалык кесиптин баалуулуктарын түшүнгөн, заманбап билим берүү талаптарына жооп бере алган, чыгармачыл ой жүгүрткөн жана окуучуларга сапаттуу билим, туура тарбия бере ала турган келечектүү жаш педагог, — дейт насаатчысы.
Ратбеков Ринаттай жаштар турганда Кыргызстандын келечеги бар, билим берүү тармагынын уучу кур эмес экенинин далили.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”,
Баяман АНАРБАЕВ, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
Комментарийлер