“ОКУУЧУЛАРДЫН ЖҮРӨГҮНДӨ ИЗ КАЛТЫРГАН МУГАЛИМ БОЛОМ!”
- 26.04.2026
- 0
Редакциядан: Ж.Баласагын атындагы КУУ, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы, И.Исамидинов атындагы педагогикалык институту менен биргеликте өткөргөн студенттер арасындагы «Мен мугалим болом!» эл аралык сынагында Баш байгени Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя кампусунун 2-курсунун студенти Эленора Эргешова жеңип алды. Ал Smart-TV, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы жана «Мен мугалим болом» статуэткасы менен сыйланды. Сынактан кийин Элеонора Эргешова КУУнун кафедра башчыларына мастер-класс өттү. Биздин каарман жети тилде эркин сүйлөйт. Ютуб каналында 35000 каттоочусу бар, ал эми англис тилин үйрөтүү сабагын 35 миллион (көбүнчө АКШ) адам көрөт экен. Баш байгенин ээсинин “Мен мугалим болом!” эссесин окурмандарга сунуштайбыз.

Кээде жашоодо бир гана суроо адамдын бүт тагдырын аныктайт: “Сен келечекте ким болгуң келет?”
Бул суроону мен өзүмө көп жолу бергем. Ар бир жолу жооп издеп, ар кандай кыялдарга чөмүлгөм. 11-классты аяктап жатып кесип тандоого келгенде да бир топ университеттерди карап, алардын окутуу системасын, багыттарды изилдеп, акырында бир жыйынтыкка келгем. Бирок бул жыйынтык мен күткөн, мен эңсеген кесип, келечек эмес эле. Кичинекей эле айылдан чыккан кыз болгонума байланыштуу айланамдагы адамдардын, кошуна, ата-энем, жакындарымдын ою менен мугалимдик кесипти аркалоого бел байладым. Бирок убакыт өткөн сайын бир чындыкты түшүндүм: мен жөн гана бир кесипти тандаган жокмун — мен өз жолумду, өз миссиямды тандадым.
Мен мугалим болгум келет.

Бир караганда бул жөнөкөй жооп сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок мен үчүн бул — жүрөктөн чыккан чечим. Анткени мен адамдар менен иштешүүнү, алардын өсүп жатканын көрүүнү, кичинекей ийгиликтерине кубанууну жакшы көрөм. Бул мүнөзүм да кесипти туура тандоомо себепчи болду го дейм.

Бирок мугалим болууну чындап түшүнгөн учур – биринчи жолу кичинекей балдарга англис тилин үйрөтө баштаган күн болду. Алардын көздөрүндөгү кызыгуу, биринчи жолу “My name is …” деп өзүн тааныштыргандагы коркуусун, толкундануусун, сол көкүрөгүндө тышка чыгып кетчүдөй согуп жаткан жүрөгүнүн дабышын угуу… ошол учурда мен түшүндүм: мугалим – бул жөн гана билим берүүчү эмес, ал – жүрөккө үмүт сепкен адам, ар бир тирүү жанды ичинен сөөгү менен сезип, ар бир көйгөйгө чечим тапкан жан деп билдим.

Мен жети тил билем. Ар бир тил – бул жаңы дүйнө, жаңы маданият, жаңы ой жүгүртүү. Бирок ошол тилдерди үйрөнүп жатып, мен эң маанилүү нерсени түшүндүм: тилди эмес, адамды түшүнүү керек. Ошондуктан мен мугалим катары окуучуларымды жөн гана грамматикага эмес, дүйнөгө ачык болууга үйрөткүм келет. Тил билүү жетишсиз. Устат үчүн эң маанилүүсү башыңда бар билимди башкаларга жеткире билүү, жеткирүү. Мындан сырткары өзүмдүн алган тажрыйбаларыма таянып, теңтуштарыма, келечектеги мугалим болом деген жаштарга айтып келген бир сөзүм бар: “Түшүндүрүү эмес — түшүнүүсү, үйрөтүү эмес — үйрөнүүсү маанилүү” деп. Ошондой эле балдарды зордоп окутпай күнүмдүк эле жашоосун сабакка айлантууну үйрөндүм. Аларга жаңы сөздөрдү үйрөтүүнү эмес, мүмкүнчүлүк эшиктери бар экенин жана аларды ачууну үйрөткүм келет.
Менин жашоомдо чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү болду. Түркияда окуп, башка маданиятты, башка системаны көрдүм. Алгач кыйын болду. Мисалы тил, чөйрө, адамдар баары башкача эле. Ошол учурда мугалимдик эмне экенин дагы да тереңирээк түшүнүүгө убактым болду окшойт деп ойлойм. Ал жерде мен бир нерсени байкадым: билим берүү – бул жөн гана программа эмес, бул – инсанды тарбиялоо. Ал эми мугалим – ошол процесстин жүрөгү. Профессор Куршат Жесур бир лекциясында мындай деди эле: “Siz öğretmen değilsiniz, öğretmen olmaya da zorlamayın kendinizi. Çoban olun. Koyunlarınızı kurtlara yem olmamayı öğretin, onları tek bir ağılda toplayıp sayısını kontrol edin. Sadece karınlarını ve ihtiyaçlarını düşünmeyin. Gerekirse ağıldan çıkıp bir kayanın tepesinde bile olsanız, arkalarında gözünüz olarak onları gözetleyen bir çoban olun.
Günümüzde öğretmen olmak herkesin yapabileceği bir şey haline geldi, ancak sizin gibi geri bildirim veren, motive eden ve koyunlarının peşinden bir çoban gibi giden öğretmenleri bulmak artık çok zor. Bir yerde 10 dakika bile duramayan küçük kuzuları doğru yoldan sapmadan yetiştirmek, sizin ustalığınıza bağlı hale geldi…” деп сөзүн уланткан эле. Бул сөздөрүн кыргызчага которуп ала турган болсок мындай “Силер мугалим эмессиңер, мугалим болгонго тырышпагыла. Койчуман болгула. Койлорунарды карышкырларга жем болбошко үйрөтүп, аларды бир эле короодо гана санап, санын тактап, курсагын, камын ойлобогула. Керек болсо короодон чыгып, зоонун башында болсо да артында көзүңөр болуп, көзөмөл кылган койчуман болгула.
Мугалим азыркы заманда баарысы эле боло алат, бирок силер сыяктуу feedback (кайтарым байланыш) берип, мотивация (шык) берип, артынан койчумандай жүргөн мугалим азыр табыш кыйын. Бир жерде 10 мүнөт тура албаган кичинекей козу-койлоруңарды жолунан адашпагыдай кылып тарбиялап чыгуу силердин чеберчилигиңерден көз каранды болуп калды.” Мындан башка дагы бир топ жашоого керек болуучу маалымат, руханий байлыктарга өзүмдү толтуруп келдим десем жаңылбаган болом.
Бирок ар бир ийгилик артында кыйынчылыктар бар. Кээде чарчап, кээде өзүмө ишенбей калган учурлар болду. Бул жол оңой эмес. Кээде чарчайм, кээде өзүмө болгон ишеним солгундайт. Ошол учурда өзүмө бир эле суроо берем “Эмне үчүн бул жолду баштадым?” жооп дайыма бир — мен өзгөрүүнү, өзгөртүүнү жана өстүрүүнү каалайм. Мен бир баланын жашоосуна таасир этким келет. Анын “Саламатсызбы, эжеке!” деген сөзүнө татыктуу болгум келет. Болгону ушул.
Ислам динибизде билим алууга жана аны башкаларга үйрөтүүгө чоң маани берилет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) айткан:
“Силердин эң жакшыңар — Куранды үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр.”
Бул хадис мага чоң таасир берет. Анткени бул жерде жөн гана билим алуу эмес, аны бөлүшүү — эң жакшы амалдардын бири экени айтылат. Ошондой эле эл ичинде айтылып жүргөн сөз бар:
“Билгениңди үйрөт, билбегениңди үйрөн.”
Бул сөз менин жашоомдогу принципке айланды. Анткени чыныгы мугалим — бул дайыма үйрөнгөн, жана ошол эле учурда үйрөткөн адам. Мен да келечекте өз билимимди башкалар менен бөлүшүп, окуучуларыма пайда алып келген инсан болгум келет.
Мен класска киргенде, жөн гана сабак өткүм келбейт. Кээ бир балдар үнсүз болот, кээ бирөөлөр өзүн көрсөтө албайт. Бирок мен билем – ар биринин ичинде чоң потенциал бар. Мугалимдин эң чоң миссиясы – ошол потенциалды ачуу. А азыркы заманда мугалим бир эле баланын потенциалын ачкан эле адам эмес. Ал – мотиватор, лидер, дос, багыт берүүчү компас, GPS (электрондук карта), ChatGPT (жасалма интеллект) жана башка-башка. Заманбап дүйнө өзгөрүүдө. Бүгүнкү мугалим – бул жөн гана китеп менен чектелген адам эмес. Заманбап мугалим болууну тандайм. Чыгармачыл, энергиялуу жана окуучулардын жүрөгүнө жол таба алган.
Бирок мен үчүн эң негизгиси – бул сүйүү. Эгер мугалим окуучуларын сүйбөсө, ал эч качан чыныгы мугалим боло албайт. Мен ар бир окуучумдун жан дүйнөсүн көрө билүүгө даярмын.
Менин эң чоң кыялым – бир күнү окуучуларымдын ичинен кимдир бирөө:
“Мен да мугалим болгум келет, анткени менин мугалимим мага ишенген” – деп айтса, ошондо мен билем – мен туура жолдо экенимди.
Мугалим болуу – бул жөн гана кесип эмес. Бул – келечекти жаратуу. Балким, мен бүт дүйнөнү өзгөртө албайм. Бирок мен бир баланын жашоосун өзгөртө алам. Ал эми бир баланын өзгөрүүсү – бул бүтүндөй коомдун өзгөрүүсүнүн башталышы. Ошондуктан мен ишеним менен айтам: мен мугалим болом. Жөн гана мугалим эмес, окуучулардын жүрөгүндө из калтырган мугалим болом!
Даярдаган Салкынай САЛМООРБЕКОВА, И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти
Комментарийлер