ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ
- 30.05.2025
- 0
Учурда мектеп окуучуларынын коопсуздугу олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Соңку мезгилде мектеп окуучуларынын мушташкан учурлары да болууда. Буга чейин өлкө аймактарындагы айрым мектептерде окуучулар бири-бирине бычак сайган же токмоктон каза болгон учурлар да катталган. Мындай көрүнүштөр мектепте окуучулардын коопсуздугун кантип сактоо керек деген маселени күн тартибине кайрадан алып чыкты.
Кыргызстанда окуучулардын коопсуздугу кандай мыйзамдар менен корголот? Коопсуздукту сактоого мектептердин чамасы жетеби? Баланын коопсуздугун коргоодо ата-энелердин жоопкерчилиги кандай болуусу керек?
“Кут Билим” гезитинин суроолоруна Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү Эрнис Дүйшөнбеков, Агартуу министрлигинин жетектөөчү адиси Алтынбек Эркинбеков жана Бишкек шаарындагы Абдылда Каниметов атындагы №1 жалпы орто билим берүүчү жатак мектебинин социалдык педагогу Анара Кадыркулова жооп беришти.
– Алтынбек мырза, акыркы кезде мектепте окуучуларынын коопсуздугун коргоо маселеси көйгөйгө айланып баратат. Ага жакында өлкө аймактарында мектептердеги окуялар далил болууда. Окуучулардын коопсуздугу кандай корголот? Ага негиз берген кандай укуктук база бар? Жоопкерчиликти кимдер алат? Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча тиешелүү норматив актыларга да өзгөртүү киргизүү зарылбы?
Алтынбек Эркинбеков: Бул маселе 2011-жылдан бери көтөрүлүп, 2012-жылы он министрлик менен бирге өз ара аракеттенүү келишими түзүлгөн. Анткени баланы тарбиялоо жана анын коопсуздугуна жалгыз эле билим берүү мекемеси жооптуу эмес. Мектептин ичиндеги маселеге мугалимдер жооп берсе, андан тышкаркы жердеги жүрүш-турушуна башка министрликтердин жоопкерчилиги да жогору болушу керек. Ошондуктан коопсуздукту камсыз кылууга дээрлик бардык министрликтер менен жергиликтүү бийлик дагы тартылган. Андан тышкары, социалдык педагог кызматы киргизилген. Анын алдына педагог менен окуучунун ортосунда же окуучу менен окуучунун ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда кырдаалды жөнгө салуу милдети коюлган. Мамлекет тарабынан аракеттер жасалып жатат, бирок ата-энелердин, коомчулуктун камкордугу абдан зарыл. Ошондуктан ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча тиешелүү норматив актыларга да өзгөртүү киргизүү учур талабы болуп турат.
– Эрнис мырза, мектепке коркунучтуу буюмдарды, куралдарды алып келгендерге кандай жаза берилери, кылмыш кылганда кандай мыйзам менен жоопко тартылары жөнүндө мектеп окуу-
чулары билишеби? Деги ушундай маалыматтар айтылган атайын окуулар өткөрүлөбү?
Эрнис Дүйшөнбеков: Мектепте өспүрүмдөр менен иштөөчү тескөөчүлөр ар дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Мыйзам боюнча кылмыш жасаган болсо, өспүрүм 14 жаштан баштап камалып, жазага тартылат. Ал эми баланын жашы кичине болсо, анын ата-энеси административдик жазага тартылат. «Ата-эне өз жоопкерчилигин аткарбаган учурда 10 миң сомдук айыппул тартат» деп мыйзамда жазылган. Тилекке каршы, балдардын мектепке эмне алып кирип жаткандыгын текшерүүгө өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин укугу жок. Мындай укук мугалимдерге да берилген эмес. Эгер балдардын сумкалары текшериле турган болсо, анда балдардын укугун басмырлоо болуп саналат. Ошон үчүн бардык мектептерде видеокөзөмөл камералары орнотулса жана коопсуздук кызматы киргизилсе, бул көйгөй чечилмек. Өлкө аймагындагы мектептерде видеокамералар орнотулуп жатат.
КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча тескөөчүлөрү тарабынан республиканын аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелеринде 45652 жолу окуучулар үчүн түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүп, маектешүүлөр жана лекциялар уюштурулган.
– Анара айым, сиз жатак мектепте балдар менен иштеген адис катары айтсаңыз, балдардын өздөрү мектеп, ата-энелердин, мугалимдердин кандай камкордугуна муктаж? Учурда мектеп жетекчилигинин коопсуздугун камсыз кылууга чамасы жетеби? Мектептин кире беришинде турган коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнө балдар ишенеби?
Анара Кадыркулова: Жатак мектепте иштеп жүрүп байкаганым – балдар эң алгач эмоционалдык коопсуздукка муктаж. Бул деген мугалимдердин, тарбиячылардын жылуу мамилеси, сабырдуулугу, түшүнүүсү жана ар бир баланын ички дүйнөсүнө кызыгуу көрсөтүүсү.
Ата-энелер да баланын окуу процесси жана жүрүм-турумуна кызыгып, үзгүлтүксүз байланышта иш алып барса, биз үчүн дагы жеңилирээк болмок.
Бүгүнкү күндө көп мектептерде физикалык коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери көрүлүп, мектептеги дайындалган коопсуздук кызматкерлери көзөмөлдөөгө аракет кылышат. Бирок бул кызматкерлерге атайын психологиялык даярдык же балдар менен иштөө көндүмдөрү жетишпейт.
Мектеп коопсуздугу – бул ар бала үчүн ишеним атмосферасы экенин унутпашыбыз керек. Мектеп жетекчилиги тарабынан тиешелүү адистер төмөнкү багытта тынымсыз иш арып барууда.
- Физикалык коопсуздук:
Мектеп имаратынын кирүү-чыгуусун көзөмөлдөө (видеокөзөмөл, коопсуздук кызматы);
Өрт коопсуздугу, эвакуация планы, авариялык чыгуу жолдору болушу;
Жаш куракка ылайык коопсуздук эрежелерин сактоо (спорт зал ж.б)
- Психологиялык коопсуздук:
Мектеп психологу тарабынан туруктуу байкоо жана консультация берүү;
- Социалдык коопсуздук:
Бөлүнүп-жарылууга, кемсинтүүгө жол бербөө; сумкалары
- Санитардык-гигиеналык коопсуздук:
Таза суу, санитардык абал, тамак-аш коопсуздугуна көңүл буруу;
Эпидемия учурунда алдын алуу чараларын көрүү.
- Нормативдик-укуктук колдоо
Учурда жатак мектебинин жетекчилиги бул чараларды системалуу жана үзгүлтүксүз аткарганга аракет кылууда.
Албетте, өлкө аймагындагы ар бир мектепте коопсуздук кызматын иштетүүгө чама жетпейт. Мугалимдердин гана күзөтүн уюштурууга мажбур болот. Анткени коопсуздук кызматын иштетүүгө каражат зарыл. Мектеп жетекчилиги колдон келген аракетин жасап жатат. Бирок мектеп менен ата-эне тыгыз байланышта болбосо, баланын жолдон чыгып кетиши ажеп эмес. Ал эми ар бир баланын мүнөзүн же көйгөйүн билүү милдети социалдык педагогго жүктөлгөн.
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер