НУРЖАМАЛ ЭЖЕЙДИН ИЗИЛДӨӨ МЕТОДУ

  • 22.01.2024
  • 0

Борборубуздагы №64 мектеп-гимназиясынын  химия жана биология мугалими Нуржамал АМЕТЖАНОВА изилдөө методун колдонуп, көп ийгиликтерге жетишти. Сынактарда жеңүүчү аталып,  илимий конференцияларда чыгып сүйлөдү. Азыр да өз окуучулары менен жаңы ачылыштардын үстүндө талыкпай эмгектенүүдө.

Нуржамал Аметжанова өзүнүн илимге басым жасаган усулун жогорку окуу жайда билим берген окутуучуларынын эмгеги деп эсептейт.

— Мен мурунку Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун химия-биология факультетин аяктагам. Молдогазиева аттуу эжейибиздин сабактары дагы деле эсимде. Педпрактика учурунда алгач өзү сабак өтүп, кайсыл усул-ыкмаларды кантип колдонушту тыкыр үйрөтчү. Анан бизге сабак өткөрчү. Сабакта проблемалык суроолорду берүүгө маани берер эле. Проблемалык суроону узатсак, балдар-кыздар бул кандай болуп кетти деп ойлонуп калышчу, – дейт алдыңкы педагог.

Айтуусунда окууну бүтөрү менен өзүнүн туулуп-өскөн жерине, мурунку Совет, азыркы Кара-Кулжа районуна жолдомо алыптыр. Бирок барган мектебинде өз предметине зарыл  жабдыктар жок көп кыйналчу экен. Лабораториялык сабактар үчүн керектүү пробирка, реактив, колба сыяктуу жабдыктарды кошуна мектептен сурап келүүгө туура келет. Өз предметине тың, жаш педагогдун сабактары окуучуларга жагып, ата-энелердин ыраазычылыгына ээ болот.  1994-1998-жылдары Ош шаарындагы Октябрдын 40 жылдыгы атындагы мектепте сабак берип жүрүп, кайра айылга кетет. Жолдошу айылдагы мектепте директор болуп  иштеп калат. Нуржамал эжей өзү да мектепте беш жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, беш жылдай мектеп директору болуп иштейт.

Ушул тушта демилгечи директордун аракети менен АБРдын каржылык колдоосунда мектеп алдында «Шоокум» бала бакчасы ачылат. МерсиКо менен кызматташып, мектепке кошумча имараттарды курдурат. Ак эмгегинин акыбети кайтып, өлкө президентинин Ардак грамотасы менен сыйланат.  Кийин, 2011-жылы, элеттик мугалим турмуштун айынан Бишкек шаарына көчүп келип, борборубуздагы №64 орто мектепте химия-биология сабагынан сабак бере баштайт.

Эбепке себеп дегендей, шаардык мугалимдердин «Окуйм, издейм, жаратам» сынагы издемчил, иштемчил мугалимдин демине дем, шыгына шык кошту. Биринчи жолкусунда Азаматова Алия аттуу окуучусу менен аталган сынакка «Арчанын курамындагы фитонциддердин касиетин изилдөө» деген темада долбоор жазып, райондо биринчи орунду, шаарда экинчи орунду жеңип алышты. Кийинки жылы дагы башка окуучусу Жумгалбекова Алина экөө арчадан май (мазь) алуу жолун көрсөтүп беришкени үчүн шаардык сынакта жеңүүчү болушту. Ушул эле долбоор менен 2022-жылы август айында Алма-Ата шаарында өткөн эл аралык илимий конференцияга катышып,  казак окумуштуусу, профессор Кусаинова Лаззат Абаевнанын өз оозунан жакшы пикирин угат. Көп өтпөй изилдөө иштеринин аркасында ОшМУдан Коланов, Абдымомунова, Боронбаева сыяктуу пикирлештерди тапты. 2023-жылы Москва шаарында өткөн эл аралык конференцияга онлайн катышып, арча майы үчүн 2-орунду, ал эми мохтун (кыргызчасы мамык чөп деп аталат) пайдалуу касиеттерине арналган изилдөөсү үчүн конференциянын атайын дипломуна татыктуу болду. Арчадан май алуу боюнча изилдөөсү Кыргызпатенттен каттоодон өттү. Учурда табылгасын зор масштабда өндүрүүнү ойлонуп жүрөт.

Биз мугалимден башкаларды кызыктырган ачылыштарга  кантип жеткенине кызыктык.

— Эзелтен элибиз арча менен үйлөрдү аластап, түтөтүп келишкен. Ата-бабаларыбыз арчанын курамындагы фитонциддер ар кандай зыяндуу микробдорду, бактерияларды өлтүрөрүн билишпесе да, арчанын тазалоочу зор касиетине ишенишкен. Ошондуктан арчадан жасалган идиш-аяктарды, тиш чукугучтарды, кашыктарды, сүзгүлөрдү колдонушкан. Жаңы төрөлгөн наристени да арча бешикке бөлөшкөн. Адам өлгөндө да арча табытка салышкан. Биз, окуучум экөөбүз, арчанын касиетине эксперимент жүргүзүп көрдүк. Арча, туз, йод жана лимонду алып, жанына бир кесим нанды койсок, туз менен арчанын жанындагысы көгөргөн жок же илимий тилде айтканда, бир кесим нанга бубак козу карын түшпөдү. Анан арчага койдун куйрук майын кошуп, утуру кайнатып жатып, дарылык касиети бар май (мазь) алдык. Бул майды муун ооруларга, айыкпаган жарааттарга, шишиктерге сыйпаса болот. Муну биз алгач  сөөлжанга колдонуп көрдүк. Анын кесилген бөлүгү тез калыбына келди, – деп жооп берди экспериментатор эжей.

Мугалимдин мох (кыргызчасы мамык чөп) боюнча изилдөөсү да абдан кызыктуу экен. Ушул темада сабак өтүлгөндөн кийин биология кабинети балдар-кыздар алып келген мамык чөпкө толуп кетет.

 — Арга жок класстык бөлмөдө мох бурчун уюштурдук. Анан 6-класстагы Ислам аттуу окуучум экөөбүз мамык чөпкө эксперимент жүргүздүк. Мох бурчу түзүлгөн биология кабинети менен дагы башка кабинеттеги люстрага скотч жабыштырып койдук. Бир жумадан кийин карасак, биология бөлмөсүндөгү люстрада бир да чаң жок, беркисинде болсо, чаң толтура. Ошентип, мохтун айлана-чөйрөнү тазалоочу касиетин далилдедик, – деди иштемчил педагог.

Былтыркы Коён жылы изилдөө методун окутуу практикасында колдонгон мугалимге зор ийгиликтерди тартуулады. Өзбекстандын Анжиян шаарына барып, «Окуучуларга тарбия берүүдө изилдөө ишинин мааниси» деген темадагы докдады менен эл аралык илимий конференцияга катышып келди. Ушул эле жылы баланы тарбиялоодогу эненин ролу жөнүндөгү докладын жазып, Измир шаарына эл аралык конференцияга жөнөтүп, ал жактан эң жогорку баага татыктуу болду.

— Конференциядагы докладымда  улуу инсандардын өрнөгүнө эмес, он бир баланы тарбиялап өстүргөн өзүмдүн апамдын  бала тарбиялоо тажрыйбасына токтолдум. Элдер «Ирсалаттын үйүнө келсең, балдардын бары-жогу билинбейт» деп калышчу. Анткени ата-энем бизди кичинебизден бири-бирибизге сый-урмат менен мамиле кылууга үйрөттү. Апам бирөөнү кеп кылганды, ушак айтканды билчү эмес. Өзү кечинде бизге Джек Лондондун, Майн Риддин укмуштуу чыгармаларын окуп берчү. Аккордеондо, комузда, балалайкада ойночу. Ырдайт эле. Чогуу ырдачубуз. Ооруп калсак, доктуру жок эле, элдик медицина ыкмаларын колдонуп дарылап койчу. Баарыбызды жогорку билимдүү кылды, — деди Нуржамал эжей  апасынын баа жеткис өрнөгү тууралуу.

Быйыл Нуржамал эжейдин мектепте иштегенине 45 жылдан ашты. Дагы деле жаштардан калышпай чыгармачылык изденүү менен иштеп жатат. Ак эмгеги татыктуу бааланып, «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисине,   райондук, облустук мамлекеттик администрациялардын, Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасына,  шаардык мэриянын күмүш медалына татыктуу болду. Биздин каарман – эки уул, эки кыздын бактылуу апасы, неберелеринин сүйүктүү таенеси жана чоң энеси.

Акырында мугалимдин экология  тууралуу өзгөчө оюна токтоло кетсек.

– Көбү экология десе эле, бүтүндөй дүйнөдөгү жаратылышты коргоо деп түшүнөт. Мен үчүн экология – бул өзүңдүн колуң тийген жерлерди өзгөртүү, жакшыртуу. Мисалы, бөлмөдө герань өсүмдүгү болсо, жалбырагын кармап койсоң, колуңда  жагымдуу жыт пайда болот. Герань бөлмөдөгү бактерияларды өлтүрүп, бөлмөнүн экологиясын жакшыртат, — дейт эмгекчил мугалим.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер