«НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН» ФЕНОМЕНИ

  • 10.07.2024
  • 0

Жакында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эдил Байсалов өзү телефон чалып, Ноокаттагы айтылуу «Билимкананын» жалпы жамаатын быйылкы ЖРТдагы ийгиликтери менен куттуктап, инновациялык билим берүү мекемесинин иши менен жеринде таанышарын билдирген. Бул албетте, өлкөбүздүн тарыхында чанда кезикчү окуя болду.

"НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН" ФЕНОМЕНИ

«Элет жериндеги мектеп кайсыл жетишкендиктери менен мындай көңүл бурууга татыктуу болду?» деген түпөйүл суроо баарында болбосо да, бул инновациялык билим берүү мекемесинин таржымалын жакшы билбеген окурманда жаралышы мүмкүн. Эмесе, билбегендер угуп алыңыздар.
Өлкөбүздүн булуң-бурчуна тегиз таанымал «Ноокат билимканасы»  инновациялык багыттагы мамлекеттик билим берүү мекемеси катары тээ илгери союз учурунда ачылган. А кезде азыр дүңгөрөп жаткан «Сапат» лицейлеринин, аты уйкаш, бирок заты бөлөк «Билимкана» мектептеринин, «Илим» сыяктуу менчик мектептердин бири да жок болчу. Ошондо баары опокшош мектептердин арасында баарына окшобогон, өзгөчөлөнгөн, мугалимдин көмөгүндө баланын өз алдынча сапаттуу билим алуусун алдына максат кылып койгон  билим уясын ачуунун өзү чоң эрдик болчу. Мындай кадамга бир барса, ички интеллектуалдык деңгээли бийик, алысты көрө билген Өмүрзак Мамаюсуповдой элибиздин келечегин ойлогон чыныгы мекенчил инсан бара алмак.

"НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН" ФЕНОМЕНИ

«Мектеп ачуу үчүн акчадан мурун эбегейсиз зор жүрөк керек. Ал жүрөк күнү-түнү мекеним деп согуп турушу зарыл. Ошондо гана бир ийгиликке жетесиң», — дейт профессор Мамаюсупов.
Ооба, жоктон барды жаратуу баарынан кыйын. Ал үчүн жеке каалоо же куру кыялдануу аздык кылат. Жаратуучу вазийпасын алган адамга терең билим, ички даярдык, башкаларда жок адамгерчилик сапаттар, анан албетте, эң жакын адамдардын түшүнүүсү, колдоосу зарыл. Башкалар «Болбойт!, Жарабайт!» деп кол шилтеп калган учурда да, асыл максатты көздөй жүрүүгө дем берген, жакшы сөзүн аябаган адамдар керек. Жаш, курч Өмүрзак Мамаюсуповдун «элет жериндеги балдарга математиканы үйрөткөн мектеп ачам» деген демилгесине  эң биринчиден ата-энеси, айрыкча кичинекей кезинде эле уулуна «кийин аспирант болгондо жатасың» деп чоң темир керебет сатып берген, райондо чыгаан математик катары таанылган  атасы Шеран Мамаюсупов дем берди. Анткени, атасы баласынын билимине, даярдыгына, күчүнө, темирдей бекем эркине, көздөгөнүнөн кайтпаган мүнөзүнө ишенди.
Орто мектепти жалаң «беш» деген баага  бүтүргөн уулу Ош педагогикалык институтунун физика жана математика факультетин кызыл диплом менен аяктап, 1985-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.
Орустардын илим-билим ордосу — Новосибирск кыргызстандык жаш окумуштуунун өз алдына бир топ жаратман максаттарды коюшуна түрткү болду десек жаңылышпайбыз. Бул жерде болочоктогу профессор Өмүрзак Мамаюсуповго эстен кеткис таасир калтырган бир окуяны айта кетпесек болбос.
«Новосибирск университетинин кире беришинде илинип турган «Улуу кыргыз каганаты (империясы)» аттуу өтө узун дубал гезитке көзүм түштү. Белгилүү тарыхчы Юлий Сергеевич  Худяковдун докторлук диссертациясы экен. Окуп жатам….Окуп жатам… Кыргыз экениме, кыргыз болуп төрөлгөнүмө кубанып жатам…» деп эскерет өзүндөгү мекенчилдик сезимин курчуткан ошол окуяны профессор.
Муну окубай калганда, балким кыргыз балдарына болгон ишеними бийиктебей, өөрчүбөй калмак беле, ким билсин, бирок Худяковдун кыргыздардын кандай улуу цивилизация болгону тууралуу эмгеги элибиздин эртеңи болгон балдарга карата жаш окумуштуунун ишенимин бекемдеди, математикалык мектеп ачуу тууралуу асыл ойлорунун ишке ашуусуна түрткү болду.
«Мен мектеп ачам деп жүрүп, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болдум. Бир топ билим берүү системалары менен тааныштым. Бирок биздикиндей, билим дегенде көздөрү жанып турган балдар-кыздарды эч жерден көргөн жокмун» дейт ал.

"НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН" ФЕНОМЕНИ

Профессордун айтымында, мектеп ачуу үчүн төмөнкү үч маанилүү шарт: биринчиден, бала, сабак дегенде ичкен ашын жерге койгон ак жүрөк мугалимдер, экинчиден, билим дегенде дайыма суусап турган окуучулар, үчүнчүдөн, мугалимдердин мүдөөсүн түшүнгөн, колуна кол, бутуна бут болгон ата-энелер керек. Мектептеги бардык өзгөрүүлөрдүн башатында, албетте мугалим болууга тийиш. Мугалим канчалык өз ишине берилсе, өз ишин сүйө билсе, баланын келечегине, жакшы болушуна, оңолушуна ишеним арта билсе, анда аны көрүп, байкап турган ата-энелер да жөн турбайт. Колунан келген жардамын берет. Ата-энелерди,  коомчулукту алдыда турган асыл максатка жетүүгө ишендирүү — бул билим берүү ишиндеги ар кандай инновациялык демилгенин эң биринчи, баарынан маанилүү талабы болуп саналат.

"НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН" ФЕНОМЕНИ

Ноокаттагы «Билимкананын» басып өткөн тарыхына кайрылсак, ал өзүнүн эң биринчи кадамдарын эл арасында түшүндүрүү иштеринен баштаган. Мугалимдерге авторитардык мектепте анча-мынча окуп калган баланы өз күчүнө ишенүүгө  жардам берүүгө, ал эми  ата-энени болсо, баласынын ийгиликтүү билим алуусуна ишендирүүгө туура келди.
«Бизди жалпы эл, райондук бийлик, ошол кездеги Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Калмамат Абдрахманов колдоду. Районго математикадан эки медалистти даярдап бергенибизден кийин, кыраакы  жетекчи математикалык багыттагы мектеп ачсак болот экен деп, Кара-Таш айылында «Билимкананы» ачууга уруксат берди», — дейт профессор.

"НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН" ФЕНОМЕНИ

Ошентип, 1989-жылы Ноокат районундагы Кара-Таш айылында «Билимкана» деген кулакка угумдуу аталыш менен Кыргызстанда биринчи жолу элет жеринде айылдык балдар үчүн математика багытындагы билим ордосу  Новосибирск университетинин алдындагы физика-математикалык мектептин моделинде ачылган. Андан бери далай жылдар өттү…
«Билимкананын» даңкы бийиктесе, бийиктеди, бирок өчкөн жок…
35 жыл ичинде 1428 бүтүрүүчүдөн  32 окуучу  Алтын медалга, 124тү  Кызыл аттестатка, 54тү  «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн аттестатына,  экөөсү Алтын сертификатка, дагы экөө  Президенттин мактоо баракчасына татыктуу болду.
Ал эми профессор Өмүрзак Мамаюсуповдун кайсыл бир жылы журналисттерге берген маалыматына караганда, миңге чукул бүтүрүүчүнүн 95%ы ЖРТнын жыйынтыгында өз күчү менен бюджеттик окууда окушса, 10 бутүрүүчү илим кандидаты жана доктору болушкан, 50дөн ашууну аспирантурада өз билимин улантышкан.
Бул маалыматтар, албетте, убакыттын өтүшү менен жаңыланып турат дечи, бирок бир нерсе «Билимканада» башынан бери эч өзгөрүүсүз келүүдө. Ал — мугалимге болгон талап. Профессор Мамаюсуповдун ишениминде мектептеги мугалимдин ар бир сабагы илимге, илимдин акыркы жаңылыктарына таянышы зарыл. Эскирген билим, так эмес маалымат менен профессордун сөзү менен айтканда, «жети миллиардды башкарган» акылгөй инсанды тарбиялай албайбыз. Ошон үчүн «Билимканадагы» агай-эжейлер жөнөкөй мугалимдер эмес, илимпоз-педагогдор болуп эсептелет. Ошон үчүн профессор Өмүрзак Мамаюсупов өзүн да «илимий жетекчи» деп атайт.
«Мектепке жаңы эле директор болуп дайындалганымда, илимий жетекчибиз «Жолдош директор, окуучулардын канчасы программадан тышкаркы он маселени аткарышты, канчасы эртеңки сабакка даяр, канча муктаждыгы бар адамга жардам берилди?» деп телефон аркылуу сурап калды. Үйрөнгөн адатым боюнча эле, «Жолдош, илимий жетекчи, баары даяр!» деп жооп берипмин дейт мурунку директорлордун бири. — Көрсө, илимий жетекчи менден мектептеги үч маанилүү багыт боюнча так маалыматты сурап жатыптыр».
Ушул жерде «Билимкананы» өзгөчөлөнткөн ушул үч багыт тууралуу айта кетели. Муну мектептин илгертен келаткан салты десек да болот. Профессор Мамаюсуповдун бекем ишениминде окуучу күнүнө программадан тышкаркы он мисалды чыгарбаса, эртеңки сабакка бүгүн мугалимдин көмөгү менен даярданбаса, өз көчөсүндөгү, айылындагы  жардамга муктаждарга колунан келген жардамын бере албаса, анда ал келечекте «жети миллиардды акылы менен башкара албайт». Бул талап «Билимканада» ушул күндө да өз күчүн жоготпой келүүдө.
Жатак-мектепте окуучулардын өз алдынча билим алуусуна өзгөчө маани берилет. Чакан мектептин эң кызыктуу китептерге толгон китепканасы бар.  Мугалимдердин чыгармачылык изденүүсү аркылуу дүйнөдөгү эң алдыңкы билим берүү системалары, адам жашоосундагы билим менен илимдин орду, өрнөктүү инсандар, алдыңкы өлкөлөр, эң зор илимий ачылыштар сыяктуу кызыктуу темаларды камтыган 103 сабактын иштелмелери даярдалып, электрондук форматта сакталып турат. Мындан мугалимдер да, окуучулар да өз билимин өркүндөтсө болот. «Билимканада» өз үстүнөн иштөө, билим алуу, жаңылыктарга жакын болуу баары үчүн көнүмүш адатка айланган.

"НООКАТ БИЛИМКАНАСЫНЫН" ФЕНОМЕНИ

Ошондуктан «Билимкананын» быйылкы ийгиликтери сыймыктанарлык болду.  Быйылкы ЖРТда 8 бүтүрүүчү «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн аттестатына, 8 бүтүрүүчү 200дөн жогорку баллга жетишти. ЖРТга катышкан 70 окуучунун орточо баллы 173,7 болгонунун өзү эле бул билим берүү мекемесиндеги окуучулардын билим сапатын   көрсөтүп турат. Чынында суктанарлык!
Эмесе, нукура «Билимканын» нукура ийгиликтери арта берсин!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер