НАСИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТ, НАРКТУУ ЭЛ, НАМЫСТУУ АДАМ

  • 12.03.2024
  • 0

РЕДАКЦИЯДАН: Үстүбүздөгү жылдын 29- мартында Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, драматург, котормочу жана коомдук ишмер  Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгына арналган  “Намыстуу инсан, нарктуу эл, назилдүү мамлекет” аталышындагы илмий-практикалык конференция өткөрүлөт. Конференция КР илимдер академиясынын философия институту тарбынан уюштурулууда. Учурда адабиятта чейрек кылымдан бери тынымсыз натыйжалуу эмгектенип келе жаткан  белгилүү акын, жазуучу, изилдөөчү, кыргыз таануучусу, ойчул  Асан Жакшылыковдун чыгармаларынын көп томдугу  басмага даярдалып жатат. Мындан тышкары кечеде филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-орус славян университетинин профессору Аттокур Жапановдун акындын чыгармачылыгы боюнча илимий энциклопедиясынын бет ачары да күтүлүүдө. А.Жакшылыков көп жанрда өзүн татыктуу сынай алган аалым, философ. Акын ал тургай кезинде ыр менен  роман да жазган. Анын колунан жаралган “Манас” эпосуна, Кыргыз рухуна, каада салтына, этнографиясына арналган көлөмдүү эмгектери,  чыгармалары бүгүнкү күндө  илимдин орчундуу обьктисине айланып турган чагы. Биз төмөндө жазуучунун жаңы эмгегин жарыялайбыз.

Асан ЖАКШЫЛЫКОВ,

Кыргыз эл жазуучусу, акын, драматург жана коомдук ишмер

 

НАСИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТ (МАМИЛЕ+КУТ) ЖӨНҮНДӨ СӨЗ БАШАТ

Өткөндү эңсеп эстөөдөн эгерим бир үзүр барбы? Ар учур өттү-кетти кайра кайрылбайт. Же арт жагыбызды таптакыр унутуп салсак болобу?  Анткен менен мурунку замандардын кийинкиге оң-тетири таасири бар. Анткени, карама-каршылыктуу дүйнө күнүмдүктү ар качан өз майзамына салып жамгарат. Бирде тоого чыгасың, бирде ойго түшөсүң, бирде күлөсүң, бирде ыйлайсың, оодук-соодук жашоонун ой-чуңкурлуу жолун басасың. Ооматтуу жашоо орнош үчүн ортону кармануу керекпи?  Ошондуктан өткөн кездеги кетирген кемчиликке кейиштин да эч кажети жоктур. Ал учурдун изи азыр табылбайт, бирок өткөнү менен өрнөгү калгансыйт. Ошо ортону табууга өбөлгө.

Антсе да элибиздин ооматы келип, куту орноп, дөөлөтү чалкып, күрдөөлү күчтөнүп турган учурларын бир аз ичиң ачыша кантип эстебей коймок элең, эстейсиң! “Калктын ооматтуу учуру“ деген кадыр-барк кулакка жагымдуу! Сыймыктанасың, кандай асыл жандар, кантип “ооматты орнотту экен” деп ыңтызарлана, ошо кезди ойго тунуп изилдеп үлгү алгың келет. Ар мезгилдин өз түйшүгү бар, азыркы өз заманабызга салыштыра карап, алардын нускасын өздөштүргөндөн зыян жоктур. Кайсы заман болбосун өмүрдүн түйшүгү, өмүрдүн кайгысы боло келген да. Адашуу арманды жаратат. Адашпай заманга шайкеш жашоого болобу? Арты эскирип, алды жаңыланып турган жашоонун жакшылыгын кантип бага алабыз? Өнүгүү оңой-олтоң болсо анда кайсы калк болбосун кадыр-барктуу жашай бербейби!

Ар бир элдин тарыхында ың-жыңы жок канча бир кылымдар чаң басып артта калды экен? Алардын насилин издеп, наркын байкап, ар-намысын боолголоп, тээ абалкы учурда касиет уютуп, ак жолду карманган, өз учурундагы элине баш-көз болгон,  калктын турмушун нукка салган кандай нускалуу асыл адамдар мурда да жашады экен деп ой тескеп, элесин көз алдыга тартабыз. Ата-бабаларга ыраазылык! Өткөндүн ушундай унутулбас үлгү болоор өрнөгү бар. Ошол өзөктү тексиздерден бетер унуткарып салбай, жакшылыгын бул заманга баталап өткөрүп кабыл алуу, аны сарамжалдап багуу расмиси эзелтеден келаткан элдеги жөрөлгө. Салт жакшылыкты кадырлап-кастарлап бекемдөөдөн башталат.

Мурункуну текеберлене толук чануу, андай ашынган алабармандык СССРдей эле кайсы бир күнү жоюлууга, кыйроого, кыргынга, кенебей койсо арты барып алааматка алып келип такайт белем. Орус-украин согушу ошол осолдукту эске салат. Оюну бүтпөс оомал-төкмөл дүйнөдө ооматын оодартып жиберип озондоп калган элдер көп, ал турсун изи чыкпай эл катары жоюлгандары канча? Кыйынчылыктан өткөн кыраакы элдер ар заманга кылдат мамиле кылат. Буга журт башчылары да,  эл ичи өзү, ал турсун ар бир жаран, калк кайраты бузулуп, кордук көрүп калбаш үчүн аккан суудай азыркы турмушка сак-саламат мамиле кылышыбыз да абзел. Кырсык айттырбайт келет, “сактансаң сактаармын” деген нуска сөз эскертүү эмеспи бабалардан.

Бабалар демекчи, зирек адамдар элдин көрөөгөч көзү, жетик эс-акылы эмеспи. Ошолор ооматты оодартпай адилеттикке жолду тактайт,баштайт, караламан калкты адаштырбайт. Калайыкты касиеттүү камкор адамдар ар качан таптайт, мезгилге жем кылбай сактайт. Андай асыл адамдар элдин багына жаралат. Жетик эл текеберленбей теске келип, ынтымакка уюп берет. Жетесиздер кежирленет, дайыма чырга ыктап турат.

Убагын өткөрүп ийип өкүнбөй биримдикке баш ийүү да оңой-олтоң маселе эмес. Эрдемсип алган эси жоктор эч нерсени баамдабайт,  отко айдасаң, сасыкка качып кайра сазайыңды берет. Турмушта мындай кесепет да бар. Ошондуктанбы, олуязаада адамдар Кудай алдында милдетин аткарып, калк ичинде касиет багып, Жаратканга жагып, калк арасында тилек тилеп, Бата жайып, койдон момун болуп, календер-дербишке, касиеттүү кеменгерге айланып, актыкты жолдоп жүрүп, качан ичээр суусу түгөнгөндө кабак-кашым дебей түбөлүгүнө жөнөй берет.  Алардын жөн киши эместиги көсөмдүктүн көзү өткөндө кийин-кийин баамдалат.

Даанышманын таап, таанып алган эл, оболу бийлик сересинде олтургандар алардын насааты менен элдин ооматын төкпөй, бийликке чиренип көппөй, убагында эстүүлөрү Баласагын сыяктуу, Алишер Новаи сыяктуу аалымдардын үзүрүн элине көрсөтөт. Айкөл Манастын заманында Көкөтөй, Кошой, Бакай олуялар элибизге Кутту орнотуп, ооматты бекиткен эмеспи! Мына алардын өтпөс өмүрү, өчпөс изи.

Улуу дастан “Манаста” тирүү жашоо башталган мезгилдерден бери, нечен бир доорлор, замандар алмашып, тоо бузулуп кумдуу чөл болгону аңыздалат. Андыктан, аалам башатка көз жетпейт. Абалкы асылдардын аты-жөнүн так билбеген соң тек гана ырымдуу ат берип “ӨЗӨК АТА”деп өз сыйымды билгизгим келди. ӨЗӨК АТА –БАШАТ! Анткени, чөп, тал-терек, жан-жаныбар, ар бир жашайм дегендин тирүүлүктө өз өзөгү, өзөк күчү болот эмеспи. Ошол өзөк күчтү, кыр аркадан агылган кудуреттүүлүктү, азыр деле байыркы адамдардай тирүү кезде туйсак болоор. Ал түбөлүктүүлүктүн өзөк күчү – жашоонун төбөсүнө нур жиберип, мээси, дене-боюн аруулантып, адамдын тулкусун, сезим-туюмун күчтөнтүп, тээ жер өзөгүнө чейин жыбылжып дайыма агып турса керек – бул Аалам кудуреттүүлүк! Антип ааламдык колдоо болбосо, эгерим энергия жашоону тынымсыз күчтөнтпөсө өлүм каш кабактын ортосунда эмеспи. Оболу Жаратканга чексиз ыраазылык!

 Өмүр башаттуу Өзөк Атаны ызааттап, эми сыйлуу сүйлөп, экинчи энелик башатты “ЖЕР-ЭНЕ” дейинчи, энебиз тээ абалтадан бери тирүүлүктү, өзү кошо азап-тозокту арбын тартса да, жашоону биртоло өлтүрбөй асырап багып, оң-тетири кыял-жоругубузга чыдап, муундан муунга адамзатын багып келе жатпайбы, ушу асылзаада  Жер-энебиз! Жер энебиздин Кудай кошкон достору – Аба, Суу, От – ары жагы биздин көзүбүз жетпей мелмилдеген жылдыздуу кең Аалам, бизге үйүрлөштөрү, тагдырлаштары- Күн системасы, санат жетпес жылдыздуу Саманчы жолу, ага коңшу Андрамида галактикасы эми биргелеше бул эки галактиканын ушу кезде жолдошкону балким Жараткандын буйругудур. Мындай улуу өзгөрүштөр кантип өзүнөн өзү боло берсин? Азыр ушундай учур келди- жаңы доор келди! Ошого жараша өзгөрбөгөн нерсе жок. Жакшы жакка өзгөрө албасак  — ал өз шорубуз!

2012-жылдан бери Галактикалардын энергетикасы кошулуп, ошонун натыйжасында Жердин да кубаттуулугу (7,85 гц – 50 гц Шуман көрсөткүчү улам өйдөлөп) күн сайын көбөйүп, окумуштуулар үчүнчү карама-каршылыктуу өлчөмдөн (измерениядан) эми  бешинчи өлчөмгө Жер-Энебиз, аба, суубуз, отубуз менен  биргеликте азыр да сапаттана кубаттанып, жердеги тирүүлүк ааламдашып  жашап кетиш үчүн жалпы жашоодо табигый ылгоо, ырааттоо, өзгөрүү жүрүп жатканын байма-бай айта башташты. Жел жүрбөсө чөптүн башы каяктан кыймылдасын, азыр техникалык прогресс айбаттанган омуроосу курч омоктуу мезгил. Анткени, таптакыр боло элек жаңы доорго өтүп жатабыз дешет. Муну учурубуз өзү айгинелеп жаратылыш көзүбүзгө күн сайын табият кырсыктары аркылуу кедергибизди көзүбүзгө көрсөтүп жаткандай.  Адамзаты техникалык прогресскеби, же жандуу жарашылышкабы,кайсынысына жан тартса келечеги үзүрлүү, же ача жолду кыйыштыруу зарылбы? Бул табышмак сыноодон жарандары эс-акылдуу жан сактап ар бир өлкө кантип өтөт –бул өзгөчө чоң суроо! Мезгилдин эң заманбап маселеси дал ушу белем!

Ушундай өтмөк доорлор кез-кези менен болуп, дайыма жан аябас сыноолордон өтө абайлай турган учурлар мурда да болгон. Ооматтуу өлкөлөр да туруштук бере албай ойрон болгон кезеңдер тарыхда арбын. Айтмакчы, акылмандар өтмөк доордо жашаган адамдар “эң бактысыздар” деп эскертишкен. Жөнү бул “сак болгула, касиет кармангыла” деген сөз эмеспи?. Демек, чындыкка тике карашыбыз керек. Жарылып кетчү жука муздун үстүнөн басып бараткандай азыркы жер жүзүндөгү кырдаал кыйла оор. Келечекти ойлосок кемедегинин жаны бирге дегенди эске тута жүрөлү, адамзатына ак тилегибизди аябайлы!

Ушундай өтмөк учурдун жерде биринчи этабы 11 январь 2024-жылы башталды дешет асман кабарын аяндаган астрологдор. Галактикабызды айтпаганда да, илимдин көзөмөлүндө турган Күн системасындагы, тээ эң ыраакы чектеги планета Плутон өз огунда жүрүшүн жасап,жаңы бир доорду баштаган Күн алкагын толук айлануу учуру 250  жылга созулат дешет. Азыр болсо ушу Плутон планетасы зодиактын Суупери белгисине далма дал жайгашып, эми андан 25 жылда барып ары узайт. Буга  эмнеге өзгөчө маани берип жатабыз? Анткени, жок дегенде Ааламдын ыраатынан чыкпай, же ыраатты бузбай, ошонун кесепетинен бир чоң кырсыкка учурабай, Кудай деп, эгерим терс-тескери иштерди жасап жиберип (атом бомбасы, каронавирус) шорлоп табиятка жазаланбай, эл-жердин убалына калбай, тээ байыркы бабаларыбыздын күчтүү мамлекет курган учурундай ооматты бекем орнотуп калсак, жөнөкөй айтканда, жетик элге, жетилген мамлекетке айланып кетсек, өтө бир чоң олжо эмеспи! Бул жашоо кумарынан да, бийлик кызыкчылыгынан да алда канча жооптуу жана кооптуу да маселе.

 ЭЛ ЖАНА БИЙЛИК

Эсибиз барда эс-акылыбызды эртелеп жыйсак туурадыр. Ошенсек заманбап  идеологиябызды тапканыбыз болоор. Идеялогия деген эмне?  Менимче идеология – мамиленин куту. Анткени мамиле бузулган жерде эч жакшылык токтобойт. Сак бололу! Бекеринен бүт жер жүзү табигий мыйзамдардан бери өзгөрүп, кванттык чоң кубулуштар болуп, биринчи элемент делген суу тектен бери формуласы өзгөрүп жатканы — азыр жашыруун сыр деле болбой калды. Биринчи элемент бүткүл жердеги бар нерсенин негизи эмеспи. “Эл көчкөндө өрүү калган тентек” демекчи, биз дагы заманбап  жаңылыктарга кулагдар болуп, ошого жараша өнүгүп-өсүп, кошо өзгөрүп турушубуз эми зарылчылык! Өзгөрөт десе өтө эле алабармандап албай, өзөгүбүзгө кайрылуу да өтө зарылдыр.  Тирүүлүк Ааламдан кубат алуу менен, жашоонун өзөгү Жер-эне менен тагдырлаш эмеспи. Жерден тамырын жулуп салган нерсе өсөбү, жок өспөйт! Ошондуктан, “Асман Ата, Жер эне” деп бирдей сыйлап даңазалап келем. Дагы дааналап айтканда АСМАН+АДАМ+ЖЕР – ушул ыйык биримдикти аң-сезимдүү сактоо үчүн жаралганбыз. Муну унуткан эл эгерим өспөйт, кейишке учурайт. Куту кетет.

Тээ Өзөк аталардан бери ушу Чындыкты жазбай таанып, материалдык дүйнөнүн кызыктуу азгырыгына анчалык баш-оту менен кирбей, актыкты тутуунун анык көрүнүшү болгон АК БОЗ ҮЙҮН тигип, табият менен жан биргеликте жашап келген элбиз. Ошол Жараткандан жалганган топуктуу жолду таап, аны бекем карманып бизге жол-жобосун мурастаган ӨЗӨК аталарыбызга сый-урмат, таазим! Байыркы бабаларыбыз мындай ӨТМӨК УЧУРЛАРДА кантип өздөрү сабыр карманышты экен? Эс-акылын, күч-кубатын кантип дене-боюна жыйды экен, ааламаттардан кантип чыкты экен, кантип убагында камылга көрүп учурлардын каатчылыгын утушту экен? Анда деле терс кыялдуу текеберлер тоскоолдук кылып карама-каршылыктын кылычы жалаңдап турган да. Өткөндүн сабагын кастарлоо мааниси кыйынчылыкка жеңилбей жашап кетүүдөгү зарылчылыкка байкалат!

Өзөк ата таалимин, Өсөөр ата улагандыр? Турмуш дайыма оомал-төкмөл. Негизи адамдын турмушун бир учурда тескери, бир учурга оңго бураган оор кыйынчылыктан кантип чыгышты экен? Кантсе да өзөгү бар өсөт эмеспи. Өзөк атабыз баштап, Асман-Жердин өзөк күчүнө шайкеш жашай билип, жашоонун нускалуу насилин түзүп, акка жалганып, осуятын жамгарып, ошол насилди кийинки муундар жаздымдабай бекем карманып, тукумду тукум улап, уучу узарып жүрө Узархан атабызга бийлик дөөлөтү орноп, Жараткандан “Теңиркут” даражасы Улуу күчтөн ыйгарылгандыр. Өзөктүү өөрчүп өнүгөт эмеспи. Өзөк күчүбүздөн өндүм алалы.

Эл жетилбесе турмуш кантип торолмок эле, бийлик кантип оңолмок эле? Оболу Жараткандын ырайымына ээ болуу кайсы элге болбосун зарылчылык. Ушинтип Узаркан атадан баштап бийлик даражасы элде орноп, Кызыр колдоп, эл ичи нарктуу калыптанып, баары куттуу тартипке баш ийип, азыркыча айтканда агадил мыйзамдар жазылып, бекитилип, эскиче айтканда каада-салт жол-жобосу кылымдар боюу бекем сакталып, Жараткан өзү  Өзөк Ата аркылуу шарттап  берген, элди уюткан адилеттик ороп, эч убакта бузулбаган элдин эрки бекем кулк-мүнөзү калыптангандыр. Бекем кулк-мүнөзгө ээ болгон кезден бери кыргызчылыгыбыз калыптанган – бул узак жол. Биз ошо касиетке ээ болгондон бери Кыргыз элин кылымдар бою Айкөлдөр түзгөн нарктуулук баштап, насилибиз арууланган  элбиз. Кулк-мүнөзбүзгө сиңген ошо каныбыздагы ( А1Р1)  кыргызчылыгыбыз ар заманда үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап ар-намыстуу адамга, нарктуу элге, бийликтеги Теңиркуттар мамиле+куттуу Мекен башында болуп, эстутумубуз да үзүлбөй дайыма жашап келаткандай.

Ушу ак калпактуу, ак элечектүү Айкөлдүккө негизделген, насили тунук элдик кулк-мүнөзү сандаган кылымдар кыргыз элин сактап, ар кандай заман сыноолоруна туруштук берген кыргызчылыгыбыз дайыма биздин таянаар тообуз, өзөк күчүбүз, келечек жолубуз. Биз ушул КЫРГЫЗ+ЧЫЛ+ЫКты, б.а. кыргыз+чыл жашоо тагдырыбыздагы татаал жашоодо эч качан тукум курут кылбай келген кыргызча жашоо ыкмабызды, ошо өзөктү заманбап күчтөнтүп өзүн сактай билүү насилибизди азыр да ара жолдо таштабай, бул чар учкан заманга алдатып жибербей, дагы да көп кылымдар Кыргыз эл атагындагы жашообузду улантууга тийишпиз.Стратегиялык идеологиянын мааниси ушу жакта, аны аң-сезимдүү кабыл алып, азыркы замандын адал жагына жалгаштыруубуз мезгилдин курч талабы!

НАРКТУУ ЭЛДИН САБАГЫ

Кыргыз эли азыркы жашап жаткан элдердин эң байыркыларынын бири. Түбү Нур тукуму, Күн эли деген ататек маалыматтарда өтө чоң сыр бар. Ушу тагдыр издүү сырды сырттан да абийирдүү окумуштуулардын улам бири даңазалап ача берет, бул табигий көрүнүш. Кеп өзүбүз өзөгөбүздү уламдан улам бекемдеп жүрүп олтурушубуз керек! Эч ким менен урушпай, башкалар менен жулушпай, сабырыбызды уютуп, салтыбызды бекемдеп, душманды азайтып, дос-тууганды көбөйтүп дегендей, бирок өз сый-баркыбызды сактап, тарых сапарында жигердүү бара беришибиз абзел. Бул кайраткерликти, ар-намыстуулукту талап кылат. “Кайратсыз эрди катын алат” деген эзелки сөз эстутумубузда калган. Кан башы менен капилет коркуп качкын болгондор ушу насилди эстерине албаса керек.

Сөздүн кыябын бир аз жогоруда “УЗАРКАН” атабызга келип жыйдык. Муну шарттуу түрдө Өкүм бекип, Кандык доор башталган учур деп тыянак кыла туралы. Караламан мезгилдер артта калып, “Ырыс алды ынтымак” башталып, эмне дурус, эмне буруш экенин эл таанып, алабармандай бербей алгылыктуу нерсени ойлонуп, эл ичиндеги даанышман жандарды баамдап, адамкерчиликке баш ийип, далай душмандыктын ыдыгын көрүп, ызасын тартып, акыры “тирүү болсок бир дөңдө, өлүү болсок бир көрдө” болгондон башка чарасы жок калганда, же эл-журт өзү ичтен ынтымактуу болууга көзү жеткенде, эл ичиндеги чатакчыл-чагымчыл чаар баштардан биротоло көңүлдөрдү сууганда, ошондо барып эл эсин жаят. Эстүүсүнө “сен бизди  жолго салбасаң болбой калды” деп  ак кийизге салып КАН көтөрүп, эл жыйылып баталап, АНТ бердирип келген. Абалтадан Антка турбаган каргышка калган! Бул сөз жетпес оор жаза! Кудай ошондой  Антка турбастардан эл-журтту сактасын!  Азыр эми бийликти тамашага айлантып албадыкпы, абайлайлы!

Канды тандоо оңой- олтоң маселеби?  Жок, оңой маселе эместир. Ала көөдөн адыраңдагандар, же өз кызыкчылыгын билгизбей кызыл өңгөчүнө катып өзүм эле дегендер ар заманда  чыга берет эмеспи! Аларга да эл-журт абыдан көп алданса керек. Далай жолу сокур көздөн жаш чыккандыр…

Кыязы ушунун баарын  Улуу күч кандайдыр бир биз али түшүнө элек жол менен дайыма көз салып турат өңдүү. Качан гана  элдин мурдунан суусу куюлуп муң-зары жеткенде, кайгынын азабын кечкенде, көрбөгөн кордугу калбаганда, акыры эс-акылына келгенде, ошондо да күбө болуп эл ичинде баамдап Кызыр жүрөт эмеспи.

Кызыр өзү көз салып, элге чындап жаны күйгөн адилет, ак ниет, ымандуу адамдар жакшылык үчүн баш кошуп, өз кызыкчылыгы эмес эл кызыкчылыгын жогору коюп, суранып, тиленгенде, элге келген бак- таалайды тиленген эл күтө ала тургандай касиетке ээ болгондо, терсаяктыкты жойгондо, тигиндей өткөөл мезгилден өтүп, учурдун дал убактысы келип удулу шайкеш болгондо өсөөр элге Аалам Эгеси көз салып, Теңирдин кутун кармай билген адамды, анын аткара турган милдетин төрөлө электе эле тактап, бүткөрө турган иштерин салмактап тагдырына жүктөп, жан жолдошторун кошуп, ЭЛ БАГААРЛАРДЫ, элдин азабын моюнга алчуларды жиберет белем. Манастын элге төрөлүп келиши ушундай төлгөлүү.  Жүгүргөн албай, буюрган алат деген накыл кеп ошондон насаатталса керек! Болбосо жөн салды эле ким бийликти бере салсың? “Кыргын согуш так талашуудан” деген тыянак унутулбас көрүнүш.

Ал эми эл башына Кан болуп Теңиркуттун келиши теңдешсиз улуу окуя тура! Бириндеп кеткен кыргызды бирден жыйган, элине камкор болом деп “канкор” деп да аталган, төрөлө электе эле душмандар шек алып, элдин ооматын орнотоор Теңиркутун эртерээк күм-жан кылып койгонго болгон аракетин каршы күч жым билгизбей жасайт тура. Ооматтын келиши оңой-олтоң иш эмес экен. Теңирдин куту орногон адамдын кайсы бир элге келиши эбегейсиз чоң олжо, ырайым! Оштонбой ынтымакка келебизби, же кыйсыпыры кыйкыра берген  ээн ооз кыйынчылыкты деги бир кайрадан жеңебизби, азыр да Кутту сактоого маани беребизби? Шайлоо эмес, андай асылзааданы таап тандоо, анан “А кийизге” салуу элдин анык жетилүүсүн айкындайт турбайбы!

Ошентип барып Узаркандын уучу узарат экен! Эл менен Каны эки ажырым болбой, обоодо элдин жылдызы жанып, кара жанын калкынан аябай, каруусун казык кылып, калкына калыс кам көрөт экен Теңир+куттуу Бийлик ээси! Кан жаздымсыз ойдолобой бир сүйлөйт, аны калк эки дебей аткарат. Теңиркуту орногон Эл башы өз озуйпасын жетик түшүнсө ороп алган кошоматчыларга жетеленбей, ”Туура бийде тууган жок” саясатты  абийири менен аткарган кезде, ошо элде, ошо мамлекетте (мамиле+кутта) болуп көрбөгөндөй гүлдөө доору башталат белем. Андай учурду Л. Н.Гумилев “пассионардуу” учур деп илимдештирген эмеспи.

Ал эми “балык башынан сасыган кезде” оомат кетип, эл Жараткандын колдоосунан кол үзөт турбайбы! Андай оор кезди башка салгылык кылбасын, аңдып турган душманга кул болуу, көрбөгөн кордукту көрүү азабы ачуу сабак эмеспи. Эл да, бийлик да душман баскан изиңди дайыма аңдып тураарын, алардын митаамдыгына алданып, арбалып калбоого ар убак сак болуш, сырткы дүйнө менен мамилени өтө кыраакылык менен жүргүзүү ар качан жадыдан чыккыс маселе. Оюбузду жыйынтыктаганда – Кан көтөрүү, биздин шайлоодогу добушту сатып алууга такыр коошпойт, бул элге бийлик орнотуу расмийин туура чечүү эң бир орчундуу маселе, чын-чынына келгенде идеологиянын башаты да, зарылчылыгы да ушунда. Айталы, көптү көргөн Тибеттиктердин “Теңиркуттуу” жаш баланы ардактап, көздүн карегиндей сактап кээде Далай –лама кылып олтурушу жөн жерден чыккан жок да. Манасты да “чоң жинди кезинде”эле кайып дүйнөсүнүн кырк чилтени атайы келишип Куту Улук Эл Төрө болгонго күч жана руханий  билим берип жатпайбы!

Сөз башында кыргыз эли байыртан келаткан эл дедик, УЗАРКАНдан уланган кандары Теңир кутун кармана билгендигин, Теңирдин айтканын жаздымдабай ишке ашырган, кара ниеттик эмес, жашоодо айкөлдүктү бекем карманган журт башчылар болгондугун билгизет. Андай асылдар жолго салган элдин бекем туткан наркы, каада –салты болбосо  мынчалык узак мезгилге кайсы эл болбосун жашай албайт болчу, тарыхыбызда санжыраларда айтылганай санжыргалуу кандар ( бирин-бири эл кутун төкпөй улаган) ата жолунан чыкпай, бийликтин идеологиясын бекем карманып, берген Антын бекем сактап келгендиги байкалат.  Антпесе, Жаратканга жакпаса, “Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт” эмеспи. Бийлиги бекем куттуу болгондо, эл-журту эсен болот.  Эл башынын акжолтойлугу ушундай улуу жөрөлгө. Башыбызды барктайлы, калайык!

БИЙЛИКТИН БАШКЫ МИССИЯСЫ – ЭЛДИН КУТУН САКТОО, МЕКЕНДИ КОРГОО, ӨНҮКТҮРҮҮ.

Мамлекет кандай формада болсо да, натыйжасы бийлик. Андай болсо Бийликтин эң түйүндүү маселеси эмнеде? Эл-журт өмүрүн коргоп, мамлекеттин тынчтыгын камсыздоо. Башкы милдети – эл-журт бакубат жашоосун — табият кырсыктарынан, кыргын согуштардан, азап-тозоктордон коргогон коопсуздукту камсыз кылуу.  Ушу маселени бир күн да унутуп коюшка болбойт. Баамдасак жоокерлик замандарда эле аял-эркегине карабай Мекенди коргоого жалпы жайык дайыма даяр болушкан, бала кезден жоокерликке машыгышкан. Өмүрүн сайышка даяр болушкан, же Мекенди коргойт, же башка бирөөгө кул болот — башка жол жок. Карт тарых  ушуну саймедитреп сүйлөп турат, биз ушул тагдыр чечээр сабакты эч качан унутпашыбыз керек. Жанын сайып, Мекенди коргогон эрлерди, шерлерди керек учурда Кан көтөрүшкөн, алар жоо бетинде, эл четинде сыналышкан, антын унутуп качкын-бозгун болгондорду киши катарынан чыгарып коюшкан. Элдин убалына калуудан өткөн зыянкечтик жок. Баатырдын баатыры, азаматтын азаматы тандалган. Шер Манас, Эр Чубак, Эр Сыргак, ЭР Төштүк, Эр Табалдылар тарыхдын алтын барагына жазылып калгандар! Булардай асылдардын ар бири кыргыз тектүү элдердин каны болгон.

Теңир куттуу кандар энергиясы ашып – ташыган адамдар, “Манаста” айтылгандай алар “Чоң жиндилер”!  Андай Теңирдин энергиясын алып жүргөн журт башчылардын жанына кошоматчылар эмес, Кошой-Бакайлар  тайсалдабай туура кеңеш айтып, кадам сайын Кандыгына карабай тескеп турушкан. Каныкейи үйдөн, элдин даанышман Бакайы сырттан жамгара билген, “чоң жиндиликти”. Олуя- даанышмандардын зарылчылыгы ушунда, алар азап менен кутту кондуруп алган, абайлап сактабаса  элдин Кутсуз калуусу азаптын тозогу эмеспи. Демек, бийликтин системасын түзүү оңой олтоң иш эмес! Эл бийликти бакканда гана, бийлик кайра элди багат. Экөө эриш-аркак! Канын боктоп турган эл шорлуу эл, андай элге кантип жакшылык токтосун! Муну ачык айта турган учур келди!  Баласагын бабабыз  бекеринен Кут китебин жазган эместир. Бийлигин өзүнө иштете албаган эл каяктан кантип оңолмок эле?

Айтмакчы, чыгыш акылмандары кандарды мүнөздөп келип эң  жаман кан “каардуу, заардуу” кан деп, андан кийинки кан өз кызыкчылыгын бийик койгонду, андан кийинкиси “мени даңазалагыла” деген мактанчаакты мүнөздөп келип, ал эми эң мыкты Кан анын “бар-жогу элге байкалбас” иши ырааттуу жүргөн ошондой “Канды эң мыкты Кан” деп сыпаттайт. Балким мындай маанилеште да чоң маңыз бардыр.

Чын эле элди сыртынан көзөмөлдөп, элди кыспай өз эркине койгон жерде, эл аккан суудай өзүнөн турмушуна эртелеп туура нук салып алаар. Элдин энергиясын ойготуу, элдин жайчылыкта туура жүргүзгөн саясат менен  нарктуу элге айлантып алуу көсөм Эл башынын кылаар иши эмеспи. Негизи жылуу сөз жыланды да ийнинен чыгарат да.  Чакчу жыланды ак чачып кайра кетирүү жөрөлгөсү жөн жерден чыкпаса керек. Негизи жылкы кишинешкенче, адам  сүйлөшкөнчө дегендей ачык баарлашуу, журт ичин сыйлашууга көндүрүү бийликтин эң чоң иштеринин бири да. Жогоруда идеология – мамиленин куту деп маанилеп жатканыбыз жөн жерден эмес.

Бийлик башынан баштап нускалуу жолго түшүшү өтө чоң жеңиш. Кандын кареги эки болсо калайыктын көзү миң сан, кимдин ким экенин дароо эле билип коет. Бийлик элден мурун өзүн тарбиялап теске салышы керек. Анан жан-жөөкөрлөрүн ( чиновниктерин).  Эл менен Кандын ортосунда дайыма ушу чиновниктер катмары турат. Алардын тарбия- таалим алуусу өтө чоң маселе. Саткындар да, эл жегичтер да ошолордун арасынан чыгат. Булар мамлекеттин кыр аркасы. Ошондон го Кон-фу-ций жети китебин жазып, алардын жан дилин жетилтүүгө, адамкерчилигин тарбиялоого өзгөчө кунт койгон эмеспи. Байкасак Бакай Атабыз да ошол миссияны талыбай аткарып, Манас заманындагы үч муунду теске салган. Ал үчүн элине ылайык эрежени- салтты ( мыйзамды) так сактоо Кандын эң башкы милдети. Экинчиден чындык бурмаланбай айтылып, убагында туура чечим алганга көндүм зарыл. Мүмкүнчүлүк менен убакытты туура пайдалануу да ийгиликке өбөлгө. Казынаны байытуу качан болсо маанилүү. Элди багуу – өз учурунда туура амалды табуу. Байлыктын кутун күтө билүү жакырчылыкка жолотпойт. Мамиле кутту күчтөнтөт. Ошентип барып АТА МЕКЕНдин пайдубалы орнотулат. Жүрө-жүрө Теңир куттуу Кан менен насилдүү  мамлекет түзүлөт. Бийликтин маани- маңызы ушунда.

 НАРКТУУ ЭЛ

Эми нарктуу эл жөнүндө сөзгө өтөлү. “Бузулган элге бучуктан бий болот” деген калкта сөз бар. Бул сөз деле “эшегине жараша тушагы” деген сөзгө маанилеш. Элдин касиетин бекем кармап турган эң башкы нерсе – дайыма сый! Сый бузулса чыр күчөйт. Сыйы жок эл эч качан оңолбойт. Кыргыз элин кылымдан кылымга сактап келген улуу жагдай ушу сыйчылдыкта. Аттиң, азыр анчалык сый мыйзамы иштебей калды. Бул коркунучтуу жосун! Башкасын айтпаганда да: “Улууга урмат — кичүүгө ызаат” деген накыл сөз жөн жерден чыккан эместир. Таяке-тай, тууганчылык, кудалашуу, достошуу, адам катары өз ара көрүшкөн кезде дулдуйбай ызааташып салам айтып, алик алышуу каяктан жөн жерден чыксын. “Арыбаңыздар”!- деген ак тилек сөздө  ошончолук жолуккан кишиге күч-кубат тилөө жатат. Каалоосуна ыраазы болгон жолочунун жообу “Бар бол!”  Бул сөз да энергиялуу! Адамдар арасында алаканы арттырып, ыкласын түз жолго салып жатат. Эл ичи бузулбаш үчүн, күндөлүк карама-каршылык күчөбөш керек — ушу жөнөкөй турмуштагы сыйлашууну өтө чоң деңгээлге көтөргөндүгү – элибиздин өтө чоң акылмандыгы жана көөнөргүс мамиле+кут байлыгы!

Чындыгында ынтымактан өткөн байлык жок. Ал эми ынтымактын ачкычы сый! Жакшы санаалаштыктын эл ичинде бекем болушу элдин жышаанын туура кармап, ич-ара адамдык мамиле күтүүнүн анык үлгүсү! Чыр-чатагы көп жерден ырыскы качат деген сөз өтө маанилүү эскертүү!  Нарктуу элде сабырдуулук күчтүү. Терс сөз сүйлөп, сиркеси суу көтөрбөй калган абалдан Жараткан сактасын. Мындай көрүнүш элдин тобосу жанып кеткен учурда күч алат. Терс энергия элдин ичинде кайнап, байкалбай бир чоң балээни чакырат. Ээлигип жээликкендик жакшы жөрөлгө эмес. Бул көңүл тоңдура турган минус жосун. Нарктуу элдин жышааны ушундай көрүнүштөргө жол бербоо. Элде: “Ээликкенден жээликкен жинди болот, аныккандан кыныккан ууру болот”” деп коет эмеспи.  Нарктуу элдин көзөмөлү күчтүү, тартиби бекем, нускасы улук, дайыма ак жолдуу. Эч качан кыянаттыктыкка жол бербейт. Калыстык өкүм сүрөт. Калк кайраты бекем. Ич арада сыйлашуу жүрөт. Сый болгон жерге чыр жолобойт. Нарктуу эл жакшылыкты асырайт. Бузукулукту жолобос кылат. Күрдөөлүү күчтүү. Ынтымагы бекем, ырыскысы толук. Кыраакылыгы кылдат. Бир ооз, бир сөздүү. Чар учкандай кеп талашпай, маселени жүйө менен чечет. Абалы айыбы барды, кечирим суратат, жазасы да адилет.

Сыйдын бузулушу кайым айтышуудан башталат, ал каршылаштыкты пайда кылат, каршылаштык жоолашууга алып келет, жоолашуунун аягы кан төгүү, кыргыш-согуш менен бүтөт. Мындай азаптын кимге кереги бар, оозду тыйып оболу ачууну убагында ар ким өзүн сабырдуулукка алып келиши- бул эл ичиндеги ынтымакка салым. Эстүү эл, ээн ооздукка жол бербейт. Убагында өз ачууңду басуу, тутанган өрттү өз учурунда өчүрүү менен барабар. Залал кылчу нерседен эл  ичи дайыма сак болушу керек. Мына ушундай сактануунун аркасы  менен мезгилдин ар кандай сыноосунан өтүп келген жолу – анык нарктуулук! Нарктуулук жакшылыктын тарбиясын өнөкөткө айлантуу. Жаман-жакшыны так түшүнүп ажыратуу, зыяндуу ишти билип туруп жасабоо. Нарктуу эл өз башынан өткөн тарыхий сабактын негизинде жүрө — жүрө каада-салтын түзгөн. Бул жерден биз каада менен салтты жаздымсыз түшүнүп алышыбыз зарыл. Салт эмне, каада эмне? Биз ушундан көп жаңылып жатабыз! Эгерим маанисин ажыратып билбесек, каада-салт бузулат жана иштебейт. Ар ким өз билген каадасын жасап, акыры салтты кыйратат. Анан “салт иштебейт” деген дооматын күчөтөт. Негизи НАРК-НАСИЛ деп да  бирге айтылат. Мурда Эл-жер деген ажырымсыз бир түшүнүк болчу. Азыр деле  эл жери менен эл, жери жок эл бозгун, же кул. Азыркы кезде чиновниктик катар өтө күчтөнүү менен башкаруу бийлигин колго алгандыктан, эл-жер деген түшүнүктүн кутун учуруп, мамиле кутун кыйла бузуп салгандыктан, дүйнө жүзү боюнча коррупциялык система өтө өөрчүп кеткени сокурга да айкын болуп турган учур. Бул маселени кайсы эл эртелеп теске салса, ошол эл күрдөөлдү элге айланаары барган сайын айкындалып баратат.

 

 НАМЫСТУУ АДАМ

Элибизде ар-намыстуу адам деген сөз бар. Ар бир жүргөн эки аяктуу киши ар-намыстуу боло албайт. Жашоого өз көз карашы бар, өзүнүн өмүрдөгү максатын аңдап билген, өз сөзүнө бекем туралган өзүн өзү тарбиялап, турмуштун көптөгөн сыноосунан өтүп, адамкерчилигин жетилткен, эрк-кайраты бекем, оң мүнөзгө эгедер, башканы сатып кетпеген, зыянкечтикке барбаган, абийири тунук, ак эмгекке таянган, аракеттен жанбаган, көрбөгөнү калбаган, жана да зарыл кезде ишенимди актаган нускалуу адамды “намыстуу” десек жарашаар. Намыстуу адам – нарктуу элдин уюткусу, азыркыча айтканда ядросу; же жогоруда биз токтоло сөз кылган өзөгү! Андай адамдар жашоонун сыймыгы! “Намыстуу” деген сөз бийик наамдуу сөз. Ким болбосун эл-журт ардактап сыйлаганда гана  анык “ наамдуу” болот.  Ар ким өзүн “намыстуумун” дегенсип божомолдошу мүмкүн, бирок көпчүлүк эл эмгеги менен эрдигин баалап, “ азамат, эл намысына жарады “ дегенде гана бул сыймык жарашып калат.  Балким: а)Намыс+туу адам, б) Намыс+көй адам, в) Кур намыс киши, г) Куу намыс куруткур д) Намысы жок киши деп  чечмелесек сөзүбүз тыянактуу болоор.

Анда “НАМЫС –ТУУ” деген сөздө эле канчалык даража жатат. Туу —  бийиктеткен куттуу сыймык. Туу түбүндө тураарлар, туу саярлар байыртан ардакталган. Элдин туусун жеңдирбес, калк намысын тебелетпес, элдин тиреги. Эгерим эл Туусун алдырганда согуш жеңилүү менен бүткөн. Демек, жашоодогу намысын алдырган эл кулга айланган. Эл болуу –эркиндигин туу тутуу! Демек, ар-намысы бар элдик адамды туу туткандыктан “НАМЫСТУУ” деп сыйлашса керек. Намыстуу болуш үчүн канчалык эрк керек, акыл-эс, кажарлуу аракет керек! Чөкпөй да, көптөй да турмуштун чиеленген жолун басышы керек, абийири эл алдында кирдебеш керек, ара жолдо калбашы керек, канаты талбашы керек, турмуштун түгөнбөгөн сыноолорунан өтүшү керек, абийирин кирдетип албашы керек? НАМЫС – ТУУ! НАМЫС-ТУУ! Ушул сыймык кимдин болсун жан дилине уюбаса, ар качан адалдыкты тутунбаса,  аруулукка жуунбаса, айкөлдүккө умтулбаса кантип адам намыска Туу боло алат? Ачкөздүктү жеңбесе, адалдыкка келбесе, ар качан азаматтык кылып Мекенге тирек болуп бербесе, майдалыгын жеңе албаса, туруктуулукка келе албаса кантип Туу болот? Намыстуу адам- кут токтотот. Намысына туралган эл адам, нарктуу элдин таянычы! Намыстууну көрбөй, наадандыкты төбөгө чыгарганда нарк бузулат. Наркы жок эл- караламан, алардын кайсынысы болбосун кыйынсына берет.

Элибизде “намыстууга” маанилеш “Намыскөй” деген дагы сөз бар. Мага бул сөздүн “намыс+тууга”  караганда салмагы  төмөнүрөөк сезилет. Намыс-көй?  Ушу сөздүн деле этимологиясы туурадай, мисалы “Кур намыс” деген сөзгө караганда.  “Намыскөй” деген сөз шарты келген учурда “Мен бармын” деп капшыттан даяр чыга калгандай сезилет. Үй-бүлөнүн, айыл-апанын керегине жарап бергендей тариздүү. Намыстын “гөйү” маселелерди оңду-солду чечип, ошого учурунда жарап тургандай.

Дайыма элдик туудай желбиреп чоң байгеге, чоң элдик намыска жарабай, кайра кайсы бир  жаатташуудагы намысты талашып, андайда “намыскөйлөнүп” жагдайга карап жаздым мүнөз күткөндөй. Кантсе да намыскөйлүккө эгедер киши бирде болбосо бирде уяты ойгонуп, чындыктан жазганып калганын турмушта көрүп жүрөбүз. Намыстын учкуну болсо да бар экендиги жакшы жышаан. Намыскөйлөрдүн анык жүзү чоң сыноолордо ачылат, ага чейин эки жүздүүлүгүн байкаш кыйынчылыкка турат.

Ал эми “Кур намыстан” Кудай ары кылсын! Бирок намыстуулардан, кур намысчылдардын арбыныраак болушу элдин жетиле электигин айгинилейт.  Алар көбүн эсе өз пайдасынын аркасынан чуркагандар. Жеке кызыкчылыктан колу бошобогондор.  Алар баарына бара берет. Өз пайдасы үчүн  намысы канча кирдесе да кайыл. Бир күнү бети бар, бир күнү жүзү жок. Кур намысчылдардан баарын күтүүгө болот. Элдин убалына көбүрөөк калгандар да ушулар, анткени оодук-соодук, күн тийген жердин чоросу.

Эми “куу намыс” алардан ичтеги душман катары эле  сактануу керек. Куу намыс жүзү ачылгыча кара күчкө кызмат кылат. Жазгырчууну жазгырат, азгырчууну азгырат. Тескери иштейт. Намыстууга ич күйдүлүк кылат, жолун торойт, өчөштүгүн өмүрү өткөнчө жасайт. Андайлар бийликке жетсе, анык элдин шору.

Намысы жок адам  өзүнө өзү маани бербеген, өзүн жетилтпеген, эрк- кайраты жок, кош көңүл, качан болсо шартка баш ийип берген, аракети жок. Кара жанын кор кылып баккан, кемсинтүүгө, тепкиге көндүм болгон, кайда барса өзүн малай, кул сезген, басынган пенде. Бир карасаң тагдыры аянычтуу. Ушундай ал-абалда калганына негизинен өзү себепкер. Анткени эрки бош, коркок, жооштун жоошу. Же коомдон запкы көрүп биротоло басынып, жашоодон жакшылык күтпөй калган неме.

Анык намыстуулук – айыкаттуулуктуу желбиретет. Ал элге сыймык! Ушундай эл сыймыгына ээ болгон  НАМЫСТУУ АЗАМАТТАР элибизде дайыма арбын болсун!  Анда элдин келечеги жаркын! Азаматтарыбыз  асыл адамдык сапатка ээ болуп, анык намыстуу жанга айланыш  үчүн – дайыма, ар качан “ Асыл ой, ак сөз, адал иш” жасоону жаран өзү көнүмүшкө айлантканда намыстуу адам болуп элге тилек да, тирек да болуп, элдин кутун сактап, наркын өстүрүп, насилдүү мамиле кутка ар-намысы менен кызмат кылаар. Мындай ар намыстуу азаматтары арбын эл ар качан келген замананы ак жолго салаар! Ошондуктан бул эссеге: “ НАСИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТ( МАМИЛЕ +КУТ), НАРКТУУ ЭЛ, НАМЫСТУУ АДАМ” деген биримдикке токтоп, учурдагы идеологияга ой жорум кылдым.

Бөлүшүү

Комментарийлер