МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

  • 02.12.2021
  • 0

                                                                    Атомщиктер, Айга конгон астронавт,

                                                                    Президенттер болгон сага окуучу.

                                                                    Жер үстүндө адам жашап турганда,

                                                                     Мугалимдик  — кесиптин туу чокусу.

Мугалимдин инсандык сапаты өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоодо өтө чоң мааниге ээ. Жаш курактык психологияда белгилүү болгондой, окуучу мектепке киргенден тартып, мугалим ата-эненин ордун алмаштыргансып, мугалимдин элеси окуучунун сезиминде ишенимди, үмүттү жаратат. Курчап турган дүйнө жөнүндө билим, маалымат  берген адам окуучу үчүн моралдык авторитетке айланат. Эгерде, мугалим адеп-ахлаксыздыктын үлгүсүн көрсөтсө, сөзү менен иши карама-каршы болсо, жашоосу үлгү боло албаса, анда бул окуучулардын дүйнө таанымынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип, моралдык  жактан жабыркоого алып келиши мүмкүн.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Ал эми окуучулардын тарыхый дүйнө таанымын калыптандырууда, патриоттуулукка, атуулдукка, өз жерин сүйүүгө тарбиялоодо тарых сабагынын ролу чоң экенин эске ала турган болсок, анда жаш муундарды идеологиялык принциптерге тарбиялоодо,  тарых мугалиминин ролу ого бетер жогору экенин эсибизден чыгарбайлы.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Кыргыз Республикасынын өз алдынча эгемендүү мамлекет болуп өнүгүшүндө, анын басып өткөн тарыхый жолу боюнча элестүүлөрдү калыптандыруу тарых мугалиминин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Ошондуктан, Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-экономикалык билим берүү факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарых мугалимин даярдоодо тарыхый билимдердин мазмуну аркылуу энциклопедиялык билимдерди окутуу менен эле чектелбестен, келечектеги адистерди билимдерин түшүнүүгө, турмушта колдоно билүүгө үйрөтөт. Ошондой эле  билимдердин үстүндө ой жүгүртүү менен талдоого, жалпылап жыйынтык чыгарууга, анын негизинде мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүдөгү баалуулуктарга ээ болууга тарбиялайт. Демек, тарых жана социалдык-экономикалык билим берүү мугалиминин ишмердиги коом менен тыгыз байланышта болгондуктан, коомдогу социалдык-экономикалык, коомдук-саясий маселелер анын көңүлүнүн борборунда. Бул маселелердин туура чечилиши мамлекеттин өнүгүшүндөгү негизги фактор катары мыйзам ченемдүүлүктөрдү талдай билүүгө үйрөтөт. Тарых мугалими, тарыхый билимдерди таанып билүү аркылуу мамлекеттин надстройкасын,  идеологиялык мамилелерин өнүктүрөт. Ошентип, предметти окуп үйрөтүү менен, өзүнүн миңдеген окуучуларын Кыргыз Республикасынын чыныгы жарандары кылып тарбиялоо вазийпасын, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн көндүмдөргө жана жөндөмдөргө окутат, үйрөтөт, тарбиялайт.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Азыркы күндөгү тарых мугалиминин коомдогу орду жана абалы толтура көйгөйлөр менен коштолуп келатат. Совет доорундагы тарых мугалими менен эгемендүүлүктөгү тарых мугалимин салыштырып болбой калды. Анын орду каякта, эмне болду деген толгон токой суроолор менен туңгуюкта. Биздин факультет республиканын тарых мугалимдерине белгилүү деңгээлде илимий-методикалык жактан жардам берүү иштерин аткаруу багытында бир катар иштерди аткарууда.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга ылайык, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн педагогикалык жогорку окуу жайлар менен мектептин кызматташтыгын күчөтүү максатында Токтогул районуна И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин “Тарых”, “Адам жана коом” предметтерин окутуудагы компетенттүүлүктөрдүн калыптанышы жана окутуунун сапатын жогорулатууда инновациялык  технологияларды колдонуу” темасы боюнча мугалимдердин адистигин жогорулатуу семинарын өткөрүп  келдик.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Семинар Токтогул районунун №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Семинар үч күнгө созулуп, райондун ар аймагынан 55 тарыхчы мугалими катышты.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Семинар И.Арабаев атындагы КМУнун атынан гранттарды ишке ашыруу максатында жүргүзүлдү. Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор Н.У.Курбанова жаңы муундагы ББМСнын талаптарына ылайык сабакты этаптар менен пландаштыруу маселелери, тарых билиминин концепциясы, негизги милдеттери, тарых (5-11-класстар) жана «Адам жана коом» предметтеринин жаңы мамлекеттик стандарттарынын максаттарына токтолуп, окуу планына ылайык сабактарды пландаштыруунун негизги этаптары жана ага коюлган жаңы талаптар менен тааныштырды. Ошондой эле билим берүү стандарты тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр, түшүнүктөр, мазмундук линиялар, предметтик компетенцияларга  түшүндүрмө берди.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.К.Жыргалбекова – тарыхый билимдин мазмунунун түзүлүшүнө токтолду. Доцент К.А.Курманалиев – “Тарых” сабагында предметтик стандарттын (5-9-класстар, 10-11-класстар) негизинде негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун жолдоруна, билим  берүүдөгү маалыматтык технологиялардын ролуна жана тарых предметинен даярдалган электрондук окуу куралдарына кеңири токтолду. Ошондой эле ал Курманалиев биринчи сессияда Тарых сабагын окутууда маалыматтык технологияларды колдонуу маселелерин өзөктүү маселе катары көтөрүп чыкты. Азыркы күндө, бул теманын актуалдуулугунан улам мектеп мугалимдери тарабынан чоң кызыгууларды жаратты.

МУГАЛИМДИН ЭМГЕГИН КООМ ТАТЫКТУУ БААЛАШЫ КЕРЕК

Тарых илимдеринин кандидаты Г.К.Алыкулова  “ЖОЖдор менен жалпы билим берүүчү орто мектептердин байланышы” деген темада баяндама жасады.

Кыргыз билим берүү академиясынын ага илимий кызматкери Б.У.Козубаева «Жаңы билим берүү стандарттарынын негизинде студенттерге адам жана коом предметин окутуу» баяндамасы менен онлайн форматында катышып, мугалимдер үчүн керектүү методикалык түшүндүрмө берди.

Андан соң, теманы бекемдөө үчүн практикалык тапшырмалар берилип, анда мугалимдер топтордо иштешти жана жасаган иштерин ортого салышып пикир алмашуу жүрдү.

Семинардын акыркы күнү 10-11-класстын окуучулары арасында тарых сабагы боюнча олимпиада өткөрүлдү. Олимпиадага тарыхка кызыккан 39 мектеп окуучусу катышты жана байгелүүү орундарга ээ болушту.

Курстун жыйынтыгында 5-11-класстарда тарыхты окутуудагы көйгөйлөр талкууланды. Азыркы күндөгү тарых сабагынан берген мугалимдердин проблемаларын угуп жана талкуулап, тарых мугалиминин азыркы ролу, коомдогу орду жөнүндө кайрылуу кабыл алдык.

Бул кайрылуу бир эле Токтогул районунун эле тарых мугалимдеринин эмес, бүтүндөй Кыргызстандын аймагындагы тарых мугалимдеринин кайрылуусу. Анткени Кыргызстандагы бардык мугалимдердин коомдун колдоосунан  сыртта калып калган ачуу чындыгын айтып, жеткирүү баарыбыздын милдетибиз деп ойлойбуз.

Семинардын соңунда, мугалимдер өздөрүнүн презентациялары жана материалдары менен бөлүштү жана пикир алмашты, мындай курстун көптөн бери боло электигин айтышып ыраазычылыктарын, алкоолорун билдиришти.

Н.Курбанова, профессор; К.Курманалиев, доцент; Г.Алыкулова, ага окутуучу; Г.Жыргалбекова, доцент, И.Арабаев атындагы атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети

 

ТАРЫХ САБАГЫНЫН МУГАЛИМДЕРИНИН КАЙРЫЛУУСУ

Билим берүү жана илим министрлигине Токтогул районундагы тарых сабагынын мугалимдери бир нече талаптарын көрсөткөн  кайрылуу жолдошту.

Көмүскөдө калган ардактуу мугалимдердин көйгөйлөрү, арыз муңдары мамлекеттик деңгээлде каралбай калганын кесип ээлери  кайрылууда баса белгилешкен. Алар бир нече талаптарды көрсөтүшкөн: мугалимдердин айлык акысын жогорку деңгээлге жогорулатуу жана бүгүнкү күндө тарбиялоо өтө оор болуп жаткандыгына байланыштуу класс жетекчинин айлыгын да жогорулатуу; мугалимдин статусун жогорулатуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынан материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү; билим сапатын жогорулатуу максатында класстардагы контингентти 25ге чейин азайтуу; мугалимдердин сабакка даярдануу убактысын көбөйтүүдө  кагаз иштерин азайтуу, үй кыдырып, фотоотчетторду даярдоону жоюу; ата-энелердин милдетин аныктап жана күчөтүү менен мугалимдердин беделин көтөрүү жана мыйзамдаштыруу; Кыргызстанда исламдашуу процессинин айынан ар түрдүү диний агымдардын таасири күчөп бара жатат, ошол себептен кыргыз элинин менталитетине шайкеш “Дин маданиятынын тарыхы” сабагын тез арада программага киргизүү. Ошондой эле предметтин өтүлүшүн тарых  мугалимдерине милдеттендирүү; 7-8-класстын адам жана коом сабактарын тарыхчы мугалимдерге берүү каралсын (электрондук китептери даярдалып чыккан). Адам жана коом сабагынан 7-8-9-10-11-класстар үчүн китеп басылып чыксын; квалификациялык категорияларды аттестациялоонун негизинде жүргүзүү; аттестациялоолорду электрондук формада жүргүзүү (коррупцияга бөгөт коюу максатында); мугалимдердин пенсиясын жогорулатуу; жаш мугалимдерди турак-жай, үй куруу үчүн участокторду берүү, арзандатылган ипотека менен камсыз кылуу; тарых мугалимдерине карта, техкаражаттар менен камсыз кылуу.

Бөлүшүү

Комментарийлер