МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮ КАНТИП ЭСЕПТЕЛЕТ?

  • 20.06.2023
  • 0

2022-жылы “Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине  жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө”  чыккан Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык,  мугалимдер жана окутуучулар үчүн эмгек өргүүнүн узактыгы 56 күн. Бирок айрым мугалимдер эмне үчүн аз күнгө эмгек өргүү эсептелди, эмнеге салык кармалат  деген суроолор менен  редакцияга кайрылышууда.

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮ КАНТИП ЭСЕПТЕЛЕТ?

Үзгүлтүксүз иштегендер 56 күнгө чыгат

Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратованын айтымына караганда,  2021-жылы бардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктын башчыларына мугалимдин өргүүсүн эсептөөнүн тартибин түшүндүрүү боюнча кат жөнөтүлгөн. Анда үзгүлтүксүз иштеген мугалимдердин 56 күнгө эс алууга чыгуусу, ошол күнгө каражат эсептөө формуласы мисалдар менен келтирилген экен.

— Өткөн жылы Министрлер Кабинетинин “Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндөгү”  токтому чыккан. Токтомдо ар бир педагогикалык кызматкердин ээлеген кызмат ордуна жараша канча күнгө өргүүгө кетээри каралган. Ал эми өргүүнү санап жатканда акыркы үч ай, т.а. март, апрель, май алынат. Ал дагы токтом менен бекитилген, — дейт башкармалыктын башчысы.

Акыркы үч айдын айлыгын  үчкө жана 29,6 бөлгөндө бир күндүк орточо эмгек акысы чыгат экен. Ошону эле  56 күнгө көбөйтсө өргүүнүн акысы чыгат.

— Ал эми толук иштебегендер бар. Мисалы, сентябрь айында жумушка жаңы кирген болсо, ал Эмгек кодекси боюнча толук 11 ай иштебеген үчүн ага 56 күн берилбейт. 37 күнгө эс алууга кетиш керек болот. Ооба, мугалимдер баарыбыз тең 56 күндү алышыбыз керек деп талап кылышат. Биринчи жылы жаңы келгендер аз күнгө чыгат, ошого карата аз акча чыгат. Ал эми кийинки жылы толугу 56 күнгө эсептелет.  Бир нерсени айтып коюу керек, акыркы үч айда бир дагы мугалим суранбайт жана оорудум деп жараксыз баракча алып келбейт. Себеби айлыгы аз чыгып, жыйынтыгында өргүүсү эсептелгенде акча азайып калат, — дейт Акыйкат Баймуратова.

Эсептөө формуласы

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮ КАНТИП ЭСЕПТЕЛЕТ?

Жалал-Абад шаарындагы №7 мектептин башталгыч классынын мугалими А.Мавлянованын 2022-жылдын 1-июнунан тартып 56 күнгө чыккан эмгек өргүүсүнүн эсебин мисалга алалы. Анын акыркы үч айлыгы:

Март айы – 26687 сом

Апрель айы – 26362 сом

Май айы – 25577 сом

1 кварталда активдүү ар кандай иш-чараларды өткөргөңдүгү, мыкты  иштегендиги үчүн стимулдаштыруу фондунан 4236 сом айлыгына кошулган. Бул мугалимдин 56 күндүк эргүүсүнө 52255, 32 сом чыккан. Ал кандайча эсептелди?

26687+26362+25577+4236=82862 сом:3:29,6 =933,13 сом х 56 күн=52255,32 сом.

Экинчи бир мисал, №3 мектептин жогорку класска берген мугалими З.Акбаровдун эмгек отпускасын карап көрөлү. Анын 56 күндүк эмгек өргүүсүнө 44668,84 сом чыккан.

21983+20903+21540+6406=70832 сом:3:29,6 =797,66 х 56=44668,84 сом.

Салык кармалабы?

— Ушундай суроолорду мугалимдер көп беришет. Өргүүдөн кармалбашы керек дешет. Андай болбойт. Маселен, мен тапкан каражаттан салык, социалдык камсыздандырууга милдеттүү түрдө беришибиз керек. Бардык кызматкерлер мыйзам чегинде мамлекетке салык төлөйбүз, ошонун эсебинен пенсиядагыларга мамлекет пенсия төлөп берет. Кээ бир учурда педагогикалык кызматкерлерге сыйлык акы берилет, андан дагы тийиштүү салык кармалат, — деди А.Баймуратова.

Бийик тоолуу райондогу мугалимдр эмне үчүн көп акы алышат?

— Тоолуу аймакта жашагандарга 56 күнгө дагы 12 күн кошулуп берилет. Бул нерселер мыйзамда жазылып турат. Албетте, аны биз аткарабыз. Бийик тоолуу райондорго 20%, 50% кошумча акылары бар. Климаты катаал жерде иштегендерге мамлекет  кошумча каражат төлөйт. Мага ушундай суроолор менен келгендерге, “анда барып Нарында иштеңиз. Алты ай бою кычыраган кышта иштегендердин кан басымы жогору, кант диабети ж.б.у.с.  менен ооругандардын саны арбын” деп жооп берем. Ал эми Бишкекте андай каражатты төлөп бергенге мыйзам жол бербейт, — дейт  башкармалыктын башчысы.

Автоматташтырылган программа

2020-жылы эле бардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө/башкармалыктардын эсептөө бөлүмүнө автоматташтырылган система коюлган. Республика боюнча бирдей программа иштейт.

— Жакында эле биз Жогорку Кеңештин жыйынына барганда бир депутат мугалимдердин атынан Президентке, Министрлер Кабинетинин төрагасына, министр Каныбек Иманалиевге ыраазычылык билдирди. Мугалимдердин  бардыгы тең жогорулатылган эмгек акынын  эсебинен өргүү акысы дагы көбүрөөк чыкканын билдиришти. Белгилей кетүү керек, министрликтин пансионатына мугалимдерге бекер эс алууга жолдомо берилип жатат, — деди Акыйкат айым.

Келишим менен иштегендерге кандай эсептелет?

Келишим менен келген мугалимдер бир жылга эле келет. Алар акыркы эсептөө менен айлыктарын алышат. Алар отпускага  чыкпайт. Иштеген күндөрү боюнча гана эмгек акы төлөнөт. Эгерде 1-сентябрда кайра мектепте иштегиси келсе, аны менен кайра жетекчилик жаңы келишим түзөт. Келишимди карабай эле өргүү бергиле дегендер да жок эмес экен. Ал адам штатта турган жок жана болгону тогуз  ай гана иштеген. Келишим менен иштеген адамды жетекчи кайра жумушка чакыра албайт. Ал эми 56 күндөн кийин мугалимдер жумушка чыгып, жаңы окуу жылына даярдык көрө башташат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер