МУГАЛИМДЕР ЖЕТИШПЕЙТ. СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

  • 13.03.2024
  • 0

Кыргызстанда мектептик билим берүү тармагында  89 000 ашык мугалимдер эмгектенишет. Бирок айрым предметтер боюнча мугалимдер жетишпейт. Себебин карап көрөлү.

МУГАЛИМДЕР ЖЕТИШПЕЙТ. СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Үч эсе кыскарды

Маалыматка таянсак, Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдан тарта мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча жасаган иш-аракеттери мугалимдердин жетишсиздигин үч эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди, ал эми 2023-2024-окуу жылынын 15-февралына карата 686 кадр жетишпейт.

— Бишкек шаары – 183, Баткен – 107, Ысык-Көл – 72, Жалал-Абад – 53, Ош шаары – 6, Ош облусу – 59, Нарын – 19, Талас – 30 жана Чүй – 157. Бир кезде жаштарды мектепке тартуу боюнча “Жаштар үчүн депозит” деген сынак өтчү эле. Ал дагы, тилекке каршы, каржы маселесине байланыштуу өтпөй калган, — дейт министрликтин мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кылым Сыдыкназарова.

Бишкекте абал кандай?

Бишкектеги окутуу орус тилиндеги мектептерге кесипкөй адистердин жетишсиздиги боюнча маселе өтө курч экенинен кабар берет. Статистикага көз салсак, борбор калаада, Чүй жана Баткенде облустарында мугалимдер көбүрөөк жетишпей жатканы маалым. Алсак, борбор калаада 183 мугалим жетишпейт дегени менен окутуу орус тилиндеги мектептерде андан да көп экени айтылууда. Өзгөчө табигый предметтер боюнча, т.а. химия, физика, математика, география предметтери боюнча мугалимдер бир эле борбор калаада эмес, жалпы республикада жетишсиз экен. Себеби орус тилдүү химик, физик, математик, географ болоюн деп жогорку окуу жайга тапшырган жаштар жокко эсе. Эксперттердин айтуусу боюнча, биринчиден, жаштарга мугалим болуп иштөөгө социалдык жактан шарттар түзүлгөн эмес. Экинчиден, жождор бүтүрүүчүлөрдү табигый адистикке  чакыруу боюнча алдын ала иштерди жакшы жүргүзбөй жатат. Үчүнчүдөн, жождордо табигый предметтерди берген окутуучулардын саны да жетишсиз.

— Канча жылдан бери мен жогорку окуу жайларга барып, жогорку курстагы студенттер менен келишим түзүп, мектепке алып келейин десем факультеттин өзүндө орус тилдүү студенттер жокко эсе. Эгерде кадрлар жетишсиз даярдалбай жатса, мектепке мугалим каяктан келет? Биздин жогорку окуу жайлар профориентация иш-аракетин начар жүргүзүп жатат. Маселен, Россиянын жогорку окуу жайлары келип, биздин бүтүрүүчүлөрдү өздөрүнө үгүттөп, окутканы алып кетип жатат. Биздикилер камырашпайт. Маселен, борбор калаадагы №57 аралаш мектепте декабрдан бери география мугалими жок болгондуктан, сабак өтүлбөптүр. Менимче, бул маселени “Росскызматаштык” менен чечүү керек. Себеби Россиядан Кыргызстанга келип иштейт элем деген мугалимдер абдан көп экен, бирок биз алардын жашаганга батирлерин төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринде деле биздикиндей маселе курч турат. Бирок алар Россиядан мугалимдерди чакырып, жашоо шартын түзүп берип жатат. Бизде окутуу кыргыз тилиндеги мектептерде мындай маселе жок, — дейт Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Г.Акматова.

Өзүнүн аты-жөнүн айткысы келбеген жаш мугалим N. мындай дейт: “Элестетиңиз, борбор калаанын айрым мектептеринде бир класста 40-50 окуучу отурат. Эки классты бириктирип окуткандай сезилет. Химия предметин түшүндүргөн менен кайра кайтарым жок. Өтө татаал, болгондо да жогорку класстарга сабак берүү кыйын. Ошондуктан бошоп кетүүгө аргасыз болдум. Экинчи себеби, коомчулук  мугалимдин беделин өтө эле түшүрүп салды. Ким жаман? — Мугалим. Ким акча чогултат? – Мугалим деген кара пиар дагы мугалимдерди тажатты”. Борбор калаанын белгилүү бир мектебинде неберелерин окуткан Гулина чоң апа мындай дейт: “Азыр мектепте окуу деле болбой калыптыр. Үч неберем (белгилүү себептер менен мектепти белгилеп айткан жок) ушул мектепте окучу эле, сабак жок, эшикте эле ойноп жүрүшөт экен. Кыз неберемди №100 мектепке которттук, бир неберемди №24 мектепке котордум эле, ал жерден чоңоюп калган неме окугусу келбей, кайра өзүнүн мектебине келип, өткөн окуу жылында Ата-Түрк университетинин колледжине сынактан өтүп кетти. Абдан туура кылды, себеби окутканга мугалимдери жок болсо, жөн эле 11-классты бүтөм деп жүрө бермек беле? Эми бир неберем калды, ага баары бир экен. Спорт менен машыгат. Тайсон деле “үчкө” окуптур деп бизди күлдүрөт. Бирок борбор калаада ушундай маселе бар экенине абдан таң калдым. Анда региондордо абал кандай болду экен?” – деп бизге кайра суроо узатты.

Чүйдө деле көйгөй жок эмес

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү кадр маселесин чечүү максатында бир катар орчундуу иштерди жүргүзүп келатат. Азыркы күндө Чүй облусу боюнча 157 кадр жетишсиз, себеби окууну жаңы бүтүп келген жаш кадрлар алыскы айылдарга баргысы келбейт. Ал эми экинчи бир көйгөй – бул жакта деле орус тилдүү мектептерде көп кадрлар жетишпейт.

— Бул көйгөйдү чечүү максатында Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү “Росскызматаштык”, “Алабуга”, Кыргызстандагы ЖОЖ менен профориентациялык иштерди үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп келет. Мындан тышкары И.Арабаев атындагы КМУ менен тыгыз байланышта кызматташып келебиз, бирок, тилекке каршы, аталган окуу жайда көбүнесе кыргыз тилдүү кадрлар даярдалып келет. Кадр маселесин чечүүдө ар бир жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдары жаш кадрлардын турак-жайы жана айлык маянасына кошумча айлык катары кошуп берүү иши жолго коюлган. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күндө орус тилдүү жаш кадрлар жокко эсе болуп жаткандыгы талашсыз, — дейт Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Райымбек Султанов.

Учурда  Чүй облусу боюнча кыргыз тилинен тогуз кадр, орус тилинен — 20, чет тилинен -18, тарыхтан — 14, адам жана коом — 4, дин өнүгүү  тарыхынан — 1, математикадан — 16, биология сабагынан — 2, географиядан  — 4, физикадан — 14, химиядан — 4, информатикадан — 12, технология — 6, музыкадан — 8, дене тарбия сабагынан — 9, АЧД сабагынан — 1, башталгыч класстарга 15 мугалим жетишпейт. Бирок бул жетишпеген кадрлардын ордуна башка сабактан берген мугалимдер убактылуу сабак өтүп жатат. Башталгыч класстар боюнча эки смен менен сабак өтүшөт экен.  Өз адистиги менен даярдалган жаш кадрлар баары бир жетишсиз экенин бөлүм башчы баса белгиледи.

Баткен

 Баткен облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмон Эркебаевдин айтканына караганда, облустун аймагындагы билим берүү мекемелеринде жалпы   109 мугалим жетишпейт. Мектеп жетекчилери жетишсиз мугалимдердин сабактарын атайын даярдоо курстарынан өткөн мугалимдерге жана тектеш предметтик мугалимдерге берип келүүдө, жакын арадагы мектептин мугалимдери менен келишим түзүп, эмгек акы төлөө шарттарына дал келсе айкалыштырып иштөөгө чакырып, сабактарды үзгүлтүккө учуратпоо аракетин жасап келишет.

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында 13 мамлекеттик мектеп иштейт. Азыркы учурда мектептерде 629 мугалим эмгектенип келүүдө. Азыркы учурда  мугалимдердин жетишсиздиги — 6 мугалимди түзөт, анын ичинен — 5 мугалим орус тилде окутулган мектептерге, 1 мугалим кыргыз тилинде окутулган мектептерге. Мугалимдердин жетишсиздиги төмөнкү предметтер боюнча: орус тили, физика,  АЧД, география, музыка жана технология.

— Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу Баткен облустук гимназия-жатак мектебине бир музыка мугалими жетишпейт. (3 саат, кружок). Бүгүнкү күнгө чейин музыка сабагын башка мектептин мугалими айкалыштырып окутуп келет. Бирок айкалыштырып иштеген мугалим вокал багытында болгондуктан бул гимназия мектебине музыкалык аспапта ойногон жана дайыма иштеген мугалим керектелет. Мектептерде сабактар өтүлүшү үчүн университеттерден мугалимдерди айкалыштырып иштөөгө мектептерге чакырабыз. Мындан тышкары 4-5 курстун студенттерин тартабыз. Жыл сайын Ош жана Баткен университеттери менен келишим түзөбүз. Бирок буга карабастан университеттин бүтүрүүчүлөрү жетишсиз деңгээлде келбей жатат, — дейт жетекчи.

Ал эми Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү уюмдарында химия предметинен  3 мугалим, физика предметинен 1 мугалим, АЧД предметинен 1 мугалим, музыка предметинен 6 мугалим, орус класстардын башталгыч класстарына  4 мугалим, география предметинен 1 мугалим, биология предметинен 1 мугалим, математика предметинен 1 мугалим, жалпы 18 мугалим жетишсиз.

— Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү уюмдарында 19 мугалим жетишсиз. Бирок жогорудагы предметтерди ошол эле мектептен тектеш предметтен курстан өткөн  мугалими сабакты өтүп келет. Ал мугалим диплому бар адис  келгиче өтөт. Ал эми Кадамжай райондук  билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы 85  билим берүү уюмдарында 34 мугалим жетишсиз. Басымдуу музыка предметинен — 9 мугалим, география предметинен — 5 мугалим, сүрөт  предметинен — 3 мугалим, орус тили предметинен — 3 мугалим, информатика предметинен — 2 мугалим, биология предметинен — 3 мугалим, АЧД предметинен — 2 мугалим,  англис тили предметинен — 1 мугалим, тарых предметинен — 1 мугалим, дене тарбия предметинен 2 мугалим, математика предметинен — 1 мугалим, химия предметинен — 2 мугалим. Сабактар негизинен предметине туура келген мугалимдер тарабынан өтүлөт. Орус тилдүү мектептин предметтери  вакантта өтүлбөй турат. Б.а. география, музыка, денге тарбия, сүрөт, АЧД предметтери, — деди О.Эркебаев.

Ошондой эле Баткен райондук  билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы 54  билим берүү уюмдарында 17 мугалим жетишсиз. Сабактар негизинен предметине туура келген мугалимдер тарабынан өтүлөт. Эмгек акы төлөө шарттарына туура келген мугалимдерге бөлүнүп берилет. Жакын арадагы мектептерден айкалыштырып иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар мугалимдерди чакырабыз.

Дүйнөлүк тренд эмне болот?

Ааламдашуу доорунда коом жогорку квалификациялуу инженердик-техникалык, айыл чарбалык STEM адистерди талап кылууда. Ошондуктан дүйнөлүк тренддерге жараша STEM–технологиясы табигый илимдерге, инженерияга, математикага багытталган билим берүүчү предметтер приоритет катары алдыңкы орунга чыгып жатканда, биздин мектептерде бул адистиктерге кесипкөй мугалимдер жетишпей жатканы чатак эмей эмне?!

Маалыматтарга таянсак, 2030-жылдардан кийин  планетада 400-800 млн адам жумушсуз калат экен. Анын ордуна жасалма интеллект, роботтор азыртан эле иштей баштады. Ушул жагынан алганда мектепте табигый илимдер боюнча түшүнүгү жок балдардын келечеги кандай болот деген суроо туулат?

Мамлекет мугалимдердин эмгек акысын үч эсе жогорулатканда, табигый предметтерди окуткандарга 20% кошумча акы белгиленген эле. Ошого карабастан, негедир орус тилдүү физик, математик, географ, биологдор мектепке келбей жатат. Келсе дагы көп кармалбай эле бошоп кетишет экен.

— Балдарды мектеп партасынан эле табигый илимдерге кызыктыруу керек. STEMге ылайыкташып окуган балдардын эмгек акылары 26%га жогору болот. Адамга көндүм, критикалык ойлонуу болбосо, маселени чечүүгө багытталган бир көз караш калыптанбаса абдан кыйын болот. Андыктан биз тарбиялап жаткан мектеп окуучуларын дагы XXI кылымдын талап кылган көндүмдөрүнө окутушубуз керек. Көндүмдөрдүн философиясы бүгүнкү STEM предметтерине байланышкан. Анткени техникалык багытка кызыгууну көбөйтө турган STEMди киргизүү менен биз эртеңки маркеттин, базар экономикасынын талабы болгон муктаждыктарды жапканга шарт түзүлөт. Учурда көп адамдар жаңы кесипке өтүп, алты айда же бир жылда массалык түрдө IT адистерге айланып жатат, — дейт мектеп жетекчиси Мирлан агай.

Демек, өндүрүшкө импульс берген тармак STEMге байланыштуу болуп жатканын,  андыктан балдардын илимий изилдөөгө көз карашын, технологиялык түшүнүктөрдү, инженериялык көндүмдөрдү  жана адамдын мээсинде математикалык мейкиндикти калыптандыруу маселеси  алдыбызда турган милдет. STEM предметтер боюнча жаңы түшүнүктөр калыптанып, окуучуларга берилип жаткан билим берүүнүн ыкмасы алмашуу керек экенин эксперттер байма-бай айтып келишет.

Өлкө башчы да өзү мугалимдердин эмгек акысы жогорулаганын, ошондой эле STEM предметтерге өзгөчө маани бурулганын, аларга стимфонддон кошумча каражат каралганын дайыма баса белгилеп келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер