МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУ

  • 01.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайына тапшырган абитуриенттер мамлекеттик тилден милдеттүү сынак тапшырсын деген буйругу коомдо кызуу талкууга алынды. Бул демилгени колдогондор мурун эле ишке кириши керек эле десе, кээ бири бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик тилден өзүнчө сынак тапшыруунун кажети жок деп эсептейт. Аталган министрлик маалымат жыйын өткөрүп, жаңы киргизилип жаткан тест тууралуу кенен айтып берди.

Сертификат алуу үчүн кыргыз тилдүү мектептин окуучулары В1, ал эми орус же дагы башка тилде окугандар А2 деңгээлинен кем эмес билимин көрсөтүшү шарт. Бул сынак менен быйыл кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик тилдин абалы аныкталышы керек деп эсептешет адистер.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУ

“Быйылкы жылдын жаңылыгы – жогорку окуу жайга тапшырам деген абитуриенттер милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден тест тапшырат. Тесттин акысы 200 сом. Мазмунуна, өткөрүү шарттарына токтолсок, учурда жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат. Көлөмү негизги тесттей эле өтө чоң болбойт, лексика, грамматика, окуу жана түшүнүүгө басым жасалат”, – дейт Билим берүүнүн сапатын баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн тест тапшыртуу демилгеси 2018-2019-жылдары башталган. Бул демилгени ишке ашыруу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине жүктөлгөн. Анда мамлекеттик тилдүү билүүнүн А1 – элементардык, А2 – базалык, В1 – ортоңку, В2 – ортодон жогору, С1 – жогорку деңгээлдери аныкталган.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУ

“Учурда талкуу болуп жаткан тестти биз 2019-жылы баштаганбыз. Ал жылы абитуриенттер ыктыярдуу тапшырышкан, кийин пандемияга туш болуп унутулуп калды. Эгер абитуриенттин колунда кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча мамлекеттик сертификат болсо, жогорку окуу жайга кабыл алууда артыкчылык берилет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде да жазылган. Мисалы, бир орунга талапкер болуп жаткан эки абитуриенттин тең жалпы республикалык тестирлөөдөн алган упайы бирдей болуп, алардын кимисинде “Кыргызтесттин” сертификаты бар болсо, ага артыкчылык берилмек, – дейт “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская.

Талап бар жерде өсүү бар

Министрликтин бул демилгесине мектеп окуучуларынын ой-пикирин сурадык.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУБишкек шаарындагы №66 мектеп-гимназиянын 11-классынын окуучусу Ырысбай кызы Айзирек мамлекеттик тилден кошумча сынак тапшыруу тууралуу маалыматты уккан.

“Биздин мектеп эки тилде окутат. Мен кыргыз тилдүү класста окуйм. Андыктан тест тапшыруу мага оорчулук деле жаратпайт. Жеке пикиримде, жогорку окуу жайга тапшырайын деп жаткан абитуриенттер гана эмес, мамлекеттин ар бир жараны кыргыз тилин билүүгө тийиш. Бул сынак аркылуу мамлекет өлкө жаштарынын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктап, ошого жараша мамлекеттик тилдин колдонулушун жогорулаткан кандайдыр бир система иштеп чыга алат”, – деген ойдо.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУАл эми ушул эле мектепте орус классында окуган Сайдураимова Камила бул тестти тапшырарда мамлекеттик тил эне тили эмес болгон окуучулар кыйналып каларын, бирок мамлекет тарабынан талап болуп жаткандан кийин, 11 жыл кыргыз тили жана адабияты сабагы кирип, окуп жаткандан кийин аракет кыларын айтат.

“Менин айлана-чөйрөмдө орус тили басымдуулук кылат. Окуган китебим, кызыктуу материалдар орусча. Айланамда кыргыз тилин билгендер аз. Ошол эле параллель кыргыз класстарында окуган досторум да орус тилинде баарлашат. Андыктан кыргыз тилин билбөө жашоомдо көп деле роль ойнобойт го деп ойлойм. Бирок биз мектепте окуп, кийин жогорку окуу жайда билимибизди улантабыз десек, мамлекет койгон талаптарга баш ийип, азыртадан тестке даярданышыбыз керек”, – деген пикири менен бөлүштү Камила.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУМедициналык терминдер орусча, англисче айтылып, кыргызча которулган, которулса да ал аталыш колдонулбаган, ошондой эле билим алуу процесси да ушул эки тилде өткөн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.

“Мамлекеттик тил маселеси – жалпы маселе. Мамлекеттик тилге аяр мамиле кылуу ар бир кыргыз жаранынын милдети. Келечекти курам деп билим алып жаткан жаштар тилди билип, аны өнүктүрүүгө салым кошуусу биздин мекемеде эң маанилүү орунда турат. Бул ишти билим берүү системасына киргизүү убакытты талап кылышы мүмкүн, бирок мамлекеттик тилде сынак тапшырууга милдеттендирүү учур талабы. Азыртан баштап алсак, келечекте өз нугу менен кете берет”, – деп маалымдады Медакадемиянын басма сөз кызматы.

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ: МИЛДЕТТҮҮ ТЕСТТЕН КОРКПОЙЛУКыргыз тили жана адабияты сабагынан берген тажрыйбалуу мугалим Махабат Айдаралиева да милдеттүү тест мамлекеттик тилге болгон мамилени өзгөртөт деген ойдо турат.

“7-февралда чыккан буйрукту эң туура чечим болду деп ойлойм. Себеби кыргыз тилде сүйлөтүүнүн жана окутуунун ар кандай ыкмаларын, кадамдарын буга чейин канчалык колдонуп сабак өтпөйлү, тилге болгон муктаждык же кандайдыр бир талап болбой келген. Бул милдеттүү түрдө тапшыруу деген талап кыргыз тилге болгон мамилени арттырат. Мисалы, бүгүнкү күндө ар бир кызматкер тесттен өтүп, тил билүү деңгээлин тастыктап, сертификат алууда. Жылдан-жылга каалоочулардын саны арбыды. Себеби дегенде аларга талап бар. Демек, абитуриенттер да мындай демилгени туура кабыл алып, азыртан олуттуу мамиле жасай баштайт”.

Быйыл 11-классты 73 миңден ашык окуучу аяктайт. Учурда жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу башталды.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер