МЕНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯМ

  • 25.04.2023
  • 0

Жаштыгымдан арзуу кылган кесибиммугалим болуу. Кандай гана ары кызыктуу, ары түйшүктүү кесиптердин бири.

МЕНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ФИЛОСОФИЯМ

Профессор, доктор, жумушчу, слесарь да мугалимдин колунан тарбияланат, окушат. Мен өзүмдүн педагогикалык философиямдын мазмунун төмөнкүлөр түзөт: “Билим – талыбагандыкы, илим — наалыбагандыкы” деген макал бекер жеринен эместир. Билимдин чыйыр татаал жолу менен тырмышып жүрүп олтурган адам гана анын чокусуна жете алат. Улуу педагогдор Я.А.Коменский, А.С.Макаренко, А.В.Сухомлинский, Ш.В.Амонашвилинин эмгектерин окуп келүүдөмүн. Кыргыздын педагогикасына салым кошкон педагог-окумуштуулар С.Байгазиев, С.Рысбаев, К.Акматовдордун китептери менин окуу куралдарымдын бири. Ж.Баласагын улуу ойчул, философ “Кут алчу билим” дастанында ”Илим менен билимге көпүрө – тил, көкөлөткөн билимди – тили деп бил” дегендей, азыркы заманда жаш муундарды тилди байытууга, тилди үйрөнүүгө багыттоо негизги милдетим деп эсептеймин. Канча тил билсең, сен ошончо эл билесиң, журт билесиң, ымала маданиятын үйрөнөсүң.

“Өнөр алды — кызыл тил” деп бекеринен айтылган эмес. Ошон үчүн оозеки өнөр маданиятын урпактан урпакка, кылымдан кылымга улантып келе жатышат. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин БУУнун ЮНЕСКОнун маданият бөлүмүнө кирип, дүйнөгө таанымал болушу ушул аркылуу бизди оозеки маданиятыбызды дүйнө эли үйрөнөрүнө чексиз кубандым.

Дүйнө жазуучусу, кылым залкары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуу жана үйрөнүү, жаш муундарга жеткирүү менин милдетим деп эсептеймин. Ар бир жаш муундун жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, ак барактай таза сезимин таза сактап, аны байытып, эркин бекемдеп өстүрүүгө аракеттенем. Ошондуктан жердешибиз педагогика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов агайыбыздын Устаттык өнөрү, Акыл эмгегинин маданияты (АЭМ) китебин окуп, түшүнүп, үйрөнүп, практикада пайдаланып келүүдөмүн. Себеби бул АЭМ – акыл, эс, интеллект менен аткарыла турган жумуш. Окуучу окуганды, жазганды, эсептегенди үйрөнүү менен сабат ачат, андан ары өнүгүү үчүн акыл эмгегин, маданиятын өздөштүрүүсү шарт.

Заман акыл эмгегинин заманы. Ошондуктан окуучуларыма базар экономикасы заманында акыл эмгеги менен куралдандыруу менин милдетим деп эсептедим. Айрыкча, окуучуларды АЭМди пайдаланып, окуу техникасын жакшыртууга, шар окууга, китепти туура окууга, түшүнүүгө, темага суроолорду берүүгө, себеп-натыйжасын табууга үйрөтүү менин алдымдагы негизги мугалимдик милдетим. Бүгүнкү күндүн билимдүү адамын тарбиялоо ар бир мугалимдин парзы.

Менин дагы бир максатым — ата-энелер менен иштөө. Мугалим – окуучу — ата-эне үч принцип менен бирдей иштеген адам гана жемиш бере алат дегендей, мен да классымда “Энелер мектебин” уюштуруп иштеп жатамын. Мен системалуу “Энелер мектебинин” программасында  сабак өткөндүгүмдүн натыйжасында:

1. Үй-бүлөлүк китепкана түзүлүп, энелер “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун, Ч.Айтматовдун китептерин, жомокторду, аңгеме жыйнактарын  сатып алышты.

2. Стол, стул, китеп текчелерди толуктап, атайын бөлмө уюштуруп беришти.

Натыйжада, классымдын окуучулары сабактарга жакшы катышып, билим сапаты жогорулады. Тартиби да оңолуп, өз ара бири-бирине жардам берише баштады.

Менин милдетим

1.“Аракеттен – адат, адаттан мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат”. Тарбия башаты – үй-бүлөдөн башталат. Ошону жетекчиликке алып, мен ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барамын;

  1. Келечекте ыймандуу, адептүү, көп маданиятты билген атуулдук сезими бар инсанды тарбиялоо менин милдетим;
  2. Мектеп – окуучу — ата-эне принцибин сактоо менен окуучуларды билим, илим дүйнөсүнө сүңгүп киришине таасир этүү, ар бир мугалимдин жоопкерчилиги деп билемин. Предметчи мугалимдери менен үзгүлтүксүз иш алып баруу;
  3. Заман талабына жараша окуучуларды окурман кылып тарбиялоо эң негизги проблема. Ошондуктан энциклопедия, кошумча адабияттар, сурама адабияттар менен иштөөнү адатка айландырганмын.
  4. Интерактивдүү усулдук ыкмаларды, техникалык каражаттарды, слайддарды пайдалануу – мезгилдин талабы. Коом менен үндөш жашоо, төгөрөгү төп келишкен инсанды тарбиялоо үчүн өз билимимди өркүндөтүү үчүн курстарга, семинарларга катышып келемин;
  5. Педагогикалык фантазиямда адабий каармандардын образын түзүп, сахнада аткаруу чеберчилигин өркүндөтүү;
  6. Биз чакалап насаат айтабыз, бирок өзүбүз тамчылап амал кылабыз дегендей, жаш муундарды адептүүлүккө, ыймандуулукка, билим деңгээлин өнүктүрүүгө тарбиялоо;
  7. Улутту улут кылган – анын эне тили. “Улук болсом — тилим менен улукмун. Улут болсом тилим менен улутмун!” деп окуучуларымды эне тилин сүйүүгө, мекенчилдикке чакыруу”
  8. Адамда адам болуу — жакшы сапат, дүйнөдө өткүм келет туура жашап. Андыктан үзгүлтүксүз изденип, терең билимге ээ болуу;

“Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу”  деп Ч.Айтматов айткандай, менин педагогикалык жеке көз карашымда илим-билимди – турмуш, айлана-чөйрө, коом  менен тыгыз практикалык негизде иш алып баруу. Эл аралык стандарттын талабына жооп берген жаш муундарды тарбиялоо. Айтылгандардын баары системалуу түрдө иш алып барганда гана жасалган аракет өз жемишин берет.

Сапаргүл ТАГАЕВА, Лейлек районундагы Кыргызстандын 60 жылдыгы орто мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер