МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

  • 07.03.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин жылдык жыйынтыктоочу отчеттук коллегиясында Догдуркүл Кендирбаева мектептик, мектептен тышкаркы билим берүү, мугалимдин статусун көтөрүү, санариптештирүү маселелерине кеңири токтолуп, жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында китеп басып чыгаруу саясаты кайра каралып чыкканын белгиледи.  “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси түзүлүүдө. Жылдык отчетко КР Кабинет Министринин төрагасы Акылбек Жапаров катышып жатат.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Мектептик, мектептен тышкаркы билим берүү

Мугалимдерди окутуунун заманбап усулдары менен камсыздоо, чыгармачыл жана критикалык ой жүгүртүүнү калыптандыруу, усулдук иштерди күчөтүү боюнча тапшырманы ишке ашыруу үчүн,  2023-жылы 100,8 миң педагогикалык кызматкер (анын ичинде мамлекеттик мектептердин, бала бакчалардын директорлору, мугалимдер, тарбиячылар, китепканачылар, методисттер, кесиптик лицейлердин директорлору) эффективдүү башкаруу, STEM билим берүү, PISA-2025ке катышуу, медиа сабаттуулук, инновациялык технологиялар, көп тилдүүлүк, окутуунун жаңы ыкмалары, менеджмент ж.б. боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү. 116 мектеп директору «Алабуга» өнөр жай үлгүсүндөгү атайын экономикалык зонасы (Татарстан) Акционердик коомунун Политехникалык лицейинде окутулганы белгиленди.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, Министрлер Кабинети мектептердин директорлорунун жана директордун тарбия иштери боюнча орун басарларынын айлык акысын 50% көтөрүү чечимин кабыл алды.

— 2022-2023-жылдары 1084 мектеп директору сынактын негизинде дайындалган. Учурда дагы 333 бош орун бар. 2022-жылы мугалимдердин социалдык абалын жакшыртуу боюнча жасалган иш-аракеттер мугалимдердин жетишсиздигин үч эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди, ал 2023-2024-окуу жылынын башында 720 адамды түздү. Функционалдык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу максатында PISA-2025ке катышууга даярдык көрүү максатында функционалдык сабаттуулук (математика, окуу, табигый-илимий) боюнча тапшырмалардын жыйнактары иштелип чыккан, — деди министр.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Окуу китептери

Министрликтин “Жаңы китеп” автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилген маалыматтарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин китепкана фондунда жалпы 11.914.430 окуу китеби бар, алардын 8.331.831 окуучулар жана мугалимдер тарабынан колдонулуп жатат. Анын ичинен 7.706.463 – окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин, 3.366.566 – окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин, 820.561 – окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин жана 20.840 – окутуу тажик тилинде жүргүзүлгөн мектептердин китепкана фондундагы китептер.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Ушул эле системага киргизилген маалыматтарга таянсак, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин окуучуларынын жалпы саны – 1.457.625. Окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептеринде 1 окуучуга 12 окуу китеби туура келет десек, республиканын мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин окуу китептери менен камсыздалышы 70,5 % түзөт. Райондор боюнча окуучулардын жана окуу китептеринин саны тууралуу толук маалыматты https://kitep.org.kg/kg порталынан алууга болот.

Мектеп китепканаларынын фондундагы окуу китептеринин көпчүлүгү 2022-жылга чейин басылып чыккан. Демек, 2022-жылга чейин басып чыгарылган окуу китептеринин мазмунун 2022-жылы кабыл алынган Мамлекеттик билим берүү стандартына жана 2022-2023-жылдары 1-11-класстар үчүн жаңыланган предметтик стандарттарга шайкеш келтирүү зарыл.

Бүгүнкү күндө окуу китептеринин авторлору жана басмалар жогоруда белгиленген стандарттарга таянуу менен мектеп окуучуларынын, анын ичинде башталгыч класстардын окуу китептеринин мазмунун жаңылоо жана толуктап иштеп чыгуу боюнча иш алып барып жатышат. Ошондой эле республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана окуу китептерин ижарага берүүдөн чогулган каражаттардын эсебинен 2024-2025-окуу жылына карата даярдала турган окуу-методикалык комплекстердин тизмеси түзүлүп жатат.

Башталгыч, негизги жана орто класстар үчүн бардык предметтер боюнча, негизинен табигый-илимий (физика, химия, биология) боюнча окуу китептери электрондук форматта иштелип чыгууда. Материалдардын 70% кыргыз тилинде болот.

Кыргызстандын мектептери үчүн эң мыкты чет элдик окуу китептерин адаптациялоо боюнча тапшырманы аткаруу үчүн эң белгилүү эл аралык окуу китептерин кыргыз тилине которуу (Оксфорд, Кембридж, Маршалл Кавендиш ж.б.) боюнча иштер башталды.

2019-2023-жылдар аралыгында жалпы суммасы 352 миллион сомдук 1 миллион 911 миң даана окуу китептери басылып чыкты. Учурда мектептерде 1 миллиард 128 миллион сомдук 4,5 миллион нуска окуу китептери жетишсиз.

Белгилей кетсек, 2023-жылы республикалык бюджеттен мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууга 152 млн сом бөлүнгөн. Бул каражаттын эсебинен 2023-жылдын экинчи жарымында жалпы билим берүү уюмдары үчүн 738 940 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалды. «Учкун» ААКсы 700 миң окуу китебин чыгарууну пландоодо.

Андан тышкары, министрлик менен USAID уюмунун биргелешкен “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 2023-жылы 1.790.030 нускада ар түрдүү жанрдагы дидактикалык китептер даярдалды. Китептер мектептердин окутуу тилин эске алуу менен кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде басылып чыгып, 1681 мектепке бөлүштүрүлүп берилди.

2024-жылы мектептерди окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджетте 152 млн.сом каралган. Анын ичинен 5 млн сому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы токтомуна ылайык көзүнүн көрүүсү боюнча майыптыгы барлар үчүн Брайл ариби менен терилген окуу китептерин басып чыгарууга каралган. Бул каражатка быйыл да мазмуну жаңыланган окуу-методикалык комплекстерди даярдоо (тираждоо) пландалууда.

Республика боюнча окуу китептерине болгон суроо-талаптын көлөмүн эске алганда, 152 млн.сом жетишсиз. Ошондуктан республикалык бюджетте каралган каражаттар мектептерде чоң суроо-талап жараткан окуу китептерин сатып алууга гана жумшалууда.

2018-2019-окуу жылынан тартып республикалык бюджеттин, донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен басылып чыккан окуу китептерин ижарага берүүдөн топтолгон каражаттардын көлөмү 248,8 млн сомго жетти. Бул каражаттар да мектептерди жаңы окуу китептери менен камсыздоого жумшалат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын    16-октябрындагы жана 2018-жылдын 24-июлундагы токтомдорунун негизинде мектептерде окуу китептери ижарага бериле баштаган.

Мектептердин китепкана фондун энциклопедиялык, классикалык, көркөм адабияттар менен толуктоо максатында 2023-жылдын 1-августунан тартып республикалык масштабда “Билимге кошумча” акциясы өткөрүлүп жатат. Ошондой эле мектептердеги китеп таңкыстыгын жоюу максатында министрликтин төмөнкү билим берүү ресурстарына балдар адабиятынан тартып окуу китептерине чейин жүктөлүүдө: электрондук китепкана: https://kitep.edu.gov.kg/kg; билим булагы: https://bb.edu.gov.kg/index.php/ жана айбилим: https://ibilim.edu.gov.kg/kyr/index.html. Бул ресурстар бардык кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүү жана акысыз.

Жыйынтыктап айтканда, мектептердин жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыздоо максатында китеп басып чыгаруу саясаты кайра каралып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы токтому менен министрликке караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Бул мамлекеттик мекеменин  иши өзүн-өзү каржылоо принцибинде жүзөгө ашырылат. Билим берүү жана илим министрлиги учурда мекеменин Уставын иштеп, бекитүү алдында турат. Ошондой эле  Адилет министрлигинен каттоодон өтөт. КР Президентинин иш башкармалыгы менен биргеликте “Окуу китеби” басма үйү” ММны ведомстволук объекттерде болгон аянттардын эсебинен, акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана эксплуатациялык чыгымдарга акы төлөө менен жайгаштырылмакчы.

Аталган басма үйүнө жергиликтүү жана чет өлкөлүк басмалар жана потенциалдуу авторлор менен тыгыз кызматташып, кыргызстандык окуучулар үчүн эң керектүү окуу китептерин адаптациялоо, которуу, жаңылоо, басууга даярдоо өңдүү орчундуу жумуштарды аткаруу вазийпасы жүктөлөт.

Мугалимдин статусун көтөрүү жана санариптештирүү

Мугалимдин беделин жогорулатуу жана улуттук баалуулуктарды калыптандыруу, ошондой эле билим берүү уюмунда жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында ар бир билим берүү уюмунда жайгаштыруу үчүн “Мугалим, окуучу, ата-эне” кодекстери даярдалган.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык сынактарынын жобосу өкмөттө бекиди. Мындан сырткары министрликке караштуу «Санариптик билим берүү борбору» түзүлүп, ал түзүлгөн бардык маалыматтык системаларды башкарат.

Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 2022-2023-окуу жылында 1200 мектепте атайын компьютердик класстар түзүлдү.

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: САНДАР ЖАНА ФАКТЫЛАР

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту жана сегиз педагогикалык колледждер жабдылган. Мектептер эмеректери, сканерлери, принтерлери, көчүрүү модулдары, мультимедиалык класстары бар 25 миң компьютер алышты. Мектептерди компьютердик техника менен камсыздоону эске алуу менен заманбап системалык талаптарга жооп берген 1 компьютерге мектеп окуучуларынын саны 12/1 деңгээлине жеткирилди (салыштырмалуу: 2020-жылы 27/1). Мындан тышкары, мектептерге жана кесиптик лицейлерге  Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2000 ноутбук тапшырылды.

Ведомствонун 2023-жылдын 22-ноябрындагы буйругу менен өлкөдөгү билим берүү уюмдарында “Электрондук мектептин” негизги Концепциясы бекитилген.

Мугалимдер менен студенттердин ортосунда МКТ компетенцияларын теңдештирүү тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Азия Өнүктүрүү Банкынан гранттык жана кредиттик жардам алуу долбоору иштелип чыкты (Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектепте билим берүүнү реформалоо) жалпы суммасы 40 млн АКШ доллары. Долбоор мектеп лабораторияларын STEM предметтери боюнча жабдууга, санариптик билим берүү платформасын өнүктүрүүгө, мектептерди жаңы окуу китептери менен жабдууга жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга багытталат.

Өлкөдөгү 2350 мектептин ичинен  1956 Интернетке туташтырылган, 2024-жылы дагы 189 мектеп туташтырылат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер