МАНАСЧЫ МАМБЕТ УНУТУЛБАСЫН
- 02.06.2023
- 0
Белгилүү манасчы Мамбет ЧОКМОРОВ 1896-жылы Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Корумду аттуу жеринде төрөлгөн. Манасчы райондун борбору Бөкөнбаев кыштагында жашап, 1973-жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Мамбет Чокморовдун манасчы болуп калышына бир тууган таякеси Дөңүзбайдын таасири зор болгон. “Манас” эпосунун үч бөлүгүн тең толук айткан манасчылардын эң акыркы өкүлдөрүнүн бири Мамбет Чокморовдун варианты эгемендүүлүктүн жылдарында академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы астында толук китеп болуп чыккан. М.Чокморовдун айтуусундагы үчилтик көлөмү жагынан С.Каралаевден кийинки орунда турат. Саякбайдын катарында турган Мамбет манасчынын келини Каналкан ДЫЙКАНБАЕВА эже кечээ жакында редакциябызга келип, кайнатасы тууралуу узун кеп салып берди. Эмесе, биз ошол маекти сиздерге сунуш кылабыз.
— Каналкан эже, кеп оролун өзүңүздөн баштасак. Кай жерден келдиңиз? Залкар манасчыга кандайча тагдырлаш болуп калдыңыз?
— Мен Жети-Өгүз районунда төрөлгөм. Ошол жерде чоңоюп, өстүм. Ак Терек мектебин 1966-жылы бүтүп, Тоңдо медициналык окуу жайга тапшырайын деп, тажеңемдикинде жүрүп калдым. Тажеңем да көзү ачыктыгы бар адам болгондуктан, келечектеги кайнатам Мамбет менен катышы бар экен. Бир күнү келип: -Кыздарыңдын бирин бер, келин кылып алайын, балам ичпейт, чекпейт, мугалим, — дептир. Ылайыктуусу мен болгом го. Таежем жээнимди берейин дептир. Анан мени макул кылып, алып беришкен. Кайнатам чоң манасчы экен. Жолдошум менден 16 жаш улуу болчу. Бактылуу жашадык, бала-чакалуу болдук.
— Манасчы кандай киши экен?
— Кайнатам абдан жакшы киши эле. Мен келгенде кемпиринин өтүп кеткенине төрт-беш жыл болуптур. Андан кийин жети жыл мен бактым. Өзү молдо болгон. Коомдук жайдан тамак ичпеген, жалпы мончого барбаган адам болчу. Үйдө чоң илегенге дамбалчан отуруп берет. Өз колум менен киринтчүмүн. Мени өз кызынан да артык көрчү. Мен да кайнатамды өз атамдай сыйладым. Каралашып дайыма жанында болдум. Кишиге жамандык айтпаган, жумшак адам эле. Кадимки Саякбай экөө теңтуш экен. Экөө бир туугандай чогуу жүрдү.
— Мамбет манасчыны табып да болгон деп укту элек?
— Ооба. Бир жылдары артисттер менен эл кыдыра коём деп, ооруп калыптыр. Үйүнө келгенден кийин, үч күндө айыгып кетет. Кийин алар менен кошулуп эч жакка чыккан жок. Манасым уруксат бербей койду дечү. Өзү чоң табып, элдик дарыгер, тамырчы болчу. Ооругандарды үйдөн көп көрчү. Эпкиндеп калган кишилерди сууга салып дарылачу. Төрөбөгөн аялдан тиши, башы ооругандарга чейин атама келип көрүнүп, эми түшүп айыгып кетчү. Атабыз өлгөнчө догдурга барган жокпуз. Башыбыз ооруса да, тишибиз ооруса да атабыз айыктырып койчу. Тумар чийип берчү. Беш убак намазынан жазган жок. Касиети күчтүү эле. Кайын энем Мамбет уктап жатканда оттой жалын бүркүп тургансыйт дечү экен. Денесинен от чачырап тургандай сезилчү.
— Ал кезде молдолорду, табыпчыларды партия кодулачу эмес беле?
— Туура айтасың. Жолдошумду парткомго көп чакырышты. Атаңды кой дебейсиңби, молдолугун токтотпойбу, катуу айт дегендей ишарат кылып көрүштү. Кийин кайра өздөрүнүн балдары ооруп калып, кайын атама келип, дем салдырып, дарысын ичип айыгып жүрүштү.
— Дем салганына, дарыгерлигине бир нерсе алчу беле?
— Кайдан. Бизге сөөмөйүн көрсөтүп, мобул колуңарга үч оролгон эле жип жетет, эч кимден эч нерсе сурабагыла, ак иштегиле дечү. Бирок, эл болгондон кийин манасчыга сый урматы күчтүү болчу. Кайын атамды көрүшкөндө берерге ашын таппай, пейилдери төгүлүп кетер эле.
— Кат сабаты жоюлган бекен?
— Арабча окучу, жазчу. Чоң молдолор жандап жүрчү. Дагы бир айтарым, биздин боз үйгө мен келе электе эле асмандан кут түшкөн экен. Чайнектин ичинде деп айтышат.
— Көргөнгө болот бекен? Ачып караган жоксузбу?
— Уруксаты жок экен. Ушул убакка чейин ачпайбыз. Атабыз кут түшкөн чайнекти ак чүпүрөккө тиктирип ороп, илип коюптур. Тышы башын карап, тазалап турабыз. Атабыздан калган куран китеби да сакталып турат.
— Эми манасчылык өнөрүнө токтолсоңуз?
— Жетимишинчи жылдары атамдын “Манасын” кагазга түшүрүп калдым. Атам айтат, мен жазам. Кечээ токтоп калган жерин, эртеси кадимкисинен бузбай улап кетчү. Жолдошум Касымбек экөөбүз кийин кол жазмаларды Илимдер академиясына өткөрүп бердик. Ортодо биз берген кол жазмалардын айрымдары жоголуп да кетиптир. Академиядагылар да келип көп жазышты. Ошолордун баары чогулуп, китеп болуп чыкты. Жоголгону жоголду, калганы калды. Атам “Манастын” үчилтигин толук айтчу. Чоң казатты айтканда бул жактан тигил тарапка сүрүлүп кетээр эле. Айтып баштаганда биринчи күңгүрөнүп, жай кетчү. Анан эргип катуу кетчү. Манасты бузуп айткандарга чыдай алчу эмес. Жанында олтуруп калса, чыканагы менен катуу нукуп жиберчү экен.
— Китептери качан чыгып баштады?
— 1996-жылы атамдын 100 жылдыгына карата жарык көрдү. Андан кийин академиядан А.Акматалиевдин жетекчилигинде үч илтиги жарык көрүп калды. Менин балдарым аким же министр эмес, жөнөкөй дыйкандар. Атамдын китептерин
Замир Мукашев, Арслан Майлиевдей эр азаматтар да колдоп, чыгарып жатышат.
— Манасчы кандай жашады. Эл менен байланышы кандай эле?
— Жакшы жашады. Кең далылуу, чоң шадылуу адам эле. Үйгө манасчылар, манасты изилдеген илимпоздор көп келчү. Өзү да аймактарга чыгып, манас айтып жүрдү. Эл үйгө тургузчу эмес. Чакырып кетишчү. Кадырлуу адам эле. Манжыл мазарына көп барды. Манжылда Мамбет манасчынын ээси бар деп коюшчу. Биринчи баламдан кийин, катар кош бойлуу болуп калдым. Ошол кезде капыстан ооруп калды. Бир күнү баласына: — Эми мен кетем, аз калды, балам. Эртең жумушуңдан суранып болсо да саат он экиде келип кал, — деди жолдошума. Жолдошум эртеси атасы айткан убакта келди. Келгенде эле сыртка чыгам деди. Мен жетелеп чыктым. Кайра үйгө киргизип, төшөнчүсүнө жаткыздым. Айтканындай, кыңайып жатты да, үзүлүп кете берди.
— Жашы канчада эле?
— 77 жашка чыкты. Жайына коёрдо казанагын жабарга кайдан-жайдан чоң, жалпагынан келген таш табылыптыр. Көтөрүп келип коюшса, казанакты толук жапкандай чак келиптир. Жайына барып, топурак салгандар таң калып көпкө айтып жүрүштү.
Усуке деген досу бар болчу. Ошого келиним эгиз төрөйт деп айтып кетиптир. — Мен жок болуп калам. Атын сен коюп бер. Бирин Курманжан, бирин Курманбек деп ата, — деген экен. Айтканындай эле мен эгиз төрөдүм. Усуке досу келип, атаңар мага ушинтип дайындап кеткен деди. Касиеттүү адамдын күмбөзү да Манас бабабыздын күмбөзүндөй болуп чоң түштү.
— Балдарынан атасын тартып манасчы чыктыбы?
— Балдарынан чыккан жок. Бирок атам азыр чыкпайт, неберелеримен чыгат деп айткан жайы бар. Буйруса чыгаар. Атамдын таякеси Дөңүзбай манасчы болгон экен. Кийин таякеси манасымды жээниме өткөрүп бердим дептир. Атабыз айтпай качып, элирип жүрүп араң токтойт. Талаада талып жатып калып, бир кезде тура калса, маңдайында Бакай ата туруптур. — Коркпо балам, — деген экен. Бер жактан бирөөсү аттын таноосу тийип калды, бул айтпайт, — десе, — Айтат! — дептир бабабыз. — Мөөрүңдү бас, — деген үн чыгыптыр. Белгини капталына басып, жүрүп кетишет. Оң жак капталында уйдун эмчегинен кичине, мөөндөй болгон боз так бар эле. Мен кармалап, көрүп калдым. Бул эмне десек, -Аа балам, манасты айттырып жаткан ошо,- дечү. Атабыз аян берген күнү Түмөнбай деген тууганыбыздын үйүнө келет. Манасты ушул жерден айта бер дешсе, — Жок, мен өз үйүмдөн айтам, — деген экен. Үйүнө келип, кой союлуп, тынбай 40 күн айтыптыр.
— Өзү кайда иштеди. Кесиби бар беле?
— Карапайым жумушчу болуптур. Боом капчыгайындагы темир жолдо да иштесе керек.
— Канча баласы бар экен?
— Атабыз 12 балалуу болуптур. Өлүп олтуруп, эки эркек, бир кызы калган экен. Азыр келини — мен калдым. Жолдошумдан төрт бала жетилди. Кайнимдин, кайын эжемдин балдары бар. Ар ким өз оокаты менен алек. Жолдошум Мамбетов
Касымбек 45 жыл мектепте мугалим болду. Мен китепканачы болуп чейрек кылымдай иштедим. Азыр 74кө чыгып калдым. Тагдыр экен, жолдошум 81 жашында өтүп кетти.
— Эми Сиз көздөгөн максат туурасында кеп кылсак. Манасчынын ысымы унутулбасын деп аракет кылып жүргөн экенсиз?
— Бөкөнбайдагы маданият үйүнүн алдында Мамбет Чокморов атамдын бюсту орнотулган. Жолдошум ошол маданият үйүнө атабыздын атын берсе деп көп жүгүрүп, максатына жетпей калды. Убагында партиялык чоңдор алдап коюшту. Бирок, көчө манасчынын атын алып жүрөт. Мурда абышкамдын тирүүсүндө бул иш боюнча чогуу жүгүрчү элек. Эми жалгыз аракет кылып жатам. Тоң районунан чыккан жалгыз манасчыбыздын көзүмдүн тирүүсүндө айылыбыздагы мектепке ысымын ыйгарып беришсе деп тийиштүү жерлердин баарына кирип чыктым. Айыл өкмөтү, мектеп, акимчилик колдоп, чечимдерин чыгарып беришти. Жалпы эл макулдугун берди. Тийиштүү жерлерге документтерин тапшырып да бердим. Улуу манасчы Мамбет
Чокморов залкар адам. Атабыздын атын өчүрүп албайлы. Касиеттүү бул адамга ызаат кылсак, урпактарга батасы тиет.
— Өзүңүз кай жерде туруп жатасыз?
— Азыр шаардамын. Жайында айылга кетем. Балдар каникулга тарады. Айылда эгиз баламдын бирөөсү бар. Уулум жер иштетет. Келиним мектепте мугалим. Төрт балалуу болушту. Үч эркек, бир кыз.
— Каналкан эже, улуу манасчынын уучу куру эмес экен. Залкар адамдын учугун улап, урпактарын жетилте бериңиз. Максатыңыз орундалсын!
Майрамбек ТОКТОРОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер