КЫРГЫЗСТАНДЫ ААЛАМГА ТААНЫТКАН ТАЛАНТ БЕГАЛИЕВ

  • 15.11.2021
  • 0

Жакында эле Грециянын Лутраки шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-октябрдан 24-октябрга чейин курч мүнөздөөттү. Анда 36 жаштан 60 жашка чейин беш категорияда ардагер балбандар күч сынашып, Кыргызстандын намысын алты ардагер балбан коргоду. Ала-Тоодон алты ардагер балбан барып, Талант Бегалиев менен Чынарбек Изабеков алтын медаль тагынса, Роман Сарыбаев – күмүш, Сааданбек Ниязов коло байгелүү болуп, олжолуу кайтып келишти. Жаштарга үлгү болуп, дүйнөчемпионатынын алтын медалын тагынган Талант Бегалиевдин тажрыйбасы, күрөшү, чеберчилиги тууралуу маектешип отурдук.

Кыргызстандык ардагер балбан Талант Бегалиев 19-октябрда эркин күрөштөн 56 жаштан 60 жашка чейинкилер арасында (Е категориясы) 70 килограмм салмакта күч сынашты. Ал финалда америкалык Михаел Ли Мадри менен беттешип, 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңишке жетип, алтын медаль тагынды.
Эркин күрөш боюнча Талант Бегалиев финалга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач орусиялык Евгений Даиндаповду, чейрек финалда италиялык Доминико Пицинини (10:0) жана жарым финалда литвалык Антанас Меркевичюсту (2:1) жеңип, финалдык таймашка чыккан. Талант атактуу балбан, Бээжин олимпиадасынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиевдин агасы болуп саналат. Мурдагы жылы дагы бир иниси Талас Бегалиев самбо күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнөчемпиону болгон.

– Талант мырза, жакында Грецияда ардагерлер арасында дүйнөчемпионатынан жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, алтын медаль тагынып келдиңиз. Сиз кандай даярдык менен баргансыз? Таймашуулар кандай деңгээлде өттү?

– Бул чемпионатка дүйнөжүзүнөн тандалган ардагер чеберлер катышып, күч сынашуулар курч мүнөздөөттү. Биздин балбандарыбыз жакшы даярдык менен барып, намысты колдон чыгарган жокпуз. Чынарбек Изабеков баарыбызга үлгү болуп, Грецияда дүйнөчемпионатынын үчүнчү алтын медалын утуп келсе, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Сааданбек Ниязов коло байгелүү болуп, Роман Сарыбагышев күмүш медаль тагынды. Андан сырткары, кудай буйруп, мен алтын байгеге жетиштим.

– Күрөш сиз үчүн кандай болду, атаан-даштарыңыздын даярдыгы кандай экен?

– Эң биринчи айлампада мен орусиялык Евгений Даиндаповду жеңип алдым. Чейрек финалда болсо италиялык балбан Доминико Пицинини 10:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп чыктым. Жарым финалда литвалык балбан Антанас Меркевичюс менен күрөшүп, аны 2:1 эсебинде утуп жатканымда ал жаракат алып калганына байланыштуу, калыстар жеңишти мага ыйгарышты. Финалда америкалык балбан Михаел Ли Мадри менен беттешип, аны дагы мөөнөттөн мурун 11:0 эсеби менен жеңип, дүйнөчемпиону болдум.

– Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Албетте, сиз спорт менен башынан бери машыгып келесиз, бул мелдешке сиз канча даярдык көргөнсүз? Өзүңүз билгендей, Канатбек Бегалиевдин үй-бүлөсүн чемпиондор династиясы катары көрүшөт эмеспи?

– Мен окуучулук күндөрүмдөэле күрөш менен машыгып баштагам, андан кийин 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтуна тапшырып, 1986-жылга чейин окуп, ийгиликтүү аяктагам. Биздин машыктыруучубуз Жапаралиев Валерий Турдакулович ошол кезде илимдердин кандидаты жана доктору болуп, жакшы жетишкендиктерге жетишип жүргөн. Устатымдан күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөнүп, өлкөбүздүн намысын коргоп жүрдүм. Биздин үй-бүлөдагы спорт менен мурдатан бери машыгып келет. Эң кичүү иним Бээжин олимиадасынын жана дүйнөчемпионатынын күмүш медаль ээси Канатбек Бегалиевди баары таанышат. Ал бир нече жыл мурун мага “байке, сиз бир жолу ардагерлердин арасына кошулуп күрөшүп келиңиз, мыкты жыйынтык көрсөтөөрүңүзгөмен терең ишенем” деп айткан сөзүнөишенип, төрт жыл аракет кылып, машыгып жүрдүм. Сааты, учуру келип, Канатбек инимдин сөзүн, өтүнүчүн жерге калтырбай, суранычын аткардым десем болот.

– Былтыр дагы ардагерлер арасында самбо күрөшү боюнча Талас Бегалиев да дүйнөчемпиону болуп келген эле. Ошондо сиздердин үй-бүлөдөэкөөңүздөр ардагерлер арасында дүйнөчемпиону экенсиздер да. Калган бир туугандар дагы спорт чеберлери катары мындай бийиктикти эңсеп турушса керек?

— Мурдагы күнү бир туугандар менен “спорт чеберлери бизден экинчи тепкичке ылдый отурсаңар болот” деп тамашалашып, жакшы маанайда отурдук. Иним Канатбек, бир туугандарым аэропорттон тосуп алышты. Дүйнөчемпиону болгонумда, эң биринчи Канатбек Грецияга телефон чалып, алгач ирет куттуктап, “Талант байке, сиз чын эле азаматсыз, мен сизге ишенгем” деп мен үчүн аябай сүйүнүп, жакшы сөздөрдү айткан эле.

–Эми Дене тарбия академиясын бүткөндөн кийин өзүңүз дагы машыктыруучу болуп иштеп калдыңыз да? Андан сырткары, ишкерчилик менен да алектенип жүрөсүзбү?

– Ооба, мен Дене тарбия академиясын аяктагандан кийин спорт боюнча инструктор болуп дагы иштеп жүрдүм. Биздин институттун ЖОЖунда дене-тарбиядан мугалим болуп дагы иштедим. Ишкерлик менен дагы алектендик, себеби мугалимдер менен машыктыруучулардын айлыгы ал убакытта эч нерсеге жеткен эмес.

– Сиздин канча балаңыз бар? Алардын арасынан сиздин жолуңузду жолдоп күрөш менен машыккандары барбы?

– Эки уулум жана бир кызым бар. Кичүү уулум бүгүнкү күндөда машыгып даярданып жүрөт, бирок азырынча жыйынтыктарды көрсөткөн жок. Келечекте Канатбек агасындай, мендей болуп, Кыргызстанды дүйнөгөтаанытсам деген бийик максаттары, аруу тилектери бар. Улуу балам жакында үйлөндү, ал өзү үчүн спорт менен машыгып, ден соолугун чыңдап жүрдү. Бирок кесипкөй спортко тагдырын арнаган жок.

– Бегалиевдин урпактарынан Канатбектен сырткары неберелериңиз же инилериңиз спорттон үмүт жандыра алышабы?

– Самбо күрөшү боюнча ардагерлер арасында дүйнөчемпиону, милициянын полковниги Таластын улуу баласы Алмаз деген жигит күрөшүп жүрөт. Ушул жигиттен дагы үмүтүбүз чоң. Ал жаштар арасындагы өлкөбүздүн чемпионатында экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду. Эми кийинки мелдештерге даярдык көрүп жатат. Алмаздан биздин үмүтүбүз чоң, кудайым буюрса, ал жигиттен Канат агасына окшогон көп ийгиликтерди күтөөрүбүзгөмен ишенем.

– Бегалиевдердин өзүнчөспорт мектебин же күрөш академиясын түзүү боюнча идеялары барбы?

– Ал идея мурун бар болчу, бирок учурдагы экономикалык кырдаал ойлогон ойдун ишке ашуусуна тоскоол болуп, турмуш өйдө-төмөн болот экен. Чынарбек Изабеков деген жигиттин күрөш академиясы чын эле иштеп жатат, себеби ал чыныгы күрөштүн күйөрманы, фанаты депутат дагы, министр дагы болом деген жок. Бирок өлкөбүздөгү спорттук күрөштүн өсүп-өнүгүшүнөтоодой салым кошуп, бул тармактагы азыркы Азия, дүйнөчемпиондорун даярдоодо биздин инибиз Чынарбектин салымы чоң. Ал негиздеген күрөш академиясынан канча жигиттер жана кыздар машыгып, чеберчилиги жогорулап, далай чемпиондор чыкканын баарыбыз билебиз. Кыргызстанды дүйнөжүзүнөтааныткан балбандардын көбү анын шакирттери болуп саналат. Ал түгүл ардагер балбандар дагы анын күрөш залдарына барып машыгып, андан кеп-кеңеш алып турабыз.

– Силердин айылыңарда Канатбек Бегалиев атындагы спорт комплекси ачылган эле, ал жер учурда иштеп жатабы ?

– Ооба, ал комплексте биздин машыктыруучубуз иштепжатат. Алгач ачылган убакытта эки машыктыруучу машыктырган, бирөөсү белгисиз себептерден улам башка жакка кетти, экинчи устат учурда иштеп атат. Ал жигиттин салымдары чоң, быйылкы спорт колледжге биздин айылыбыздагы бир балбан кыз кабыл алынды жана дагы бир жигит талапкер болуп турат.

– Негизинен эркин күрөштү Кыргызстанда өнүктүрүш үчүн кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр болуп жатат? Өкмөт эмнеге көңүл бурушу керек?

– Колдон келишинче биздин өкмөт көңүл буруп жатат, бирок биз башка өлкөлөр менен салыштырып карай албайт экенбиз. Башка мамлекеттердин спортчулары күчтүү экенин баары билишет, биздин учурдагы өлкөбашчысы мурункуларга караганда көбүрөөк колдоо көрсөтүп, Олимпиадада жеңген уул-кыздарыбызга өздөрүнүн белектерин, автоунааларын беришти. Күмүш байге үчүн белгилеген акчалай сыйлыкты алтын медалга теңеп жогорулатып берүү менен жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып койду. Бул биздин жаштар үчүн эң жакшы көрүнүш, шыктандыруу. Жаштар башка жаман иштерге аралашпай, спорт менен машыгабыз деген түз ниети бар.

– Дүйнөчемпионатында силер өзүңөр машыгып жүрдүңөрбү же ардагерлер үчүн атайын устаттар барбы?

– Биздин ардагерлерибиздин атайын машыктыруучулары жок, бирок мурун айтып кеткен Чынарбек Изабековдун күрөш академиясында Таабалды уулу Сүймөнкул деген улук устат бар. Ал дагы өз убагында жаштар арасында дүйнөчемпиону болгон. Бош убактысында ал дагы бизге кеп-кеңештерин берип турат. Чынарбек Изабеков дагы өзүнүн окуучулары менен бирге ардагер балбандарга да акыл-насаатын айтып, кандай учурда кандай техникалык ыкмаларды колдонуш керек экенин үйрөтүп, колунан келген жардамын берип жүрөт.

– Эмдиги жылы дагы Дүйнөчемпионаттарына барып, чемпиондук наамыңызды кайрадан коргоого ниет кылып жатасызбы?

– Кудай буюрса эмки жылы Болгарияда өтөтурчу Дүйнөчемпионатына жолдомо алсак барабыз. Өзүбүздүн оюбузга туура келген ийгиликтерге жетишсек, чемпиондук наамымды коргоп келсем деген ой-тилектер бар.

– Рахмат, жакшы маегиңиз үчүн! Кыргызстанды дүйнөгөтаанытып, тилектериңиз орундалып, жаштарга үлгү, өрнөк болуп, эсен болуңуз!

Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер