“КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САБАТТУУЛУК: ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫ”

  • 20.04.2026
  • 0

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, II класстагы мамлекеттик кеңешчи Ишенгүл Болжурованын “КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САБАТТУУЛУК: ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫ” аттуу чакан китепчеси жарыкка чыкты.

Бул эмгекте ХIХ кылымдын аягы ХХ кылымдын башындагы Кыргызстандын аймагындагы билим берүү системасынын калыптанышы жана калктын сабаттуулук деңгээлинин өзгөрүү процесси изилденет. Ошол мезгилдеги калктын сабаттуулук деңгээлин баалоо маселеси тарыхнаамалык көз карашта кайра каралып, мурдагы тарыхый изилдөөлөрдө жетиштүү деңгээлде камтылбай калган боштукту толуктоого аракет жасалат. Эмгекте салттуу диний окуу жайларынын (мектеп, медресе) ишмердүүлүгү, жаңы усулдагы билим берүү мекемелеринин пайда болушу, орус-тузем мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, агартуучулук идеялардын жайылышы жана ошол доордогу коомдук-саясий шарттардын билим берүү тармагына тийгизген таасири талданат. Төмөндө китептин экинчи бөлүгүн сунуштайбыз.

ЭСКИ МЕТОДДУК ОКУУ ЖАЙЛАР ЖАНА АЛАРДЫН ОРДУН БАСКАН ЖАҢЫ МЕТОДДУК МЕКТЕПТЕР

XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында түрк тилдүү элдер жашаган жерлерде билим берүү мекемелерин реформалоо башталган. Эски методдук окуу жайлар менен катар «жаңы методдук» деп аталган мектептер ачыла баштаган. Бирок бул процесс эски билим берүү системасын, тагыраак айтканда, «уусули кадимди» коргогондор менен жаңы методдук мектептерди жактагандардын ортосунда идеологиялык күрөш менен коштолот. Тарыхта бул агым «кадимисттер» деп аталат.

“КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА САБАТТУУЛУК: ХIХ КЫЛЫМДЫН АЯГЫ ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫ”

Жаңы методдук мектептерди, же башкача айтканда, «усули-джадид» мектептерин жайылтууда жана пропагандалоодо маанилүү ролду тaтар агартуучулары, айрыкча таланттуу уюштуруучу жана агартуучу Исмаилбек Гаспринский ойногон. Бул кыймыл тарыхта джадидисттер кыймылы деп аталат жана ал балдарды тек гана диний канондор боюнча эмес, мектептерде жалпы билим берүүчүлүк билимдерди да окутууну жактаган.

1905-1906-жылдары Нижний Новгороддо мусулмандар конгресстери өткөн, анда жаңы методдук мектептер үчүн жаңы окуу программалары иштелип чыгып, кабыл алынган. Бул мектептердин программасы үч баскычтуу окууну караган жана төрт жылдык окуу мөөнөтүнө эсептелген.

Окуу планына төмөнкү предметтер киргизилген: география, грамматика, логика, баяндама берүү, стилистика, окуу, арифметика, геометрия, гигиена, Куран окуу, ислам тарыхы, табият таануу, Россия жана Чыгыш тарыхы. Эски методдук мектептерден айырмаланып, жаңы методдук мектептер, адатта, балдарды окутууга ыңгайлаштырылган парталар, такталар, мугалимдер үчүн столдор, географиялык карталар бар имараттарда жайгашкан. Бул мектептер үчүн окуу китептери Казан, Уфа, Оренбургда чыгарылган. Окутуу методикасы да өзгөрүп, тамгаларды жаттоо ыкмасынын ордуна түшүндүрүү, үн аркылуу окутуу методикасы киргизилген.

Жергиликтүү калктын чоң бөлүгү балдарды жаңы методдук мектептерде окутуунун артыкчылыктарын көрө баштаган. 1901-жылдан баштап Пржевальск, Пишпек, Токмоктогу бир нече эски мектептер ата-энелердин (мектептердин негизги каржылоочулары, себеби мамлекет мектептерди каржылаган эмес) демилгеси менен жаңы методго өтүшкөн.

Белгилей кетчү нерсе, бул мектептердин алгачкы мугалимдери татар интеллигенциясынын өкүлдөрү болгон жана натыйжада мектептерде негизги окуу тили катары татар тили колдонулган. Жаңы методдук мектептер Кыргызстандын ар кайсы райондорунда ачыла баштаган. Анын ичинен чоң мектептердин бири — Токмок шаарындагы “Экбаль” (“Прогресс”) мектеби болгон. 1908-жылы бул мектепте 200 кыргыз, 36 татар, 30 өзбек, тогуз дунган жана беш кашкардык окуучу билим алган. Мугалимдер Поволжье жана Уралдан келген татарлар жана башкырлар болгон. Арадан убакыт өтүп, бул мектеп бүтүндөй Түндүк Кыргызстандагы мектептер үчүн мугалимдерди даярдоочу борборго айланган [13].

Пржевальск боюнча айтсак, мусулмандар мечитинин жанындагы эркектер мектеби 1901-жылы эле жаңы методго өткөн. Ал Гаспринскийдин атын алып жүргөн [14]. 1914-жылы бул мектепте 129 окуучу бала окуган, алардын арасында татарлар, кыргыздар, өзбектер, дунгандар жана башка улуттун өкүлдөрү болгон. Мектеп Пржевальск уездиндеги мусулмандар коомчулугу тарабынан каржыланган. Ошондой эле 1909-жылы ошол жерде интернаты бар жаңы методдук мектеп ачылган. Бул мектепте кедей кыргыз үй-бүлөлөрүнүн 30 баласы акысыз окутулган, алардын билим алуусун уезддеги мусулмандар кайрымдуулук жана агартуучу коомдору каржылаган. Мектепке ошондой эле өз каалоосу менен 20 окуучу келип билим алган, алар ай сайын 1 рублдан төлөп турган. Эң кызыгы, бул мектепте мугалим катары мурда Пржевальскийдеги эркектердин жаңы методдук мектебинин курстарын бүтүргөндөр иштеген.

Жаңы методдук мектептер акырындап кыргыздар жашаган ар кайсы аймактарда пайда боло баштаган. Мисалы, Чоң-Кеминде, тарыхта белгилүү болгон «Шабдания» мектебинде («мадрасаи-шабдания») 1909-жылы Кеминден, Кочкордон, Жумгалдан, Чүй өрөөнүнөн 150дөн ашык окуучу билим алган. Бул мектепте белгилүү адамдар да окуган. Мисал катары акын Исак Шайбековду айтсак болот. Окуу китептери, окуу куралдары жана жабдуулар Казан менен Оренбургдан алынып келинген. Окуучулар билими боюнча беш класска бөлүнгөн. Бул мектепке Казан жана Оренбургдан мугалимдер чакырылган. Кызыгы, мектепте эски методдук мектептерден келген молдолор да светтик билим алууга умтулуп, билим деңгээлин жогорулатышкан. Бул мектеп 1912-жылга чейин иштеген.

Жумгалдын өзүндө 1911-жылы «Курмандын мектеби» ачылган. Бул мектептин өзгөчөлүгү – окуучуларды окутуу үчүн атайын курулуп, ылайыкташтырылган имаратта жайгашкандыгы болгон. Имараттагы 10 бөлмөдө ошол мезгил үчүн жаңылык саналган жыгач полдор төшөлгөн. Бул мектепте жыл сайын 100дөн ашуун бала окуган. Ал эми мугалимдери «Шабдания» мектебин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр болгон.

Ошентип, жаңы усулдагы мектептерди аяктаган жаштар кийин өздөрү мугалим болуп, балдардын жаңы муунун окутушкан. Жогоруда белгиленгендей, жаш мугалимдер өз кесиптик билимин жогорулатууну Токмок шаарындагы «Экбаль» мектебинде өтүшкөн.

Жаңы усулдагы мектептердин популярдуулугу кеңири болгон, айрыкча аларды ачууда негизги демөөрчү болуу манаптардын арасында абдан популярдуу болгон. Мисалы, мындай мектеп Куртка айылында (азыркы Ак-Талаа району) ачылган. 1914-жылы анда жыл сайын 30дан ашуун бала окуган, алардын көпчүлүгү бай-манаптардын үй-бүлөлөрүнөн чыккан.

Пржевальск уездинин Тоң волостуна караштуу Туура-Суу аймагындагы жаңы усулдагы мектеп волост башкаруучусунун үйүндө жайгашкан. Бул мектептин улук мугалими Ишеналы Арабаев болгон. Ал өз убагында Казан жана Уфа шаарларындагы медреселерде билим алган.

Ишеналы Арабаев (1882–1933) — көрүнүктүү кыргыз агартуучусу, педагог, коомдук ишмер жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын өмүр жолу жана ишмердүүлүгүнө кыскача токтоло кетсек: Ишеналы Арабаев 1882-жылы Күнбатыш айылында (азыркы Кочкор району) төрөлгөн. Каракол шаарында диний жана светтик билим алган, андан кийин Түркияда (Стамбулда) окуп, 1910-жылы Уфа шаарындагы «Галия» медресесин бүтүргөн. 1924-жылы жарык көргөн биринчи кыргыз алиппеси — «Алиппенин» автору. Бул эмгек балдарды эне тилинде окутуунун негизин түзгөн. Алгачкы кыргыз гезити “Эркин-Тоонун” редактору болгон. “Манас” эпосу боюнча материалдарды жыйнап, жазып алган. Ар кайсы шаарларда басылып чыккан 19 китептин автору. Өз мезгилинин мамлекеттик ишмери катары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышын жактаган. 1918–1922-жылдары Жети-Өгүз ревкомунун мүчөсү болгон. Россия Советтеринин IX съездине катышкан. 1933-жылы «Социал-туран партиясына» катышкан деген айып менен камакка алынып, ошол эле жылы Ташкент шаарындагы тергөө абагында каза болгон. 1958-жылы акталган. Анын ысымы Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетине ыйгарылган.

Айта кетсек, жаңы усулдагы мектепти белгилүү акын, журналист Сыдык Карачев да бүтүргөн. Бул көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин тарыхы узак жылдар бою унутта калып келген. Сыдык Карач уулу Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1900-жылы туулган. Сыдык жаш чагында Каракол шаарына келип, Салих аттуу татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношот. (Тарыхчы Аида Кубатованын тактоосуна караганда, анын тегаты Надыршин болгон). Ошол жадидчи, реформатор агартуучу С.Надыршиндин жардамы менен Сыдык шаардагы татарча жаңы усул (усул-и жадид) мектебинен окуйт. 1918-жылы Мамбет Сүйүнбаевдин жетекчилиги астында Кызыл гвардиянын отрядына кирип, Ак-Суу, Лепси, Черкесск жерлеринде ак гвардиячылар менен күрөшүүгө, 1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде жергебиздеги улуттук жигиттерден кызыл гвардия бөлүмү түзүлгөндө, Сыдык да ага катталат. 1920-жылы Кызыл Армиянын курамында Бухара эмиратын кулатууга активдүү катышкан.

1921–1923-жж. Ташкент шаарындагы В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган. 1923-жылы «Кошчу» кыргыз кедей жана дыйкандар союзунда иштеген. 1924-жылы алгачкы кыргыз тилиндеги «Эркин-Тоо» гезитине биринчи жооптуу катчы, кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинде, «Кыргызмамбаста» адабий кызматкер, редактор болуп иштеген. 1928-жылы Бишкекте ара-чолодо «Кызыл учкун» адабий ийримин жетектөөгө катышкан. 1930-жылы Оштогу «Кызыл пахтачы» газетасына жооптуу катчы болуп которулган. С.Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланган жана өлгөндөн кийин 1958 жылы акталган.

Жаңы усулдагы мектептердин тарыхында Ош шаары өзгөчө орунду ээлейт. Бул шаарда ушундай эки мектепте 100дөн ашуун окуучу билим алган. Көпчүлүк аймактарда мындай мектептерди ачууга демилгечилер урук-тукуму ак сөөктөр, манаптар болгон. Белгилей кетчү жагдай, бул мектептерде балдар гана эмес, кыздар да билим алышкан, башкача айтканда, кыздар үчүн да жаңы усулдагы мектеп болгон.

Пишпек шаарындагы кыздар үчүн жаңы усулдагы мектепте 1912–1914-жылдары 70 кыз окуган, алардын ичинен 20 кыргыз кызы, шаар тургундары болгон. Ал эми 1917-жылы окуучу кыздардын саны 180ге жетип, алардын арасында татар жана кыргыз кыздары да бар эле. Буга чейин Пржевальск шаарында 60 орундуу кыздар гимназиясы ачылганы да белгилүү [15].

Бул кыздар үчүн жаңы усулдагы мектептерде окутуу негизинен эркек балдар окуган мектептердин программасы боюнча жүргүзүлүп, ага кошумча кол өнөрчүлүк (тигүү, сайма) сабактары киргизилген. Жаңы усулдагы мектептерде орус тили окутулбагандыктан, бул Түркстан чөлкөмүнүн билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүн тынчсыздандырган. Натыйжада мындай мектептерди жабуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган. Ошого карабастан, алардын көпчүлүгү 1918-жылга чейин ишин уланткан. Анткени бул мектептер ошол мезгилге ылайык жакшы билим берип, жергиликтүү элдердин — татар, өзбек жана кыргыз жаштарынан келечектеги агартуучуларды, жаңыдан калыптанып келе жаткан буржуазиянын өкүлдөрүн даярдаган.

Бул мектептердеги окутуунун идеологиялык негизи жадидчилер тарабынан жүргүзүлгөн түрк тилдүү элдерди бириктирүү идеясына байланыштуу болгон. Алар бул элдердин Россия империясынын экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусун көздөшкөн. Айрыкча ХХ кылымдын башында Кыргызстан элинин агартуу жана билим берүү ишине олуттуу салым кошкон татар агартуучу-мугалимдердин эмгегин баса белгилеп кетүү зарыл. Дал ошолор жаңы усулдагы мектептердин мугалимдеринин негизги бөлүгүн түзүшкөн. Бирок, тилеке каршы, Совет бийлиги келгенден кийин буларды пантүркчүл, панисламчы деп куугунтуктай баштаган. Булардын өзөгү XX кылымдын башындагы жадидчилик кыймылы болгон. Бул жадидизм кыймылы алдыга умтулуу, жаңы доорго төп келүү, түрк элдерин агартуу максаты коюлган.

Бирок социалисттик революциянын уламдан-улам күч алышы, сабатсыздыкты жоюу саясаты, андан кийин эне тилдеринде жана орус тилинде мектептердин өнүгүшү жаңы усулдагы мектептердин биротоло жабылышына алып келген.

Бөлүшүү

Комментарийлер