КЫРГЫЗДЫ, “МАНАСТЫ” ИЗИЛДЕГЕН ОКУМУШТУУ

  • 07.05.2021
  • 0

Кыргыз таануучу окумуштуу Ху Чженхуа 90 жашта

Окумуштуу, кыргыз таануучу Ху Чженхуа Пекин шаарында жашап иштейт. 90го чыкса да акылы тунук, демдүү. Бизди 2010-жылы Мария Вансванова деген карындашы тааныштырган эле. Ошондон бери окумуштуунун жашоо шарты, кыймылы, коомдогу ордуна көз салып келем. Кыргыз дегенге, кыргыз тилине астейдил мамиле жасайт. “Манас” эпосун изилдөөдө да, эгемендикти алганда
Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын таап берүүдө да кыргыз элине кызмат кылган. Теги дунган болгон айтылуу профессор Ху Чжэнхуа мырза кытайлык кыргыздар арасында эле эмес, Кыргызстанда да таанымал. Аны кыргыз элинин тили, руханий маданиятын изилдөөгө кошкон салымы үчүн «кыргыз таануучу», «кыргыз элинин уулу» деп да атап жүрүшөт.

КЫРГЫЗДЫ, “МАНАСТЫ” ИЗИЛДЕГЕН ОКУМУШТУУ

Анын «Кыргыздын тилдик маданиятын изилдөө», «Кыргыз тили жөнүндө кыскача маалымат», «Кыргыз тилинин окуу курсу», «Кыскача кытай-кыргыз сөздүгү», «Кыргыз тилиндеги макалдар», «Манас» эпосунун биринчи бөлүмүндөгү айрым эпизоддордун кытайча котормосу» (Жапонияда жарык көргөн) ж.б. эмгектери үчүн 1999-жылы ага КР УИАнын ардактуу академиги деген наамы ыйгарылган. 2002-жылы Кытай элинин жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы байланышты чыңдоого кошкон салымы үчүн үчүнчү даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Ху Чжэнхуа «Манас» эпосун ири эпикалык чыгарма катары эсептөө менен бирге эле кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, ишенимин чагылдырган, анын тарыхы, маданияты боюнча маалымдама булак экенин түшүнгөн жана «Манасты» изилдөөгө кызыккан.

Жусуп Мамай жана ал айткан «Манас» эпосу тууралуу макалалары Жапония, Түркия, Германия, АКШ сыяктуу мамлекеттерде жарыяланган, үзүндүлөрүн которгон. Германиялык илимпоз К. Райхл жана француз окумуштуусу Реми Дор менен да кызматташ болуп, “Манас” эпосунун Жусуп
Мамай вариантына, манасчынын айтуу чеберчилигине кайрылып, көптөгөн илимий макалаларды жазган.

Ал 1931-жылы 1-январда Шандоң провинциясынын Чиндао шаарында темир жол жумушчусунун үй-бүлөөсүндө дүйнөгө келген. 1948-жылдан 1953 -жылга чейин Нанжиң чыгыш тилдер мектебинде араб тилин, Шандоң университетинде орус тилин, Борбордук улуттар институтунда уйгур тилин үйрөнгөн. 1953-жылы жогорку окуу жайын бүтүрүп, өзү окуган улуттар институтунда мугалим болуп, тилди, улуттук адабиятты изилдөө иштерине катышат. Ишке кирген жылдан баштап Кызыл-Суудагы кыргыз айылдарын аралап, кыргыз тилин үйрөнүп, фольклор жыйнайт.

Профессор Ху Чженхуа кыргыз фольклорун изилдеп эле калбастан, кыргыз элинин баатырдык эпосу “Манасты” жазып алуу, которуу, изилдөө, жайылтуу кызматында чоң салым кошту. Кыргыз элинин “Манас” эпосун, элдик оозеки адабиятын таанытты. КЭРдеги манасчы Темир Турдумамбет айткан “Манас” эпосунун вариантын япон тилине которуп, Японияда жарыялаган. Бир нече жолу Франция, Япония, Түркия, Кыргызстанга илимий конференцияларга катышып, Кытай Эл Республикасындагы кыргыздардагы “Манас” эпосунун варианттары боюнча докладдарды окуду. КЭРдеги “Манас” эпосу менен дүйнөлүк илимий чөйрөнү тааныштыруу васийпасын аткарып жүрдү.

Анын калемине таандык: “Кыргыздардын баатырдык эпосу “Манас” (Эл адабияты 1962-ж. №5) “Жусуп Мамай жана Манас”(Жуңго курулушу 1979-ж.
№10) “Баалуу адабият мурасы “Манас” (эл гезити 1984-ж. 21-февраль) Чет элдерде “Манас” эпосунун изилденүү абалы”, “Шинжаң кыргыздарынын “Манас” эпосу жөнүндө баян”, “Чет элдерге манасчыларды тааныштыруу”, “Кыргыз тилинин кампасы – Манас” жана башка эмгектерди жаратты.
Манасчылардын акыркы могиканы Жүсуп Мамайды дүйнөгө тааныштырууда белсемдүү эмгектенди. “Манас” эпосун жараткан манасчыларды, алардын манасчылык өнөрүн даңазалаган эмгектерди жазды. Ага мисал “Жусуп Мамай жана “Манас”, “Кыргыз элинин манасчысы – Жусуп Мамай” деп жазган макалалары күбө. 1995-жылы “Манас –1000” эл аралык конференциясында “Жуңголук манасчы Эшматтын варианты” темасында илимий доклад жасаган. Манасчы Эшмат МамбетЖусуптүн вариантынын айтуучулугун изилдеп, “Эшмат айтымындагы “Семетей” эпосу жана анын ыргак өзгөчөлүгү” деген илимий макаласын жазган.

Профессор Ху Чженхуа өз өмүрүндө кыргызга болгон сүйүктүү айтып, өмүр бою кыргыз эпосторун, фольклорун изилдеп жашайт. “Манас” эпосунун жаралуу доору маселеси жөнүндө” деген илимий изилдөө жасап, эпоско тарых илиминин өңүтүндө талдоо жүргүзгөн. Ал “Манас” эпосун ЮНЕСКОго коргоого алдырууга чоң салымын кошкон окумуштуу.

Биз бүгүн кыргыз таануучу окумуштуу Ху Чженхуаны 90 жашка чыгышы менен чын дилден куттуктайбыз. Бар болуңуз!

МАНАСКА БОЛГОН СҮЙҮҮ

Белгилүү “Манас” эпосун изилдөөчү, фольклорист Лаң Йиң 80 жашта

Атактуу «Манас» изилдөөчү Лаң Йиң айым 1941-жылы 29-апрелде Пекин шаарында дүйнөгө келген. 1965-жылы Борбордук улуттар институтунун тил адабияты факультетин бүтүргөн. Жуңго адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин элдик адабият изилдөө коомуна ишке кирип, биринчи кызмат кадамын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун борбору Артуш шаарына келип, автоном райондук адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси биргеликте жүргүзүп жаткан “Манас” эпосун жазып алуу жана которуу иши менен эмгек жолун баштаганы айтылат. Тогуз ай иштегенден кийин “Маданият төңкөрүшү” болуп кеткендигине байланыштуу Пекинге кайтат.
1979-жылы япон тилин үйрөнүп, “Япониянын музыка тарыхы”, “Тайвань тургундарынын улуттук музыкалары” китептерин которуп чыгаргандыгы үчүн Жуңго маданият министрлигинин көркөм өнөр изилдөө институту, ар улуттун элдик музыкасын изилдөө ишине жиберет.

КЫРГЫЗДЫ, “МАНАСТЫ” ИЗИЛДЕГЕН ОКУМУШТУУ

1979-жылы Кашкардан Турпанга чейин коомдук экспедицияга катышкан.
1980-жылы бир ай котормочу катары Японияда болгон. 1983-жылы Жуңго коомдук илимдер академиясында аз улуттардын адабиятын изилдөө бөлүмүндө “Кут алчу билимди” изилдеген. “Чыгыш-Батыш маданияты” аттуу монографиясын чыгарган. 1986-жылы Жуңгодогу аз улуттардын эпосторун изилдөө башталганда, мурдагы тажрыйбасы эске алынып, ишке алынат да, “Манас” эпосун изилдөөгө баш оту менен кирет.

Изилдөөчү, манастаануучу Лаң Йиң өзү айткандай “Манас” эпосу жалгыз гана байыркыдан бүгүнкү күнгө чейин айтылып келгендиги жана “бүгүнкүнүн Гомери” атыккан Жусуп Мамайдын толук варианты болгондугу үчүн китептин дөбөсүнө бекинип албастан, кыргыз жашаган жердин баарын бет алып, калың элдин турмушун көрүп, манасчылар менен баарлашып, айтканын угуп, “Манас” эпосунун ким кайсы эпизодун айтаарын угуп, жазып көптөгөн материалдарды жеринде жыйнаган. Ошентип “Манас” эпосун тыкыр изилдөөгө алат.

Системалуу изилдөө жүргүзүүнүн натыйжасында 1990-жылы “Жуңго азчылык улуттардын баатырдык эпосу “Манас” аттуу эмгегин басмадан чыгарган. Аталган чыгарма Кытай Эл Республикасындагы атактуу фольклор таануучу Лю Куйли (Москвадан МГУну бүткөн) түзгөн “Жуңгонун эл маданияты желелеш жыйнагы” аттуу топтомго киргизилип жарык көргөн. Ал 1990-жылы басылып чыкса, кайра экинчи жолу басылышы 1995-жылы толукталып жарык көргөн. Бул автордун көп жылдык изилдөөсүнүн жыйынтыгы “Манас” эпосунун КЭРде таанылуусуна, андан ары изилденишине чоң салым кошкон.

Бул эмгекте “Манас” эпосу жана кыргыздар”, “Манас” эпосунун түптөлүшү жана өнүгүүсү,
“Манасчылар жана эпостун угуучулары”, “Баатыр Манастын төрөлүшү”, “Манастагы кейипкерлердин образы”, “Манас” эпосунун көркөмдүк өзгөчөлүктөрү, “Манас” эпосу жана кыргыздардын элдик оозеки адабияты”, “Манас” жана дин”, “Манас” жана чыгыш-батыш эпостору” аталыштагы тогуз бөлүмдөн турган. Лаң Йиң айым бул эмгегинде “Манас” эпосу боюнча өзүнүн жакшы изилдөөлөрүн, көркөмдүк артыкчылыгын, мазмунун жакшы бергендиктен, башка көп улуттуу элдердин “Манас” эпосун толук кандуу түшүнүшүнө жол ачып берген. Бул эмгек ошондой эле ар улуттуу илимпоздорго дагы пайдалуу материал гана болбостон, “Манас” эпосунун деңгээлин бийик көтөргөн. Белгилүү манастаануучу Лаң Йиң айым Кытай жергесинде эпос таануу илиминин тереңдешине салым кошуп, «Манасты» изилдөөнүн жаңы катмарларын ача баштады. «Манас» эпосу жөнүндө ондогон илимий макалаларды жазып жарыялады. Ал Жусуп Мамай менен Эшмат Мамбет Жусуптун
манасчылык өнөрлөрүн салыштырып келип, экөө эки башка ыкмада айткан манасчылар экенин далилдеген. «Кытай элдик маданият сериясынан» деген басылманын астында анын «Баатырдык эпос «Манас›» деген эмгеги кытай тилинде басылып чыкты. Аталган китеп кыргыз адабият тарыхында мамлекеттик басмадан кытай тилинде жарык көргөн «Манас» эпосу жөнүндөгү алгачкы илимий эмгек болуп саналат.

Лаң Йиң окумуштуунун мамлекеттик планга кирген «Манаска жоромол» аттуу көлөмдүү эмгегин жарыялады. Ал «Манаска жоромол» деген эмгектеринде манасчылардын «Манас» эпосун жаратууда, аны муундан муунга сактап калтырууда манасчылык өнөрдүн маани-маңызын, Жусуп Мамай, Эшмат, Сатыбалды сыяктуу манасчылардын манасчылык өнөрлөрүнө баа берүү менен, алардын эске тутуу жөндөмүн, төкмөлүгүн, түшүндө кайып дааруунун өзгөчөлүктөрүн, кылымдар бою калыптанган манасчылык салтты сакташын жана ошону менен эле өзү жашаган доордун, чөйрөнүн таасирине да учурашын илимий анализге алган. Ал манасчыларды кичи манасчы, чоң манасчы же кара манасчы деп топторго бөлүштүрүп изилдеген. Изилдөөгө алган манасчылары Жусуп Мамай, Эшмат, бүгүнкү күндөгү Жуңгодогу 114төн ашык манасчыларды талдаган илимпоз. Илимий эмгегинде эпостогу манасчылыктын түштүк мектептеринде салттуу сюжеттердин бирине айланган өлүп-тирилүү мотивинин «Манас», «Семетей», алтайлардын «Яңгир», казактардын «Эр Букаш уламышы», моңгулдардын «Жаңгыр», «Хан баласы Нарынкан», ойрот моңгулдарынын «Алтунжан мерген», финдердин «Калевала» дастандарында да окшош формада, окшош мазмунда сакталгандыгын салыштырып көрсөткөн эле. Бул эмгектин манастаануу илиминде мааниси чоң. 1991-жылы Хух-Хото шаарындагы Ички Монгол университетинин басмасынан жарык көргөн бул китеп «Манас» эпосун изилдөөдө маанилүү эмгек болуп калды. Аталган китеп баш сөз жана он бир баптан турган 41 макаланы камтыйт.

Лаң Йиң «Манастын» Жусуп Мамай айткан вариантын кара сөз менен кытай тилинде жазып чыкты. Өспүрүмдөр үчүн «Улуттук баатыр көсөмү Манас» (1995) деген китеп жазды. Ал чыгарма «Дүйнөдөгү эң чоң эпос сүрөт казынасы» деген серияда чыккан китептердин бири болуп эсептелинет. Лаң Йиң эпостогу жалгыз көздүү дөөлөр (Макел дөө, Мадыкан, Макел Малгун) темасына кайрылып, өзүнүн «Чыгыш менен батыш адабиятындагы жалгыз көздүү дөө мотиви» деген макаласында чыгыш менен батыш адабиятында орток болгон теманы ачып берүүгө аракет кылган. Бул изилдөөлөрү. Ал эми адамдык касиетине келсек, ички сезимдеринин, ниет, пейлинин, кесибине кылган мамилесин төмөнкү эскерүүлөрүнөн көрүүгө болот:

Жусуп Мамайдын варианты – «Манас» эпосунун сегиз бөлүктүү, дүйнө боюнча эң толук варианты, экинчиден, дүйнө жүзүндө мындай сегиз бөлүктү «Манас» эпосун айта билген манасчы да жалгыз Жусуп Мамай, — деп аттын кашкасындай таасын так айтып койгон да ушул Лаң Йиң окумуштуу болгон.

Лаң Йиң быйыл 80-жазын тосту. Бир өмүрүн “Манас” эпосуна арнаган окумуштуу, илимпоз айымды куттуктоо менен бирге, өрнөк алып, чеберчиликти арттырууга, дүйнө жүзүндөгү эпикалык дастандарды сактап, аларды изилдөө, жайылтуу иштеринде үлгү болчу адамдардын бири Лаң Йиң айымга “Манас” эпосуна өмүрүн, сүйүүсүн арнаганы үчүн миң мертебе ракмат!

Өмүрдүн дагы бир сересине чыгышыңыз менен куттуктайбыз. Көп жашаңыз!

Чолпон Субакожоева,
«Манас» жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын башкы адиси, тарых илимдеринин кандидаты

 

Бөлүшүү

Комментарийлер