КЫРГЫЗ ТИЛИН ОКУТУУНУН ЧЫНЫГЫ КҮЙӨРМАНЫ
- 30.09.2025
- 0
Кыргыз улуттук университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору, белгилүү тилчи-педагог Жеңишбек Арыпович Чыманов быйыл 70 жашка чыкты.
Кыргыз тилине күйүп-бышкан жаран, аны ар тараптан изилдеген окумуштуу жана кыргыз тилин окутуунун мыкты чебери катары республикага таанымал методист-окутуучу, далай мыкты шакирттерди тарбиялаган устат-педагог Жеңишбек Чымановдун илим тармагындагы жана окутуучулук кесиптеги устаттык бейнеси сырттан караганга жөнөкөй көрүнгөнү менен, билгенге оңой эмес.
Жеңишбек Чыманов 1955-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз айылында туулган. 1972-жылы аталган айылдагы С.М.Киров (азыркы Д.Иманов атындагы) атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) 1976-жылы кирип, аны 1981-жылы аяктаган. Педагогдук эмгек жолун ошол эле университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында 1981-жылы лаборанттык кызматтан баштаган. 1981-жылдан тартып, азыркы учурга чейин кыргыз филологиясы факультетинде эмгектенип келет.
Бир эле кафедрада өмүр бою жылбай иштөө менен, анда кошо иштешип өтүп кетишкен илимпоз-педагог агайларынын иш тажрыйбасын үйрөнүү, алар аркылуу алар окуп үйрөнгөн илимий эмгектерди окуп үйрөнүү, устаттарынын эмгектерин изилдөө, турмушта колдонуу, жаштарга жеткирүү, шакирт чыгаруу оңой-олтоң жумуш эмес экенин жон териси менен билди, тажрыйбасынан өткөрдү.
Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасына окутуучу, ага окутуучу, доценттик, профессордук кызматтарда иштеп келди. 2000-жылы конкурстук негизде аталган кафедранын башчылыгына шайланып, эки мөөнөт иштеп, 2008- жылы өз каалоосу менен кафедра башчылыгынан бошотулду. Азыркы учурда аталган кафедранын профессору кызматында эмгектенет.
Ж.Чыманов 1996-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын, 2010-жылы «Орто мектепте кыргыз тилин окутуунун лингводидактикалык негиздери» деген темада докторлук диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогон.
Илимий-методикалык изилдөө иштеринин негизги багыты кыргыз тилин окутууну инновациялык жаңылоо, предметти окутууну мамлекеттик стандарттан тартып, окуу программаларын кайра иштеп чыгуу, ага ылайык окуу китептеринин жаңы, заманбап муунун түзүү, окутуунун интерактивдүү методикасын иштеп чыгуу, сабакта текстти колдонууга артыкчылыктуу маани берүү, грамматикалык материалдарды окутуунун каражаты катары колдонуу проблемалары түзөт. Бул багытта кыргыз тилин эне тил жана экинчи (мамлекеттик) тил катары окутууну өркүндөтүү боюнча эки концепция иштеп чыгып, жарыялаган. «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын», «Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун предметтик стандартын (5-9, 10-11-класстар)» иштеп чыгууга активдүү катышкан. ЖОЖдор үчүн кыргыз тилин эне тил жана экинчи тил катары окутуунун методикасынын типтүү программаларынын авторлорунун бири. Жалпы саны 200гө жакын эмгектери жарык көргөн.
Ж.Чыманов кыргыз тилин окутуунун методикасы адистиги боюнча илимдин кандидаттары менен докторлорун даярдоого да өзгөчө маани берип, илимдин 15 кандидатын жана 1 докторун чыгарган. Азыркы учурда 8 аспирант, 3 докторлук иш анын жетекчилиги менен иштелип жатат. Бардык диссертациялык иштер кыргыз тилин окутуунун этнопедагогикалык негиздери, кеп маданиятын окутуу, текстти колдонуу, стилистиканы, байланыштуу кепти окутуу сыяктуу актуалдуу темаларына арналган. 2011-жылдан бери 13.00.02. – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы адистиги боюнча уюштурулуп келе жаткан Диссертациялык кеңештин мүчөсү.
Ж.А. Чымановго КРнын Билим берүүнүн отличниги (2001), Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген кызматкери, эмгек сиңирген изилдөөчүсү наамдары ыйгарылган. Бишкек мамлекеттик университетинин “Карасаев Кусейин Карасаевич” медалынын, Башкы прократурасынын Ардак грамотасынын ээси.
Профессор Ж.Чыманов өзүнүн эмгектеринде кыргыз тилин окутуунун эң талуу маселелерин оор экен деп таштап кетпей, аларды чечүүнүн жолдорун, кыргыз тилин окутуунун, жакшыртуунун негизин, окутуунун түрдүү ыкмаларын зерикпей талдап чыккан. “Кыргыз тилин окутуунун теориясы жана практикасы” аттуу монографиялык эмгегинде кыргыз тилин окутуунун максат, милдеттерин, дидактикалык принциптерин аныктап, сабактын салттуу, салттуу эмес, интерактивдүү түрлөрүн талдап көрсөтүү менен ар кайсынысынын артыкчылыгы менен кемчилиги кандай учурларда, шарттарда болорун практикада далилдеп көрсөтүп, ар биринде колдонулуучу усулдук ыкмалардын практикалык сабакта кандайча пайдаланса үзүрлүү болорун сунуштады. Анын мындай сунуштары мугалимдин кыргыз тили боюнча өткөн ар бир сабагында ийгилик жаратуусуна өбөлгө түзгөнүн практика көрсөттү.
Сабактардын формасы жөнүндө сөз болгондо, класстык формасынын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин көптөгөн дүйнөлүк окумуштуу-педагогдордун пикирлерине таянып туура мүнөздөгөн, артыкчылык жана мүчүлүш жактарын жазып, окутуунун бул формасын педагогиканын атасы Ян Амос Каменский киргизгенин, андан бери көп убакыт өткөнүн белгилеп: “Баары бир окутуунун класстык формасынан ашкан мыкты форма табыла элек”,- деп жазган.
Кандай гана сабак болбосун аны баалоо койгон максатына жеттиби же жокпу ошого жараша бааланат. Кыргыз тили сабагынын азыркы сапатына коюлган талаптарды (алар алты пункттан турат) мындайча көрсөтөт:
- билим берүүчүлүк максатына коюлган талаптарды (10 пункттан турат); 2) тарбиялык максатка коюлган талаптарды (5 пункттан турат); 3)өнүктүрүүчүлүк максатына коюлган (4 пункт) талаптарды коюп түшүндүрөт жана кластер менен көрсөтөт. Бул талаптар кыргыз тили мугалимдеринин көңүлүнүн борборунда дайыма болушу керек. Кыргыз тилин баалоо ушул талаптардын жана кыргыз тилин эне тилин окутуунун максат, милдетине, алардын сабак процессинде ишке ашырылышына түздөн түз көз каранды. Бул максаттарды окумуштуу кайра-кайра баса белгилеген да, сабакты талдоонун үлгү схемасын түзгөн. Бул таблица-схеманы үйрөнүү жана практикада колдонуу кыргыз тили мугалимине гана эмес, жалпы эле мугалимдерге, методисттерге да пайдалуу.
Сабакты чыгармачылык менен өтүүгө эмне жетсин!.. Анткени менен, сабактын жаңы түрү деп улам бир нерсени чыгара берүүнүн “артык кылам деп тыртык кылды” дегендей зыяны бар экенин, негизги максатка жетүүдө зыяны тийиши мүмкүн экенин белгилеп, салтсыз, интерактивдүү сабактардын элементтерин этияттап колдонууну мугалимдин эркине коюп, бул боюнча окумуштуу-методист мындай деп жазган: “Салттуубу, же салттуу эмеспи сабак өтүүдө окуучуларды алдын ала даярдап, сабактын ордуна спектакль, оюн-зоок өткөрүп, аны театрлаштырууга, жеке максат, жеке мүдөө үчүн көрсөтүлүүчү көз боёмочулукка каршыбыз. Окуучу балдар өспүрүм кездеринен эле, андай иштерге тартылуусу педагогиканын, анын ичинде кыргыз элдик педагогикасынын улуу талаптарына кайчы, карама-каршы келет”. Окумуштуу-методисттин мындай пикирине биз да кошулабыз, тилекке каршы мындай сабактар комиссия-текшерүүчүлөр үчүн же “бир көрүнүп коюу үчүн” жеке максатта азыр да өркүндөп, өтүлүп жатпайбы!
Кыргыз тилин эне тили катары окутууда сабактын мазмунун кептен (сүйлөшүүдөн) тилге (грамматиканын бирдиктерине) буруу түзөрүн, ал үчүн текст менен (оозеки, жазуу) иштөөнүн иштөөнүн артыкчылыгын көрсөткөн. “Кыргыз тили баарынан – мурда жакшы жана мыкты сүйлөөнү үйрөтүүчү сабак, бул үчүн мугалимдин өзүнүн сүйлөөсү өрнөк, үлгү болушу шарт деп эсептейбиз”, -дейт окумуштуу.
Ооба, кыргыз тили мугалими – сөз менен иштеген мугалим, анын болгон куралы – сөз. Андыктан, мугалимдин сөзү, сүйлөөсү, бул – методдордун методу”, -деп айткан окумуштуу Ж.Чымановдун сөзүндө калет жок.
Андыктан, кыргыз тили сүйлөшүүнүн, ой-пикир алышуунун сабагы болушу керек. Ал эрежелерди кургак жаттатуунун сабагы болбошу керек. “Эне тилин окутуу – бул максаттуу сүйлөшүү процесси”. Анда максат, көрсөтмөлүүлүк, практика, ойготуучулук, кызыктыруучулук, чыгармачылдык ж.б. дидактикалык максат-милдеттерди ишке ашыруучу уникалдуу жана уникалдуу күч бар экенин жазган.
Профессор Ж.А.Чымановдун кыргыз тили боюнча жазган илимий иштеринин мааниси бүгүнкү күндө да өтө маанилүү. Биз анын бир эле эмгегинин анча-мынча жагын азыноолак сөз кылдык. Анын эмгектерин жайылтуу учурдун талабы, себеби мындай эмгектер күндө эле жарала бербейт. Буйруса, артында мыкты шакирттери бар, куду ошолор устаттарынын эмгектерин жайылтууга белсенип киришер мезгил келди. А биз, анын достору: “70 жылдык торколуу тоюң маарек болсун, дагы узак жашап, мыкты ден соолукта болуп, чыгармачылык менен сонун эмгектерди жарата бер!”- демекпиз.
Низамидин Мурзаев, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу.
Шамир Мөндөшев, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,
ОшМПУнун окутуучусу.
Комментарийлер