КОЛЛЕГИЯ:  ЖАЛАЛ-АБАД ЖРТдан ЭМНЕГЕ ЭҢ АРТТА КАЛДЫ?

  • 26.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин Жалал-Абад облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегиясында министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктары жана PISA -2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык жөнүндө баяндама жасады. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын аккредитациялоонун жыйынтыктары тууралуу презентация көрсөтүлдү. Коллегиянын чечими боюнча бүтүрүүчүлөрдүн математика, физика, химия, биология предметтери боюнча билим берүүнүн сапатынын өтө төмөндүгү, ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга бүтүрүүчүлөрдү кызыктыруу боюнча жетишсиз иш жүргүзгөндүгү үчүн райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат орду, мындан тышкары облустагы 26 мектеп директорунун жоопкерчилиги да  каралмак болду.

КОЛЛЕГИЯ:  ЖАЛАЛ-АБАД ЖРТдан ЭМНЕГЕ ЭҢ АРТТА КАЛДЫ?

Билим берүүнүн приоритети өзгөрдү

Коллегияны билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ачып, Өкмөттүн жыйынында Министрлер Кабинетинин  төрагасы Акылбек Жапаровдун айткан  жакшы жаңылыгына токтолду.

КОЛЛЕГИЯ:  ЖАЛАЛ-АБАД ЖРТдан ЭМНЕГЕ ЭҢ АРТТА КАЛДЫ?

— Быйылтан баштап Кыргызстан өнүгүп, өсүп жаткан мамлекеттердин катарына кошулду. Акыркы он жылда ички дүң продукция киши башына 1240 доллар болсо, быйылтан баштап 1607 долларга чыкты. Бул кедей, жакыр, жардам сурап жүргөн  өлкөлөрдөн өнүгүп бараткан өлкөлөргө кошулдук дегенди билдирет. Бул эмне берет? Бул – инвестиция. Дүйнөлүк финансылык институттардан билим берүүгө, саламаттык сактоого көп каражат алууга чоң мүмкүнчүлүк  түзүлдү. Биздин кайрылуубуз менен  кийинки 2024-жылы  билим берүүгө 100  жыл болот. Ошол 100 жылдыктын алкагында Дүйнөлүк билим форуму  Кыргызстанда өтөт. Биз ошону кабыл алганга, ошол чакырыктарга даярбызбы? Азыр мамлекет он сом тапса, салыктан, бажыдан  1 сом 20 тыйынды  мугалимге берип жатат. Мамлекет азыр жылына бизге  60-70 млрд сом берет, мектеп кургандарды кошо эсептегенде 90 млрд сом.  Президент, Өкмөт, Парламент эң  биринчи орунга билимди коюп жатат. Себеби  30, 50 жылдан кийин Кыргызстан бүгүнкү 1-класска барган балага байланыштуу өнүгөт, — деди министр.

 ЖРТдан эң арттагы облус

Коллегиянын күн тартибинде Жалал-Абад облустундагы мектептердеги билим берүүнүн сапаты орчундуу маселе болуп каралды.

Жыйында жарыя болгон маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусундагы 396 орто мектептин ичинен 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 389 мектеп катышкан. Мектептердин 11232 бүтүрүүчүсүнүн ичинен 7127 (63%) катышкан. Жалпысынан  облус боюнча 7127  бүтүрүүчүнүн ичинен 3553 ЖРТнын негизги тести боюнча 110 баллдан аз алышкан, бул 50% түзөт.

КОЛЛЕГИЯ:  ЖАЛАЛ-АБАД ЖРТдан ЭМНЕГЕ ЭҢ АРТТА КАЛДЫ?

Облустун беш – Ноокен, Аксы, Базар Коргон, Сузак, Тогуз-Торо  райондорунда  жана Таш-Көмүр шаарында жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн 50% жана андан көбү негизги тесттен 110 баллдан аз алышкан. Бул мектеп окуучуларынын математикалык сабаттуулук жана текстти тиешелүү тилде окуу жана түшүнүү жаатында билиминин сапатынын төмөндүгүн күбөлөйт.

Облустагы 237 мектептин бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү негизги тест боюнча 110 баллдан аз балл алышкан. Алсак, Нокен районундагы мектептер 37 (84%), Аксы району 39 (70%), Таш-Көмүр шаары 9 (69%),  Базар-Коргон району 33 (67%), Майлуу-Суу шаары 4 (67%) жана Чаткал району 10 (63%).

ЖРТнын предметтик тесттери боюнча статистикага кайрылсак, Жалал-Абад облусунда мектептердин бүтүрүүчүлөрүн математика, физика, химия жана биология боюнча даярдоодо олуттуу көйгөйлөр бар. Бүтүрүүчүлөрдүн 65% математика предмети боюнча 60 баллдан аз алган. Химия предмети боюнча бул көрсөткүч 72%, физика предмети боюнча – 62%, биология предмети боюнча – 64%. Ошол эле учурда, гуманитардык сабактар боюнча көрсөткүчтөр алда канча жакшы. Англис тили предмети боюнча Жалал-Абад облусунун мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн 25%, 60 баллдан аз балл алышкан,  тарых предмети боюнча  — 47%, кыргыз тили предмети боюнча — 31%, орус тили предмети боюнча — 47% .

Маалыматка ылайык, аймактын бардык райондорунда бүтүрүүчүлөр математика, физика жана химия сабактарынын сапатынын төмөндүгүн көрсөтүштү. Биология предмети боюнча көрсөткүчтөр анча жогору эмес, алсак,  Базар-Коргон районунда жана Көк-Жаңгак шаарында бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү биология предмети  боюнча 60 баллдан жогору балл алышкан.

Тарых предмети боюнча, көпчүлүк райондордо 60 баллдан төмөн балл алган бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү 43-49% ды түзөт. Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Көк-Жаңгак шаарында тарых предмети боюнча бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү 60 баллдан аз балл алышкан.

Англис тили предмети боюнча канааттандыраарлык натыйжаларды Жалал-Абад облусунун бүтүрүүчүлөрү көрсөткөн – 60 баллдан аз балл алган бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү көпчүлүк райондордо 29%дан ашпайт. Англис тили предмети боюнча эң төмөнкү жыйынтыктар Ала-Бука жана Сузак райондорунда белгиленген.

Кыргыз тили предмети боюнча билимдин төмөн деңгээли Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларында жана Аксы, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунда орус тили предмети боюнча бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү 60 баллдан аз балл алышкан.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн натыйжалары окутуунун бардык формаларына ЖОЖдорго тапшыруу үчүн милдеттүү. Ошого карабастан, 2022-жылы Жалал-Абад облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 63% гана ЖРТга катышкан. Алсак, Базар-Коргон районунда 1432 бүтүрүүчүнүн ичинен бардыгы 639 (45%), Ноокен районунда 1377 бүтүрүүчүнүн ичинен 818 (59%) ал эми, Сузак районунда 2204 бүтүрүүчүнүн ичинен 873 (40%) катышкан. Ошого карабастан,  облуста Жалпы республикалык тестирлөөгө болгону 1-2 бүтүрүүчү катышкан мектептер дагы бар жана алар босого баллдан жогору балл ала алышкан эмес (110 балл). Бүтүрүүчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга шыктандыруу зарыл.

Аккредитациянын көрсөткүчтөрү

Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитация секторунун башчысы Бактыгүл Акулованын айтымында,  аккредитациялоонун жыйынтыгы боюнча  бул ишке 415 мектеп катышса, анын ичинен 5 жылга 316 (76%), үч жылга  61 (15%), бир жылга 18 (4%)  билим мекемеси өткөн, ал эми 20 (5%)   мектептен баш тартылган.

— Аксы районундагы Кадыр Абдрахманов атындагы №55 Өлөң-Булак мектеби, Отунчу Ташкулов атындагы №20 мектеби, Кадыркул Сапаралиев атындагы №63 мектеби. Базар-Коргон району боюнча  Асан Шеркулов атындагы №28 орто мектеби,  Юрий Исламов атындагы №34 орто мектеби. Ал эми Тоң районундагы  Жумаев Мырзабек мектеби,  К.Тайлаков атындагы мектеби,  Т.Салыкбаев атындагы мектептеринен баш тарттык. Ошондой эле Кара-Буура району боюнча Анарбай Умарбеков атындагы орто мектеп, Керимбай атындагы Кайнар орто мектеби болсо,  Өзгөн районундагы  Герман Степанович Титов атындагы №67 орто мектеби,  Мамат Нурбаев атындагы №3 орто жалпы билим берүүчү мектептери аккредитациялоонун талабына дегеле жооп беришпейт. Мындан тышкары Лейлек районундагы  “Кара-Булак” орто мектеби, Сузак району боюнча  № 6 М.В.Ломоносов атындагы орто мектеби, Чүй районундагы  С.Сыдыгалиев атындагы толук эмес орто мектеби, Араван району боюнча №4 Мирзо Улугбек атындагы орто мектеби жана Ак-Талаа районундагы  Мурзабек Балбаков атындагы орто мектептерин аккредитациялоодон баш тарттык, — деди. Б.Акулова.

Одоно кемчиликтер кайсы?

— Мектептин ички нормативдик документтеринде одоно каталар бар, айрым иш-чаралар боюнча ички документтер иштелип чыгылган эмес жана тиешелүү тартипте бекитилбеген (Ак-Тюз мектеби, Академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук лицейи, Төмөнкү-Чүй №1 орто мектеби, № 3 Насридин Исанов атындагы орто мектеби). Ошондой эле билим берүүнүн жыйынтыгына анализдер жүргүзүлгөн эмес.  Окуучулардын билимин баалоонун жыйынтыктары боюнча иш-чаралар, билим сапаты боюнча динамиканы көрсөткөн материалдар жок. Ошону менен катар эле мектеп билим сапаты начарлап же жакшырып бараткандыгын билбейт (предметтер боюнча ички баалоо, ЖРТ, Алтын тамга ж.б.). Көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-пландар да жок (бекитилген пландарга өзгөртүүлөр киргизилбейт, стратегиялык планды аткаруу боюнча жыйынтыктар жок) жана пландалган иштин жыйынтыгы каралган эмес, — дейт Бактыгүл Акулова.

Мектеп жетекчилиги ишти баалоо, талдоо жана  пландоо иштерин системалуу жүргүзбөгөндүгүнөн билим сапатын жакшыртуу тунгуюк маселе боюнча калууда. Окуу-тарбия процессинде инновациялык технологияларды колдонууга көнүл бурулбаганы өкүндүрөт.  Ошондой эле мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү боюнча иштер солгун жүргүзүлөрү айтылды.

— Инновациялык технологияларды колдонуу маселелери өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Райондун деңгээлинде методикалык сабактардын өтүлүшү жөнүндө маалыматтар жок экен. Кызыкдар тараптардын мектептин өзүн-өзү баалоо процессиндеги ролу  жакшы жолго коюлган эмес.  Системалуу өзүн-өзү баалоо иштери аткарылбай келет. Физикалык жана психологиялык коопсуз билим берүү чөйрөсүн камсыздоо боюнча иш-чаралар солгун жүргүзүлөт. Мектеп директорлорунун IT компетенциялары абдан төмөнкү деңгээлде экенин айтып коюу керек, — деди бөлүм башчы.

Жеке менчик мектептердеги жетишкендиктер

Жеке менчик мектептерде мугалимдерди жумушка кабыл алуу системасы жакшы жолго коюлган. Мугалимдерге коюлган талап күчтүү жана алар  конкурстук негизде кабыл алынат.  Педагогдордун кесиптик чеберчилигинин өнүктүрүү максатында системалуу иш алып баруу жана мугалимдерди мотивациялоо (окуучулары жеңүүчү болгон мугалимдерге стимул катары сыйлыктар ыйгарылып турат) жакшы жолго коюлган.

— Алсак, химия, физика, биология сабактары боюнча лабораториялар жабдылган. Окуучулар менен бүтүрүүчүлөдүн ортосундагы байланыштарды үзбөө боюнча иштер жүргүзүлөт. Окуу-тарбия процессинде окуутуунун долбоордук, илимий-изилдөөчүлүк, сынчыл-ой жүгүртүү маселелери орчундуу орунга ээ. Окуучулардын билим жетишкендиктерине жүргүзүлгөн тышкы баалоо, баалоонун жыйынтыктарын анализдөө жана тиешелүү чечим кабыл алуу системалуу ишке ашырылат, — дейт Б.Акулова. — Эксперттик комиссиялардын корутундуларынын негизинде 415 арыздын ичинен  316 арыз боюнча  беш  жылга,  61 арыз боюнча үч жылга шарттуу аккредитациялоодон өттү, ал эми 18 арыз боюнча бир  жылга шарттуу аккредитациялоодон өттү деп эсептелди. 20 арыз боюнча  аккредитациялоодон баш тартылды.

Аккредитациялоонун жыйынтыгында бир  жылдык мөөнөткө шарттуу аккредитацияланган жана аккредитациядан өтпөй калган мектептердеги билим сапатын камсыздоо боюнча Өзгөн, Ак-Талаа, Тоң, Аксы, Токтогул, Кара-Буура, Лейлек, Тогуз-Торо, Бакай-Ата, Араван, Базар-Коргон, Кара-Суу, Чүй, Сузак райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн  жана Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн аткарган иштери жетишсиз деп бааланды. Ал эми Өзгөн, Ак-Талаа, Тоң, Аксы, Токтогул, Кара-Буура, Лейлек, Тогуз-Торо, Бакай-Ата, Араван, Базар-Коргон, Кара-Суу, Чүй, Сузак райондук жана Каракол шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жана аккредитациялоо боюнча адистерине мыйзам чегинде чара көрүү сунушу белгиленди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер