КОЧКОРДОГУ БАЙЫРКЫ РУНИКАЛЫК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ
- 14.12.2022
- 0
Орхон-Енисей рун жазуулары V-VII кылымдарда пайда болуп, Х-ХI кылымдарга чейин колдонулган. Бул байыркы руникалык жазуу чоң таштарга, асканын жылмакай таштарына жана кой таштарга чегилген. Мындан тышкары майда буюмдардын беттерине да жазылгандары белгилүү. Алар Хакассияда, Тувада, Алтайда, Монголияда жана Ала-Тоонун аймагында табылган. Бул рун тексттеринде байыркы түрк, түргөш, карлук, кыргыз жана уйгур каганаттарынын ички-тышкы саясаттары, аларды башкаруучу ак сөөктөр үчүн иштерин даңазалоо, VI-VIII кылымдарда Енисей, Саян, Алтай, Монголияда жашаган элдердин тарыхына тиешелүү баалуу маалыматтар бар.
Кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенден баштап тилинин тарыхына жана аны жазып калтырган жазма эстеликтерге, ошондой эле аталган эстеликтер жазылган тамгалардын кимдер тарабынан түзүлгөндүгүнө байланыштуу маселелерге окумуштуу-тарыхчылар тарабынан өзгөчө көңүл бурула баштагандыгы, илимий талаш-тартыш жана талкуулар болуп, дагы да терең изилдөөнү талап кылган маселелер белгиленип жаткандыгы бизди да кубандырат. Орусиянын Енисей өзөнүндөгү руникалык жазуулар ким тарабынан, кайсы улуттун өкүлү тарабынан жазылган экендиги учурунда дүйнөлүк окумуштуулар тарабынан талашка түшкөндүгү белгилүү. Ал жазуулар, албетте, кыргыздын байыркы жазуулары. Аны Орусиянын ири окумуштуулары төмөндөгүдөй тастыкташкан.
С. Малов: “… V кылымдагы Енисей жазуу эстеликтери бул байыркы кыргыз тили…”, И. Батманов: “ …ошол эле учурда енисейлик эстеликтердин тили кыргыздардын жазуу тили болгон, А. Бернштам: “…ушул эле алфавит кыргыздарга тиешелүү болгондугу Енисей өзөнүндөгү көптөгөн жазуулардан байкалып турат”.
Азыркы мезгилде Кыргызстандын аймагында 50гө жакын байыркы руникалык жазуулар табылган. Алардын көпчүлүгү Таластан табылгандыгы белгилүү. Мына ушул сыяктуу рун жазуусу биздин Теңир-Тоодон табылгандыгы сенсациялык чоң илимий ачылыш болгон.
Тарых илимдеринин доктору, профессор К.Табалдиев (Кочкордогу археологиялык экспедицияда)
1998-жылы Кубат Табалдиевдин Кочкордогу археологиялык изилдөө экспедициясынын учурунда Кара-Суу айылынын тургуну Темирбек Абдыкеев тоо бетинен орун алган узундугу төрт метр, бийиктиги эки метрдей жылмакай кара ташта жазылган жазууларды байкап калып экспедиция жетекчисине билдирген.
Кубат Табалдиев, узундугу төрт метр, бийиктиги эки метр келген жылмакай чоң кара таштагы табышмактуу рун жазуусуна илимий изилдөө жүргүзүп, чечмелешкен. Бул рун жазуулары Кара-Саз айылынын түштүк-батыш, Кара-Суу айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы Үкөк тоо кыркаларынын Көк-Сай деген жеринен табылган. Буга окшогон рун жазуулары бар бир нечелеген таштар ошол жерлерде “ачык асман астындагы музейде” миңдеген жылдардан бери сакталып келген экен. Ушул табылгаларды таба электе эле, бир нече жыл мурдараак Кубат Табалдиев мындай дегени эсимде: «Кочкор өрөөнү кайсы бир доордогу, тогуз жолдун тоомундагы маданияты өнүккөн элдин борборундай туюлат. Келечекте Кочкор жергесинен көптөгөн тарыхый эстеликтер ачылат, азыркы учурда табылгалардын чети да оюла элек». Белгилүү орус акумуштуусу Ю. С. Худяков да Кочкор жергесине археологиялык экспедицияга байма-бай келип турушу да бекеринен эмес экен. Алар күткөн тарыхый мурас-руникалык жазуулар илим жүзүндө чечмеленип К.Табалдиевдин табылгаларына негизделген сүрөттөр ж.б. материалдар “Кочкордогу байыркы руна жазуулары”- делип азыркы окуу китептерине, энциклопедиялык жана илимий жыйнактарга колдонулууда. Ошол байыркы руна сымал жазууларды коштой колуна куш кондурган жасалгалуу ат минген адамдын сүрөтү да бар. Ал жазуулар: “Менин эр атым Адык, Он ок элиненмин. Жерим Йарыш”- деп чечмеленгендигин окумуштуулар тастыктаган.
Кочкордогу байыркы замандарда ташка чегилген Адыктын сүрөтү
Демек, Адык байыркы заманда даңазалуу жоокер, аскер башчысы, же өкүмдар болушу, Кочкор жергесинин аталышы Йарыш экендиги да ыктымал.
Кубат Табалдиев жетектеген Кочкордогу археологиялык экспедиция учурунда ошол эле тоолорго жакын жердеги бөксө тоого археологиялык казуу жүргүзүүдө жер алдында калган чоподон карапа ж.б. идиштерди жасай турган устакана, байыркы турак-жай жана байыркы элдердин үрп-адаттарына ылайыкташкан ритуалдык ырым-жырымдарды өткөрүүчү жай табылган.
Бүгүнкү күндөрдө байыркы ташка чегилген эстеликтер, петроглифтердин бетине өз аттарын жазып, бүлүнтүп жаткан адамдар да бар. Ал эстеликтер тарыхый ордунан жылдырылып, турмуш-тиричиликке, ж.б. жактарга колдонулуп жаткан учурлар да болууда. Эске салсак, мындан бир нече жыл мурун жумушчулар дамба куруу үчүн оор техникалар менен байыркы эн тамга чегилген чоң ташты жүктөп кетип жатышкан. Аны байкап калган ошол байыркы жазма эстеликтер жайгашкан аймакта жашаган Абдыкеев Болот ал ташты жумушчуларга түшүндүрүү менен тарыхый ордуна алып калган.
Болот сактап калган, бетине байыркы эн тамга чегилген ташты көрүүгө келгендер: солдон оңго кочкорлук Кабылбек Жумабаев, КРнын Маданият министрлигинин өкүлү Чынарбек Жолдошов, АКШнын Аризона штатынан келген антрополог окумуштуу Жорж Смит.
Байыркы замандардан бери этнопедагогикалык таалим-тарбияны колдонуунун натыйжасында ата-бабаларыбыз тарыхый эстеликтерди кылымдардан кылымга эч жерин бүлүнтпөстөн, тарыхый ордунан жылдырбастан, бүгүнкү урпактарына жеткире алышкан. Аларды ыйык жана касиеттүү эстеликтер катары баалашкан.
Кылымдарды карытып келе жаткан жогоруда айтылган тарыхый эстеликтерди сактоо жана коргоо бүгүнкү күндүн кечиктирилгис милдети. Аларды мурунку ата-бабаларыбыз сактагандай сакташыбыз керек.
Кыргыз элинин тарыхын, тарыхый эстеликтерин, санжырасын бабаларыбыз миңдеген жылдардан бери кан-жанындай көрүп сактап жана коргоп келген, бүгүнкү урпактарына эч жерин бүлүнтпөй, тарыхый орду менен түгөл жеткире алышкан.
Кыргыз эли тарыхый, маданий зор байлыкка жана нарк насилдүү каада салтка ээ экендигин унутпайлы жана аны сактайлы, аларды жоготуп алуудан коргойлу!
Замир АЛДАЯРОВ, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү,
Кочкор району
Комментарийлер