КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

  • 21.11.2022
  • 0

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

Кесиптик лицейлерге өз алдынча акча табуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул тууралуу 18-ноябрда Бишкекте өткөн башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чарада айтылды.

Окуу жайларга каржылык эркиндик берип жаткан бул мыйзам долбоору кабыл алынса, лицейлер өзүнүн базасында окуу өндүрүштүк базаларды ачып, калкка кызмат көрсөтүп, түрдүү ишкердүүлүк менен алектенип, тапкан акчасын өз алдынча пайдалана алат.

  • Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын аягында сунушталган. Бирок Өкмөт дагы, Каржы министрлиги дагы колдобой койгон. Буюрса, азыркы бийлик сунушту колдоп, эки ай мурда Министрлер кабинетинен корутунду алдык. Биз азыр заман талабына жараша ар бир тармакты өзүн-өзү каржылай турган деңгээлге алып келишибиз керек. Ушул күнгө чейин бир дагы окуу жайы уруксатсыз керек болсо картошкасын сата алчу эмес. Буюрса, бул мыйзам долбору кабыл алынса лицейлерде өз алдынча каражат түптөлсө, бир топ маселелер чечилет. Эң башкысы эмгек акы көтөрүлүп, мугалимдердин жашоо-турмушу оңолот, — дейт Жанар Акаев.

Буга чейин республика боюнча төрт окуу жайына гана  — Бишкек шаарындагы №18 лицейге, Жалал-Абад шаарындагы №1 лицейге, Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №43 лицейге, Баткен облусундагы №8 лицейге пилоттук долбоор катары өндүрүштүк база ачылып, өз алдынча акча табуу мүмкүнчүлүгү берилген. Бул окуу жайлар автоунааларды тейлөө кызматын көрсөтөт. Базасы донорлор тарабынан бардык жабдыктар менен жабдылган. Ар бир базага 400 миң АКШ доллардан салынган.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

ҮЧ ЖЫЛДА БАРДЫК ЛИЦЕЙЛЕР АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ БОЛГОН ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН КАТАРЫН ТОЛУКТАЙТ

Салтанатта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов мамлекет үчүн башталгыч кесиптик окуу жайлардын билим берүү тутумундагы ордуна жана баалуулугуна токтолуп, келечекте аткарыла турган иштер тууралуу айтып берди.

— Учурда бул тутумду кайрадан департамент кылып бөлүү боюнча сунуштар айтылып жатат. Бирок биз мындай кадамга барбайбыз. Башталгыч кесиптик билим берүү тармагы Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүп алгыс бир бутагы катары министрликтин курамында өнүгүшү керек. Буюрса, бардык лицейлер жакынкы үч жылда алдыңкы тажрыйба борбору болгон окуу жайлардын катарын толуктайт. Буга мамлекеттин күчү жетет. Келечекте чоң-чоң фабрикалар, заводдор иштейт. Бир эле мисал, буюрса, чакан-чакан кийим тигүүчү мекемелер бир фабрикага биригет дагы, Европага бренд кийимдерди чыгарат. Мунун менен катар эле тоо-кен өнөр жайы да, жеңил өнөр жайы да өнүгөт.  Ошондо бизге дал силер даярдап жаткан адистер абдан керек болот. Биз кайсы аймакта кайсы өнөр жайын өнүктүрө турган болсок, ошол аймактагы лицейлерге адис даярдоо боюнча мамлекеттик заказдарды берип баштайбыз, — дейт Эдиль Байсалов.

Өлкөнүн эмгек рыногунун 70% кесиптик лицейлердин окуучулары түзөрүн айткан билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов бул тармактын мамлекет үчүн өзгөчө маанилүүлүгүнө токтолуп, жетекчилерди заман талабына жараша жаңыча иштеп, жаңы кесиптерди ачканга, окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонууга чакырды.

  • Кесиптик лицейлердин мамлекеттин келечеги болгон жаштардын кесипкөй адис катары калыптанышында ролу чоң. Андыктан бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып, республика боюнча жаңы технологияларды кеңири таркатканга аракет кылалык. Биргелешип иштешелик. Сиздер үчүн мамлекет тарабынан жасала турган иштер албетте, көп. Бирок буга чейин жасалган иштердин жыйынтыгы дагы жаман эмес. Кесиптик билим берүүнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан  Азия өнүгүү банкына,   GIZке, JICAга, Ага хан фондуна мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ыраазычылык билдиребиз, — деди министр өз сөзүндө.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

СЫЙЛЫККА ТАТЫГАН МЫКТЫЛАР

Салтанатта бир жыл бою кесиптик лицейлер арасында өткөрүлгөн  «Мыкты лицей» сынагынын жеңүүчүлөрүнө  сыйлыктар тапшырылды. Жүз лицейдин ичинен Жалал-Абад облусундагы №21 кесиптик лицейи, Ош облусундагы №67 кесиптик лицейи, Талас облусундагы №90 кесиптик лицейи, Баткен облусундагы №7 кесиптик лицейи, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейи жана Ош шаарындагы №16 кесиптик лицейи эң мыкты деп тандалды. Ар бирине дипломдор жана бирден компьютер берилди. Андан сырткары №100 лицейдин директорунун орун басары Чолпонкулов Жыпаргүлгө, №98 лицейдин директорунун орун басары Тууганбаева Мээримге, №4 кесиптик лицейдин мугалими Тургумбаева Сабирага, Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжинин мугалими Сыдыкова Жылдысканга “Билим берүүнү отличниги” төш белгиси ыйгарылса, дагы бир канча мугалимдер Ардак грамоталар менен сыйланды. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында пилоттук окуу жай катары тандалып алынган кесиптик лицейлерге сертификаттар тапшырылды.

 

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРГЕ ЭРКИНДИК БЕРИЛЕТ

АЛДЫҢКЫ ОКУУ ЖАЙ

Эң мыкты деп аталган Баткен облусундагы №7 кесиптик лицей республикада эң алгачкылардан болуп ачылган. Ал 1942-жылы согуш учурунда ата-энесинен ажыраган улан-кыздарды  тоо кен багытындагы кесиптерге даярдаган интернат катары өз ишин баштаган. Андан бери заман талабына жараша багыты өзгөрүп, учурда тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, кондитерлерди, официанттарды, слесарларды, автослерсарларды, автомеханиктерди даярдоодо. 2010-жылдары окуучуларынын саны 180-180ден ашпаса, азыр беш жүзгө жакын жаран билим алат.

  • Эгемендикти жаңы алган жылдары бул тармакка такыр көңүл бөлүнбөй калган. Азыр кудайга шүгүр, акырындап заман менен тең жарышканга аракет кылып жатабыз. Мен жаңы жетекчи болуп дайындалганда окуу жай өтө начар абалда  эле. Атайын эсебибизде болгону 150 миң сомго жетпеген каражат бар эле. Азыркы күндө окуучулардын санын беш жүзгө жеткирип, кыска мөөнөттүү курстардын, долбоорлордун эсебинен бир жылда бир миллион сомдон ашык акча таба баштадык, — дейт лицейдин директору Ажигулова Бусара.

Бусара Ажигулова бул лицейде 16 жылдан бери иштесе, 2011-жылдан бери жетекчилик милдетти аркалайт. Алгач директор болуп дайындалганда алдыдагы беш жылда лицейди алдыңкы окуу жайлардын катарына кошом деген максат койгон. Эми минтип тилектер орундалып, республикадагы эң алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктап турат.

  • Азыр бизде дагы деле жасай турган иштер көп. Мен директор болуп келген бир жылдын ичинде башкы имаратыбызды толугу менен капиталдык ремонттон өткөрдүк. Чатырынан жамгыр өтчү, аны да алмаштырдык. Авеп коомдук фонду менен кызматташып, кыска мөөнөттүү үч курс ачтык. Бир да компьютер жок эле. Он компьютер, үч интерактивдик доска алдык. Ашпозчу-кондитер, электоргаз ширетүүчү кесиптерин ачтык.  Азия өнүктүрүү банкы окуу бөлмөлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бардык жабдууларды коюп берди. Андан сырткары өзүбүздүн аракет менен демөөрчүлөрдү тартып, долбоорлорго катышып жатып үч окуу имаратты, окуу мастеркойду, ашкананы ремонттоп алдык. Азыр болгону төрт кабаттуу жатакканабыздын эки кабаты эле ремонттолбой турат. Албетте, мунун баары биздин эмгек жамааттын аракети менен болууда, — дейт жетекчи.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер