КЕЛЕЧЕК — АКЫЛ ЭМГЕГИНИН ЗАМАНЫ
- 17.12.2024
- 0
Кыргызстанда учурда билим берүү тармагында эң негизги маселелердин бири PISA-2025 эл аралык программага даярдык көрүү. Аталган программа келерки жылы билим берүү мекемелериндеги 15 жаштагы окуучулардын билимин жана көндүмдөрүн баалайт. Кыргызстан бул программага эки жолу (2006, 2009) катышып, экөөндө тең эң акыркы орунда калган эле. Буюрса, 2025-жылы дагы Кыргызстан катышканы камданып, изилдөөгө бир эле мугалимдер эмес, ата-энелер дагы балдарын даярдап жатат. Анда эмесе, мугалимдер, ата-энелер кайсы ыкма менен, кантип даярдап жаткандары тууралуу алган сурамжылоонун жоопторун ортого салабыз.
Санам ЖУМАШЕВА, №102 мектептин мугалими, Чүй облусу:
— 2025-жылдагы PISA изилдөөсүнө 15 жаштагы балдардын катышуусу — мектеп билим берүү системасы кайсы өнүгүү баскычында экендигин аныктайт. Келечек — бул акыл эмгегинин заманы десек болот. Акыл эмгегинин маданияты эмнелерден турат? Түшүнүү, көңүл бөлүү, эстеп калуу, эске түшүрүү, ойлоо (анализ, синтез, конкреттештирүү, жалпылоо), күзөтүү, салыштыруу, корутунду чыгаруу, оюн жыйынтыктап сүйлөө, кагазга жазуу, билдирүү, түшүндүрө, ынандыра билүү, эсептөө, жазуу, схема, сүрөт, диаграмма, макеттерди туура жасай билүү, ойлоо негизинде туура корутундуга келүү, чечим кабыл алуу, ал чечимди аткарууга өзүнүн ишмердүүлүгүн уюштура билүү жана зарыл болсо башкаларды да тарта билүү, булардын ар бирине, турмушка, дегеле баарына илимий көз караш менен кароо, информацияны түрдүү булактардан издеп, таба жана пайдалана билүү кирет. Ал эми тарбиялоону эмнелерден баштоо керек? Бала кезден (2-3 жаштан) сүйлөө, байкоо маданиятын өстүрүү керек, сүйлөө жогору болсо, ойлоо ошончо өнүгөт. Зиректик, сезгичтикке тарбиялоо зарыл. Көрүү, салыштыруу, өз оюн билдирүү, далилдөө, ынандырууга, суроо берип, жооп алып, жооп бере билүүгө, башкалар менен акыл, сөз аркылуу тартыша билүүгө, ойлогонун оозеки жана кагазга жазуу түрүндө берүүгө үйрөтүүдөн баштоо керек. Ошондой эле максат, милдет коюп, ошого жетүүнүн жолдорун издеп, план түзүүгө үйрөнүү, түзүлгөн планды аткарууга, аткарылышын анализдөөгө, башкаларга үйрөтүүгө жана үйрөнүүгө үйрөтүү. Мындан сырткары өз алдынча ой жүгүртүп, чечим кабыл ала билүүгө, ар кайсы шартта өзүн-өзү башкара алууга үйрөтүү да керек. Түрдүү ишмердүүлүктөрдүн көп түрдүү ыкма методдорун өздөштүрүү, маселени, проблеманы көп жол менен чечүү, көп варианттуу ой жүгүртүп, чечим кабыл ала билүү, көп тил билип үйрөнүп, сүйлөөгө аракет кылуу, дүйнөлүк илим-маданият, техника деңгээлинен кабардар болуп, ошолорго тете болууга умтулуу, бүгүнкү ишти кылып туруп, келечекти көрө билүү же ойлоо. Демек, биз ата-энелер мектебинде да ушул Гапыр Мадаминовдун АЭМ китеби менен ата-энелерди тааныштырып, аларды балдарынын келечеги үчүн кам көрүшү керектигин түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз керек. Жогору жакта жазылгандай, баланы кичинекей кезинен туура тарбияласак, бала мектепте да билим алуу жолдорун тез түшүнүп, оӊой өздөштүрөт. Ата-эне мектеп менен тыгыз байланышта болуп, билим деңгээлибиз жогорулайт да, PISA эл аралык изилдөөдө башка мамлекеттин окуучулары менен теӊ келе алат деген ойду айткым келет.
Дарика БЕКНИЯЗОВА, эне, Кызыл-Туу айылы, Сокулук району:
— Көбүнесе ата-энелердин арасында балдарынын сапаттуу билим алуусун көздөгөн тенденция байкалууда. Биз да эл катары балдарыбыз акылдуу, билимдуү гана эмес, адептүү болсо экен деп аларга тарбия жана билим берүүдө болгон күчүбүздү жумшап келебиз. Анткени жакшы адамды үйүңдөн өстүрүп, коомго кошуу — бул биздин ыйык парздардын бири. Мына ушул максаттарга жетүүдө бизге жол көрсөткөндөрдүн бири Мадаминов Гапыр агайыбыз жана анын китептери, шакирттери болду. Ата-эне кандай колдоо, үлгү көрсөтүү керек экенин «Ата-энелер сиздер» үчүн китебинен жана «Энелер мектебинен» алдык. Ал эми окуучуларга болсо АЭМ китеби (орүс тилине да которулган, КИТ) чоң бир жардам, жол ачкыч болду. Китепти кантип окуйбуз, негизи эле китеп окуунун пайдалары, өзгөчө көнүл буруп, маңызын бөлүп алуу, анализдөөнү, критикалык ой жүгүртүүнү, корутунду чыгарууну, эссе, дилбаян, конспект жазууну, максат коюп, ага жетүүнүн жолдору, план түзүү, чет тилдерди оңой үйрөнүү, олимпиадаларга даярдануу, PISA, ЖРТга да даярданууда колдонсо боло турган эң сонун кеңештер жалпак тилде жазылган. Мисалы, бир сабак боюнча текстти окуп, түшүнүү үчүн терминдерди жакшы билүү зарыл, АЭМде ошол терминдерди да жазып, которулмасын түшүнүү керек экени жазылган. Биздин балдар агайдын кеңештери менен окуп, күндөлүк режим түзүп, окуунун жолу кызык экенин билип, жакшы ийгиликтерди жаратышты. Чоң кызым Турдалиева Алия 8-класска «Асылкеч» мектебине тапшырып, сынактан максималдуу 50% жеңилдетүүсү менен окуп жатат. Былтыркы жылы «Зээн» олимпиадасына катышып, республикадан 7-класстар арасында орус тилинен 3-орунду алды. Ал эми экинчи уулум ошол олимпиададан математика боюнча 3-орунду алган, “Сапат” билим берүү мекемеси өткөргөн АКМО олимпиадасына катышып, республикалык туруна чыкты. Дагы бир чоң жетишкендиги — “Акылман” президенттик лицейге тапшырып, 82 балл менен өтүп, учурда Чолпон-Атада аталган окуу жайдын 7-классында окуп жатат. Ал эми үчүнчү уулум 4-класс, жалаң «5»ке окуп, китеп сүйүүчү болуп чоңоюп келатат. Кичинекей кызым 1-класс. Төрт балам тең мектепке сүйүнүп барат, аларга окуу кызык болгонун көрүп биз сүйүнөбүз.
Барчынай БЕКТАШОВА, эне, Чүй облусу:
— “Чүй-Билимдүү Энелер» группанын мүчөлөрү менен таанышып, сабак алып, өзүм дагы сабак өтүп баштадым. Мен балдарыма үйдөн сабактарына аябай көңүл буруп, жардам бергенди жактырам. Энелер мектебинде билимимди өркүндөтүү менен балдарыма дагы көңүл буруп, окууларында, тарбиясында көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөр байкалып турат. Бала тарбиялоо — менин хоббим, буйруса жемишин берет деп ишеничтүү айта аламын!
Индира МУЗАПАРОВА, лидер айым, Кызыл-Суу айылынын тургуну, Кемин району:
— Агайдын АЭМ китеби окуучуларды ЖРТ, олимпиадага даярдоого чоң түрткү болот экен. Балдарыбызды кичинекей кезинен баштап шыктандырып, туура окуганды, жазганды, сүйлөгөндү биз энелер үйдөн үйрөтүшүбүз керек экен. Энелер мектебинде мен ошондой жакшы маалыматтарды алдым, мага аябай пайдалуу болду. Балдарымды АЭМ методикасы менен окутуп, мугалимдерге жардам берип, туура пайдаланганды, максат койгонду жана билимге кызыкканды, бардык АЭМ методикасын өзүм да үйрөнүп, балдарымды да үйрөтүп, келечекте PISA, олимпиада, ЖРТларга жакшы даярдыктар менен барып, ийгиликке жетишин камсыз кылам деп ойлоп жатам. “Энелер мектеби” Кемин районуна келгенден баштап мен өзүм да сабактарга активдүү катышып, андан тышкары окуй баштадым. АЭМ китеби бир эле мугалимдерге, окуучуга эмес, ата-энелерге да керек. Анткени ата-эне балдарын билимге шыктандыруу жолдорун ошол китептен үйрөнөт. Балдарды маанилүү сынактарга даярдоодо бул китептин мааниси абдан зор.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер