КАРЕГИМДЕ МЕКЕН ЧЕГИ, АМАН БОЛСУН КЫРГЫЗ ЭЛИ!

  • 30.10.2025
  • 0

2025-жылдын 29-октябрында Чон-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы А.Саит атындагы инновациялык орто мектебинде аскерге чейинки даярдоо боюнча мугалимдери  үчүн райондук   семинар өткөрүлдү.

КАРЕГИМДЕ МЕКЕН ЧЕГИ, АМАН БОЛСУН КЫРГЫЗ ЭЛИ!

Бул иш чараны Чон-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Динара Абдырахманова уюштурду.

Улук лейтенант Бөрубаев Абдибаит атындагы аскерге чейинки даярдоо каанасында өткөн семинарда райондук аскер комиссариатынын өкүлдөрү аскердик куралдарды  чачып-жыйноонун эрежелерин практикалык түрдө окуучуларга көрсөттү. Ошондой эле  жарандык коргонуу боюнча окуучулар медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын практика жүзүндө  көрсөтүп беришти.

Бул иш чарага «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмесинин Чон-Алай райондук төрагасы, майор Гыламкадыр Кутмаматов, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, майор Машрап Каримбеков, райондук аскер комиссариатынын 3-бөлүмчөсүнүн башчысы, прапорщик Кубатбек Талипов, №17 мектептин АЧД мугалимдери аскер формалары менен  катышты.

Г.Кутмамаматов өз сөзүндө Абдибаит Бөрүбаевдин ишмердүүлүгүн, басып өткөн  эмгек жолун  баса белгиледи. Бул мектептен билим алган бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 1 генерал-майор, 12 полковник, 7 подполковник, 14 майор, 16 капитан, 24 улук лейтенант наамдарын алган атуулдар бар экендигин сыймыктануу менен атап кетти. Аталган АЧД каанасында тарбияланган бүтүрүүчүлөр учурда Казахстан Республикасында аскер окуу жайында окуп жаткандыгы айтылды.

Кыргызстан боюнча «Мекенди коргоочулар» коомдук бирикмеси тарабынан 19 аскерге чейинки даярдоо каанасы ачылса, алардын бири ушул  А.Саит атындагы инновациялык орто мектебиндеги улук лейтенант Бөрубаев Абдибаит атындагы аскерге чейинки даярдоо каанасы экендигин белгилеп, коомдук бирикменин төрагасы Жайлообай Эшанкуловго ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.А.Каримбеков, аскер комиссариатынын өкүлү К.Б.Талипов бул иш-чаранын маанисин айтып, мындай иш-чараларды башка мектептерде да улантып, аскерге чейинки даярдоо кааналарын ачууну уюштурууну сунуштады.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Динара Абдырахманова аталган мектептеги “Мекенди коргоочулар” ийриминдеги алдыңкы окуучуларга мактоо баракчаларын тапшырып,  мектеп жамаатына ыраазычылык билдирди.

“Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин Чон-Алай райондук төрагасы майор Гыламкадыр Кутмаматовго, А.Саит атындагы инновациялык орто мектебинин директору К.Кожобековго “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин атайын медалдары ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер