КАЛЫБЕК МУСАЕВ, ИШКЕР ЖАНА ТАРЫХЧЫ: «ТҮРКИЯ САПАРЫ БИЗДИН ЧҮРПӨЛӨРДҮН ДҮЙНӨ ТААНУУСУНА ПАЙДАЛУУ БОЛДУ»

  • 17.02.2021
  • 0

— Калыбек мырза, сен Түркияга биринчи жолу барып жаткан жоксуң. Бул жолку сапарың эмнеси менен өзгөчөлөндү? 

КАЛЫБЕК МУСАЕВ, ИШКЕР  ЖАНА ТАРЫХЧЫ: "ТҮРКИЯ САПАРЫ БИЗДИН ЧҮРПӨЛӨРДҮН ДҮЙНӨ ТААНУУСУНА ПАЙДАЛУУ БОЛДУ"

— Түркия — мен үчүн ажайып өлкө. Канча жүрсөм да, тажабайм. Бирок буга чейин ал жакка эс алганы же жумуштап барчумун. Бул жолкусу башкача болду. Октябрь “төңкөрүшүнөн” кийин бизде коом өтө саясатташып кетти. Кичине болсо да ушундай башаламандыктан тышкары болууну кааладым, эс алып, жашоого башкача көз караш менен карагым келди…

КАЛЫБЕК МУСАЕВ, ИШКЕР  ЖАНА ТАРЫХЧЫ: "ТҮРКИЯ САПАРЫ БИЗДИН ЧҮРПӨЛӨРДҮН ДҮЙНӨ ТААНУУСУНА ПАЙДАЛУУ БОЛДУ"

Анан албетте, алыс жерде үй-бүлөң жаныңда болсо сонун да! Көңүлүң ток, үй-бүлөң  кантип жатты деп  кабатырланбайсың! Баарынан да эки уулумдун кубанганын айтпа! Кандаш элдин арасындагы жашоо аларга кайталангыс таасир калтырса, бизге, келинчегим экөөбүзгө, балдардын бактылуу ирмемдерине күбө болуу бактысын тартуулады. Түркия сапары биздин чүрпөлөрдүн дүйнө таануусуна  пайдалуу болду деп эсептейм. Балдардын ар нерсеге кызыгуусу, жаңыны үйрөнүүгө дилгир болуусу, түгөнбөгөн суроолорго жооп издөөсү бир жагынан сүйүнтсө, экинчи жагынан жөн жатып албай, улам жаңы нерселерди көрсөтүүгө бизди мажбурлады.  Балдардын чет жердеги ар бир күнү кызыктуу болушуна умтулуп, жергиликтүү балдар менен таанышуусуна, чогуу ойноп эс алуусуна шарт түзгөнгө аракет кылдык.

— Кайсы тарыхый шаарларында болдуңар?

— Стамбулдан Аланьяга чейин кыдырдык. Түркиянын деңиз бойлоп жайгашкан дээрлик бүт шаарында карт тарыхтын изи бар.  Байыркы урандылар, реставрация болгон эстеликтер бардык жерде көзгө урунат. Миңдеген жылдар мурунку Рим, Грек империяларынан калган шаарлар азыр да казылып бүтө  элек. Ал иштерге мамлекет тарабынан чоң каражат бөлүнүп, археологдор тынымсыз изилдөөлөрүн улантып жатышат. Византиядан калган тарыхый эстеликтерди көрүүгө келген туристтердин аягы үзүлбөйт. Бизден айырмасы аларда туристтер үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Албетте, ал жерлер мамлекеттин бюджетин толтурууга  чоң салым кошуп турат. Мисалы, биздин үй-бүлө эле Анталиядагы эски шаарлардын бирин калтырбай көрүп чыктык.

КАЛЫБЕК МУСАЕВ, ИШКЕР  ЖАНА ТАРЫХЧЫ: "ТҮРКИЯ САПАРЫ БИЗДИН ЧҮРПӨЛӨРДҮН ДҮЙНӨ ТААНУУСУНА ПАЙДАЛУУ БОЛДУ"

Өзгөчө Перге шаарынын калдыктары бизди катуу таасирлентти.  Айрым окумуштуулардын божомолунда, бул шаар биздин доорго чейин 5 миң жыл илгери түптөлүптүр. Байыркы гректер курган Аспендос жана Сиде шаарлары менен да тааныша алдык. Убагында Искендер Зулкарнайн басып келгенде, мында жашагандар шаарды талкалатпаш үчүн, согушсуз өткөрүп беришкен экен. Кийин биздин замандын VII кылымынын ортосунан баштап, бул шаарлар арабдардын басып алуусуна дуушар болуп, XI кылымда Селжуктардын келишине чейин таланып-тонолуп, ээн калат. Шаар калдыктарын казуу иштери 1946-жылдары башталып, дагы деле бүтө элек. Мени таң калтырганы, ушу күнгө чейин сакталып калган суу сактоо бассейндери, акма арыктар жана канализациялар болду! Стадион менен театрлардын кооздугу жана курулушу өзүнчө айтып бүткүс!

КАЛЫБЕК МУСАЕВ, ИШКЕР  ЖАНА ТАРЫХЧЫ: "ТҮРКИЯ САПАРЫ БИЗДИН ЧҮРПӨЛӨРДҮН ДҮЙНӨ ТААНУУСУНА ПАЙДАЛУУ БОЛДУ"

Алар байыркы грек архитектурасынын стилинде салынган. Кол өнөрчүлүктүн, скульптура жасоо өнөрүнүн өнүгүшү чоң бийиктикке жеткени көрүнүп турат.
Ушундай дүйнөлүк мааниси бар маданий баалуулуктарды миң жылдан бери көздүн карегиндей сактап келген биздин кандаш түрк туугандар менен сыймыктанат экенсиң.
Ооба, сыймыктанууга тийишпиз!

-Түрк боордоштордун кандай сапаттарын байкай алдың?

— Түрк туугандарыбыздын эң башкы сапаты —  иштермандык! Буга кошуп алардын мекенчилдик сезими да абдан бийик экенин айта кетейин. Бир жолу мындай окуя болду. Деңизге жакын бульварга үй-бүлөөм менен кезектеги сейилге чыкканбыз.  Алдыбызда эки 14-15  жаштагы  өспүрүмдөр баратышкан. Баягы балдар басып баратышып эле катып калышса болобу! Балдарым аларды сүзүп ала жаздашты. Көзүм жамандыкты көрбөсүн! Айлананы карасам, баягы бульварда, тротуарда бараткан кишилердин баары катып калышыптыр! Көчөдөгү машиналар да токтоптур. Шумдугуң кур, баягы фантастика кинонун ичинде жүргөндөй болдук!  Кино деген балакет нерсени көп көрсөң, оюңа ар кандай нерселер келе берет экен да. Адегенде эле биз качан катып калабыз дедим. Анан байкасам,
тигилер тирүү экен, болгону аскерлердей түптүз турушат. Көрсө, ал күн Түрк Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктүн өлгөн күнү экен. Бульвардын баш жагында бул датага карата өлкө гимни ойнолуп жатыптыр…
Түрк тарыхында өз жери, өз эли үчүн кан-жанын аябай күрөшкөн Ататүрктөй жол башчылар, Эртугрулдай эр жүрөк баатырлар сан жеткис болгон. Анткени алар  миң жылдар бою душмандар арасында жашап, кылыч менен уктап-туруп жашоо кечирген.

КАЛЫБЕК МУСАЕВ, ИШКЕР  ЖАНА ТАРЫХЧЫ: "ТҮРКИЯ САПАРЫ БИЗДИН ЧҮРПӨЛӨРДҮН ДҮЙНӨ ТААНУУСУНА ПАЙДАЛУУ БОЛДУ"

Ошентсе да түрктөргө бир өңчөй мүнөздөмө берүү туура эмес. Шаардан шаарга, райондон районго кыдырсаң, жашоо турмушуна жараша кулк-мүнөзү да,  үрп-адаттары да өзгөрүп жүрүп отурат. Тилдеги диалектилер да бар. Меймандостугу да бөтөнчө! Сапар учурунда ар дайым кол сунуп жардамга даяр түрктөр эсепсиз кезикти.
Дегеле түрк боордоштор түрк тилдүү элдердин арасынан кыргыздарга өзгөчө мамиле кылышат. 1996- жылы   Сакарья шаарына барганымда, мага түрк достор 1992-93 жылдары, “Камбаркан” элдик ансамблинин Түркия жергесиндеги сапарынан үзүндү видео көрсөтүшкөнү дагы эле эсимде. Анкарабы же башка кичерээк шаарбы, билбейм, зал толо эл. Көрүүчүлөр өтө кызыгуу менен карап отурушат. Ар бир аткаруудан кийин көпкө кол чаап жатышты. Ошентип биздикилер концертин бүтүштү, эл залдан чыкпай кол чаап туруп алышпадыбы!!!  Анан эл сахнага кетчү ичке жолдордун баарына кезекке тура башташты… Ии, ыраазычылыгын билдирип колунан кысат экен деп карап отурсам, алар музыканттардын колдорунан өбөбүз деп кезекке туруп жатышыптыр! Мына чын дилден чыккан бир тууган элдин сүйүүсү, сагынычы! «Биз силерден тараганбыз!», «Биздин ата-бабалардын топурагы силердин жерде!» деп жатышат! «Ушул заманды канча күттүк эле!» дешет. Көзгө жаш алат экенсиң! Анткени, ал учур өлкөбүз жаңыдан эгемендикке жетип, совет империясынан бошогон кез эле. Мага ошол окуя катуу таасир этти.

— Түрктөр балдарына кандай тарбия беришет? Аларда да телефонго берилип кеткен өспүрүмдөр барбы?

— Менин байкоомдо  XXI кылымда бүтүндөй элдер балдарын тарбиялоодо мурдагыдай катуу көзөмөлдү колдон чыгарып жиберишти. Ким глобалдашуу менен бирге жайылып жаткан смарт техникага каршы туралат? Кааласак да, каалабасак да ошол гаджеттер балдар үчүн коом менен ата-эненин бир функциясын аткарып жатат. Өнөрдү да, билимди да, таалим-тарбияны да балдарыбыз ошол смартгаджеттерден алып жатышпайбы?! Мындай шартта балдарды жаңы технодүйнөдөн обочо тутабыз деген  аракеттен майнап чыкпайт! Маселе балдардын ошол гаджеттерди көтөрүп жүргөнүндө эмес, кандай максатта пайдаланып жатканында! Азыркы доордо ата-эне менен мугалимдин башкы милдети —  бала менен гаджеттин ортосунда азыркыча айтканда, провайдер болуп бериш! Баланын жашына, психоэмоционалдык өзгөчөлүгүнө жана жөндөм-шыгына  ылайыкталган пайдалуу Интернет аянтча баракчаларын таап берүү! Ага болгон кызыгуусун арттыруу!   Түрктөр да биз каршы келген көйгөйлөр менен күрөшүп жатканы байкалат. Ошол эле телефон көйгөйү аларда жок эмес. Дагы бир байкаганым, түрктөр көп балалуу болушпайт экен, эки баладан ашкан балдары бар үй-бүлөлөрдү жолуктура алган жокмун. Балким андайлар айыл жеринде бардыр. Анткен менен алардын балага мээрими өзгөчө! Дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрсөк,  аң-сезимдин өсүүсү менен билимдин жогорулашы балдардын төрөлүшүн азайтат экен. Бул факт!
Балага билим-тарбия берүүдө  түрк туугандар либералдык жолду тандап алышыптыр. Мектептерде «Мен — мугалим! сен — окуучусун!», «Менин сөзүм — сөз!» деген авторитардык мамилени көрө албайсың. Тарбиячылар сүйлөшүү, үлгү көрсөтүү, шыктандыруу жана атаандаштык жолдоруна көбүрөөк ык коюшканы мага жакты. Балдардын мугалимден коркуу деген сезими жок!
Үйүндө түрк балдары текши эрке болушат. Албетте, бул көрүнүш үй-бүлөнүн турмуш деңгээлине жана билимине жараша болот деңизчи, ошентсе да түрктөр балдарга өтө аяр мамиле кылганына күбө болдум. Балдарым менен көчөдө жайбаракат сейилдеп жүргөн учурда, сөзсүз бирөө токтой калып, балдарымды эркелетет, же чөнтөгүнөн бир нерсе алып беришет. Бир жолу  машинасы тоону көздөй баратканына карабай, бир түрк аял балдарыма таттууларды берип эркелеткени жагымдуу таасир калтырды. Жөн гана белек бергени канча болду!

-Түркиялыктар өз эне тилине кандай мамиле кылышат?

-Түркияда эне тилге байланышкан көйгөй жок. Коомдо негизги доминант тил —  түрк тили.  Биздегидей «Эне тил майрамы,” » Ырдайлы, кыргыз ырларын!”, «Кел, кыргызча сүйлөшөлү!» деген сыяктуу парадокстор аларда жок! Бул империянын мурунку колонияларында, күнкор элдерде боло жүрчү көрүнүш  деп эсептейм.

— “Чет өлкөгө чыкпасаң, өз жериңдин баркын билбейсиң!” дегендин канчалык чындыгы бар?

— Бул сөздүн төркүнү каерде жатканын божомолдоп жатам. «Өз үйүң өлөң төшөгүң» дечи, мунун да «бирок» дегени бар. Кайсы бир деңгээлде ал патриоттуулукка тарбиялаган тоталитардык системанын продуктусу болуп саналат. Бул өзүнчө сөз кыла турган олуттуу маселе. Азыркы билимдүү жаштарды мындай эски “псевдомекенчил” чакырыктар менен айылга же өлкөгө кармап калалбайсың! Миграция – бул дүйнөлүк процесс. Албетте ага түрткү болгон себептер арбын:  жакырчылык, укуктук коопсуздук жана башкалар.
Иштейм дегендер эгер ошого чарк-чамасы, билими, тажрыйбасы жетсе, иштеп келгени туура. Бир жагы өз элинин, жеринин баркын, ата-энесинин баасын билишет.
Мен башка элдердин жетишкендиктерин көрүп арданам, намыстанам. Өз жеримдин баркынын төмөн экенине арданам, ушулардай мамлекет куралбай жатканыбызга, көз ачып жумганча өтүп кеткен 30 жылга өкүнөм! Буга эл күнөөлүү деп эсептебейм, анткени бизге элди улуу жеңиштерге жетелеген чыныгы лидер керек. Чыныгы чыгаан, башкача айтканда, Гумилевдун теориясы боюнча, “пассионардык” адамдар гана элди алдыга ээрчите алат. Эл үчүн иштеген мамлекет түзө алат. Тарыхтын жолун чаба алат! Болбосо, элибиздин жакшы жер, жакшы жашоо издеп, дүйнө кезгени кезген!

-«Түркияга барып иштеп келем!» дегендерге кандай кеңеш берээр элең?

— Эң оболу жалпы эмгек мигранттарга жана туристтерге тигил же бул өлкөдө жүрүм-турум жана коопсуздук эрежелерин камтыган жолдомо китепче тапшырылышы керек. Стамбулда үч кыргыз жигиттин жүрүм-туруму аябай көңүл кирдетти, алар өз айылында жүргөнсүп, айлана-тегерегине туш келди түкүрүп жатышты. Түркияда андай иштер ванна бөлмөсүндө гана болушу мүмкүн, эч качан көчөдө эмес! Чоочун өлкөдө укугуңду жана милдеттериңди билбей, каалаган жумушта иштей албайсың. Иштемек турсун, турист болуу көптөгөн түшүнбөстүктөргө, кабатыр болууларга дуушар кылат.
Деги эле мен жаш кыздардын чет өлкөгө жумушка кетишине каршымын. Балким 25-28 жашка чейин деп чектөө коюп коюш керектир. Өзгөчө мусулман өлкөлөрүндө кыз бала үчүн мигрант болуу кооптуу. Бул кооптонуу Түркияга да тиешелүү.
Түрктөр бирөөнү ишке алдыбы, аны максималдуу колдонуп, болгон ресурстарын ишке салат. Биздин жалкоо жигиттер көбүнчө андай шарттарга чыдай алышпайт.
«Түркияга ишке барам!» деген жаштарга мындай кеңеш берер элем. Баары мыйзам чегинде болушу шарт. Аларда мыйзамды катуу сыйлашат. Иш берүүчү менен ар бир сүйлөшүүлөрдү документтештирип же телефонго жазып сактай берүү чоң жардам берет. Аларда да жумушчулардын, туристтердин укугун коргогон тиешелүү органдар иштешет. Ишти баштаардан мурда бүт шарттары жана сааттарына чейин макулдашуу абзел. Укугуңду билсең, туура жана так иштесең, эмгегин жогору бааланып, эч кабатыр болбойсуң.

Маектешкен: Алимжан Алибеков

Бөлүшүү

Комментарийлер