КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ
- 26.04.2026
- 0
(Жазуучу, чыгаан методист, педагогика илимдеринин доктору, профессор
А. Муратовдун 70 жашка толушуна карата)
Абдыкерим Жаркынбаевичтин илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жаатындагы эмгеги салмактуу, бараандуу. Илимдин педагогика багытында ал көптөгөн окумуштуулук даражалуу кандидаттарды даярдоосуна кошумча, учурда анын илимий кеңешчилиги менен илимдин беш докторунун чыкканынын өзү, мамлекеттик жана улуттук билим берүү, таалим-тарбиянын өнүгүшүнө агайдын кошкон олуттуу салымын күбөлөп турат.

Бул макалада А.Муратовдун чыгармачылык өнөрканасынын бир маанилүү багыты – айрым аңгемелерине токтолууну ылайык көрдүк. Анын аңгемелеринин аталыштарына сереп салып, көз чаптырсак, табиятта кездешкендин баарынын өз орду бардыгын, ар бир нерсенин маанилүү экендигин туясың. Айрым жандыктарды көзгө илбей, аларды такыр элес албай, көз жаздымдан чыгарып салуу көз карашынын туура эместигин сездирет. Ал чыгармалар адамды, өзгөчө балакай жаш муун өкүлдөрүн азыркы ааламдашуу заманынын ташкындаган агымында, санарип технологиясы өзгөчө ыкчам өнүгүп жаткан мезгилде маанилүү деп эсептелген коммуникативдик ык-көндүмдөрүн, адамгерчилик, боорукердик, мээримдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк, жапакеч, кичипейил болуу, жакшы ниетке умтулган адеп-ыймандык сапаттарын таалим-тарбиялоо жаатында талылуу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшкөн болор эле. Кээ бир аңгемелерин алсак, “Чырылдаган чымындар”, “Колумдагы чымын”, “Ташбака”, “Үлүл”, же болбосо бак-даракка байланыштуу “Тыт”, “Куураган дарак”, “Ак бубак өрүкзар”, жаратылыш кубулуштарына – “Нөшөр”, “Күн желеси – Асан-Үсөн” – аталыштарынын өзү, жогорду кеп салган баяныбызды ырастайт го дейбиз жана адам баласын табияттын сулуулугун, кооздугун, көркөмдүгүн көрө билүү, баалоо сезимдерине, жаратылышка аяр, этият, камкор мамиле жасоого тарбиялайт.
Маселен, автордун “Гаргарчи” аттуу аңгемеси – эң таасирлүү жана таанымал чыгармалардын бири. Аңгемедеги башкы каарман – Ашим аркылуу жаратылыш менен адамдын ортосундагы терең байланыш сүрөттөлөт. Мында балалык курактын табиятына мүнөздүү нукуралык, назиктик, баеолук сезимдер баяндалат.
Эл ичинде “Гаргарчи” деп сагызган (же карга) типтүү сейрек кездешүүчү куштун түрүн аташат. Бала короодо ойноп жүрүп, жараланган жана жалгыз калган куш – Гаргарчини таап алат. Кушка боору ооруп, тамак берип, бапестеп кам көрүп, аны менен бара-бара достошуп кетет. Ошентип бала үчүн бул жөн гана куш эмес, анын сырдашына айланат. Автор, биздин оюбузча, окурманга сунуштаган аңгемеси аркылуу балалык курактын нукура табиятын ачыктоого, мындай айтканда, балалык – бул тазалык, чынчылдык, аруулук менен үндөшкөн символдор, жамандыкка же ыпластыкка баруу дегенди дегеле билбеген жан катары сыпаттоо далалатын жасаган.
Жогоруда аталган аңгемелеринин мазмуну тирүү жандыктарга, алардын ичинде алсыздарына болгон окурманда боорукердикти жана аянычтуу сезимдерди ойготот. Бул адамдын адамгерчилик сапатынын чыныгы көрүнүшүнүн дагы бир маанилүү өңүтү.
Окумуштуу катары ал жогорку окуу жайларында эмгектенип, көптөгөн студенттерди тарбиялап, илим жолуна багыт берген. Анын лекциялары мазмундуулугу, илимий тереңдиги жана түшүндүрмөлүүлүгү менен айырмаланган. Абдыкерим Муратовдун ишмердиги кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө, адабий мурастарды иликтөөгө жана улуттук маданиятты сактоого зор салым кошкон. Анын илимий мурасы бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой, изилдөөчүлөр үчүн баалуу булак болуп саналат. Абдыкерим Муратов – кыргыз адабиятынын даанышман изилдөөчүсү Кыргыз адабияты – улуттук руханий дүйнөнүн күзгүсү. Бул дүйнөнү илимий жактан терең изилдеп, анын ички мыйзамченемдүүлүктөрүн ачып берген окумуштуулардын катарында өзгөчө орунду ээлейт. Анын эмгектери кыргыз адабиятынын теориялык негиздерин байытып, адабий сындын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Абдыкерим Муратовдун илимий ишмердиги көркөм сөздүн табиятын түшүнүүгө багытталган. Ал адабиятты жөн гана чыгармачылык продукт катары эмес, коомдун руханий абалын чагылдырган терең феномен катары караган. Агайдын изилдөөлөрүндө көркөм образ, автордук позиция жана окурман кабылдоосу сыяктуу маселелер өзгөчө мааниге ээ. Окумуштуу ар бир чыгарманын артында турган идеяны, анын коомдук маанисин жана эстетикалык баалуулугун ачып берүүгө умтулган. Муратовдун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү – анын педагогдук ишмердиги. Ал көп жылдар бою студенттерге билим берип, аларды илимге шыктандырып келген, лекциялары терең мазмуну, так логикасы жана мисалдарга байлыгы менен айырмаланган. Көптөгөн шакирттери бүгүнкү күндө илим жолун улантып, устатынын эмгегин улап келишет. Ошондой эле Абдыкерим Муратов кыргыз адабий сынынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Ал жазуучулардын чыгармаларын талдоодо объективдүүлүктү, илимий тактыкты сактоону негизги принцип катары карманган. Бул анын эмгектеринин баалуулугун арттырып, бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келе жаткандыгын далилдейт. Жыйынтыктап айтканда, Абдыкерим Муратов – кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон, улуттук илимдин көрүнүктүү өкүлү. Анын илимий мурасы келечек муундар үчүн баалуу руханий казына болуп кала берет.
Агайды 70 жаш кутман курагы менен куттуктайбыз жана мындан ары да окурман журтун, ошондой эле болочок муунду татыктуу таалим-тарбиялоого арналган мыкты көркөм чыгармаларды жарата беришиңизди каалайбыз.
Мисирали Колдошев,
Ош мамлекеттик университетинин профессору, п.и.д.
Назира Тилекова,
Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек
Эл аралык университетинин доценти, п.и.к.
Комментарийлер