ИЗДЕНГЕНДЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЭНЕ-БАЛА

  • 27.02.2024
  • 0

8-март – Аялдардын эл аралык майрамын утурлай, билим берүү тармагына салым кошуп келаткан эжейлер тууралуу жазууну туура көрдүк. Биздин каармандарыбыз эң алыскы асман тиреген аска зоолуу, көк мөңгүлүү Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан ТУРГАНБАЕВА менен анын студент кызы Толкун ЖЕТКИНБЕКОВА тууралуу кеп болот.

ИЗДЕНГЕНДЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЭНЕ-БАЛА

Алдыңкы мугалим

Гүлүмкан Турганбаева Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында туулган. Мектепти ийгиликтүү аяктап,  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин башталгыч класстар мугалими бөлүмүн бүтүргөндөн кийин, ошол эле өз айылындагы  Ой-Терскен орто мектебинде  1992-жылдан бери башталгыч класстарынын  мугалими болуп эмгектенип келатат. 35 жылдын ичинде далай балдарды билим уясынан учурду.

Гүлүмкан мектепте иштегенден бери өз предметин мыкты билген, аракетчил, окутуунун методикасын жана окутуунун психологиясын жакшы билген чыгармачыл, изденүүчү, өз ишине тыкан, алдыңкы мугалим. Окутуунун интерактивдүү методдорун пайдалануу менен жаш педагогдорго насаатчылык кылып, компьютер, проекторлорду, акылдуу доскаларды пайдалануу менен көрсөтмөлүү сабактарды өтүп келет. Массалык-маалымат каражаттарына анын жазган көп макалалары, методикалары, сабактын иштелмелери, дилбаяндары жарыяланган. 2013-жылы Бишкек шаарында чыккан “Кыргыз элинин уюткулуу сырлары” деген үч бөлүмдөн турган китептин авторлору менен иштешип, нукура кыргыздын тамактары боюнча Ат-Башы районунан маалымат топтогон. 2020-жылы 15-майда электрондук сабактар темасынын алкагында “Билгенден биле элегим көп” деген макаласы “Кут Билим” газетасына чыккан.

Демилгечи

Элеттик мугалим өзүнүн берилген саатынан сырткары окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө басым жасап, кошумча ийримдерди өтүү менен коомдук иштерге да активдүү катышат. 2005-2007-окуу жылдарында башталгыч класстары боюнча директордун орун басары кызматын аткарып келген. “Өз демилгелүү чыгармачыл мугалимдер” тобун жетектеп, ар бир усулдук бирикмелер менен иш жүргүзөт. Кабинеттин жасалгаланышына, класстын эстетикалык көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бөлүп, жаңыча көз караш менен эмгектенет. Замандын талабына ылайык, компьютердик сабаттуулугун мыкты өздөштүрүп,  керектүү материалдарды сабакта дайыма колдонуп, санарип мугалимдердин катарын толуктап келатканын айтпай коюуга болбойт.

Билим саяпкери

Гүлүмкан эжейдин  бүтүргөн окуучулары жогорку класстарга чейин “мыкты класс” аталып, олимпиаданын, ар кандай конкурстардын жеңүүчүлөрү болуп, бир эле мектептин эмес, райондун, облустун атын далайга чыгарып келатышат. 2017-2018-окуу жылында анын окуучусу ЖРТдан Нарын облусу боюнча 1-орун, республика боюнча 10-орунду багындырып, 224 балл алып, “Алтын сертификат”, “Алтын тамга” кызыл аттестатына ээ болгон  Жеткинбекова Толкундун биринчи мугалими, апасы экендигин сыймыктануу менен айтып кетүү абзел. Ар бир бүтүргөн окуучулары дагы ЖРТдан жакшы балл алып,  дээрлик 80-90 пайызы жогорку окуу жайларда студент жана ар кандай кесиптин ээлери болуп, ийгиликтерди жаратып жатышат.

Өткөн окуу жылында окуткан 4-классындагы 32 окуучусунун 80-85 пайызы эң жакшы  көрсөткүчкө жетишти. Класс аралык уюштурулган ар кандай сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келишти. Сабак окутуудан сырткары, жумасына эки жолу математика, кыргыз тили жана адабий окуу сабактары боюнча акы төлөнбөгөн ийримдерди өтүп, кошумча убакыт бөлүп, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун, ой жүгүртүүсүн, арттырып келет. Бул ийримдерди өтүүдө окуу китептеринен сырткары материалдар, тесттер менен иштетип, окуучулардын изденүүсүнө, өз алдынча иштөөсүнө багыт берип, шыктандырууда.

“Биринчи мугалим”

Санжарбек Данияровдун фонду уюштурган жалпы республикалык “Биринчи мугалим” сынагына жыл сайын катышып жүрүп, тажрыйба топтоп, 2022-2023-окуу жылында “Биринчи мугалим — 2023” сынагында  “Айылдык интеллигенциянын өкүлү катары мугалимдин ролу” деген аталыштагы дилбаян жазып,  республика боюнча 82 мугалимден 1-турда 1-орун, 2-турда “Баш байге” — “Биринчи мугалим” наамына, Москвага он күндүк саякат жана класстагы бардык окуучулары менен Бишкек шаарына  маданий-маалымат арттыруучу үч күндүк саякатка жолдомо алып,  жеңүүчү аталып, диплом, баалуу китептер менен сыйланган. Ошондой эле жалпы республикалык “Мыкты класс жетекчи — 2023” сынагында 111 мугалимден алдыңкы 10 топко кирип, “Мугалим” төш белгиси жана Ардак грамотасы, “Кыргызстан педагогдор коомунун” Ардак грамотасы менен сыйланды.

ИЗДЕНГЕНДЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЭНЕ-БАЛА    ИЗДЕНГЕНДЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЭНЕ-БАЛА

Эмгек жерде калбайт демекчи, үзүрлүү эмгектери үчүн райондук, облустук билим берүү бөлүмдөрүнүн,  Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын  Ардак грамотасы  жана “Ардак белгиси” төш белгисинин ээси. Ошондой эле ар кандай семинар-тренингдерде , окуу борборлорунда, курстарда окуудан өткөндүгү тууралуу көптөгөн сертификаттарга ээ болгон.

Элеттик мугалим өзүнө талапты катуу койгон, окуучулардын, ата-энелердин ишенимине ээ болгон, коллективде кадыр-барктуу, насаатчы катары үлгү боло алды.

Жогорудагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ой-Терскен орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы чечими менен Г.Турганбаева  “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” ардак наамына көрсөтүлдү.

Үй-бүлөлүү, беш баланын энеси.

Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат

Жогоруда белгилеп кеткен Гүлүмкан Турганбаеванын кызы Толкун Жеткинбекова  Ала-Тоо эл аралык университетинин медицина факультетинин дарылоо иши бөлүмүнүн  5-курсунун студенти. Ал “АКШнын институттарын окуу “(SUSI) программасынын жеңүүчүсү.  Бул программанын негизги максаты — аялдардын коомдогу ордун көтөрүп, алардын ийгиликтерине себепчи болуу, коомдогу маселелерди чечүүдө өз салымын кошууга шыктандыруу.

ИЗДЕНГЕНДЕН ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН ЭНЕ-БАЛА

Толкун Жеткинбекова мектепте окуп жүргөндө эле ар тараптуу өнүгүүгө аракет кылган, көп окуп, көптү билүүгө, коомго пайдалуу адам болсом деп кичинекейинен эле максат коё билген, аны өнүктүрүүгө болгон күчүн жумшаган. Мындай көкжал мүнөздүн калыптанышына, албетте, анын  ата-энесинин, бир туугандарынын, өзгөчө, мугалим-апасынын  салымы чоң.

— Алдыма койгон чоң максаттарым, керемет кыялдарым бар. Аларга жетиш үчүн, ириде руханий байлыгым, ыйманым толук болуп, аны менен катар, акыл, билим деңгээлимдин да бийик болушун эске алам. Ошол үчүн дагы, өзүмө деген жоопкерчилик жана талап аябай жогору. Келечектеги адам өмүрүнүн сакчысы болгондуктан, окуума көңүл кош караганым таптакыр туура эмес. Андыктан, бар дитимди, көңүлүмдү окуума, практикалык иштерге бурам, — дейт мыкты студент.

Бош убактысында комуз чертет, ырдайт, ыр, баяндарды жазат, китеп окуйт. Анан да, жаратылышка суктанып, ар бир кубулушуна абай салып, сейилдегенди жакшы көрөт.

Толкун университетке тапшыргандан кийин дагы активдүүлүгүн жоготкон жок. Ал окууга да жетишип,  окуудан тышкаркы иш-чараларга да активдүү катышып келатат.

Ал тайпанын президенти. Түрдүү улуттун өкүлдөрү окугандыктан,  негизинен англис тилинде баарлашат. Анын студенттик күндөрү кызыктуу, ары эсте каларлык болсун деген тилек менен, тил үйрөнүү курстарына жазылып, кыска убакытта англис, немис, түрк тилдерин өздөштүрө алды. Эң негизгиси, инсан катары мүнөзүн, максаттарын калыптандырып, кадыресе олуттуу көз караштар менен ой жүгүртүп, салмактуу аракеттер менен ийгиликке жетүүнүн изине түшүп, жаркын келечекти көздөй алгачкы кадамдарын таштаганына кубанат. Эң эле көп тилек кылганы — ата-энесинин, жакындарынын ак эмгегин актап, алардын көздөрүнө үмүт отун жандырып, калкка кызматы сиңген мыкты дарыгер болуу.

“Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат” деп бекеринен айтылбаса керек. Толкундун бир эжеси Германияда, бир эжеси Кореяда билим алып, чет мамлекеттерди багындырып жүрүшөт. Албетте, үйдөгү мыкты таалим-тарбия, өзгөчө, мугалим-апасы  Гүлүмкан Турганбаеванын салымы зор.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер