ЭНЕ ТИЛИН ӨЗДӨШТҮРӨ АЛБАГАН ОКУУЧУ, БАШКА ТИЛДИ ДА КАБЫЛ АЛБАЙТ

  • 25.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын англис тилине кызыгуусун жогорулатуу максатында республиканын бардык билим берүү уюмдарында “Англис тилинин бир айлыгын” жарыялады. Айлыктын алкагында билим берүү мекемелеринде ар түрдүү кызыктыруучу иш-чараларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, жолугушууларды, конференцияларды жана англис тилинин дүйнөдөгү орду тууралуу ачык сабактарды өткөрүү пландалган. Бул айлыкка карата түрдүү иш-чаралар жер-жерлерде уюштурулууда. Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин англис тили мугалими Жумакан Нийзамованы кепке тарттык.  

ЭНЕ ТИЛИН ӨЗДӨШТҮРӨ АЛБАГАН ОКУУЧУ,  БАШКА ТИЛДИ ДА КАБЫЛ АЛБАЙТ

 

— Министрлик жарыя кылган бир айлык сиздердин мектеп-лицейде кандай уюштурулду? Кандай өзгөчөлүктөр менен башталды?

— Алгач англис тили усулдук бирикмесинде эмгектенип жаткан он эки мугалим кеңешип, англис тили айлыгын уюштуруу, анда болуп өтүүчү түрдүү иш-чаралар боюнча макулдаштык. Ошентип, 1-февраль күнү ачылыш аземи уюштурулуп, мектепке келген окуучулар жана мугалимдер үчүн ар кандай англис тилине байланыштуу суроо-жооптор болуп өттү.

Мектеп-лицейибиздин биринчи кабатына Англия, Американын маданиятын, майрамдарын чагылдырган атайын көргөзмө уюштурулду. Мисалы, “Thanksgiving day”, “Christmas day”, “Halloween”, “Independence day of  USA” майрамдарына  тиешелүү көргөзмөлөр коюлду.

Бир ай ичинде кандай иштер аткарылып жатат?

— Англис тили айлыгынын үчүнчү күнүнөн баштап 16-февралга чейин ачык сабактардын өтүлүү тартиби түзүлүп, анын негизинде мугалимдер сабактарын өтүштү. Сабактар жогорку деңгээлде өтүлүп, мугалимдердин да өз ара сабакка катышуусу жигердүү болду.

ЭНЕ ТИЛИН ӨЗДӨШТҮРӨ АЛБАГАН ОКУУЧУ,  БАШКА ТИЛДИ ДА КАБЫЛ АЛБАЙТ

24-февраль күнү чоң жыйындар залында жыйынтыктоочу майрамдык кече уюштурулуп, кечеде окуучулар англис тилинде ыр, көркөм окуу, жомок, табышмак, макал-ылакап, жаңылмач, бийлерди өтө кызыгуу менен аткарышты.

— Сегиз жыл мектепте англис тили окутулат, бирок балдар тилди жакшы өздөштүрө албай жатышат. Себеби эмнеде?

Эң биринчи себеп — практиканын аздыгы. Биз кайсы тилди жакшы өздөштүрүүнү кааласак, практика жүзүндө бири-бирибиз менен ошол тилде көп сүйлөшүбүз керек. Бирок бүгүнкү күндө  көпчүлүк жаштар өз эне тилинде туура жаза албайт, туура ой жүгүртө албайт. Өз тилин жакшы өздөштүрө албаган бала, башка тилди да өздөштүрө албайт.

 

ЭНЕ ТИЛИН ӨЗДӨШТҮРӨ АЛБАГАН ОКУУЧУ,  БАШКА ТИЛДИ ДА КАБЫЛ АЛБАЙТ

Бул масаленин чечимин табуу үчүн кандай иш-аракеттерди көрүп жатасыңар?

— Тил үйрөнүүнүн эң эффективдүү жолу — сөз жаттоо жана ал сөздөрдөн сүйлөмдөрдү курап, күнүмдүк жашоодо колдонуу. Эгер окуучу сөз жаттап бирок ал сөздөрдү практика жүзүндө колдонбосо, унутуп калат. Биз бул маселенин алдын алуу үчүн атайын окуучулар арасында ар кандай темада  talking club уюштуруп турабыз. Ал жерде окуучулар өз ойлорун айтып, сүйлөө жөндөмдөрүн өнүктүрөт. Кино  көрүү методун да колдонобуз. Бул  англис тилин угуп, кабыл алууга жана тилди түшүнүү үчүн эң мыкты ыкма.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер