ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

  • 03.04.2023
  • 0

Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунун “Бизнес информатика жана жалпы билим берүү” кафедрасынын профессору, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Рыскелди ТАБЫШОВ тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРСИН

Рыскелди Табышов 1943-жылы 15-майда Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар кыштагында төрөлгөн. Ал 1960-жылы Кырк-Казык орто мектебин бүтүрүп, Талас районундагы Фрунзе колхозунда бир жыл эмгектенген.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетине кирип, аны 1966-жылы “Математик” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

Билим берүү жана илим министрлигинин жолдомосу менен 1967-жылдын январынан баштап К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун “Жогорку математика жана теориялык механика” кафедрасынын окутуучусу болуп иш тажрыйбасын баштаган. Ал 1976-1983-жылдары Айыл чарба институтунун профсоюздук-окуучулар, жалпы кызматкерлер жана студенттер курамын бириктирген профсоюздук уюмун жетектеген. Ал жылдары, институттагы мугалимдер жамаатынын жана миңдеген студенттердин социалдык маселелерин чечкен.

1983-1990-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын автоматика институтунда илимий кызматкер болуп иштеп, кандидаттык диссертациясын жактап, физика-математика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Ошол эле жылы, Кыргыз Айыл чарба институтунун Экономикалык кибернетика кафедрасына доценттик орунга конкурстук тартипте кабыл алынган.

1991-жылы Кыргыз агрардык университеттин тарыхында биринчи жолу “Информатика” кафедрасын негиздеген жана аны жети жыл бою жетектеген. Ал эми 1997-2000-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Бишкек педагогикалык колледжге директор болуп дайындалган. Бул жылдары Р.Табышовдун жеке демилгеси менен педколледжде жогорку билим берүү багыттары ачылып, жогорку маалыматтуу педагогдор даярдалган болчу. Ошондой эле 2000-2002-жылдары Билим  берүү жана илим министрлигинде Азия өнүктүрүү банкы (АБР) каржылаган “Билим берүү тармагын өркүндөтүү” долбоорунун дирекциясын жетектеп келген.

2002-жылы кайрадан ал К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин “Информатика” кафедрасына башчы болуп дайындалып, 2003-жылы кафедранын базасында “Инновациялык технологиялар институту” ачылып, “Колдонмо информатика” багытындагы жогорку билимдүү адистерди даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Р.Табышов 2003-жылы апрель айында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтуна (ИСРиП) конкурстан өтүп,  ректор болуп дайындалган. Ал институтту он жыл жетектеди. Ошол жылдары бул институт республикага таанымал окуу жай болуп калыптанды. Институтта даярдалуучу жогорку билимдүү бардык адистиктер боюнча лицензия жана сертификат алынган. Институтта негизинен алыскы айыл жерлеринен келишкен социалдык кызматкерлер же алардын үй-бүлө мүчөлөрү, уул-кыздары окушат. Институттагы контракттын көлөмү башка окуу жайларга салыштырмалуу төмөн болуп, социалдык жеңилдиктер каралган болчу.

Институтта 2005-жылы аспирантура ачылып, Улуттук Аттестациялоо комиссиясынын макулдугу менен аспиранттар жана илим изилдөөчүлөр даярдала баштайт. 2006-2018-жылдар аралыгында илимдин төрт доктору жана 35 кандидаты даярдалган. Институтта жылына эки жолу “Труды ИСРиП” илимий-методикалык жыйнак жарык көрөт.

Р.Табышов аспиранттарга, илим изилдөөчүлөргө илимий жетекчи болуп, үч окуучусу илимдин кандидаттагын жакташкан.

Р.Табышов 80ден ашык илимий эмгек, окуу-методикалык жолдомолор жазган. Кесиптештери менен биргелешип жазган “Компьютер: программалоо, колдонуу” (2000-ж.), “Информатика негиздери” (2009) окуу китептери жарык көргөн. Бул китептер Улуттук тилде жөнөкөй, түшүнүктүү мааниде жазылган жана окутуучуларга, студенттерге, мектеп окуучуларына арналган.

2012-жылы Р.Табышовко жана кесиптеш авторлор тобуна “Жогорку окуу жайлары жана жалпы билим берүүчү орто мектептери үчүн окуу китептер” эмгеги үчүн “КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты” наамын ыйгарылган.

2015-2017-жылдары ал  Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетине караштуу “Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ал эми 2017-жылдан баштап өзү толук 30 жыл мурда негиздеген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетиндеги “Колдонмо информатика жана маалыматтар технологиясы” кафедрасында окутуучу профессор болуп үзүрлүү эмгектенди.

1967-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинде жалпысынан 35 жылга жакын эмгектенип, өлкөбүздүн айыл чарба тармагына миңдеген жогорку квалификациядагы адистерди даярдоого эмгеги синди.

Р.Табышов мамлекеттик бир катар сыйлыктарга ээ болгон. Атап кетсек, В.И.Лениндин 100 жылдыгы юбилейлик медалы (1970), КР Жогорку Советинин Грамотасы (1983), КР билим берүүсүнүн отличниги (1993), Талас районунун “Кең-Көл” колхозунун Ардактуу мүчөсү (1993), КР социалдык иштер боюнча отличниги (2005), КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери (2006), математика адистиги боюнча “профессор” илимий наамы (2009), Тангук университетинин Ардактуу доктору, Чонан шаары, Түштүк Корея (2012), Илим жана техника жаатындагы  Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2012), Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” (2012), Талас облусуна караштуу Талас районунун “Ардактуу атуулу” (2016), Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтуна эмгеги сиңген кызматкери (2018), Талас облусунун “Ардактуу атуулу” (2020).

Тажрыйбага бай, билими жетик инсан кайсы жерге жетекчи болуп дайындалбасын, ал иштин өксүктөрүн жоюп, билим берүү системасын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келген.

Рыскелди агайдын жаркын элеси эч убакта унутулбайт!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер