ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН АЙТМАТОВ

  • 31.12.2023
  • 0

(Элеттик мугалимдин залкар жазуучуга берген баасы)

ДҮЙНӨНҮ ДҮҢГҮРӨТКӨН АЙТМАТОВ

 Ал кантип дүйнөнү дүңгүрөтүп жатат? Кеменгер ойлору, жөнөкөй каармандары: жөнөкөй мугалим, жолчу, шофёр, темир жолчу, андан кийин бүгүнкү күндүн маңкурту, кичинекей бала… Койчу турмуштун казанында кайнаган жөнөкөй жумушчу, карапайым адамдан баштап, жөнөкөй сахна ырчысына айланган Айдана Самаровага чейин, кыргыздын тоо-токойюн, жаабарсына чейин, соодалаган соодагерге чейин сүрөттөдү го, чиркин!

Бирок ошол жөнөкөй, карапайым адамдардын жан дүйнөсүндө ушунчалык жөнөкөйлүк, карапайымдык, чыныгы атуулдук парз, адамгерчилик жүз берип, өздөрүнүн чыныгы адамдык касиетин ар дайым өздөрү менен ала жүрүп, ак иштеп, адамдык сапаты бийик кармап жүргөн адамдарды өзүндөй көркөм сүрөттөп бере алгандыгында.

Чыгарманы окуп жатканда, окуянын ичинде аралашып жүргөндөй сезгендигинде.
Мына ушундай дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды кыргыз баласы кыргызча жазып атпайбы? Кийин орусча жазса да, кыргызчасын тамшанып, таасирленип окуп атпайбызбы?
Жазуучу өзү да өзүнө-өзү талапты катуу койгон сыяктуу. Элдин талабын, элге эмне керектигин, эмнеден аксап жаткандыгын билген….
Ошонусу менен дүйнөнү таң калтырып жатпайбы? “Биринчи мугалим” повестинде Алтынай эмне үчүн түн катып убадасына турбай кетип калды?
Ооба, Алтынай айткандай, Алтынайдын ордунда Дүйшөн агай отуруш керек экендигин, академиктен башка сезбей атпайбы?
Ч.Айтматов ушул жерде улуулардын өткөн тарыхын жаштарга айта жүрүү керек экендигин, болбосо, ушу Дүйшөндөн да окуптурбуз деп күлүп, таң калгандыгы, Алтынайды кашайтып атпайбы?
Ошондон кийин Дүйшөн ким экендигин сен жаз, иним, деп Алтынай уруксат берип атат.
Чыңгыздын каармандары эч качан “мен мындай элем, минттим, же минткем”-деп, көкүрөк какпайт, мактанбайт.
Алардын жөнөкөйлүгү, чыныгы адам экендиги ушунда. Болбосо, Дүйшөн мен ушул жердин биринчи мугалими элем деп айтпайт беле? Жок, айтпайт.
Чыңгыздын каармандары жумуш тандабайт. Ар кандай колуна тийген ишти майын чыгара аткарат.
Ушул эле Дүйшөн өзү айткандай, мугалим болуп, канча алы жетсе, ошончо иштеди. Мурап болду, керек дегенде согушка барды, почточу болду, каерде керек болсо, ошол жерде иштеди. Намыстанбай ак иштеди. Каада, сөөлөт күтпөдү.
Бул чыгармада кыргыздарга таандык өткөн тарыхты жаштарга айта жүрүү идеясы берилген.
Көрсө, бул идея кыргызга эле эмес, бардык адам баласына таандык идея турбайбы?
“Кассандра тамгасы” деген чыгармасында боюнда бар аялдардын ичиндеги баласы жер бетине туулуп келгиси келбейт. Муну аялдардын бетиндеги так, сепкилдерден билүүгө болот. Бардык боюнда бар аялдар күзгүнү карашса, беттери сепкил , так…
Эмне үчүн жер бетине жаралгысы келишпейт?
Себеби, жердеги жалганчылык, ууру-кескилик, паракорчулук, талап-тоноочулук, ачарчылык, экологиялык, экономикалык кризистен корккон адам баласы жашоого келгиси келбейт экен. Буларды дүйнөлүк көйгөй маселелер эмес деп айта албайбызбы? Жок, айта албайбыз. Бүгүнкү күндө дал ушул маселелер дүйнөдөгү адам баласын ойлонткон маселелер. Ошол үчүн Айтматовдун “Канткенде адам уулу адам болот?”- деп жаңырык салып атпайбы?
Ч.Айтматовдун чыгармалары – дүйнөнүн эң көп тилдерине басылган, көп тираждуу чыгармалар. Эмне үчүн эң көп окулган чыгармалар?
Биз курактагылар ал киши менен замандаш болуп калдык. Дагы кандай чыгарма жазат болду экен деп, чыдамсыздык менен күтүп турчубуз. Ар бир чыгармасында жаңы ойлор, идеялар болчу. Ч. Айтматов өзү замандан 20-30-жыл илгери жашаган жазуучу болчу.
Айрыкча “Ак кеме” повестиндеги көйгөйлүү маселелерди айтсаңыз…
Жаратылышты сактоо, үй-бүлөнү сактоо, аракечтик, адамды тарбиялоо, адеп-ахлактык ж. б. маселелери канча жыл мурда жазылса да, бүгүнкү күндө өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Анан калса, бул чыгарманы кайра-кайра окуп туруш керек. Окуган сайын жаңы идеялар, көз караштар пайда болот.
Чыгарманын аякталышы да башкача. Жыйынтыктоо окурмандын өзүнө коёт, жазуучу кандай жыйынтык чыгарсаң өзүң билесиң, өзүңдүн эркиң. Кызык жери – чыгарма бүттү, окуп бүттүң. Жан дүйнөдө бүлүк түшүп, эмне болду ьэкен, кантти экен деп, толгоносуң, өзүң да каармандар менен жашайсың.
Анан бир жыйынтыкка келесиң. Чыгарманын күчү ушунда жатат. Жомоктогудай жыргап – куунап жатып калбайт. Классиканын күчү ушунда. Айтматовдун күчү ушунда!
Окурман ким экендигине карабай толгонгондугунда! Каарман менен кошо жашагандыгында. Каарман эч качан жеңилбей, алга умтулгандыгында.
Анан чыгармаларын Айтматов алгачкы учурларда жөнөкөй элдин турмушунан алып жазган. Кийинчерээк чыгармалары жогорку деңгээлде жазылып, бир курдай жолугушууда бир окурман мен түшүнбөй жатам, түшүнүктүүрөөк дегенде, мен түшүнгөндөр үчүн жазам деп жооп бергени бар.

Инаят ЖАМАНКУЛОВА, Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер