ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗ ИЗДЕРИН ИЗИЛДЕГЕН ИЛИМПОЗ

  • 16.04.2024
  • 0

Учурда АКШда илимий сапарда жүргөн кыргыз тарыхчысы, PhD даражасынын ээси Абдрасул Исаков менен интернет аркылуу маектешип, чыгармачыл өнөрканасындагы саамалыктар менен тааныштык.

ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗ ИЗДЕРИН ИЗИЛДЕГЕН ИЛИМПОЗ

Абдрасул 1983-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. 2005-жылы эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктаган. Тарых багытында окуусун чет мамлекетте улантып, Түркияда магистрдик жана доктордук диссертацияларын ийгиликтүү коргогон. 2018-жылы пост-докторантура программасын бүтүргөн. Жалпылап айтканда, кыргыздардын башка калктар менен мамилелеринин тарыхын, дүйнөдөгү кыргыз издерин изилдеп келем. Мындан сырткары котормочулук да өнөрү бар.

— Кандай эмгектерди которгонсуз? Котормочулукка кандайча келип калдыңыз?

— Анкара шаарында докторантурада окуп жүргөндө, Кыргыз-Түрк “Манас”  университетинен курсташым Өмер Күчүкмехметоглу Евразия жазуучулар биримдигинде иштейт эле. Ошол курсташым кыргыз адабияты, тарыхына байланыштуу макалаларды жиберип, ошолорду которуп беришимди суранат эле.

Ошентип алгачкы котормо макалаларым Өмер иштеген “Кардеш калемдер” деген журналда жарыяланган. Кийинчерээк Глеб Голубевдин “Улукбек”, Иван Тургеневдин “Алгачкы махабат” китептерин орус тилинен түрк тилине которуп жарыяладым.

2017-жылы “Манас” эпосунун Сагынбай Орозбаковго таандык вариантын 5 киши кыргызчадан түрк тилине которуп, Стамбулда жарыяладык. Ошол кездеги Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков китептин бет ачаарына катышып, котормочуларга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган. “Манас” эпосу – калкыбыздын негизги рухий байлыгы. Эпостун чет жерде таанытылышы үчүн илимий макалалар жана докладдар жасап келем.

Акыркы жылдары Тынчтыкбек Чоротегин агайдын “Махмуд Кашкари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгеги — түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак” аттуу бараандуу илимий эмгегин түрк тилине котордум. Бул эмгектин которулушунда жубайым Гүлдана Мурзакулованын дагы эмгеги зор деп баса белгилегим келет.

ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗ ИЗДЕРИН ИЗИЛДЕГЕН ИЛИМПОЗ

— Кененирээк токтоло кетсеңиз, кыргыздардын кайсы калктар менен мамилелеринин тарыхын изилдеп жүрөсүз?

— Менин магистрдик диссертациям Шинжаңдагы XVIII – XIX кылымдардагы саясий окуялардагы кыргыздардын орду боюнча эле. Доктордук диссертациямын темасы “Кыргыз-монгол мамилелери (IX–XV кк.)” деп аталат. Пост-докторантурада “Кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхый тамыры” деген темада изилдөө жүргүздүм. Азыркы учурга чейин кыргыз, түрк, казак, монгол, орус жана англис тилдеринде жүзгө жакын илимий макала жана эл аралык конференцияларда доклад жасаган болсом, булардын дээрлик көпчүлүгү кыргыздардын башка калктар менен болгон тарыхый мамилелеринин ар кыл темаларына арналган. Илимий сапар же илимий шеринеге катышуу максатында АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Монголия, Казакстан, Орусия жана Түркияда болдум. Кыргыз-түрк илимий мамилелеринин даанакерлери катары профессор Гүлзура Жумакунова эжеке жана профессор Үчлер Булдук агай тууралуу китептер жарыяладык.

— Сиздин Түркиядагы кыргыз диаспорасынын иштерине жигердүү аралашып жүргөнүңүз боюнча да маалыматтар бар.

— Ооба, 2010–2011-жылдары Түркиядагы кыргыздардын башын бириктирген “Кыргызстан достук жана маданият коомунун” Анкара филиалынын туңгуч төрагасы кызматын аркалагам. 2013-2016-жылдары аты аталган коом тарабынан жарыяланган “Ала Тоо адабияты” адабий журналынын редактору болуп иштедим. “Кыргызстан достук жана маданият коому” тарабынан жарыяланган “Достук көпүрөсү” журналынын корректору, редактордун жардамчысы кызматтарын аркаладым.

Түркияда жарыяланган “Кутбилим”, “Регионалдык изилдөөлөр” жана “Тарых сыны” аттуу илимий журналдарда да редактордун жардамчысы, редакциялык кеңештин мүчөсү кызматтарын аркалап келем. Адистигим боюнча илимий журналдардан келген рецензент болуу талабы да мага жаккан иштердин бири болуп саналат.

Жеймс Робинсон менен Дарон Ажемоглунун “Эмне үчүн кээ бир өлкөлөр өнүкпөйт?” аттуу китеби экинчи жолу басылганы турат. Ушул жылдын январь айында аты аталган китептин редакциясын аяктадым.

— Илимий изилдөөлөрдүн сырткары дагы кандай иштер менен алектенесиз?

— 2014-жылдан бери “Түркиянын үнү” аттуу Түркиянын мамлекеттик радиосунда саясий, маданий, тарыхый темаларда апталык программалар даярдадык. Мындан сырткары Түркиядагы саресеп салган изилдөө борборлорунда, саясий партияларда эл аралык мамилелер боюнча адис болуп иштегем.

— Акыркы жылдары үстүндө иштеп жаткан башкы долбооруңуз тууралуу баяндап берсеңиз?

— 2022-жылдан бери 5 киши АКШда “Кыргыз-индей тарыхый, маданий жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү” аттуу изилдөө жүргүзүп жатабыз. Буйруса, жакында бул изилдөөбүздүн алгачкы жыйынтыгы катары китебибиз жарыяланат. Китепте кыргыздардын америкалык жергиликтүү калктар менен тарыхый, маданий, генетикалык, этнографиялык ж.б. жалпылыктары боюнча ар кыл маалыматтар камтылган. Бул долбоордун негизги максаты – коомчулуктун, илимпоздордун назарын аты аталган темага буруу болуп саналат.

Мындан сырткары АКШдагы элчибиз Бактыбек Аманбаев мырзанын колдоосу менен айтылуу навахо тегиндеги элдин жетекчилиги менен байланышып, алардын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапарын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Максатыбыз – навахолор менен кыргыздардын ортосунда достукту, кызматташтыкты чыңдоо, эки калк арасындагы жалпылыктарды калкка дайын кылып, жеткирүү болуп саналат.

ДҮЙНӨДӨГҮ КЫРГЫЗ ИЗДЕРИН ИЗИЛДЕГЕН ИЛИМПОЗ

Ошондой эле АКШда кыргыз таануу жаатында жарыяланган эмгектерди, аларды жазган илимпоздорду кыргыз коомчулугуна таанытуу үчүн китеп долбоорубуз бар.

Учурда АКШда тарыхчылар Анара Табышалиева, Бакыт Бешимов, саясат таануучу жана диний агымдарды изилдөөчү Уран Ботобеков, саясат таануучу Эрика Марат, журналист Амирбек Азам уулу, докторант, ислам таануучу Арууке Уран кызы жана бир катар ар кыл муундагы айдыңдар байырлашат эмеспи. Кыргызстан дегенде ичкен ашын жерге коё койгон дилгир Алва Робинсон, Жефф Лили мырзалар сыяктуу күйөрмандарыбыз да бар.

Кыргыз илимпоздордун жардамы менен ушул жылдын аягында “АКШдагы кыргыз таануучулар” аттуу макалалар жыйнагын жарыялоону пландап жатабыз.

 

Маекти алып барган Кубат Чекиров

Бөлүшүү

Комментарийлер